presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Улуу майдан жаңырыгы

Улгайганда үйү жок, батирлеп калган ардагер

Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери жылдан жылга саны азайып келет. Согуштун ардагери, 1918-жылы туулган Саяк МАМБЕТОВ небереси Дастанды ээрчитип редакцияга башбакты. "Улгайганда неберем менен батирлеп, кыйналып кеттим" дейт Саяк ата.
- 1938-жылы армияга кызмат өтөөгө барып, андан ары согушка катыштым. Жаш курагымды төрт жашка жогорулатып, комсомолго өтүүнү каалаган элем. Согуштан Жуковдун командасы менен Украинада болдум. Бутуман, башыман, кулагыман жарадар болдум. Согуштан айылыма кайтып келсем мектепте мугалимдер жетишсиз экен. 9-классты аяктаганда эле Ысык-Көлдөгү эки жылдык педагогикалык институтту бүтүргөм. Ошондуктан мени мугалимдик кесипке жиберишти. Өмүр бою кыргыз тил мугалими болуп иштеп, пенсияга чыктым. Согуштан кийин үйлөндүм. Эки уулум, бир кызым бар болчу. Бир уулум каза болуп калган, айылда бир уулум үй-бүлөсү, бала-чакасы менен жашайт. Азыр каза болгон уулумдун баласы Дастан неберем менен Бишкекте батирде жашайбыз. Дастан келинчеги менен студент, эртеден кечке жалгыз отурам.
- Айылдан неге келдиңиз эле, ал жакта үй-жай барбы?
- Тоонун түбүндөгү эки бөлмө үйдө неберем Дастан экөөбүз жашачубуз. Мурда ал жерде мал кармачу элек. Азыр малыбыз да калбай калды. Дастан шаарга окуганы кеткенден кийин жалгыз калдым. Айылдагы уулумдун өзүнүн түйшүгү бар, алар анда-санда келип турушчу. Менин жалгыз жүдөп жашап атканымды көргөн Дастан кыйналсам да алып кетейинчи деп шаарга алып келип алды. Биякка келгениме төрт жыл болду. Улгайганда үйүм жок, неберем менен батирлеп жашап атканымды көргөн Биринчи май районунун акими бул жактан үй беребиз деп документтерди топтоп кезекке коюптур. Үй былтыр эле ардагерлерге берилет дешкен, бирок берилген жок. Быйыл биринчи кезекте турасың деп атышат. Бирок кичине күтө тургула, мэриядан чечилелек дешти.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ардагерлер кеңешинин төрайымы Зарыл ДҮЙШӨНАЛИЕВА:
"Кара кагаз келгендеги ыйлар кулагымда жаңырат"
- Атам согушка кеткенде үч жашта экенмин. Анын кетип атканын жакшы элестете албайм. Бирок согушкан атаман келген үч бүктөлгөн каттарды билип калдым. Ошол кезде жүн эле тыта берчүбүз, андан байпак токуп фронтко жиберишчү. Айылдагы аялдар, апам согушту каргап, күйөөлөрүн эстеп ыйлай беришер эле. Жокчулук кез, нан жок, эптеп эле кымыран кайнатып ичкенибиз эсимде, ачка калган күндөр далай болду. Менден кийинки бөбөктөрүмө талкан көөлөп өзүм жебестен аларга берчүмүн. Чоң ата, чоң энелерим улгайып калышкан. Алардын эки эле баласы бар болчу, экөө тең согушка барып келишти. Жүндү көп тытсаң асмандан бермет түшөт, согуштагы атаңа жардам болот десе эле күчтөнүп тытып калаар элем.
Атам Дүйшөналынын айтымында, ал согушта Польшага, Германияга чейин барып, Украинада да согушуптур. Согуш учурунда ысык-суукту сезбей жаштыктын деми менен жүрчүбүз деп көп айтаар эле. Ошол каардуу согушта жолдошторуна ок тийип көз жумганда көмүлбөй калып, ичинде кийип жүргөн майкесин чечип бетине жаап кеткен күндөр болгон деп эстеп ыйлап калчу. Комуз черткен киши болчу, армандуу ырларды ырдачу. Ал эми айылдагы жеңелерим согуштан кайтпай калган жолдошторун кеп кылып, ушинтип өмүрүбүз өттү деген сөздөрүн угуп калдым. Чындыгында согушта курман болгон жолдошторун күтүп, өмүр бою турмушка чыкпаган жеңелерим да бар.
Айылга почточу келгенде кээ бир үйдө чурулдаган ый болуп калчу.Ошол үй-бүлөнүн баласын же күйөөсүн жоготуп, сыздаган ыйы азыркыга чейин кулагымда жаңырат. Көрсө, кара кагаз келчү тура. Агезде согушка катышкан ардагерлерди анча барктачу эмес. Акыркы кезде ардагерлер суюлуп баратат. Аларга мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнө баштаганы жакшы болду. Биздин райондо саналуу гана ардагер бар. Алардын көбү төшөктөн турбай калышты. Үйлөрүнө барып калсам "Катюшаны", "День победы" сыяктуу согуш ырларын ырдап берүүмдү суранышат.

Назгүл
КАЛМАМБЕТОВА




  Элета

"Өз эмгегибиздин үзүрүн өзгөлөр көрүп атат"

Баткен облусу дегенде эле ар бирибиз анын айтылуу айгүл гүлү менен өрүгүн элестетебиз. Чет өлкөлөрдө, Кыргызстандын булуң-бурчунда сатылып жаткан алма, өрүк кактарын тамшана жегенибиз менен облус дыйкандарынын аракети, көйгөйлөрү тууралуу көп деле баш оорутпайбыз. Көрсө, өзүнчө мамлекет сыңары өгөйлөнгөн Баткенде жетишкендиктер да, бийлик маани берчү маанилүү маселелер да көп экен. Бул тууралуу "Каныкей эне" коомдук фондунун астындагы ишкердүүлүктү колдоо борборунун жетекчиси, Баткендин кызы Перизат СУРАНОВА айтып берди.


Баткенде баары бышат
Баткен облусу алма, өрүгү менен дүйнөгө таанылганы маалым. Акыркы кездерде баткендиктер гиластын кирешелүү экенин билишип, аны да көп эгип калышты. Эл азыр гиластын жакшы сортторун өстүрүү менен бирге анын түшүмүн сатууну да бир нукка коюп алышты. Күн жылый баштаганда эле кардарлар үй ээлери менен алдын ала келишим түзүшүп, гилас бышканда бычылган баада сатып алышып, Россия, Казакстанга чыгарып кетишет. Мисалы, азыр гилас алуучулар үймө үй кыдырып анын баасын бычып коюшту. Кадамжай, Ноокат райондорунда беш жылдыз деген өзгөчө алма бар. Беш жылдыз алмасы кыпкызыл болуп бышып, даамдуу келип, курт көп түшпөйт. Ошондуктан муну да бизнесмендер дүңүнөн сатып алышат.

Өрүк арзан, а өрүк ширеси неге кымбат?
Өкүнүчтүүсү, облустун өрүк кактары дүйнөгө таанылганы менен учурда өрүк маселеси Баткенде өтө көйгөйлүү. Алсак, Баткен районунда бир гектар өрүк бактан 70-80 тонна түшүм алса болот. Анын ичинде эрте бышкан өрүк, өз убагында жана кеч бышкан өрүк бар. Эрте бышкан өрүктүн даамы башкача болуп бат бузулгандыктан, эл аны как кыла албайт. Аргасыз жергиликтүү базарларга алып чыгып сатышат. Түшүм өтө көп болгондуктан айрымдар базарга алып чыгууга да үлгүрбөй калышат. Ошол мезгилде Тажикстан, Өзбекстан бизнесмендери үчүнчү сорттогу өрүк, алма, гиласты атайын келип арзан баада алып кетишет. Бир, бир жарым ай өтпөй ошол эле биздин алма, өрүктөр үч литрлик сок болуп кайра өзүбүзгө кымбат сатылат. Өзүбүздө кайра иштетүүчү цехтер болбогондуктан өз продукциябызды арзан берип, кайра эки-үч эсе кымбат сатып алабыз. Ошондуктан сырттан инвестиция тартканда дыйкандарга үрөн, жер семирткич, техника берүүнүн ордуна, алгач алардын муктаждыгын иликтегенибиз оң болчудай. Мисалы, баткендик дыйкандарга 100 миң долларга майдалап трактор, үрөн алып бергенден көрө өрүк, алманы кайра иштетүүчү цехтин жабдыктарын алып берген пайдалуу. Бул сумма бир дыйкан чарба үчүн чоң акча, а бир айыл же район үчүн чакан эле сумма. Бирок ошол чакан сумма менен канчалаган продукциябызды кайра иштетип тышка чыгарып, калганын өзүбүз пайдаланып, кошумча жумуш орундарын түзүп атабыз. Чакан цехтен жеке эле сок эмес джем, повидло, варенье чыгарууга болот. Ишкана иштеген соң албетте мамлекетке да салык төлөнүп, казынага киреше түшөт эле.

Үч сомдон алма сатып, 60 сомдон алма ширесин сатып алабыз
Он жыл мурун чакан ишкерликти өнүктүрүү деңгээли боюнча изилдөө жүргүзүп көргөн элек. Ошондо элди анын пикирин анализдегенде мындай көрсөткүч чыккан. Сезон убагында тажикстандык ишкерлер алманын бир килограммын үч сомдон алышса, үч литрлик банкадагы алма ширеси 60 сомдон кайтып келчү. Бул ширенин дүң баасы. А элге сатыкка чыкканда 75 сом. Эми үч литрлик банкадагы алма ширесине суу, башка заттардын кошулушун эске алганда ага ашып кетсе эки килограмм алма сарпталат. Буга жумушчулардын эмгегин, идишин кошкондо үч литрлик алма ширесине болгону 25-30 сом жумшалат. Ошондо тажик туугандар канча пайда көрүп атышат. Бул он жыл мурдагы көрсөткүч болсо, азыр деле тажик, өзбек туугандар алма, алмурут, шабдаалы, гилас, өрүктүн үчүнчү, биринчи сортторун кайра иштетип өзүбүзгө сатып, экинчи сортторун чет өлкөлөргө алып чыгып атышат. Дагы жакшы, азыр кыргыз ишкерлери Россияга чыгып базарды өздөштүрүп, жемиштерди тышка чыгарууга аракет кылып калышты.

Бийлик колдосо Баткен өрүгүнүн багы ачылмак
Тажикстандыктар азыр өздөрү даярдаган, кээде кыргызстандыктардан сатып алган өрүк кактарын кагаз, желим баштыктарга салып (упаковкалап) коңшу өлкөлөргө "Зардоли" деген бренд менен экспорттоп жатышат. Биз өз продукциябызды эл аралык стандартка ылайыкташтырып тийиштүү баада сата албай, мамлекет буга маани бербей жатса, бөлөк мамлекеттин ишкерлери муну колго алып, бийлиги колдоо көрсөтүп, жакшы пайда көрүп атышат. А эмнеге Россияга, Европага чейин таанылган Баткен өрүгүн Кыргызстандын бренди катары тажиктердей экспорттой албайбыз? Ушул жагынан мамлекет, жеке ишкерлер карапайым дыйкандарга көмөк кылышса Баткен элинин турмушу аз убакытта бир кыйла оңолмок.

Жүзүм плантациялары бар, шарап жок
Союз маалында Баткенде вино чыгаруучу заводдор болгон. Азыр алар жабдыктары жок, менчиктештирилип каркайып турат. Азыркыга чейин Лейлек, Баткен райондорунда жүзүм плантациялары бар. Жүзүм өстүрүү ыкмаларын эл дагы деле билет, колдорунда шаймандары бар. Кыргызстандын коньяктары кудайга шүгүр, азыр элге, кошуна мамлекеттерге бренд катары таанымал. А эмне үчүн жүзүм иштетүүнү колго алып винобузду бренд кылбайбыз?

Үйгө караганда жер, мөмөлүү дарак баалуу
Төрт жылдык гиластын бир түбүнөн жер семиз болсо орто эсеп менен эки-үч тоннага чейин түшүм алса болот. Кээ бир түшүмдүүлүгү, сорту жакшы, чоң гилас багы 5-6 тоннага чейин түшүм берет. Азыр Баткенде там сатып алгандар тамга караганда тамаркасындагы жердин кенендигине, канча алмурут, гилас, өрүк, алма эгилгенине көп маани берип калышты. Мындан сырткары, көчөт өстүрүүгө да маани бергендер арбын. Мисалы, Кадамжай районунун Арпа-Сай айыл өкмөтүндө Питомник деген жер бар. Ал жерден эң жакшы көчөттөрдү алса болот. Акыркы алты жылдан бери жалал-абаддыктар, ферганалыктар ал жерден көчөттөрдү сортуна карап сатып алып келатышат. Учурда Чүй облусундагылар да ошол Питомниктен көчөт ала башташты. Азыр Питомниктин улуу муундагы адистери жаштарды ишке тартып, аларды эл аралык көргөзмө, жармаңкелерге, иш- чараларга жиберишип, жеке эле көчөт эмес сабиз, картошканын да жаңы сортторун алып чыгып атышат. Мунун баары эмгек, аракет. Бирок мамлекет тарабынан андай аракетчил адамдарга колдоо аз болгону өкүнтөт.

Мелис СОВЕТ уулу




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??