presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Күнкөйгөй

Жарым миллион жаранын жоготкон Кыргызстан

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жумушсуздуктун саны жыл сайын 100 миң кишиге көбөйүп турат. Анын 5-6 пайызын шаардыктар, 23,4 пайызын айылдыктар түзөт. Жумушсуздук калк жыш жайгашкан өлкөнүн түштүк аймагында, айрыкча айыл жерлеринде күч. Мунун тамыры тереңде. 90-жылдардагы жер реформасынын натыйжасында үлүшүнө болгону 5-7 сотыхтан тийип калган үй-бүлөлөр түштүктө четтен чыгат. Натыйжада, жумушсуз калган карапайым калк ири шаарларга, борборго агылган. Орусия, Казакстанга чейин кирип кеткен. Мындай массалык агылуу чегара аймактарыбыздын бош калуусуна, коңшу мамлекеттердин ал жерлерге "жылып кирүүсүнө" жол ачты.

Ич ооруткан ички миграция
Айталы, Баткен облусунун Өзбекстан менен чектешкен Бүргөндү массивинде, Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай, Көк-Таш, Туган-Баба, Тандык, Миң-Өрүк, Капчыгай ж.б. айылдарында калктын 30 пайызы сыртка чыгып кеткендиктен, өзбек-тажик туугандар бош калган үйлөрдү сатып алуу жолу менен күргүштөп кирип жатат. Бул өлкөлөр менен чегара аймактарыбыз тактала элек. Эртең эле чегара тактоодо ушундай жолдор менен кирип алган өзбек-тажик коңшуларыбыз эмне сөз айтарын боолголоп турабыз. Андыктан чегара аймагындагы ички миграцияны токтотуу үчүн ссуда берүү, электр энергиясын арзандатуу, медициналык тейлөө, билим берүү ж.б.социалдык жеңилдиктер чукул каралышы керек. Жогорку аталган айылдар жер-жемиши төгүлгөн, баба дыйкандын өзү түнөп өткөн берекелүү жерлер болгондуктан, баарыдан мурда кайра иштетүү ишканаларын дал ушул чек ара аймактарына куруу көптөгөн жумушчу орундарын камсыз кылмак.
"Жаңы Агымдын" өткөн санында айтканымдай, Орусия, Казакстандан ирденип алган, Кыргызстанга акча каражатын салууну көздөгөн мекендештерибизди ушул жагына тартсак, көп маселе өзүнөн өзү чечилмек. Ошентип ички миграциянын айынан коңшулардын колуна өтүп кеткен үйлөрдү кайтарып алуу үчүн Кыргызстандын жаңы бийлиги 10 млн. сом бөлүүгө аргасыз болду.

Илешкен илдеттер
Ички-сырткы миграция жарандарыбызды ар кандай социалдык шарттарга, чөйрөлөргө кабылтып, оор моралдык-психологиялык кырдаалга туш кылбастан, жалпы эле улуттун ден соолугуна залакасын тийгизүүчү кырдаалды жаратууда. Эл аралык уюмдар иштесе ишке, ичсе ашка тойбой турган, репродуктивдүү курактагы мигранттарыбыздын ВИЧ оорусун жугузуп алууга мүмкүн болгон өлкөлөрдө, аймактарда иштеп, жашоосу чоң тобокелчилик деп эсептешүүдө. Ушундай эле жол менен дагы бир коркунучтуу оору - кургак учук да жайылып баратат деген пикирде. Кыргызстандын Кызыл Жарым ай жана Кызыл чырым эл аралык уюмдары кургак учуктун алдын алуу, ошондой эле ВИЧтин түрмөлөргө жайылып кетишине жол бербөө максатында аракет кылышууда. Анан калса Ала-Тообуздун алыскы аймактарына чейин бул кылым оорусунун жайылып баратышы ойго салбай койбойт. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата Нарын облусунда 24, Таласта 22, Ысык-Көлдө 47, Ош шаарында 707, Бишкекте 488 ВИЧ оорусу катталган. Муну менен кимибиз болбосун кайда жүрсөк дагы абайласак дегенди айткыбыз келет.

Акчасы жакшы, өздөрүчү?
Дүйнөлүк практикада мигранттардын агымын мамлекеттин пайдасына чече салган учурлар арбын. Айталы, Ангола мамлекети биз буларды окутканбыз, чокутканбыз шылтоосу менен өздөрүнүн чет өлкөгө кетип жаткан врачтары үчүн 20 миң доллардан уялбай-этпей эле сураган. Кыргызстан сырткы миграцияга аттанган жарандарынын билим кунун сурамак турсун, бул эле Орусия, Казакстанда кандай жумушчулар талап кылынат, кайсы жагына барып иштөөгө болот, мыйзамы кандай экенин өз жарандарына так түшүндүрүп, маалымат жагынан камсыздай албай келет. Натыйжада дос-тааныштын артынан ээрчип кетип ара жолдо калган жарандарыбыз четтен чыгат. Бул өлкөлөр арзан жумушчу күчүнө, эң биринчи ар түрдүү кесиптеги адистерге муктаж. Демек, мамлекетибиз эки жол менен миграция агымын өз пайдасына чече алаар эле. Биринчиси, Орусия, Казакстандагы жумуш берүүчүлөр менен атайын келишим түзүп, даярдалган, адис жумушчуларды жөнөтүү. Экинчиси, жогоруда айтылгандай ирденген, бирок чет элдин жарандыгын алган мигранттарыбызды өлкөнүн экономикасына салым кошууга тартуу.
Экинчиси боюнча али дың бузула элек. Биринчиси боюнча Кыргызстандын эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министрлиги Түштүк Корея мамлекети менен гана арабасын кылдыратууда. Бул өлкөгө 950дөй жумушчуларды министрликтердин ортосундагы келишим аркылуу жөнөтүшкөн. Алардын иштөө шарты, медициналык кароосу, эмгек акысы боюнча азырынча тескери маалымат жок. Ошондой эле болсун.
Бирок миграция министрлиги чет өлкөлөргө жумушчуларды жөнөтүү милдетин эмнегедир лицензия берүү жолу менен ортомчу фирмаларга жүктөп коюшкан. Учурда мындай 7 фирма бар. Булардын арасынан кимдерди гана көрбөйсүң. Айталы, "Чернобыль" коому аталган, аты эле айтып тургандай Чернобыль кырсыгынан жапа чеккендерди коргой турган уюм болгонуна карабастан, чет өлкөлөргө жумушчуларды оптом айдаганга тимеле аттанып түшөт. Алар Сочиге жеткире салган 300дөй адамдын 50сү же келалбайт же иштей албай, жарым кулчулук абалында калган. Бул фирмалардын дээрлик бардыгынан мындай фактыларды сууруп чыкса болот. Ошондой эле миграция министрлигинин калкты жумушка орноштуруу боюнча Ош шаардык бөлүмү тарабынан Хабаровскиге жөнөтүлгөн 84 адамдын 10у кайда экени эмдигиче белгисиз. Мөлтүрөгөн сулуу кыздарды Араб эмираттарына ачык эле азгырган рекламалар басма сөздөргө байма-бай жарыяланып жатат. Кыздарыбыз "кылактап" кетип жатат. Алардын тагдырына кызыккан жан жок. Кыскасы, Кыргызстандын официалдуу бийлиги эмгек мигранттарынын акчасын санаганды билет, азабын ойлогусу келбейт.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел.: 38-67-13




  Бизнес-пресс

Мегакомду мээлеген Максимден абайла

Жакында Жогорку сот буга чейин талашка түшкөн "БиМоКомдун" акциясынын контролдук пакети Penwell компаниясына, 49% акциясы мамлекетке татыктуу деп тапты. Буга нааразы болгон Serpeus компаниясы Максим Бакиевдин структураларына БиМоКомдун 100 пайыз акциясы үчүн 195 млн. доллар төлөгөнүн бетке кармап, дагы соттошорун билдирди. А Penwell компаниясынын билдиргенине таянсак, Максим Бакиев Serpeus аркылуу Мегакомду тартып алсам дегенде эки көзү төрт.

Penwell инвестициялык компаниясынын билдиргенине караганда Penwell менен Serpeus компанияларынын ортосунда эч кандай талаш маселе жок. Анткени, Penwell Мегаком операторун түзүүнүн башында турганда, Serpeus Алексей Елисеевдин көз боемочулуктарын "мыйзамдаштыруу үчүн" аренага чыгарылган. Азыр бул фактылардын баары Мегакомду басып алуу боюнча кылмыш ишинде териштирүү куралы болуп берүүдө. Баарынан кызыгы, бир да кыргыз соту сестеңдеген Serpeus компаниясын БиМоКомдун таза сатып алуучусу катары тааныган жок. Жогорку соттун акыркы чечимине таянсак, БиМоКомдун 51 пайыз үлүшү Penwell компаниясынан мыйзамсыз тартылып алынган. Ошого карабай айрым ММКлар аркылуу калеминен калпты агызгандар фактыларды жийиркенбей бурмалашып, Serpeus компаниясынын кызыкчылыгы үчүн маалыматтык шыбоо кампаниясын жүргүзүп келатышат.

Оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тырмайбы
Serpeus компаниясын апапак кылып, аны акыйкатсыздыктын курмандыгы кылыш үчүн айрым басылмаларда Мегакомдун россиялык акционери (Penwell компаниясы) Максим Бакиев жана анын айланасындагылар менен табакташ деген имиштер жарыялана баштады. Мунун баары карандай калп. Анткени коомчулукта Penwell апрель революциясына чейин эле Бакиев чөйрөсүнүн мыйзамсыз аракетин сотто далилдеп, өз кызыкчылыгы үчүн бардык ыкма менен күрөшүп келген. Елисеевдин Мегакомду "Альфа Телекомго" которуу схемасы талкаланган соң, Максим Бакиевдин чөйрөсү жүзүн өзгөртүп, "БиМоКомдогу" өз кызыкчылыгын Serpeus компаниясынын жардамы менен калыбына келтирүүгө жан далбас уруп жатканы жаш балага да түшүнүктүү болуп калды.

Кыргыз эли кырмычык менен калабы?
Serpeus Максим Бакиевдин структураларына БиМоКомдун 100 пайыз акциясы үчүн 195 млн. жашылбай бергем деп төш кагат. Аныгында аталган компания бул акчаны төлөгөн эмес жана бул боюнча ушу кезге чейин эч кандай далил келтире алган жок. Компания кокус койгон талаптары аткарылбаса кыргыз мамлекетинен компенсация төлөтөрүн айтып, көкүтүп алганы да бар. Бул да кезектеги ойдон чыгарылган ооз көптүрмө. Анткени Serpeus юридикалык жактан Кыргызстандан эч нерсе талап кыла албайт. Penwell компаниясынын билдиргенине караганда, Serpeus компаниясынын аракеттеринин жыйынтыгы Бакиев структураларынын реваншы, мамлекеттин Мегаком операторундагы улутташтырылган 49 пайыз акциясынан ажырашы менен аяктап калышы мүмкүн. Анткени Serpeus компаниясы Мегакомдун 100 пайыз акциясын өзүнө сиңирип, өлкөнү үлүшсүз, дивидендсиз калтырууга ак эткенден так этип келет.

Тимур
РУСТАМОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??