presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көңүл чордонунда

Кумтөрдө билим багыты

Кумтөрдү бир жолу көргүсү келгендер четтен чыгат. Буга чейин ким гана барып көрүп келген жок. Жогорку окуу жайлардын студенттери, Ысык-Көл облусунун тургундары, Нарын, Талас облусунан келген аксакалдар, парламенттин өкүлдөрү, текшерүүчүлөр, журналисттер, деги койчу алтындын куймасын кармап сүрөткө түшкүсү келгени да, эптеп акча сындыргысы келгени да каттап турушкан. Бул жолу мындай коноктордун келүүсү өлкөбүздүн келечегине пайдалуу натыйжа бере турган болду. Анткени Кумтөргө республиканын булуң-бурчунан жалаң кесиптик-техникалык окуу жайлардын башчыларын чогултушту.

Адистикти жогорулатуу борбору тарабынан уюштурулган ""Кумтөр" алтын казуу комбинатынын мисалында тоо-кен өндүрүшүнө адистерди даярдоо" аттуу темадагы семинар 15-апрелде Жети-Өгүздүн Барскоонунда Кыргызстандын бардык аймагынан келген 21 кесиптик-техникалык окуу жайлардын башчыларын чогултту. Сөздүн түз жана кыйыр маанисиндеги мындай жогорку деңгээлдеги жолугушуунун максаты - тоо-кен, алтын өндүрүү тармагына билимдүү, күчтүү адистерди даярдап чыгуу.
Деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикке чыккан эткээл директорлор талапка ылайык алгач атайын медициналык текшерүүдөн өтүштү. Жумуш сапарын "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" тоо бөлүмүнүн менеджери Родни Ступарик конокторго "Кумтөр" жөнүндө маалымат берүү менен баштады эле, тааныштыруу аземи суроо-жооп коштолгон пресс-конференцияга айланып кетти. Өз ишин мыкты билген окуу жай башчылары болушунча ушул жерден толук маалымат алууну максат кылып, берилген убакыттан ашыгы менен кызыктырган суроолоруна канадалык адистен жооп алып жатышты. Арасында кыйчалыш суроо бергендер да болбой койгон жок. Бул нерсе Родни мырзага жакпады деген ой кетиши мүмкүн. Тескерисинче, өз ишин мыкты билген адис өзүнүн котормочусу менен болушунча "Кумтөрдү" ачып бергенге аракеттенди.
Андан ары "чоңдордун" делегациясы алтын алынып жаткан кендин өзүнө барышты. Биринчи жолу келишкен коноктор "Кумтөрдүн" адистери менен демейдегидей жалпак тил менен эмес, тиешелүү деңгээлде илимий тил менен пикир алмашып жатышты. Техникалык окуу жайлардын башчыларына дүйнөдөгү эң чоң Катерпиллер аттуу жүк ташуучу унааны чакыртып, аны менен таанышууга, эстеликке сүрөткө түшүп алууга мүмкүнчүлүк беришти. Дөңгөлөгү эле 3 метрди чапчый түшкөн бул алп машина бир барганда эле 200 тонна жүк алып барат тура.
Техниканы калыбына келтирүү бөлүмүнө барганда техниктерди даярдагычтар өзүн үйүндөгүдөй сезишип, окуу куралы катары колдонуу үчүн эски тетиктерди, техникалык каражаттарды, жарактан чыккан транспортторду "Кумтөрдүн" жетекчилигинен сурап ийишти. Өз кезегинде тиги тарап ал тетиктерди чын дилинен эле берет элек, документ жагы, транспортировкалоо кыйынчылыкты пайда кылат деп түшүндүрүштү.
Алтынды бөлүп алуучу фабрикага киргенде директорлор алтын куймасын кармайт экенбиз деп кудуңдай түшүштү эле, тилектери таш капты. Ошентсе да буга чейин кызыктырып жүргөн биртоп суроолоруна жооп ала алгандарын жашырышпады. Алсак, "Кумтөрдө" күнүнө 16 миң тонна кен иштетилип, андан ар бир тоннасынан орто эсеп менен 3 граммдан алтын алынып отуруп, бир суткалык жемиш 60-70 килограмм аффилирленбеген, башкача айтканда, толук тазалана элек алтын куймасы алынат. Анын 85 пайызы гана чыныгы алтын болсо, калганы күмүш менен жездин кошулмасы. Толугу менен "Кыргызалтын" тарабынан Кара-Балтада иштетилип, төрт "9" болгон алтын куймасы колго тиет. Көрсө, алтын кармап сүрөткө түшкүсү келгендер Кумтөргө эмес "Кыргызалтынга" барыш керек экен.
Андан ары кумтөрчүлөр конокторго Петров көлүн жана анын жанындагы Петров мөңгүсүн көрсөтүштү. 2,5 миңден ашык жумушчу дал ушул көлдөн түтүктөр аркылуу алыс аралыкка тартылып алып барылган суудан ичишээри да ушул жерден айтылды. Кийинчерээк, тааныштыруу процессинин аягында берилген сыйлуу тамак учурунда бул суудан кайнатылган чайдын даамын татышкан коноктор аябай даамдуу экенин жашырышкан жок.
Иштетилип чыккан кен калдыктары кайда кетет деген суроого кызыккандар жоопсуз калбасын деп экологдор калдыктарды көмүүчү жайга алып барышты. Үч чакырымга созулган дамбанын тосмосунун калыңдыгы бүт талапка жооп берээрин эч кандай эксперттери жок эле эчтеке түшүнбөгөн карапайым адам да көрүп ынанат экен. Ошол жерде делегаттардын бири "бул жерде радиациянын деңгээли кандай?" деген суроо узатты эле, ченеп беришкен адистер радиациянын деңгээли Бишкек шаарына салыштырмалуу ылдый экенин айтып, Кумтөргө караганда борбор шаар кооптуу экенин эскертип, таң калтырды.
Өздөрү үчүн биртоп маалымат алышкан кесиптик-техникалык окуу жайлардын башчыларына Кумтөрдөн алган таасирлери жөнүндө суроо узаттык.
Адыл ТАЙЛАКОВ, Бишкек шаарындагы №100 кесиптик лицейдин директору:
- Биздин окуу жай ширетүүчүлөрдү, авто оңдоочуларды, автоэлектрик, электромонтаждоочуларды даярдайт. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн айрымдары бул жакта иштеп жатышыптыр. Азыр кирип сурасам, бүгүнкү сменде алар жок экен. Мен ушул жактан практика өтсө кандай болот десем, ал жогору жактан чечилээрин айтышты. Бул маселени чечсе болчудай. Анткени бул жактан жөн эле үйрөнүү практикасынан өткөн балдар кыйын адис болуп чыкчудай.
Мен бул жактан заманбап техниканын иш үстүндө колдонулуп жатканын көрдүм. "Кумтөрдү" өз көзүм менен көрүп, балдарга айтып берчү маалымат ала алдым. Буюрса, кайра барганда окуу программаларына жаңылыктарды киргизсек болот.
Жолдош МЫРЗАЛИЕВ, Алай районундагы №67 кесиптик лицейдин директору:
- Мен бул иш сапарынан көп нерсе үйрөндүм. Кумтөр жөнүндө айтылган сөздөргө өз көзүм менен күбө болуп, бир эле ысык-көлдүктөргө эмес, жалпы Кыргызстанга зор салымын кошуп жатканына ынандым. Бизде, Алайда Терек алтын кенибиз бар. Буюрса, биздин окуу жайда ушул семинардан алган жаңылыктардын негизинде атайын алтын алууга багытталган бөлүм ачып, Кумтөрдүн үлгүсүндө балдарды тарбияласак, өзүбүздүн кенибизди иштетүүдө жергиликтүү элден эле жумушчу күчүн тапчудайбыз.
Бул иш сапары майда бирок маанилүү окуу жайлардын башчылары үчүн заманбап техника-технологияларды, ыкмаларды колдонуп жаткан Кумтөр чоң ачылыш тартуулады. Эми директорлор окуу программаларына жаңыланууларды, өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы багыттарды ачышаарын жашырышпай, кайра кайткан сапарда алдыдагы максаттарын камтыган кыялга чөмүлүштү.
Баса, Кумтөргө барышкан директорлордун баары, биздин бүтүрүүчүлөрдү ушул жакка жумушка алса деген үмүттүү көздөрү менен карашты эле, ал тарап мындайча жооп берди. Көрсө, Кумтөр Бишкектеги №27 кесиптик окуу жайы менен келишимдик негизде иш алып барышып, алар Кумтөр үчүн кадрдык жактан муктаждыктарын жаап келишет экен. Ал үчүн КОК атайын группа ачып, басымдуу бөлүгү ысык-көлдүктөр болгон жаш кадрлар кадимки Кумтөрдө жүргөндөй кийинишип, толугу менен ошол жактын эрежелеринен чыкпай тарбияланышат. Жадагалса ашпозчуларды да кумтөрчүлөр нөлдөн баштап өздөрү тарбиялап алышат тура. Андыктан, Кумтөргө жаш адистерибизди шыкоонун аракетин көрбөй, жүздөп саналган кендерибизди жок дегенде ар бир облустан бирден казып аймактарыбызды көтөрбөсөк, кыйынчылыктан чыгуунун жолдору бүдөмүк көрүнгөндөй. Дегеним, Кумтөрдөн облусту өнүктүрүү үчүн жалпы дүң продукциядан бөлүнгөн бир пайыздык каражат, андан сырткары жумуш орду менен камсыз кылуу эле бул аймакты биртоп оңоп койгонун көрүп келебиз.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ, Бишкек-Кумтөр-Бишкек




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??