presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жакшынын шарапаты

Таланты ташкындаган жаш таланттар

Жаш таланттарды таптап, алардын өнөрүн эл аралык деңгээлде алып чыккан инсандар арабызда бар экени кубандырбай койбойт. "Бал таттуу" коомдук фондунун төрайымы, саясый илимдин доктору, дипломатиялык академиянын профессору Гүлмира МАМБЕТАЛИЕВА айым Нарын облусунда болуп өткөн жаш таланттардын сынагы тууралуу айтып берди.

- 22-23-апрелде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата "Жаш талант - 2011" облустук кароо сынагы Нарын шаарында болуп өттү. Буга Нарын облусунун булуң-бурчунан, алыскы мектептеринен келген эң мыкты таланттуу 369 окуучу катышып, сынак сегиз номинация боюнча уюштурулду. Негизи биз улуттук өнөргө басым кылгандыктан манас, дастан айтуу, улуттук аспаптарда ойноо, кол өнөрчүлүк, бий, вокал жана сүрөт өнөрү боюнча таланттуулар тандалышты. Андан тышкары бизде айкелчилик кылуу жакшы өнүккөн. Мектеп окуучулары меш, зергер буюмдарын жасап дүкөндөргө өткөрүшөт экен.
- Бул иш-чара канча жылдан бери уюштурулуп келатат?
- Он төрт жылдан бери ушундай иш-чараларды уюштуруп келатабыз. Мурда "Мээрим" фонду менен биргеликте уюштурулчу. 2005-жылдан бери "Бал таттуу" коомдук фонду жана "Дордой" ассоциациясы тарабынан уюштурулуп келатат. Бул сынак таланттуу балдар үчүн чоң сыймык. Алар сынак болобу-болбойбу деп сурабайт, дайыма даярданып, сынакты күтүшөт.
- Сынакка катышкан балдардын талантын аныктоочу калыстар тобунда кимдер болду?
- Калыстар тобунда кыргыз маданиятын бийик секиге чыгарган эң өнөрлүү адамдары катышты. КР эл артисти Табылды Актан, Күмөндөр Абылов, сүрөтчүлөр менен кол өнөрчүлүктү баалаган жергиликтүү калыстар бар, андан тышкары КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү сүрөтчү Данакан Адашканова барды. Эстрада жылдыздары Кубаныч Сатаев, "Ырдайлы кыргыз ырларын" аттуу долбоордун жетекчиси Юрий Бобков, Ирина Ан аттуу кыргыз ырын ырдаган корей улутундагы ырчы барды. Булар сынакка келген ар бир балага мастер класс өтүп, чыгармачылык жактан жакшы кеңештерин айтышат. Акырында гала-концертте окуучулардын алдында өзүлөрүнүн өнөрүн тартуулашат. Андан сырткары жаш таланттар сынагынын алкагында салттуу түрдө Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин чакырып, алардын жасаган эрдигине, иштерине таазим кылып, 9-майды утурлай белек-бечкектерди берип куттуктайбыз.
- Сынактын жеңүүчүлөрүнө кандай сыйлык берилди?
- Быйылкы сынакта Кочкор районунан "Сур эчкинин каргышы" аттуу дастанды аткарган Абылбек уулу Данияр деген бала сыйлыкка ээ болду. Мурунку жылдары комуз боюнча номинациядан мыктылар чыккан. Негизи бул сынакта гран-прини алгандар бирөө, калгандары номинация боюнча жеңүүчүлөр болот. Алардын эң мыктыларын тандап, чет өлкөлүк уюмдар менен байланышып, эл аралык сынактарга катыштырабыз. Эл аралык сынактын өз талаптары бар, ошого жараша таланттуу балдарды алпарабыз. 2005-жылдан бери республикалык деңгээлдеги "Жаш таланттар" сынагы уюштурулбай калды. Мурун бардык облустардан жеңгендерди республикага көргөзчүбүз. Азыр республикалык деңгээлде сынак жок болгондуктан, эң мыкты таланттарды эл аралык сынактарга тандайбыз. 2005-жылы Токтобек уулу Канат деген баланы Түркияга алпарганбыз. Ошондо бизде жаңы эле революция бүткөн мезгил болчу. Кыргызстандан келгенибизди билип, силер баягы колдоруна таш, союл көтөрүп революция кылган элсиңер деп бизди ыңгайсыз абалга калтырышкан. Бирок ошондо биз 28 мамлекет катышкан "Түрк дүйнөсү" аттуу эл аралык сынактан гран-прини утуп алдык. Биз гран-прини жеңгенде, Кыргызстандан ушундай таланттуу балдар өсүп атса келечеги бар турбайбы деп баа беришкен. Кийинки жылдары да үзгүлтүккө учуратпай жаш таланттар сынагын эл аралык деңгээлде өткөрүп келатабыз. "Мыктынын мыктылары" деген жыл сайын өтүүчү эл аралык сынактарга катышып, биздин таланттар куру келген жок. Жалаң Түркияга эле эмес Кытайдан да чакыруу келген. Ал жакта мектеп окуучуларынын бүткүл дүйнөлүк олимпиадасы болуп, биздин балдар жакшы ийгилик менен кайтышты.
- Жакында өткөн сынакта балдардын кайсы өнөрү өзгөчөлөндү?
- Быйылкы балдар сынагына вокал, бий, комуз боюнча таланты күчтүү балдар келишти. Биз таң калып, калыстар тобу алардын кайсынысын тандайбыз деп баштары катып, бир чети абдан сүйүндүк. Зайнидин Иманалиевден тарбия алып, өнөр сүйгөн балдар гран-прилерди алып жүрүшөт. Он төрт жылдан бери өтүп аткан ушул сынактан ал таптаган балдар бешинчи жолу гран-прини алып атканын айтып сыймыктанды. Биздин жаш таланттардын арасынан искусствонун жылдыздары болуп көрүнүп калгандар бар. Мисалы, 6-класстан бери катышкан А.Мусабеков, С.Абдылдаева, Ж.Идирисова сыяктуу жана башка көптөгөн таланттар учурда музыкалык окуу жайларда окуп жүрүшөт. Комуз өнөрү, улуттук аспаптар боюнча балдарыбыз искусство жагына багыт алышты.
- Нарын облусу боюнча гана жаш таланттардын сынагын өткөрүп атыпсыз, балким Кыргызстандын башка аймактарына ушул жөрөлгөнүн канатын жаюу оюңузда бардыр?
- Бул жакта уюштуруу жагында чечилбеген көйгөйлөр бар. Жергиликтүү бийликтер мындай демилгени колдоп турса жакшы болмок. Чындыгында башка дубандар менен иштөөдө бюрократиялык көйгөйлөр көп. Бирок Маданият министрлиги кээде өнөрлүү балдар керек деп бизге кайрылган учурлар болот. Бул иш-чараны мамлекет же маданият министрлиги тарабынан уюштуруу жагынан колдоо болсо, албетте мындай сынакты республиканын башка аймактарында да өткөрүүгө даярбыз. Таланттуу балдар башка аймактарда деле көп.
- Былтыркы сынакка катышкан бала кийинки жылы да катышууга мүмкүнчүлүк алабы?
- Ооба катыша алышат. Быйыл манас айтуу боюнча бир бала 1-орунга татыды. Ал беш жолу катышып, былтыр 3-орунду, быйыл 1-орунду алганга абдан кубанып атат. Бизде гран-прини алган бала гана кийинки сынакка катышалбайт. Калгандары улам алдыга жылуу үчүн катыша беришет. Гран-прини алгандар республикалык же эл аралык деңгээлде катышат деген түшүнүк бар. Эгерде ал бала экинчи жолу катышам десе башка номинация менен келет. Быйыл дастан боюнча алса, кийинки жылы комуз боюнча катышса болот.





  Мекендештерге жардам

Расул Маматкулов, ырчы:
"Өлкөнүн бай-кедейи искусство адамынан билинет"

Акыркы кезде алыскы аймактардагы элдин жашоо-шартын оңдоо иретинде белгилүү инсандардын белсенип кириши жакшы жөрөлгө тартуулоодо. КР эмгек сиңирген артист Расул МАМАТКУЛОВ былтыр июнь айындагы коогалаңда жабыр тарткандарга көмөк көрсөтүү максатында "Жалал-Абад жылдыздары" аттуу концерт уюштуруудагы максаты жөнүндө айтып өттү.


- Жалал-Абад облусундагы Көгарт өрөөнүнүн Жалгыз-Жаңгак деген айылында 4-класска чейин окугам. Ал жердеги жердештерим биздин мектепте окуган белгилүү ырчы деп атайын мен тууралуу бурч даярдап, сүрөттөрүмдү, сыйлыктарымды, чет мамлекетке баргандарым тууралуу жазып, көргөзмө кылып коюшуптур. Албетте, туулуп өскөн жериң даңктап турса ал чыгармачылык дем берет экен.
- Эми ырчылар да жер-жерлерге бөлүнүп концерт бере башташканбы?
- Муну биз баштаган жокпуз. Адегенде Арстанбек Абдылдаев жетектеген "Аурдин" компаниясы "Нарын облусунун жылдыздары" деп уюштуруптур. Алар концерттен түшкөн каражатты Нарынга жардам болсун деп которушуптур. Кийинки эстафетаны Жалал-Абад облусуна берели деп мени чакырып беришкен. Эми мен Жалал-Абад ырчыларын чогултуп, концерт берип, түшкөн каражатты жабыр тарткандарга берели деп чечтик. Биз өткөргөндөн кийин Ысык-Көл облусуна беришибиз керек. Бул демилге элге да жагып, чын дилибизден иштеп атабыз. Концерт 1-майда Кожомкул атындагы спорт сарайда болот. Канча каражат топтолсо ошонун баарына азык-түлүк алып, жабыркагандарга таратып берсек деген жакшы тилектер бар. Концертке келген ар бир көрүүчү 300 сомго билет алып кирип, ошол менин жакшылыгым, жабыркагандарга жардамым болсун деп ойлошу керек.
- Сиздин тааныштарыңыздын арасынан өткөн жылдагы коогалаңда жабыр тарткандар болгон жокпу?
- Достор, тааныштардан жабыркагандар болушту. Кыргызстанда жашаган башка улуттар биздин салтты, тилди, дилди, титулдук улутту сыйлашы керек. Мисалы, мен Россияга барып орустар менен мушташып, согуш чыгарбайм да. Ушундан улам "Мен кыргызмын" деген концерт коюш керек деп ойлойм.
- Өткөндө Нарын дубанынын аттуу-баштуу бизнесмен, байлары чогулуп, карапайым калкка материалдык жардамын көргөзүштү, Жалал-Абаддан да ушундайлар чыгып атабы?
- Мындай жакшы демилгени көтөрүп, ушул убакка чейин жардам берип жүргөн Камчы Ташиевди билем, ал жыл сайын Жалал-Абадга материалдык жардам берип, 8-мартта баатыр энелерди сыйлап белек-бечкек тартуулайт. Негизи кайсы гана мамлекетке барбагын, анын бай же кедей өлкө экенин искусство адамдары аркылуу билсе болот. Эгерде искусство адамдары бай жашаса, демек ал өлкөдө тынчтык, бейкутчулук, бардыгы бар, эли эс алганы концертке барышат.
- Жакында тойлорго лимит коебуз деген сөз болду, буга кандай карайсыз?
- Ар бир кыргыз баласын үйлөнтүп, кыз узатып той өткөрөйүн десе, анча-мынча улгайган адам небересинин жакшылыгын көрөйүн деп тилек кылат. Мындай жакшылыктарды тыюу салган туура эмес. Ал эми өлүм-житимде уят болбойлу деп жылкыны карызга алышат, анын акчасы өлгөн адамдын туугандарынын мойнунда. Андан сырткары дасторкон жана башка чыгымдары көп. Ушул нерсеге лимит койсо болот. Чындыгында кыргыздар өлүм-житимде көп чыгым болушат. Мисалы, өзбек-тажиктер тойдон эч нерсесин аяшпайт. Бирок жамандыкка анча чыгым тартышпайт.

Бетти даярдаган, Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??