presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Күлазык

Театр жана киноактеру, режиссер, Кыргыз эл артисти Акылбек АБДЫКАЛЫКОВ доорубуздун залкар таланттарынын бири. Жаныбызда жай адамдын бириндей басып жүргөн бул адамдын чыгармачылык жолу да кызыктуу. Кыргыз искусствосуна 70-жылдарда келип аралашкан Акылбек ага менен кайсы темада сүйлөшпөгүн, айлантып барып театрга такаган өнөрү бар. Төмөндө да кыргыз театры, анын бүгүнкү абалы, актерлук чеберчилик, режиссердун орду тууралуу сөз болду. Чогуу көңүл бөлөлү, урматтуу окурман.

Жандүйнөңдү жууп, үтүктөдүң беле?

Театр, дегеле жалпы искусство бирде ылдыйлап, бирде ташкындап турат. Бул коомго да байланыштуу. Биздин учурдагы кыйналганыбыз, көрүүчүлөр өздөрүнүн жандүйнөсүн сулуулабай, тарабай, үтүктөбөй жаткандыгында. Анан андайлар театрга байласаң келеби. Дагы бир нерсени, бизде эки революция болуп өткөндүгүн, андагы мародерлукту ойлонуп көрбөйлүбү. Мына, жапандарда кыйраткыч жер титирөө болду. Алар бирөөнүн бир учук шоонасын да алган жок. Себеби жапан элинин маданияты, руху күчтүү экен. Бу, маданиятсыз кайда барасың? Көчөдө да жүрө албайсың. А биздин көчөлөрдү карагылачы. Качыра токтогон маршруткалар, каалаган жерине туруп алган таксилер…


- Мен сизди 80-жыл-дары КТРКда режиссер болуп иштеп жүргөнүңүздөн бери билип калдым. Андан бери далай суулар акты. Кино, театр актеру катары мыкты ролдорду жараттыңыз. Режиссер катары канчалаган спектаклдерди сахнага алып чыктыңыз дегендей. Бирок сакал-чачыңызды ак аралаганы болбосо, ошол эле бойдон келатасыз. Сизди карытпаган кандай күч?
- (Күлүп) Кандай болгондо да мезгил өзүнүкүн албай койбойт. Кеп чыгармачыл инсан катары учур-убактыңды текке кетирбей бирдеме иштеп калууда. Жаштык кезим менен бүгүнкү курагымдын ойночу ролу, жасачу иштери да башка. Жада калса сүйлөчү сөздөрү да бөлөк. Биз Осмонкул акын айткандай, эки доорду тең көрүп калдык. Союз учурунда Москвадан ГИТИСти бүтүрүп актердук жолум түптөлдү. Кийин киного тартылдык, театрда ойнодук, режиссерлук кылдым дегендей. Кыргыз театр-кино искусствосунун гүлдөгөн дооруна күбө гана болбостон өзүм аралаштым, не бир залкарлар менен иштештим, иштешип да жатам. Ушунун баары текке кетчү беле. Жандүйнөмдүн азыгы, мүмкүн жаш көргөзгөн, чыгармачылык жигер берген ушул күндөрдүр. Бирок биздин муунду карыткан, дегеле театр искусствосуна күйгөндөрдү санаага салган жагдайлар да көп. Бул маданияттын ушул тармагына көңүл бурулбай, көз көрүнө көрүүчүлөрүн жоготуп жаткандыгы.
- Бул жерде күнөө театрдабы же көрүүчүлөрдөбү?
- Театрды күнөөлүү демек тургай, ага чаң жугузууга да болбойт. Бул менин театр ишмери катары аны калкалоо аракетим эмес. Кеп башкада. Түпкүлүгүндө бүгүнкүдөй мамилебиз менен театр өнөрүн басмырлай берсек, ошентип жүрүп жок кылып ала турган болсок элге кыйын болуп калат. Театр, китеп окуу, музей, жаратылыш - адамдын жандүйнөсүн байыта турган булак. Адамдын жандүйнөсү, руху жакыр болсо, ал бийликте деле жыргатпайт, акчаны деле пайдалана албайт. Мына азыр жаз келип жаратылышка суктанып жатпайбызбы. Аруулук аралап жатпайбы. Кандай керемет. Театр деле ошондой.
- Менимче, театрдын таламандын тал түшүндө көрүүчүлөрүнөн ажырап калышына информациянын башка булактарынын (интернет, теле, кино, видеотасмалар, эстрада жанры ж.б.) басымдуулук кылып кетиши себеп болуп жүрбөсүн?
- Мунун башкы себеби эле - коом буга даяр эмес. Негизи театрга маданияты өнүккөн, ага барууга убакыт тапкан коом керек. Мисалы, эртең менен жуунасың, чачыңды таранасың, шымыңды үтүктөйсүң ээ. А сен жандүйнөңдү жуубай, тарабай, үтүктөбөй жатпайсыңбы. Союз мезгилинде деле кино, телекөрсөтүү күпүлдөп эле турчу. Булардын жолу өзүнчө. Театр, дегеле жалпы искусство бирде ылдыйлап, бирде ташкындап турат. Бул коомго да байланыштуу. Биздин учурдагы кыйналганыбыз, көрүүчүлөр өздөрүнүн жандүйнөсүн сулуулабай, тарабай, үтүктөбөй жаткандыгында. Анан андайлар театрга байласаң келеби. Дагы бир нерсени, бизде эки революция болуп өткөндүгүн, андагы мародерлукту ойлонуп көрбөйлүбү. Мына, жапандарда кыйраткыч жер титирөө болду. Алар бирөөнүн бир учук шоонасын да алган жок. Себеби жапан элинин маданияты, руху күчтүү экен. Бу, маданиятсыз кайда барасың? Көчөдө да жүрө албайсың. А биздин көчөлөрдү карагылачы. Качыра токтогон маршруткалар, каалаган жерине туруп алган таксилер… Колундагысын туш келди ыргытып кетип бараткан атуулдарыбыз. Башкасын айтпайын, бу дагы маданиятыбыздын бир өксүгү.
- Муну менен эмне айтайын дедиңиз эле?
- Ошого келатам. Интеллигент деген ким деген суроого орус сатириги Михаил Жванецкий минтип жооп берип жатпайбы: "…интеллигентти отурганынан эле байкайсың. Ал дайыма кысынып отурат. Ал эми маданияты жок адам чалкалап, айланасында киши барбы-жокпу көзүнө илбейт". Ал эми адамзат коомун маданиятка тарбиялоодо театр өнөрүнүн орду өзгөчө. Буга мамлекеттин камкордугу да зарыл. Керекпи, ар бир районго ачыш керек.
- Ар бир райондо элдик театр бар эмеспи?
- Бары бар. Аларды жандандыруунун ордуна, көбөйүп кетти, санын азайтпайлыбы деген сөздөр чыгууда. Ошондон улам күйүп айтып жатканым. Жанагыдай бир жагынан балдар өлүп жатса, экинчи жагынан мародерлук кылган коом кайдан жаралды? Маданиятыбыз кайда? Ойлонбойлубу!
- Театр өнөрүн канткенде жанданта алабыз? Кантип оозуна суу тамызсак болот?
- Театр болобу, искусствонун башка тармагы болобу, аяр мамилени, көңүл бурууну талап кылат. Аны көрөрманга жеткире да билүү керек. Мен учурунда Курманбек Бакиевге эки жолу кирип айттым эле. Кыргыз драм театрына жок дегенде эки автобус бергилечи, элге чыгалы деп. Жыйынтык болгон эмес. Союз кезинде маал-маалы менен чыгып тураар элек. Мамлекетке да каражат таап берчүбүз. Эл театр репертуарларын жакшы билчү. КТРКдан чоң-чоң спектаклдер көрсөтүлүп турчу. Ошого карабастан биз барганда көргөндөн тажашчу эмес. Азыр бул жагын казактар аябай көтөрүп алышты. "Хабардан" жума сайын спектакль көрсөтүп жатышат. Бизде театр деген эмне экенин билбеген бүтүндөй муун пайда болду. Кийинки учурда КТРК да аракет кылып жаткандай. Спектаклдерди, көркөм өнөр ээлерин көрсөтө башташты. Ошону көрүп атканда жаштардын сезими ойгонот. Өнөр адамдары дөөтү колдогон адамдар. Булардын жөн эле көчөдөн басып кеткени гүлдү өстүрөт, бакты өстүрөт. Ушуну көпчүлүгү түшүнбөйт. Театрды кантип жандантабыз дейсиң, мына Шаршен Термечиков атындагы Чүй элдик театрынын эмгиче имараты жок. Мындай мамилебиз менен кайда барабыз?
- Бүгүнкү күндө өнөр адамдарынын орду барбы?
- Ордун айтасың, саясатчылар өткөн революцияда интеллигенция, маданияттын адамдары көрүнгөн жок деп айтып жатышпайбы. Я, айланайын, согуш мезгилинде жазуучу, артисттерди жибербей алып калган. Булардын чыгармасы, өнөрү кийинки муунга керек дешкен. Өткөндөгү окуяларда аларды айыптоо туура эмес. Өнөр адамдарынын ал жерде болгону болду, болбогону үйүндөбү, чүйүндөбү, ал окуяларды жүрөгүнөн өткөрүп жатты. Бири ырын жазды, башкасы өз өнөрүндө кантип чагылдырууну ойлоду. Ал окуяларды эртеби-кечпи, жанагы сагызгандай сайраган саясатчылардын эч кимиси өнөр адамдарындай эч качан ачып бере албайт. Айтып бере албайт. Мына тарых алдындагы алардын орду. Ошол окуялардын болуп кетишине улуттук интеллигенциянын, маданият ишмерлеринин салымы зор. Алар айтчусун айтып, жазчусун жазып жүрүп, ал окуялардын кыртышын даярдап койгон да.
Коомдун өнүгүшү, революциясы өнөр адамдарына, акын-жазуучуларга таандык. Режиссурада деле ошондой. Биз ушулардын баарын иликтейбиз. Эмне үчүн келип чыкты, себептери кайсы дейбиз. Сахнада ар бир сөзгө маани берилет. Кээ бирөө ойлойт, жаттап алып эле чыга берет экен деп. Андай эмес.
Мен баш аягы 40-50дөй спектакль, постановка коюптурмун. Мисалы, "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Мен сүйгөн обон" "Сынган мазар", "Панфилов" ж.б. Мындан тышкары, "Курманжан датка" (менин биринчи ачык асман астындагы театралдашкан оюн-зоогум эле), "Жайыл баатыр", "Каган Баласагын", "Төрөбай Кулатов", "Абдыкадыр Орозбеков" өңдүү тарыхый-маданий театралдашкан чыгармаларды алып чыктым. Ушулардын баарында ар кандай темага кирип, ар бир сөздү кармалап чыктым окшойт.
- Сахнадагы тарыхый чыгармалар көбүнчө юбилейлик даталарга карата коюлат. Ушунун мааниси канчалык?
- Бул темаларды сценаристтер менен бирге өзүбүз да иликтеп, элдин алдына алып чыктык. Булардын сөзсүз мааниси бар. Анткени караган тооң, теңелээр, суктанаар кишиң болбосо жашап эмне кереги бар. Театралдашкан оюн-зооктордун тузу ошондо.
- Театрда актердун багын режиссер ачабы же тескерисинчеби?
- Режиссер эмне үчүн керек? Ал сахнага чыгарманын идеясын алып чыгышы керек. Ошондуктан улуу К.С.Станиславский режиссураны бешке бөлгөн. (Режиссер-коюучу, режиссер-адабиятчы, режиссер-педагог, режиссер- администратор, режиссер-репетитор). Андыктан режиссердун кур дегенде коюучу, адабиятчы, педагог жактары айкалышпаса майнап чыкпайт. Ал эми актердун уктаган талантын ачуу да режиссердун милдети. Өзүнүн ошондой таланты бар экенин актер байкабай, билбей да калышы мүмкүн. Калыстык кылгандары мени режиссер ачты дейт. Бирок мындайды сейрек угасың. Көбүнчөсү жогоруда айтканымдай, өзүм ойнодум дейт. Албетте актердун да таланты керек.
Жеке өзүмдүн тажрыйбамды айтсам, мени актер катары режиссер Искендер Рыскулов ачты. ("Лука", "Шаар башчысы", "Сараң рыцарь" ж.б.спектаклдерде). Ал киши мен каалаган ролду эмес башка ролду берип мени ачкан. Ошондон кийин режиссерлукка кызыгуум ого бетер арткан.
- Сиз баарыдан мурда актерсуз. Ар бир эле актердун тигил же бул ролду ойносом деген арманы болсо керек.
- Андай арман болбой койбойт. Баарыбыз эле ойногубуз келет. Бирок актер өзүнүн мүмкүнчүлүгүн билбейт да. Режиссер ошого макул болуп, сахнага алып чыкса чыгарма бузулуп калышы мүмкүн. Театр сахнасында режиссердун чыгармага болгон сүйүүсү керек. Ошол сүйүүсүнө жараша актердук ансамбль менен чыгарманы алып чыгат. Кээ бирөө мен ушуну ойнойм дейт, кыйнайт. Ага тигил же бул ролду аргасыз берген режиссердун да ичи чыкпайт. Ошону менен ортозаар роль чыгып калат. Ошол жакшыбы?..
- Сиз көптөгөн кино тасмаларда ролдорду жараттыңыз. Өзүңүзгө жаккан ролуңуз кайсы?
- Көп эле киного тартылдым. Ушулардын ичинен "Кербез" киносунда Дыйканбай болуштун, "Найман эненин көз жашында" Эстей хандын, "Бешик" киносунда башкарманын ролун аткарганым купулума толгонсуйт.
Менин кинодогу туңгуч ролум "Мен Тянь-Шандагы" Алыбектин ролу болду. Бул кинонун режиссеру Ирина Поплавская, анын ассистенти мен болчумун. Ал кинодогу башкы ролдорду аткарган Дүйшөн Байдөбөтов, Назира Мамбетова үчөөбүз тең ГИТИСтин актерлук бөлүмүнүн акыркы курсунда окуп жүргөн, романтикага бай, солкулдаган кезибиз эле. Эмнегедир жаштыгыбыз ошол кинодо калгандай көргөн сайын бир толгонуп алмайым бар.

Темирбек Алымбеков, тел.: 38-67-13




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??