presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кыргыз өңүнө түшкөн көлөкө

Бактыгул ЧОКМОРОВ:
"Атамдын атындагы
иш-чаралар мага айтылган жок"
Кыргыздын жүзүн кино, сүрөт аркылуу дүйнөгө тааныткан Кыргыз эл сүрөтчүсү, СССРдин эл артисти Сүймөнкул ЧОКМОРОВдун көз жумганына 19 жыл болсо да эмдигиче анын айкели коюлбай келет. Ага караганда жакында эле көз жумган журналист Г.Павлюктун айкелин Бишкектин борборуна бир заматта кое салышты. Кечээ, 28-апрелде Аламүдүн районунун Лебединовка айылында С.Чокморовдун мемориалдык комплексин, эстелигин коебуз деп марафон өткөрүлдү. Анын алдында Сүймөнкулдун уулу Бактыгул ЧОКМОРОВ менен маектештик.
- Сүймөнкул Чокморовдун мемориалдык комплексин куруу боюнча марафон уюштурулуп атат. Бул иш-чара кимдин идеясы?
- Марафон уюштуруп, чогулган каражатка Байтик айылы тарапка С.Чокморовдун эстелигин жана комплексин курабыз деп атышыптыр. Кайсыл жерге курулаарын да билбейм. Мага айтышкан жок. Чүй облусунун мурунку губернатору Сагынбек Абдрахманов уюштуруп атат деп уктук. Мага бир журналист телефон чалып, Сүймөнкул Чокморовдун марафону тууралуу бүгүн пресс-конференция болот экен, сиз барасызбы деп сураганда гана билдим.
- Россия кинотеатрынын жанына С.Чокморовдун айкели орнотулат деп атайын жер бөлүнүп берилбеди беле?
- 1995-жылы Б.Силаев Бишкектин мэри болуп турганда Россия кинотеатрынын жанынан атайын С.Чокморовдун айкелин орнотууга орун бөлүп, мыйзамдаштырып берген. Атүгүл 1997-жылдын аягына чейин эстеликти бүтүрүү боюнча да токтом чыккан. Бирок ал кызматтан кеткенден кийин улам бир чиновник алмашып, айкелге бөлүнгөн каражаттын кайда кеткени белгисиз болуп, акыры жоопкерчиликти бирөө да алган жок. 2006-жылы маданият министри С.Раев С.Чокморовдун айкелин орнотобуз деп атайын марафон өткөрүп, 500 миң сомдой каражат чогулган. Ал акчаны алар ошол кезде скульптор А.Кожогуловго эстеликтин эскизи үчүн которушкан. Калган акча каяка кеткени белгисиз. Бул марафондун акчасы да дайынсыз жоголуп кетпей, пайдалуу жакка жумшалса болду.
- Азыркы өтө турган марафондон түшкөн каражатка деле Россия кинотеатрынын жанына, мурунку бөлүнүп берилген жерге айкелди орнотсо болот беле?
- Алар бул жерге коюла турган айкелдин ордун билишпейт го деп ойлойм. Негизи мындай иш-чараны мамлекеттик деңгээлде өткөрсө жакшы болмок. Мурда атамдын агасы Намырбек ата ушул фондду иштетип жүргөн. Мен ал фондго канча каражат топтолду, ал кайда жумшалгандыгы тууралуу билбейм, көргөн да эмесмин. Ал С.Чокморовдун китебин гана чыгарган. Мени аралаштырышкан эмес. Атамдын айкелин Бишкекте эле курушса жакшы болмок. Ушунча убакытка чейин эстелиги коюлбай келатканы өкүнүчтүү.
- Мындан бир-эки жыл мурун С.Чокморовдун 70 жылдык мааракеси белгиленди эле, анда эстелик маселеси чечилбедиби?
- Атамдын жетимиш жылдык мааракеси тууралуу мамлекет таптакыр эстеген жок. 2009-жылы май айында Аль-Хаят деген менчик галереяда С.Чокморовдун сүрөт-көргөзмөсүн уюштурдук. Мамлекеттик галереяда, же музейде өткөрөлү десек, бул иш-чара ошол жылдагы планга кирбей калыптыр. 2009-жылы ноябрь айында Россия кинотеатрында С.Чокморовду эскерүү кечесин өткөрдүк. Атам менен чогуу иштешкендер, тааныш-достору, жакындары, Россиядан режиссер, киносценаристтер келип, эскеришти. Театрдын фойесине атамдын сүрөт көргөзмөсүн уюштурдук. Эл абдан көп болду. Бул иш-чараны Т.Океев атындагы фонд менен АУБ, мамлекеттик кинематография департаменти менен биргеликте өткөрдүк. Мамлекет эстеп, уюштурбагандан кийин ошол кездеги маданият министри С.Раевге чакыруу жиберген эмеспиз. Бирок буга ал өзү келди. Кийин өкмөттүн жыйынында С.Раев муну мен өткөрдүм деп айтыптыр. Бирок иш-чарага катышкандар, ал өткөрбөгөнүн айтып уятын чыгарыптыр. Атамды эскерүү кечесине анын туугандарын да чакырдык. Ал эми уюштурууга эч кимиси жардам берген жок. Атамдын көзү өткөндөн кийин ал тууралуу иш-чараларды мага айтпастан эле өткөрүп, өзүлөрү иштетип жүрүштү. Атам каза болгондо мен 20 жашта болчумун. Апам андан кийин үч жыл өтпөй көз жумду.
- Атаң жөнүндө эмнелерди көп ойлойсуң?
- Албетте, ар бир адам өзүнүн ишин балдарына да үйрөтүүнү каалайт эмеспи. Ошондон улам атам мени сүрөтчү же актер болсо деп ойлогон. Бирок апам атама "экөөбүз тең чыгармачыл адамбыз. Бактыгулду эркине коелу, ким болууну өзү чечип, өзүнүн жолу менен кетсин" деп айткан. Ошондуктан мен университеттин экономика факультетин аяктап, башка багытты тандадым. Анткени менен атамдай болуп сүрөт тартууга кызыгып, профессионалдык деңгээлде тарталбасам да, чиймелеп калам. Ал эми уулум Атайда чоң атасындай актер болсом деген кыялы бар. Атам небереси төрөлөрүнө эки ай калганда көз жумуп, Атайды көрбөй калды. Бирок апам небересин үч жыл багышты. Атам апам экөөбүздүн сүрөттөрүбүздү көп тартты. Арасында апам мени көтөрүп турган сүрөтүн кыргыздын Мадоннасы деп айткандар бар.
- Эгер Сүймөнкул Чокморовдун комплекси курулуп бүтүп калса, сендеги сүрөттөрүн сураса бересиңби?
- Жок, ал сүрөттөр мага мурас катары калгандыктан мен аны эч кимге бербейм. Атамдын бардык документтери, сүрөттөрү менде. Апам көз жумар алдында атамдын бардык сүрөттөрүн мыйзамдаштырып, сен жалгыз мураскорсуң деп менин атыма каттатып берген. Бактыгул атасынын сүрөттөрүн сатып жибериптир деген да сөздөр болгон. Бирок атамдын бир да сүрөтү жоголгон жок. Менде азыр төрт жүздөн ашуун сүрөттөрү сакталып турат. Атамдын 79 картинасы мамлекеттик көркөм сүрөт музейине өткөн.




Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун төрагасы Сагынбек АБДРАХМАНОВ:
"Эгер менин атама бирөө эстелик коем десе чуркап бармакмын"
- Сүймөнкул Чокморовдун көзү өтсө да өзүнүн даражасына, деңгээлине жараша жумуштар аткарылбаптыр. Өткөн жылы Чүй облусунда губернатор болуп жүргөндө мага С.Чокморовдун эстелигин куруу боюнча сөздөр көп айтылган. Ошол убакта эле Чокморовдун эстелигине ылайыктуу жер карап жүрдүк. Мен кызматтан кеткенден кийин С.Чокморовдун фондун түзөлү деп анын жакын туугандарынын алдынан өттүк. Сүймөнкул Чокморовдун бир тууганы Сүйөркул аганын үйүнө барып, эстелик, комплекс ачуу тууралуу оюбузду билдирип, тууган-уругу, балдары менен кеңештик. Баары макул болушту. Бир сом турган жерде да тактык керек, ошондуктан туугандарын кошпойлу десек, эл да, жакындары да туура көрүштү. Биз туугандарына барганда Сүймөнкулдун баласы деп Эргул деген жигитти көргөзүштү. Чындыгында мен ал жерден туугандарын биринчи жолу көрүшүм. Намырбек Чокморовдун спортсмен баласы Алмаз Бактыгул тууралуу сураганда туугандары аны таппай атабыз дешти. Туугандарынын алдынан өткөндөн кийин, Юстиция министрлигинен "Сүймөнкул Чокморовдун коомдук фонду" деп каттоодон өттүк. 19-январда пресс-конференция өткөрөлү деп, С.Чокморовдун бардык туугандары келишсин деп айттык. Бүт баары келишти, чыгармачыл инсандар, Эргул деген баласы катышты. Бирок Бактыгул келген жок. Бактыгул эмнеге келбегенин билген жокмун, аны туугандары чакырыш керек болчу. Ошентип ишибизди алдыга жылдыра баштадык. Байтиктен бир жарым гектар жер беришти. Өкмөттүн мурдагы чыгарган токтомдору менен да тааныштык. С.Чокморовдун 450дөн ашуун сүрөттөрү бар экен. Анын китебинде бул сүрөттөр кыргыз элине калган менин мурасым деп жазылып жүрөт. Биз эстелик эле курбастан музей да куруп, картиналарынын галереясы, кинозал, айтор Чүй облусуна руханий дүйнөнү, маданиятты байыта турган борбор салсакпы деген максат бар. Себеби, бул жердин оң жагында Байтик баатырдын мазары, сол жагында Ата-Бейит бар.
- Сүрөттөрдүн көпчүлүгү уулу Бактыгулда экен...
- Сүймөнкулдун 447 сүрөтү акт менен Бактыгулга тапшырылыптыр. Чындыгында бизде бир да сүрөт жок. Ошол сүрөттөрдү Чокморовдун музейине коюп элге көргөзсөк жакшы болмок. Ишти жаңыдан баштап атканда Бактыгулга телефон чалып, байланыша албадым. Эгерде менин атама ушинтип бирөө эстелик коюп, музей салабыз десе мен аны колдоп, чуркап келмекмин.
- Бул фонддун негиздөөчүлөрү кимдер?
- Муну мен, Болот Шаршеналиев, Акбар Бекназаров үчөөбүз уюштурдук. Эртеңки күнү каражат чогулса үстүнөн текшерүү үчүн байкоочуларды шайладык, алар Панфилов районунан Т.Сыдыков, Жайыл районунан Т.Субанбеков, Москва районунан Б.Алмазбеков, Сокулук районунан Э.Ашырбаев, Аламүдүн районунан А.Олейченко, Чүйдөн Н.Маткеримов, Токмоктон Н.Кеңешов, Кемин районунан Б.Асанов болушту.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, тел.: 38-67-13







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??