кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

п»ї

  Жума айыбы

Барыктабасовго "бакстарды" берген Кабилова
Шаршембиде өткөн жылы Ак үйдү басып алууга аракеттенген деген айып тагылып камалган Урмат Барыктабасов жана анын жакындарынын соту болуп өттү. Бул күнү Барыктабасовдун жактоочулары сот имаратынын алдына эртелеп эле чогула башташкан. Бийлик да мындан чочуладыбы, айтор, сот имаратынын алдында кызыл шапкечендер да көп болду. Түшкү саат экиде айыпталгандар акыркы сөздөрүн сүйлөшүп, соттун адилет чечим чыгарып беришерин өтүнүшсө, Урмат Барыктабасов айыпкер 14 адамдын жоопкерчилигин өз мойнуна аларын билдирди. Буга улай эле ал эгер сот күнөөсүн далилдесе, фемиданын "илибой" чечимине макул болорун кабарлаган болчу. Өкүм саат төрттө угузулат деген судья Абдразак Боромбаев негедир саат беште келип, шымалана ишке киришти.











??.??