22.04.11 - 5-бет:
  Дубананын айбашысы

Атамбаевдин устуканы ушул болду
Февраль айынын аягында өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев 2011-жылы пенсия эки этап менен жогорулатыларын, ал үчүн кошумча 1,5 млрд. сом талап кылынарын маалымдаган. Буга улай ал жогорулатуу май айында башталып, сентябрь айында пенсиянын орточо көлөмү 3 675 сом болорун кабарлап карылардын кабагын ачкан эле. Апрель айынын башында өкмөт пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу боюнча токтомун токуп, аны жүзөгө ашырууну Социалдык фондго тапшырды. Кимдин пенсиясы канчага, кандайча көбөйөрүнө көз салып көрөлү.

Социалдык фонддун 2011-жылдагы бюджетинде пенсиянын өлчөмүн социалдык камсыздандыруу эсебинен 12,7 пайызга жогорулатуу каралган. Ошол себептен 1-майдан тартып "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамына ылайык курагы боюнча, майыптыгы жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча берилчү пенсиялар (2011-жылдын 11-апрелине чейинки дайындалган пенсиялар) кайра эсептелерин билдирет аталган ведомство.
Соцфонддун билдиришинче, 1-майдан тарта пенсиялар үч позиция боюнча жогорулатылат. Биринчи позиция, бул пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн суммалары боюнча жогорулатуу. Мында эң төмөнкү өлчөмдөгү пенсияларга 600 сомго чейин, а чоң өлчөмдөгү пенсияларга 100 сомго чейин кошулат. Бул позицияга убагында аз эмгектенгендиги үчүн эмес, белгилүү бир шарттардан улам аз өлчөмдөгү пенсия чегерилип калгандар, 3-топтогу майыптыгы боюнча пенсия алгандар, баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу багуусундагы бир адамга пенсия алуучулар кирет.
Ошондо кайра эсептөөдөн кийин ар бир кийинки шкаладагы пенсиянын өлчөмү мурунку шкаланын өлчөмүнөн кем болбошу керек:
Мындан сырткары, 1-майдан тартып пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн эсептөө үчүн эмгек акынын чектелген деңгээли 2300 сомдон 5000 сомго чейин жогорулатылат. Пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн эсептөө үчүн адамдын эмгектенген жылдарынын 1996-жылга чейинки каалаган катары менен келген беш жылы кабыл алынат. Бул үчүн ар бир пенсионер өзүнө пайдалуу болгон эмгек акысын тандап алууга укуктуу.
Ошондой эле адамдардын айрым категорияларына (1930-1950-жылдарда саясый жүйөлөр менен кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылып, кийин акталгандарга; I топтогу азиз майыптарга; 80 жашка толгон пенсионерлерге; ардактуу донорлорго; I топтогу майыптарга; ошондой эле II топтогу жалгыз бой пенсионерлерге; экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде концлагерде, башка мажбурлап кармоо жайларында болгондорго; "курчоого алынган Ленинграддын жашоочусу" төш белгисине татыктуу болгон адамдарга) үстөк акылардын өлчөмү 50 сомго жогорулатылат.
Президенттин жарлыгына ылайык, электр энергиясы үчүн мурда төлөнүп келген компенсациялык төлөмдөр 2011-жылдын 1-майынан тартып пенсиялардын кайра эсептелишине байланыштуу өзгөртүлбөйт. Мындан сырткары, Соцфонддун маалымдашынча, "Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" мыйзамга ылайык төлөнүүчү пенсияларга үстөк акылар жана компенсациялар май айынан тарта жогорулатылбайт.
Мелис СОВЕТ уулу




Акылы кыска, укуругу узун милийса
Токтогул АБДИЕВ:
"Алтынбек Итибаевди ИИМ кыйнап кылмышкер кылган"
Мындан туура эки жыл мурун 23-апрелде экс-ички иштер министри Молдомуса Конгантиев депутаттар алдында маркум Санжар Кадыралиевди Алтынбек Итибаев өлтүргөндүгүн билдирген эле. Андан көп өтпөй Алтынбек Итибаевдин адвокаты Токтогул Абдиев министрдин айыбы жалган жалаа экенин, Алтынбекти УКМК кызматкерлери кыйнап кылмышты мойнуна алдыргандыгын айтып чыкканы баарыбызга маалым.


Өткөн жумада А.Итибаев-дин адвокаты менен бир тууган агасы Медер Итибаев "Кабар" маалымат агенттигинде жыйын өткөрүшүп, А.Итибаевдин күнөөсүз экенин дагы бир ирет белгилешти. Алтынбектин агасынын айтымында, бул кылмыш иши боюнча 30 жолу сот иши болуп, ал процесстерде А.Итибаевди күнөөлүү экенин тастыктаган, анын атканын көргөн бир да күбө болгон эмес. "Мен иним кармалган күндөн тарта эле анын ак экендигин айтып ММКларга чыгайын дегем. Бирок иним эгер ачык чыксаңыз менден айрылып каласыз дегенинен ушу кезге чейин унчукпай келдим. Бүгүнкү күндө үч баланын атасы Алтынбекке медициналык жардам көрсөтүлбөй, ашказаны, боору, өтү, бөйрөгү ооруп, геморрой болуп УКМК СИЗОсунда катуу ооруп жатат. Мен инимдин ак экенине көзүм жетет. Анткени Санжар Кадыралиев өлтүрүлгөн маалда иним Алтынбек, финполицияда иштеген Алтынбек аттуу жигит, Вадим Козяев, Мурасбек Маташов төртөө менин бир тууган бажам, ошол кездеги Транспорт министринин орунбасары, учурда "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Абдрахман Маматалиевдин кабинетинен чыгышкан экен. Бул боюнча азыр ондон ашык күбө көрсөтмө берип жатат" дейт Медер Итибаев.
Айыпталуучунун адвокаты Токтогул Абдиевдин айтымында, анын жактоочусун укук коргоо органдары кыйнап жатып кылмышты мойнуна алдырышкан. "Укук коргоо системасында дайыма чынчыл, адилет кызматкерлер болуп келген, бар жана боло берет. Жактоочум камалган учурда негедир бүгүн жүздөрүн катышып, ала кушту атынан атагандан корккон милиция кызматкерлеринин өздөрү Алтынбекти каралоо ИИМ тарабынан атайын уюштурулганын айтышкан. Бирок бул агезде айтылган сөздөр эле. Азыр бул чындык экенине көзүм жетти. Биз Башкы прокуратурага муну тастыктаган далилдерди сунуштадык. Бирок ведомство негедир кандайдыр бир чечим кабыл алуудан коркуп отурат. Анда бизге мындай прокуратуранын кереги канча?" дейт адвокат.
Адвокат Абдиевдин айтымында, Алтынбектин ак экендигин ачык эле көрсөтүп турган биртоп далилдер, фактылар бар. "Экс-министр Молдомуса Конгантиев кылмышкер атаган Алтынбек Итибаев теледен көрсөткөн фотороботко такыр окшошпойт. Адвокаттар, тергөөчүлөр негедир бул боюнча азыркыга чейин ооз ачышпай келет. Конгантиевдин жана анын кол алдындагылардын Санжар Кадыралиевди өлтүргөн Алтынбек Итибаевдин кайсы бир офистин жанынан чуркап өткөнү пленкага түшүрүлгөн дегени болбогон жалаа. Айыптоолордун баары башынан эле жактоочумду каралаганга багытталган. Итибаевдин айтымында, анын көзүнчө досу Раатбек Саипбековду Уюшкан кылмыштуулук боюнча башкармалыктын кызматкерлери аеосуз сабашкандыктан ал аргасыз кылмышты мойнуна алган. Алтынбекти алар кылмышты болгону он күнгө, тактап айтканда, Конгантиев Бакиев алдында кылмыш ачылгандыгы тууралуу отчет берип бүткүчө гана мойнуна ала турууга мажбурлап, алдашкан. Он күндөн кийин аны кое беребиз деп убада беришкен экен. Бирок Итибаев кылмышты моюнга алары менен укук коргоо кызматкерлери жалган айыпты андан ары көркөмдөтүп кетишкен" дейт Абдиев. Адвокаттын айтымында, теледен көрсөтүлгөн тапанчанын табылышынын өзү эле Итибаев, Маташовдун айыпталышы жасалма экенин көрсөтүп турат. "Үч күн бою он чакты милиционер Алтынбек көрсөткөн жерден тапанчаны издеп табышпай, тогузунчу күнү кокусунан таптаза, майланган тапанчаны көрүнөө жерден эле таап алып атышат. А сегиз күн ичинде беш жолу жамгыр жааган. Бирок тапанчаны дат баскан эмес. Ар бир укук коргоочу тапанчаны чөнтөктө же ачык жерде кармаганда бир күндө эле дат басып кетерин жакшы билет. Бул далилдердин баарын тергөө убагында бергенбиз. Андан бери Итибаевдин иши толук тергелбей улам бир ведомствого түртүлүп, мыйзамдуу чечим кабыл алынбай келатат. 2009-жылы мен Итибаевдин күнөөлүү эмес экенин үстүртөн билсем, азыр ал ак жеринен эле темир тор артында отурганын так билем. А прокуратура болсо кандайдыр бир чечим кабыл алуудан коркуп отурат" дейт адвокат.
Бул боюнча ИИМге байланышып, А.Итибаевдин соту бүт-мөйүнчө эч кандай маалымат берилбейт деген жооп алдык. Алтынбектин кылмышка катышы жок деп көрсөтмө берген күбөлөрдүн бири Үмүт Имановго байланышканыбызда, ал Санжар Кадыралиев өлтүрүлгөн убакта Мурасбек Маташов, анын жубайы Мээрим Сапарбек кызы, Алтынбек Итибаев, финансы полициясында иштеген Алтынбек жана Вадимдер чогуу болгонун, алар менен телефон аркылуу сүйлөшүп турганын билдирди. "Мага алар кечки саат беш жарымдарда чогуу келишти" дейт ал. Жолдошу борбордук СИЗОдо жаткан Мурасбек Маташовдун жубайы Мээрим Сапарбек кызынын чөнтөк телефонуна, үйүнө чалып сүйлөшө албадык. Алтынбектин адвокатынын маалымдашынча, 3-майда бул кылмыш иши боюнча соттук процесс болот. "Бийлик апрель окуясынан кийинки эл алдындагы убадасын аткарып, бул иш боюнча акыйкаттуу чечим чыгарышы керек. Мен буга чейин Итибаевдин туугандарын жакшы эле үмүттөндүрүп келдим. Мындан ары аларды токтото албайм" дейт адвокат.

Мелис СОВЕТ уулу