22.04.11 - 22-бет:
 "Малыштан" майин маек

Ильяз АбдЫразаков:
"Азырынча бийлик менин колумда"

Былтыркы жыл ырчы жигиттер үчүн жеке жашоодо ийгиликтүү жылдардан болду өңдөнөт. Катары менен үйлөнгөн мырзалардын алды бала жытын искеп, арты сүйүүгө мас болуп үй-бүлөлүк бакытка балкып турган кездери. "Малыш" атка конгон Ильяз Абдразаковдун жүрөгүн Медина аттуу Нарындын сулуусу багындырып баш кошконуна жарым жылдын жүзү болду. Жеке жашоосуна чоң жаңылык киргизип, чыгармачылыкты да унутта калтырбаган ырчы жигит бүгүн бизде мейманда.

- "Малыш" үйлөнгөндөн бери чыгармачылыгына кандай жаңылыктарды киргизди?
- Үйлөнгөндөн бери бал айынан кол бошобой жатты. Чүй өрөөнүн кыдырып концерт берип чыктым. "Таптым сени" деген ырым азыр радиолордон кетип жатат, клип тартыруу менен алекмин. Алдыга койгон максаттар көп эле. Буюрса жакын арада Кыргызстанды кыдырып гастролдойм, андан ары Казакстанга өтөм.
- Жубайың келиндик милдетин жакшы аткарып жатабы?
- Апам менен чогуу тургандан кийин колунан келген кызматын кылып жатат. Үйлөнөөр алдында экөөнү тааныштырган элем. Жаңы келгенде келин көрүп келгендер көп болуп, туугандар башбагып калышат эмеспи. Конок тоскондо кантээр экен дедим эле, тамактын түрүн жасап, жадырап-жайнап жылуу маанай менен келген-кеткендерди узатып жатты. Апамдын жанында мага караганда келинчегим көп убактысын өткөрөт да, экөө тил табышып кетерине бир шек санаган эмесмин.
- Өзүң татыктуу жолдош болууга кандай аракеттерди көрүп жатасың?
- Чынын айтсам, мен башынан эле кыздар менен жакшы сүйлөшө алчу эмесмин. Кичине кезимде чачынан чоюп ыйлатмай адатым бар болсо, кийин бой жеткенде деле кыздар менен көпкө сүйлөшө албай кайым айтышып кетчүмүн. Медина мени жөнөкөйлүгү, табышмактуулугу менен арбады. Үйүмдүн көркү, болочоктогу балдарымдын энеси болгондон кийин албетте ага бардык шартты түзүп берүүнүн аракетин көрүүдөмүн. Аялзатына таап келген акчаңан дагы ага жасаган мамилең, жылуу сөзүң биринчи орунда турса керек. Жубайым эч нерседен кем болбош үчүн, экөөбүздүн келечегибиз үчүн жанымды үрөп иштейм.
- Үй салып жатпадың беле, толук бүтүрүп алдыңбы?
- Үйлөнгөнгө чейин батирде көп эле жашадым. Көп кабаттуу үйдөн аранжировка жасап түнү менен иштеген ыңгайсыз экен. Кошуналарга да жек көрүндү болуп бүткөм. Ошондон улам жер там салайын деп чыгынган элем. Тойдун алдында майда-барат иштери калган. Баарын бүтүрүп, азыр жайкы чарпая жасап жатам. Эми азыр ал үйдө да аранжировка жасаганга шарт болбой калды. Мага иш боюнча түркүн адамдар келет, а үйдөн конок үзүлбөйт. Ортодон Медина эле кыйналып калчудай. Ошондуктан иш менен үйдү аралаштырбай атайын студия ачуу биринчи планда турат.
- Айрым ырчылар жубайын клипке тартам деген демилге көтөрүп чыгышты, сенде андай ой жокпу?
- Башында ошондой ой келген. Бирок ойлонуп көрүп, келинчегим да клипке тартылса, иним Нияз да ырдап чыгып жатса, үй-бүлөбүз менен ырчы болуп кетмек белек деп кайра баш тарттым. Клипке тарттырып койсоң эртең ырдайм деп чыкпасын.
- Сени көбү эрте үйлөнүп алышты деп жүрөт. Өзүңдүн көз карашың кандай?
- Менден кичүүлөр деле турмуш тууралуу түшүнүгү жок туруп 19-20 жашында үйлөнүп жатышпайбы. Мен убагында эле үйлөндүм деп ойлойм. Үйлөнгөнүм жакшы болуптур, бойдок кезге караганда жоопкерчилик көбүрөөк болгону менен ошого жараша жакшы жактары да бар экен. Тамагың жасалуу, кийимиң таза. Кечинде чарчап келсең күтүп ала турган адамың бар дегендей. Баскан-турганым чектелип калды дегенден алысмын, азыр деле эртең менен таң атпай кетип кечке концерт коюп ээн-эркин эле жүрөм. Медина деле обу жок кызганып жүдөтө бербейт. Азырынча бийлик мен тарапта.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА