22.04.11 - 2-бет: Түркияга чейин тайм аут
Шаршембинин кечинде "Ар-намыс" партиясынын төрагасы Феликс Кулов менен өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев жолугушту. Анда эки берен кеңейтилген коалиция түзүү, анын курамына парламентке өтпөй калган партия тыңчыкмаларын тартуу маселеси талкуулаган. Бирок элита чөйрөсүндө айтылгандай, ФШК 1-вице-премьерликти сурабаптыр. Ошентсе да премьер бул креслонун тагдырын Түркиядагы сапарынан кийин чечерин кыйытканы анык. Алмазбек Шаршенович адатынча алабарманданып сүйлөп койдубу же Өмүрбек Бабановду чындап "кидайт" эткиси келгенби?

Саясатчы сөрөйлөрдөн качан арылабыз?
Экс-депутат Рахатбек Ирсалиев кайрадан чоң саясатка аралашары туурасында маалымат тараган. Буга байланыштуу Рахатбек мырзага кайрылсак, мындай мүнөздөгү смс жөнөтүп жибериптир: "Саясатты оюнчук, бизнес, керт башынын кызыкчылыгы үчүн колдонгон саясатчы сөрөйлөрдөн арылганда кайтып барбасам, азырынча өндүрүштөн кол бошобой атат".

Бектур айтса бек айтат
Жалал-Абад губернатору Бектур Асанов керек болсо үчүнчү революцияны жүзөгө ашырарын жар салды. Бектур мырза бекеринен минтип опурулган жок. Ага "Ата мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев дем берүүдө. Анүстүнө Асановдун азыркы бийликке таарынычы күч. Себеби ал элчилик кызматка ыраазы болбой андан да бийик креслону суранса, башбакан "бовойт" дегендей тигинин шагын сындырган экен. Өкмөткө таарынгандардын баары эле революция жасай берсе, эгемен өлкөбүздөн эмне калат?

Эркингүл Эмилге ыраазы
Кечээ Курсан Асанов мандатын тапшырып, ички иштер министринин орунбасарлыгына көчүк басты. Тизме боюнча бошогон орунга Эркингүл Иманкожоева отурду. Арийне, анын баскан жолу күмөндүү. Себеби анын артында калбыры калың дешет. Ошондон улам айрым социал-демократчы депутаттар Иманкожоеваны парламентке алып келсек абийирибиз айрандай төгүлөт дешип шефинин кулагын ушалагандан майнап чыкпады. Ал ортодо президенттик аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев премьерге кирип, Эркингүл Бекбачаевнаны колдоп коюшун өтүнүптүр. Эмилбек мырзанын бул айымды жанталаша коргогонуна караганда бир "кеп" бардай.

Ормоновдун ойрону чыктыбы?
Маалымат сайттардын биринде "Сиз кайсы саясатчыны президенттикке татыктуу деп эсептейсиз?" деген сурамжылоо илинип турат. Сурамжылоодо Кыргызстандагы кырк саясатчынын аты көрсөтүлгөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча "Бүтүн Кыргызстандын" төбөлү Адахан Мадумаров 3500дөй добуш топтоп алдыга озуп чыкса, экинчи орунда премьер Алмазбек Атамбаев баратат. Ал эми бир кездеги "Ак жол" фракциясынын лидери Улугбек Ормонов бир айда бир добуш топтоп эң арткы орунда калыптыр. Ормоновдун ойрон болгону ушубу?

Монголиядан кайсы депутат бычак жеди?
Бу "республикачы" депутаттардын баары тең "чоң муштум" окшойт. Аталган фракциянын бараандуу мүчөсү, вице-спикер Бакыт Төрөбаев Монголияга расмий делегацияны жетектеп барган. Ал жактан ресторанда чардап, кичине "сеп" этип алган соң "атамандык" кылам дегени. Натыйжада "төшү түктүү" монголго жолугуп, төштөн ылдый бычак жеп, дагы кудай сактап аман калып, ооруканада үч күн жатып, мекенине араң кайтып келди. Ишенбесеңер Төрөбаевдин көйнөгүн түрүп көргүлөчү…

Ахматбек эми ачык айтты
Спикер Ахматбек Келдибеков парламент отурумунда "БШК шайлоонун жыйынтыгын эки ай кармады. Чет жактагы шайлоо комиссияларынын жыйынтыктарын өзүмбилемдикке салып, кээ бир участкалардын жыйынтыктарын жокко чыгарды. Мындай кадамдар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын шайлоодогу добушун кыскартыш үчүн болду. Тактап айтканда, 280 миң адамдын добушу жокко чыгарылды" деди. Ап-баракелде, Ахматбек Келдибекович! Ачуу да болсо чындыкты айтканыңызды кубаттайбыз. Бирок муну өз учурунда айтсаңыз эң сонун болмок. Түштөн кийин баатырсынганды кыргыз эмне дечү эле?

Революция бороонубу?
"Ата журтчу" Камчыбек Ташиев "братишкасы" Алтынбек Сулаймановдон таяк жеп, кийинчерээк бакай калпак менен чепкен жамынган соң деми сууп отуруп калган. Ошондон бери "сотогоюн" өчүрүп, үйүндө эс алып жатканы маалым. Кечээ гезит басылардын астында кызык жаңылык уктук. Ага ишенсек, Ташиев мырза "Ак шумкар", "Акыйкат" сындуу оппозициялык партиялар менен биригип төңкөрүш жасаганга камынууда дейт. Камчыке, ушул чынбы?

Байболов эми баарына көрсөтөт
Мурдагы башпрокурор Кубатбек Байболовдун президенттик шайлоого аттанары байкала баштады. А киши өзүнө караштуу "Де-факто" гезитин "тирилтип", эмки айдан тартып басма сөз майданына кошоору айтылууда.

Баш аман калгай эле
Акыйкатчы Турсунбек Акундун "күнү бүтүп" бараткандай. Тукеге жакында Ак үйдөгү оппозиция-позициясы бирдей "атака" жасап, аны ээрден оодарып түшүүгө бардык күчүн жумшарын жеке булактар билдирет. Ар революция сайын башына таш тийген акыйкатчыга эми парламенттин муштуму тийсе, деги бирдеме калар бекен?

Акчасы көп БӨТ
Жер-жерлерде "Республика" партиясынын жолбашчысы, 1-вице-премьер Өмүрбек Бабановду коргоо комитеттери түзүлүп, анын жактоочулары ЖК төрагасы менен жолугушканга да жетишишти. "Республиканын" басма сөз кызматы маалымат каражаттары аркылуу мындай көрүнүштү өтө шөкөттөп, карапайым калк Бабановду жактайт дегендей пикир жаратып атканы калетсиз. Арийне, мунун баарын БӨТ өзү уюштуруп, коргоо комитеттерин өз чөнтөгүнөн каржылап атканы бизге белгилүү. Самандай сапырылган акча менен аброй топтомойдун арты кандай болор экен…

Болот ага болгону 70ке чыкмак
Быйыл дүйнөгө аты чыккан мекендешибиз, СССРдин эл артисти, айтылуу ырчы Болот Миңжылкиев аман болгондо 70ке чыкмак. Эгер СССР жок болбой турганда мындай адамдын юбилейи союздук масштабда белгиленмек. Бирок азыр союз болбосо да Кыргызстандын масштабында белгилениши керек эле. Маданият министри Нурлан Шакиевдин Миңжылкиевдин ким экенинен түшүнүгү барбы?
Ушу тапта Болот ага туулуп өскөн Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылынын белдүү уулдары Көлдү айлана кыдырып, анын юбилейин өткөрүү үчүн каражат топтоп жүрүшөт.

Ак үй эски чокоюн кийдиби?
"Эл үчүн" партиясынын лидери Арстан Алай Абдылдаев биртоп убакыттан бери кредиттен кор болуп эзилген элдин көйгөйүн көтөрүп келет. Өткөн жумада кредиттен кутула албай кыйналып кээси көчөдө калган, көпчүлүгү аялдардан турган топту Арстанбек баштап кирип, Ак үйдөн ЖоКе спикери Ахматбек Келдибеков менен да жолугушуп чыккан. 20-апрелде да Ак үй астына чыккан аялдарды УКМК кызматкерлери шылдыңдап, айрымдарын ары-бери түрткүлөгөн. Кечээ Абдылдаевдин жардамчысы Рустам Жунушалиев деген жигитти укмкчылар кармап кетип коркутуп-үркүтүп кое беришкен. Ушу тапта Арстан Алайдын май куюучу жайларын туш тараптан агытылгандар текшерип жатышат.
А Ак үйдүн алдына чыккандардын болгон талабы - элди эзген кредиттерди жоюу, арзан үйлөрдү салууга жер берүү, кымбатчылыкты болтурбоо эле. Бийлик эл менен сүйлөшүүнүн ордуна тигинтип УКМКны айдактап коюп карап турат. Деги Ак үйдө Отунбаева отурабы же Бакиевби?

"Жаңы Агым" - пресс




Асияны Жылдыз калчылдатканда
Парламенттик шайлоодон кийин "ата журтчулар" Жылдыз Жолдошеванын аз добуш алганын шылтоолоп Ак үйдү аябай кызганышкан. Эми Жылдыздай табылгаларына сүйүнүп, ошондо өткөргөнүбүз жакшы болгон турбайбы деп кудуңдап жүрүшөт. Көрсө, "ата мекенчи" Асия Сасыкбаева жөндүү да, жөнсүз да айкырганда, ага тең келип кыйкырып, жообун берип ордуна отургузганга жалгыз эле Жолдошева айым жарап атыптыр. Атүгүл бир күнү Асияны көкүрөк тирештире дубалга такап, Текебаевдин тийип алган катынына окшоп, эмнеге жанталаша коргойсуң деп "калчылдатканын" көргөн депутаттар четтен табылат. Баракелде, Жылдызкан!