22.04.11 - 16-бет:
  Бизнес-пресс

Алтын акциялар жана бюджеттин жыртыктары

Кыргызстандын финансы проблемаларынын бир бөлүгүн "Центерранын" акцияларын сатуу менен чечүүгө болот.

Республика оор экономикалык нокаутта турат. Өкмөт көп нерсени убада кылды, бирок финансылык жагы азырынча виртуалдуу. 2011-жылы бюджеттин тартыштыгы, оптимисттик прогноздор боюнча 21 миллиардан ашуун сомду түзмөкчү. Министрлер кабинетинин чабармандары тилемчилик кылып дүйнөнү кыдырып жөнөштү, бирок реалдуу кредиттерди ошол эле Россиядан күтүп болбойт, эл аралык донорлор да капчыктарын ачууга шашылышкан жок. Айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстанга олуттуу финансылык салымдарды президенттик шайлоо өткөндөн эрте күтүп болбойт. Бирок милдеттенмелерди аткаруу зарыл, мына ошондон улам суроо жаралат: проблемалардын бир бөлүгүн "Центерра" алтын өндүрүүчү компаниясынын акцияларын сатуунун эсебинен чечүүгө болбойбу?

Саталы, бирок жеп койбойлу
КРнын Ысык-Көл облусундагы алтын кенин иштетип жаткан корпорацияда бүгүнкү күндө "Кумтөр Оперейтинг Компани" аркылуу Кыргызстанга акциялардын 33 пайызга жакыны таандык. Баалуу металлга баалардын өсүшү "Центерранын" баалуу кагаздарынын жогорку наркын кармап турат. Анда Кыргызстандын бүгүнкү үлүшү 1,3-1,4 млрд. долларга бааланат. Бул өлкөнүн мамлекеттик карызынын дээрлик жарымы.
Мынча акцияны өлкө бир жолу бүт бойдон биржада сата албайт. Баалуу кагаздардын мындай олуттуу пакетине сатып алуучуну табуу кыйын, анын үстүнө алардын наркынын кескин азайышы кесепетине алып келет. Бирок мындай радикалдуу кадамды жасап кереги жок. Анча чоң эмес бөлүгүн сатууга мүмкүн, ал курч финансылык проблемаларды чечүүгө мүмкүндүк берет.
Көптөгөн адистер мындай идеяга макул. Атап айтканда, "Социнформбюро" социологиялык кызматы мартта "КРдагы тоо-кен өнөр жайынын проблемалары" аттуу эксперттик сурамжылоо жүргүзүп, ага 35 адам катышкан. Алар "Центерранын" акцияларынын бир бөлүгүн сатуу мүмкүнчүлүгү маселесин да талкуулашкан.
Иликтөөдө идеяны беш гана эксперт колдобой тургандыгы белгиленет. Алар бул республиканы туруктуу, реалдуу кирешеден ажыратат, а акцияларды мүмкүн болгон сатуудан алынган каражаттар кандайдыр бир ири ишкананы курууга жумшалбайт деп эсептешет. Андан тышкары, прогноздор боюнча жакынкы 2-3 жылда алтындын наркы өсө берет, мына ошондуктан акцияларды болочок муундарга калтыруу керек.
Суроо тогуз экспертке кыйынчылыктарды жаратты. Алардын пикирлери боюнча, өлкөдө "алтын" акцияларды сатуунун минустары жана плюстары боюнча олуттуу иликтөөлөр жүргүзүлбөгөн. Чечимди кабыл алуу үчүн алар боюнча олуттуу экономикалык негиздеме зарыл. Чынында өлкөдөгү азыркы кырдаалдан олуттуу нерсе боло албаса да.
Калган эксперттер акциялардын бир бөлүгүн сатууга каршы эмес. Чындап келсе алар өлкө тарабынан пайдаланылбай жана иштебей турушат. Мына ошондуктан же аларды сатуу, же долбоорлорго кредиттерди алуу үчүн күрөө катарында пайдалануу сунуш кылынат. Эксперттердин пикирлери боюнча алынган акчаларды Кыргызстандын башка кендерин иштетүүгө да салууга болот. Эң башкысы, аларды жеп койбоо. Анан да "Центерранын" акциялары ар кайсы учурда төмөндөп кетиши жана өлкө аларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жоготушу мүмкүндүгүн да унутпоо керек. Ошон үчүн тоо-кен өнөр жайы дүйнөдөгү эң тобокелчиликтүүлөрдүн бири. Ишкананын баалуу кагаздарына таасир этүүгө жөндөмдүү көптөгөн факторлорду алдын ала эсептөөгө мүмкүн эмес. Алардын арасында "алтын" акцияларга гана эмес, ошондой эле өлкөнүн жалпы инвестициялык жагымдуулугуна таасир этүүчү түбөлүктүү маселе - саясый туруксуздук.

Кыялдарда гана жагымдуу
Бул позиция боюнча эксперттер тарабынан Кыргызстанга коюлган орточо баа - 2,2 балл (беш баллдык шкала боюнча). "Эгер "1" болсо - "өтө канааттандырарлыксыз" - ачык, көмүскөлөнбөгөн рейдерликке тиешелүү, а "2" болсо - "дээрлик корголбогондук жана көмүскө рейдерлик". Бул Кыргызстанды мүнөздөп турат". Иликтөөдө айтылган пикирлердин бири ушундай.
"Инвестициялык климатты өнүктүрүү үчүн тынч саясый кырдаал жана компетенттүү башкаруу керек, - деп эсептешет эксперттер. - Азыр бийликке аз компетенттүү адамдар келишти. Алар бир нерселерди жасоого аракеттенишет, бирок утурумдук шарттардын туткунунда турушат. Өнүктүрүү стратегиясы түзүлбөйт жана биз кайда бара жатканыбызды билбейбиз. Демек, компаниялар да багыт ала алышпайт. Тоо-кен тармагына келсек, министрликтерде жана өкмөттө кабыл алынган чечимдер күмөндүү. Анын үстүнө өзүн кантип болсо да көрсөтүү үчүн гана туура эмес чечимдерди айтып турушкан адамдар - "ковбойлор" пайда болушту".
Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугунун оң белгилерине көп эмес нерсени кошууга болот. Мисалы, аракеттеги нормативдүү-укуктук базаны. "Мыйзамдарга келсек, чынында "эң сонун". А аны сактоого келсек, "бир" же "эки" болсо керек. Бирок "эки" - максимум". А терс учурлар өтө ашыкча. Бул саясый туруксуздук. КРнын атаандаштыкка жөндөмсүздүгү жана менчиктин начар корголушу, рейдерлик, коррупция, мамлекеттик башкаруу органдарынын чечимдеринде жана узак мөөнөттүү контракттарды сактоодо ырааттуулуктун жоктугу. Буга мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясынын төмөн деңгээли, жергиликтүү эмгек кадрларын жетишсиз кесиптик даярдоо жана инвесторлорго жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттар тарабынан формалдуу эмес кысым да кирет.
Инвестицияларды тартуу көз карашынан алганда проблемалуу катары эксперттер тоо-кен секторун, энергетиканы, курулушту, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү, телекоммуникацияны, туризмди аташат. Башкача айтканда, өкмөт потенциалдуу өнөктөштөрдү тартууга аракеттенип жаткан дээрлик бардык тармактарды.
Өлкөнүн экономикасынын бул тармактарын, эксперттердин пикирлери боюнча аларда лицензия алуудан, кенди өздөштүрүүдөн, даяр продукцияны ташып кетүүдөн баштап аракеттер же аракетсиздиктер үчүн так регламенттелген процедуралардын жана жоопкерчиликтин жоктугу бириктирип турат. Же курулуштун жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн регламенттеринин жоктугу же сакталбашы.
Ошентсе да өлкөнүн дал ушул тоо-кен өнөр жайы эксперттер тарабынан бюджет түзүүчү жана инвесторлор үчүн потенциалдуу жагымдуу катары таанылат.

Табуу - бул казып алуу эмес
Иликтөөдө инвесторлор үчүн кызыктуу катарында баарынан мурда алтын (Сол жээк Талды-Булак, Жерүй, Андаш), сейрек кездешүүчү металлдар жана көмүр кендери санала тургандыгы белгиленет. Долбоорлорду иштеп чыгууда эксперттер ички эмес тышкы инвесторлордун артыкчылыгын таанышат.
"Бардык кендер тышкы салымдарды талап кылат. Дээрлик бардыгы. Жергиликтүү бизнестин бул кендерди толук өздөштүрүү үчүн каражаттары жетпейт, - дешет эксперттер. - Жерүй, Сол жээк Талды-Булак, Чаарат, Бозымчак - көп акчаларды жумшоону талап кылган кендер. Бул беш сом, же атүгүл 5 млн. доллар да эмес, кеп ондогон же жүздөгөн миллион долларлар жөнүндө жүрүп жатат. Албетте эгер республика өзү каражаттарды таба алса идеалдуу болмок, бирок мындай мүмкүнчүлүк жок. Мына ошондуктан чет элдик инвестицияларды тартуусуз эч болбойт."
Тилекке каршы, Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайы жалаң эле өнөкөткө айланган акча жоктугунан гана жабыркаган жок. "Тармактагы кырдаал таң каларлык деп батыл айтууга болот: лицензияларды кайра чакыртып алуу-чакыртып албоо, макулдашууларды аткаруу-макулдашууларды аткарбоо. Мамлекеттин ресурстук саясаты өлкөдөгү кырдаалга дал келбейт жана коомдун кызыкчылыктарына кайчы келет. Мына ушул катастрофа, - деп эсептешет эксперттер. - Жергиликтүү калк долбоорлорду колдобойт. Мыйзам боюнча салыктар кен казып алуу жүрүп жаткан жерде калбайт. Адатта жергиликтүү калкта квалификация жок, аларды жакшы акча төлөнүүчү ишке алышпайт. Анда эмне үчүн инвесторлор - тоо-кен казуучулар менин үйүмдүн жанынан карьерлерди казышы керек деген сыяктуу суроолор жаралат. Акчалар борборго кетип, ал эми жергиликтүү калк казылган котловандар менен калып жатканда, адамдар иштетүүгө каршы боло беришет".
Андан тышкары, Кыргызстандын жер казынасын геологиялык чалгындоо прогноздору совет мезгилиндеги иликтөөлөргө негизделишет. Бүгүн кендердин реалдуу запастары, алардын рыноктук наркы, инвестициялоонун перспективасы кандай? Аны эч ким билбейт. Муну менен Жаратылыш ресурстары министрлиги алектениши керек эле, бирок анын бүгүнкү күндөгү аракеттеринен көрүнүп тургандай, анда башка кызыкчылыктар.
Жыйынтыгында өлкөдө кен байлыктарын иштетүүнүн перспективалары жөнүндө көп кеп кылышат, бирок иш жүзүндө бул чөйрөдөгү жалгыз ийгиликтүү долбоор болуп "Кумтөр" калууда.

Алтын мекиян
Эксперттердин көпчүлүгү долбоордун өлкөнүн экономикасына таасирин таанышат, бирок экономиканын бир ишканадан көз карандуулугу боюнча тынчсызданууну билдиришет. "Кумтөр" бюджет түзүүчү гана ишкана эмес. Ал адамдарды жогорку акы төлөнүүчү иш менен камсыз кылууда. Кызматкерлердин квалификациясы жогору, персоналды окутуу дайыма жүргүзүлүүдө. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна каражаттар которулууда. Ушул факт эле көп нерсе жөнүндө айтып турат. "Центерра" эң сонун ишкана экендигинен, бирок алар аз эмес катачылыктарды кетиргенден улам гана эмес, бирок алар андан сабак алышып, жергиликтүү жамаатка чыгышып, келишимге келишип жатышканынан, диалог үчүн ачык болушкандыгынан да улам" деп эсептешет эксперттер.
Андан тышкары, экперттер "Кумтөрдүн" экономикалык гана эмес (бюджетке жана Соцфондго төлөмдөр - КРнын бюджетинин олуттуу бөлүгү), ошондой эле социалдык жагын да белгилешет. Атап айтканда, эксперттердин пикирлери боюнча Кыргызстан көптөгөн жогорку квалификациялуу кадрларды алды, өлкөгө сырттан жаңы технологиялар жана ири ишканаларды башкаруунун принциптери киргизилди. Олуттуу тажырыйба (терс да, оң да) алынды. Аны болочокто чет элдик инвесторлор менен мамилелерди түзүүдө пайдаланууга болот.
Ысык-Көл облусуна тийгизген таасир андан да олуттуу - иш орундарын түзүү, облусту өнүктүрүү фондуна которуулар, кайрымдуулук ишмердүүлүгү, калктын корголбогон бөлүгүн социалдык колдоо жана социалдык корпоративдик иш (билим берүү, медицина, бош убакытагы эс алуу), микрокредиттөө жана көптөгөн башка нерселер.
Эксперттер тарабынан белгиленген дагы бир маанилүү аспект - "Кумтөр" ар кандай тоскоолдуктарга карабастан Кыргызстан менен иштөөгө боло тургандыгын инвесторлорго көрсөттү.
Мүмкүн ушундан улам сурамжыланган адистердин көпчүлүгү "Кумтөрдү" улутташтыруу идеясына бирдей пикирде терс мамиле жасашса керек. Эксперттер зор саясый, экономикалык, юридикалык, социалдык тобокелчиликтерге, инвестициялык жагымдуулук жана эл аралык соттор, өнүккөн өлкөлөр менен мамилелер көз карашынан алганда узак мөөнөттүү проблемаларга акцент жасашат. Инвестициялык климат нөлгө гана эмес, ошондой эле минуска "кетет" дешет эксперттер. Инвесторлорду эл аралык коргоонун азыркы деңгээлинде улутташтыруу мүмкүн эмес. Менеджментти, өндүрүштүк процессти, алтынды сатып өткөрүү логистикасын жана башкаларды жөнгө салууга ишенич жок. Ысык-Көлдө социалдык курч жагдайлар толук реалдуу болуп калат. Анткени "Кумтөр" тарабынан региондо социалдык долбоорлор жүзөгө ашырылууда.
"Конституцияда улутташтырууга жол берилет. Анда жазылгандай, бул мамлекеттин кызыкчылыктарында алып коюу, бирок экинчи нерсе - компенсациялар болушу керек. Бул жөнүндө эмнегедир унчугушпайт, - деп белгилешет эксперттер. - Бул абсурд жана аны жасоого болбойт. Улутташтыруу инвестор тарткан чыгымдардын баарынын ордун толтуруу менен байланышкан. Мамлекеттин өз ресурстары жок. Анда бүгүн кендеги ишти уланта алган технологиялар, адистер жок. Бул айрым ишмерлердин саясый амбициялары. Алардын экономикалык негизи жок".

Дагы эмне доомат
коюп жиберсек?
Долбоордун таанылган олуттуулугуна карабастан ага аягы жок дооматтарды коюп жатышат. Көп учурларда айыптоолор ушунчалык ойдон чыгарылгандыктан, аларды ойлоп тапкандардын фантазиясына таң каласың.
"Кумтөр" компаниясына дооматтар боюнча 10 респондент-эксперт аларды атагандан кыйналышты. Башкалары негизделген дооматтар жок деп эсептешет, себеби дооматтар ишкана менен эмес, макулдашууга кол койгон Кыргызстандын өкмөтү менен байланышкан. "Кумтөрдүн" өзүнө кандайдыр бир дооматтар жок. Инвестор - бизнесмен, ал өзүнүн пайдасын көздөйт. Дооматтар - мурдагы өкмөттөрдүн баарына. Бул "Кумтөрдүн" проблемалары эмес, биздики." Пикирлердин бири ушундай. "Бир дагы доомат негизсиз. Эгерде "Кумтөр Оперейтинг Компани" контракттын шарттарын бузса, анда соттук тартипте проблеманы чечүүгө болмок. Өзүбүз контрактты түздүк, а андан кийин нааразылана баштайбыз. Эгерде дооматтарды койгубуз келсе анда бийликтин өзүнүн өкүлдөрүнө коюу керек" деп коллегасын экинчи эксперт колдойт.
Анткени менен адистер "Кумтөрдүн" финансы-экономикалык жана өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн ачыктыгына байланышкан дооматтарды айтышат. "Айрым көрсөткүчтөрдүн белгилүү бир жабыктыгы бар. Алардын баарын эле анализдөөгө мүмкүн эмес. Компания толук ачык болушу керек. Эгерде биз өндүрүштүн башталышынан алтынды сатууга чейинки тизмекти анализдөөнү кааласак, анда мындай маалымат болушу керек" дешет эксперттер.
Алар тараптан "Кумтөрдүн" социалдык-экономикалык ишмердүүлүгү менен байланышкан дооматтар да айтылды. Респонденттердин бирөөлөрү калк үчүн социалдык программаларды кеңейтүүнү жакташса, а башкалары мындай мамиледен улам адамдарда керектөөчүлүк мамилеси түзүлөт деп белгилешет. Бул "Кумтөрдө" гана өзүнүн терс таасирин тийгизбестен, өлкөнүн башка региондорунда да пайда болот.
Алтын кенине байланышкан белгилүү бир проблемаларга карабастан, эксперттердин көпчүлүгү ишкананын өлкөнүн экономикасына салымын салмактуу катары баалашат. "Кумтөрдөн" алынган каражаттарды туура жумшоо менен өлкөдөгү көптөгөн проблемаларды чечүүгө болмок. Өлкөнү тойгузуу үчүн алтын жумуртка тууп жаткан мекиянды азыр союп алуу эң жөнөкөй. Же андан кирешелерди дагы узак убакыт алууга болот. Ал эми форс-мажордуу проблемаларды чечүү үчүн эң жакшысы - "Центерранын" өлкөгө таандык акцияларынын бир бөлүгүн пайдалануу керек. Бул саясатчылар колдо болгон резервдер жөнүндө эстен чыгаруу менен өлкөнүн чектеринен тышкары жактардан издеп жүрүшкөн дал ошол финансылык жардам болмок.

Антон ЛЫМАРЬ