15.04.11 - 23-бет:
  Ким "крутой"?

35 миң долларлык машине, кошумча бизнес жана ставка

Азыр коом экиге гана: бай-кедейге бөлүнүп калганы белгилүү. Байлыгына жараша атаандашуу белгилүү адамдар арасында күч. Биз ушуга байланыштуу бу жолу ырчылардын чыгармачылыгына эмес, кандай шартта жашаарына көңүл бурдук.


Гүлнур САТЫЛГАНОВА
Ставкасы: Тойлорго барып ырдабайт. Жакын тааныштары, досторунун жакшылыгына ортоктош болуп жөн эле ырдап бериши мүмкүн.
Үйү: Бишкектин борбордук бөлүгүндө үч кабат үйү бар.
Машинасы: "BMV Х-5", баасы кырк миң доллардан жогору.
Бизнеси: Чыгармачылыгынан сырткары кошумча киреше булагы жок.


Расул МАМАТКУЛОВ
Ставкасы: Тойго жалгыз барса 10 миң сомго чейин алат. Эгер Айгерим менен алыскы региондорго чыкса миң долларга чейин барып ырдашат.
Үйү: Кичирайондордун биринде үйү бар.
Машинасы: "Лексус 470", баасы отуз беш миң доллар. Буга чейин төрт темир тулпар алмаштырган. Акыркысын алганына бир жыл болду.
Бизнеси: Шаардын четинде жайкы кафеси бар. Быйыл анысын иштетип, кеңейтүүнүн аракетин көрүүдө.


Айбек КАРЫМОВ
Ставкасы: Башкалардай болуп соодалашып талантын сатпайт. Той берген адамдын шартына, мүмкүнчүлүгүнө жараша ырдап берет. Кээде дос-тааныштарынын көңүлүнө карап бекер деле барышы мүмкүн.
Үйү: Жаңы конуштун биринде үч кабат үйү бар.
Машинасы: "Тойота Селика", баасы алты миң доллардын тегереги.
Бизнеси: Чыгармачылыгынан башка кошумча киреше таба турган булагы жок.

Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ
Ставкасы: Соодалашпайт, дос-тууганга карайт. Акчасына чиренгендердин өздөрүнө жараша мамиле жасайт. Аларга кымбат баада ырдап бериши мүмкүн.
Үйү: Тунгуч кичирайонунда жер тамы бар.
Машинасы: Буга чейин он чакты машина алмаштырган. Жакында чет мамлекеттен келе турган "Лексус 470" маркасындагы машинасын күтүп жатат. Анын баасы жыйырма беш миң долларды чапчыйт. Учурда аялынын машинасын кошо талашып жүргөн кези.
Бизнеси: Токтогул районунда "Каныкей" кафесин иштетет. Андан сырткары, Дордойдо тигүү цехи бар.


Динара АКУЛОВА
Ставкасы: Той ээсинин шартына жараша.
Машинасы: "Ниссан". Чет мамлекеттен алдыртканына бир жарым жыл болду. Баасын сыр кылып айткан жок. Билишибизче, бул унаанын баасы отуз миң доллардын тегереги.
Үйү: Мурда жер тамда жашачу, азыр көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайт.
Бизнеси: Башында бизнес кылчу, азыр ырчылык менен эле жан багып келет.


Айжан ГАЗИЕВА
Ставкасы: 300 доллар, бул баадан түшпөйт. Соодалашканды жаман көрөт.
Үйү: Аламүдүн-1 кичирайонунда үйү бар.
Машинасы: "Хонда CRV", баасы сегиз миң доллардын тегереги. Алганына жарым жылдын жүзү болду. Буга чейин эки машина алмаштырган.
Бизнеси: Ырчылыктан сырткары акча таба турган жашыруун булагы бар.


Салима БАЛТАЕВА
Ставкасы: Так сумманы талап кылбайт. Ийкемдүүлүк менен сүйлөшүп, той ээсинин шартына жараша акча алат. Дос-туугандардын кадыры үчүн жөн эле ырдап берген учурлар арбын.
Үйү: Сегиз жылдан бери эки бөлмөлүү үйдө жашайт.
Машинасы: "Ниссан Сефиро". Азыркы айдап жүргөн машинасы бешинчиси, баасы беш жарым миң доллар.
Бизнес: Жолдошу жеке ишкер, өзүнүн чыгармачылыктан сырткары иши жок.


Асел ТУРДАЛИЕВА
Ставкасы: Бир баага тырышып турбайт. Той ээсине, дос-таанышка карап суйлөшөт.
Үйү: Төрт жылдан бери көп кабатуу үйлөрдүн биринде жашайт.
Машинасы: Учурда машинасы жок. Буга чейин жарым жылдай айдап жүргөн "Мерседес 600" үлгүсүндөгү унаасын сатып ийип, азыр жаңысын караштырып жүргөн кези
Бизнеси: Соода-сатыкка, бирди эки кылып көбөйткөнгө эби жок. Чыгармачылык менен жан багып келет.