15.04.11 - 15-бет:
  Бизнес-пресс

Жел соксо болот эле
"Мегаком" компаниясынын айланасындагы туман жакында тарачудай көрүнбөйт. Тескерисинче улам коюулап, түтүнү далайларды тумчуктуруп баратат. Ал түтүн акыры Ак үйгө жетип, эл депутаттары бир сыйра чүчкүрүп-бышкырып алгандан кийин бул маселеге сот чекит койбосо болбой тургандыгын айтып чыгышты.

Конфискациядан башка жол жок
Жогорку Кеңештин "Мегаком" боюнча түзүлгөн атайын парламенттик комиссиясынын төрагасы Акылбек Жапаров бул маселе тууралуу буларды билдирди: "Башында биздин комиссия аталган компанияны 100% улутташтырууну сунуш кылган. Бирок бул белгилүү бир тоскоолдуктарга тушуктуруп, акыр аягында компаниянын акциясынын наркын, жумшалган каражаттарды кайрып берүүгө туура келмек. Ошондуктан жумушчу комиссиясы "конфискация" деген сөздү колдонуп, андагы административдик мыйзам бузууларга, кылмыштуу делген аракеттерге таянып "Мегакомду" мамлекеттин пайдасына өткөрүп алууну айтып жатат".
Ошону менен депутаттык комиссия кыргыз өкмөтүнө жана Башкы прокуратурага ЖАК "Альфа Телекомдун" акцияларын конфискациялоону сунуштоодо. Сыягы, эл депутатынын айтымында, "Альфа Телеком" мамлекеттин карамагында чыныгы ээси табылмайын убактылуу болот окшойт. Ал эми "Мегакомго", анын жыштыктарына көз кысып жаткан тараптар чыныгы "сүйүү укугун" мыйзам чегинде, тагыраак айтканда, сотто далилдеп бериши керек. "…Ошенткенде гана бизге келем деп жаткан инвесторлордун, дүйнөлүк коомчулуктун алдында жүзүбүз жарык болмокчу" дейт А.Жапаров агынан жарылып.

Эки ашык
Белгилүү болгондой, "Мегакомду" сүйүп калгандардын экөөсүн эшиктен айдасак тешиктен кирип, айланчыктап айлабызды кетирүүдө. Булар "Мегаком" бешикте кезинде эле жоолук салып койгонбуз деген "Penwell" компаниясы (Кипрде катталган) жана бир кезде кыргыз сатуучусунан (тагыраагы М.Бакиевден) 100 пайыз акциясын 195 миллион "жашылбайдын" көзүнө карабай сатып алган, бюджетке да салыгын төлөгөн (800 млн.сом), түбү украиналык "Serpeus Inс" компаниясы. Алардын канчалык деңгээлде "Мегакомго" тиешеси бардыгын сот эле аныктап бербесе башка жол калбады.
Белгилей кетчү нерсе, "Serpeus Inc" компаниясы 2009-жылдын август айына чейин "БиМоКоМдун" койнунда жатчу элем деп жатат. Алардын айтымында, "Мегаком" соода маркасы алдында иштеп келаткан бул ишкана БиМоКоМдун телекоммуникациялык жабдуулары, радио жыштыгы "Альфа Телекомго" казакстандык байланышчы Виталий Кучура деген эргулдун кылмыштуу аракетинин натыйжасында өтүп кеткен имиш. Ал эми Виталий Кучура "Визор" компаниясынын жана М.Бакиевдин кызыкчылыгы дегенде жанын берээри белгилүү.

Үчүнчү ашык
Кыргыз коомчулугу жогорку экөөнүн дооматын эми сот чечкени калды деп "Мегакомдун" түтүнүнөн боюн оолак кыла бергенче, дагы бир доочу бурчтан чыга калып бура бастырбай этек-жеңди тарткылап, аны менен тынчыбай атырылган бойдон барып алты кулач арызын Бишкектеги райондор аралык сотко өткөрө салып, терин аарчый "өх" деди.
Бул кимиси болуп кетти десек, ушундайлардын уясы болгон, оффшордук аймак Белизде катталган "Southfield Management" аталган компания болуп чыкпаспы. Кайдан көргөнүбүздү эстеп көрсөк көзү тааныш…Эстедик…Аа-а, бул баягы эле А.Елисеев менен М.Бакиев "бутташтырып" кеткен компания эмес беле. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн мындан аркысын "чайнап" берели.

Чалмакей
Анда 2009-жылдын жайы болчу. М.Бакиевдин оң колу, кийин кыргыз бийлиги сыртынан 15 жылга түрмө жазыгын чыгарган кадимки эле А.Елисеев деген неме "Альфа Телеком" деген аталышта жабык типтеги акционердик компания түзө салып, атайын жыштыктары менен кошо алып "БиМоКоМдун" 100 пайыз акциясын мыкчып отуруп калат. Кыйды М.Бакиев менен А.Елисеев "бутташтыруу" саясатын улантып, адегенде казакка, андан кийин кыргызга, андан ары 99 пайызын жогорку "Southfield Management" компаниясына, 1 пайызын "Vesatel United Limited" компаниясына (Жаңы Зеландияда катталган) сатып жиберишет.
7-апрелге чейин эки компания эл көзүнө соттошумуш этип, анан утумуш болуп, акыры "Мегакомдун" 100 пайыз акциясы М.Бакиевдин көрөр көзү "Форнтек интерпрайз лимитед" компаниясына өтөт. Муну менен тынчып калбай, бутташтырып отурушуп атайлап банкрот кылышып ОсОО "Gretto" жана ОсOO "Reditto" компанияларына сатышат. Мынчалык чалмакей чалуунун түпкү сыры оффшордук аймактарга жөнөтүп акча жуумай экендиги баарыбызга дайын. Буга өткөн жылы баарыбызды каратып туруп эле "Мегаком" компаниясынан 20 млн.дон ашык "жашылбайларды" жалмап кеткенин мисалга тартсак түшүнүктүү болоор.

Түктүү колдор
Ошентип М.Бакиев менен А.Елисеевдин жеке пайдасы үчүн "Мегаком" кызыбыз кимдерге гана тийген жок. Канчалык башты айлантып ар кимге сатымыш болгону менен бул "мээ чакмай" операциялардын артында ушул экөөнүн түктүү колу турган. Ошол сонун күндөрдүн биринде эрикпеген А.Елисеев тиги жасалма банкрот болгон эки компаниядан "Альфа Телекомдун" 100 пайыз акциясын кайра алып убайын көрүп жатканда 7-апрель болуп кетип "эти түгүл табагын табалбай" качып кетүүгө үлгүргөн.
Кыргыз бийлиги Бакиевдерге таандык делген мүлктөрдү баса калып менчиктештирип жатканда революциянын "бульдозеру" А.Бекназаров эмнегедир эле "Мегакомду" "чала сүзүп" 49 гана пайызын улутташтырып калган. Ошондо эле 100 пайыз акциясын мамлекетке алып койгондо, "Мегакомго" байланыштуу бүгүнкү ызы-чуу болмок эмес. Себеби "Мегакомдун" артында М.Бакиев турганын билип эле турган. Жарыктык киши антпеди. Кийин баары мыйзам жолу менен болсун дедим эле деп жүрбөйбү.

…50 пайыз биздики
Эми мына мыйзамды көрүп жатабыз. "Мегакомго" ашыктардын арты суюлчудай эмес. Жогорку "Southfield Management" компаниясына келсек, Бишкек райондор аралык сотуна жазган арызында "Альфа Телекомдун" 50 пайыз акциясы биздики деп жатат. Айткандарына караганда, 2010-жылдын 1-ноябрына жана 2011-жылдын 24-февралына чейин дал ушул 50 пайыз акция биздин колдо болчу деп көгөрүшүүдө. Капырай, 7-апрелден кийин "Мегакомдун" 49 пайызы мамлекетке, 51 пайызы өзүн орусиялык инвестормун деп көкүрөк кагып жүрчү Глеб Огнянниковго таандык делчү "Penwell" компаниясына тиешелүү эмес беле? Анан кандай эле 50 пайыз акция булардын колуна тийип, "Мегакомдун" ысык койнунан чыга калышат?
Баарынан кызыгы, "Southfield Management" компаниясы мамлекетке өткөн 49 пайыз акцияга да көздөрүн кызартышып, "…азыр 49 пайыздын башы ачылбай турат. Ал эми 50 пайыздык акция биздики экендигине эч ким таң калбай эле койсун" деп жандимилик кылышууда. Кебетеси, "Мегакомдун" 99 пайызы биздики дегенди айта албай жатышкандай.
Мыйзамды жакшы билген немелер Кыргыз Республикасынын "Акционердик коомдор жөнүндөгү" мыйзамынын 25, 81, 82-статьяларына таянып, "Альфа Телеком" өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу бардык документтерди берүүгө милдеттүү дешип жарга такашууда. Эми алардын кандай документтерди сурап жатканын айтып окурмандардын башын айлантпай эле коелу. Мунусу аз келгенсип, сотко берип убара болгондугум үчүн бардык чыгымды "Альфа Телеком" тартсын дешүүдө.

Беттырмарлык
Жогоруда Максимдин командасынын "Мегакомду" канчалык максымдай чалганын эске алсак, "Southfield Management" компаниясынын көлөкөсүндө анын караңдаган карааны жүргөнүн туйбай койбойбуз. Баса, "Southfield Management" "Мегакомдун" 50 пайыз акциясына ээбиз деп жатышпайбы. Анда бир пайыз акция кимде? Эсиңиздерде болсо, Жаңы Зеландияда жарык дүйнөгө келген "Vesatel United Limited" компаниясы да кезегинде "Мегакомдун" бир пайыз акциясы меники деп жүрчү эмес беле. Мындай жол менен жүрүп отурушса жакында ал компанияны да Бишкектен көрүп калышыбыз толук ыктымал.
Көрүнүп тургандай, жалаң гана оффшордук аймактарда оокат кылган, алчы-таасын жеген, аферисттик жагынан алдына эч кимди салбаган бул компаниялардын "Мегакомду" айланчыктап турушу тегин жеринен эмес. Анткени андагы "жашылбайлардын" жыты уктатпай жатат буларды. "Обого шыйпаң үйүр" дегендей, учурунда М.Бакиев булардын көпчүлүгүн ар кандай аталышта өзү түзсө, айрымдарына анча-мынча бирдеме жыттатып туруп тумшукка чаап айдап турчу. Жаман көнгөн немелер тумшукка жегенине деле кайыл болуп көнгөн адатынча жыттагылап жатышпайбы. Эми соттордун колу менен соолто чаппасак булардан кутула албайт окшойбуз.

кесепет
"Мегакомдун" акча жыты алыстан издетпей эле өзүбүздүн "акчалууларды" да тартып жаткандай. Экс-башпрокурордун милдетин аткаруучу К.Байболов да үй-бүлөсү менен "Мегакомдон" "чай ичип" калганбы, айтор, ызы-чуу чыгып кызматынан айдалды. Азыр бул иш териштирилип жатат. Ак-карасын жакында билип каларбыз. Биринчи вице-премьер Ө.Бабанов да 50 млн. доллар сураган жалаасына калган. Аны баарыбыздын көзүбүзчө "Penwell" компаниясынын кызыкчылыгын талашкан Орусиянын мамдумасынын депутаты С.Багдасаров деген неме "балп" эттирген. Бул компаниянын өкүлү А.Акопян "сураган эмес" деп КТРКдан кыйкырды. Көрүнүп тургандай, "Мегакомду" талашкандар максаттарына жетүү үчүн эч нерседен жийиркенээр түрү жок. Бабанов да анык-чыны билингенче кызматыман кете турайын деп кечээ өзүнө өзү бир айлык жарыялады. Айтор, "Мегакомдун" көк түтүнү жакында тарабайт окшойт. Ала-Тоо жактан жел соккой эле.
Асан КОЗУЕВ