15.04.11 - 12-бет:
  Жакшынын шарапаты

Актан Исабаев:

Коомдо мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ар ким колунан келген жардамын берип каралашып келет. Алар башкаларга салыштырмалуу материалдык да, моралдык да жактан жардамга көбүрөөк муктаж экени баарыбызга маалым. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берүү демилгесин ырчы Актан ИСАБАЕВ да колго алды.

"Майып балдарды көргөндө жаныңды коерго жер таппайсың"
- Кайрымдуулук концертин биринчи жолу уюштуруп жатасызбы?
- Жер-жерлерде жайгашкан балдар үйлөрүн кыдырып, алардын жашоосу менен жакындан тааныштым. Жүрөгүңдү ооруткан көрүнүштөрдөн улам ушундай мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кандай жардам берсем экен деген ой келди. Кыска мониторинг өткөрүп, республика боюнча абалы эң оор деп үч балдар үйүн таптык. Биз балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборун, азиз жана дүлөй балдардын интернатын тандадык. "Жүрөктөн жүрөккө" деген кайрымдуулук концерти 26-апрелде улуттук филармонияда өтөт. Концерттин баасы - 500 сом. Түшкөн каражаттын чыпчыргасын коротпой жогоруда аталган балдар үйүнө өткөрүп беребиз. Концертте укмуш өзгөчөлүктөр болот деп айтуудан алысмын, колдон келишинче аракет кылып Россиянын форматына тууралап бергени жатабыз.
- Адатта ырчылар кайрымдуулук концерттен качышчу эле?
- Улуу муундагы ырчыларга байланышып, Ырыскелди Осмонкулов менен Гүлнур Сатылганованы чакырдык. Жаш ырчыларга байланыша элекпиз. Алардан Омарды, Мирбек Атабековду, Съездбек Искеналиевди чакырышыбыз мүмкүн. Кайсы ырчыга байланышпайлы, жан-дили менен макулдугун берип жатышат. Менин оюмча, айткан сөздөрүнө туруп келишет болуш керек. Андан сырткары, интернаттан таланттуу улан-кыздарды ырдатабыз. Дүлөй кыздардын аткаруусундагы "Миллион колдор" деген бийге орун беребиз. Майыптар арабасында отурса да жакшы ырдаган, үнү сонун кыз бар экен. Ошол кыз менен дуэт ырдашым мүмкүн. Учурда чыгармачылык жагы иштелип, концерттин программасы түзүлүп жатат. Бардык катышуучулар үчүн жооп бере албайм, ар кимдин уятына жараша болсо керек.
- Концерт уюштуруу көп машакатты талап кылаары белгилүү, уюштуруу жагына ким жардам берип жатат?
- Концертти уюштуруу учурунда көбү кайрымдуулук концерттерине ишеним артышпасын билдиришти. Чынында билет баасы кээ бири үчүн кымбат болушу мүмкүн. Бирок биз пайда көрөлү деген максатта эмес, жардамга муктаж балдарга колдоо көрсөтөлү деген ниет менен иш алып баруудабыз. Депутаттарды, жеке ишкерлерди иштешүүгө чакырып жатабыз. Балдар үйүн кыдырып атайын ролик тарттырдык, жакында теледен кете баштайт. Ошондо алардын абалын өз көзү менен көрүп, чын эле жардамга муктаж экенине ынанышат болуш керек. Денеси тырышып, колу-буту карышкан балдарды көрсөң жаныңды коерго жер таппайсың. Интернаттын шарттары аябай начар. Эң жөнөкөй эле жууна турган, дааратканага бара турганга чамасы келбеген балдарга шарт түзүлгөн эмес. Акчалай жардам бере алышпаса да курулуш компаниялар жок дегенде дарбаза куруп берүүсүн сурап жатабыз. Кээ бирөөлөр кийим, оюнчуктардан өйдө көтөрүп келип салым кошуп жатышат. Мамлекет майып балдарга жетиштүү көңүл бурууга чамасы келбей жаткан соң, биз деле аз да болсо аракет кылышыбыз керек го дейм. Биз балдарыбыздын курсагы ток, кийими бүтүн, маңдайыбызда чоңоюп жатканына санаабыз тынч жүрөбүз. Ал эми ден соолугунан жабыркаган майып балдардын абалын да ойлой жүрсөк дурус болот эле.
- Өзүңүздүн чыгармачылыгыңызга убакыт таап жатасызбы?
- Убакыт аз, бирок аракет кылып жатам. Чыгармачылыгымды унутта калтырбай иштөөдөмүн. Буюрса, майып балдардын арасынан таланттуусун тандап алып иштешсемби деген ой бар. Интернаттарды аралап жүрүп өзүнүн талантын ачып көрсөткүсү келгендер өтө көп экенин байкадым. Арасынан ырдагысы, бийлегиси келгендерди ылгап туруп атайын топ түзөм.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА





Шайырбек АБДРАХМАН,
ЭлТР коомдук телерадиосунун башкы директору:
"Биздин улутчулдукка басым жасаганыбыз чын, бирок жакшы мааниде"
- Шаке, ЭлТРге жетекчи болуп келгениңе 7-апрелде бир жыл болуптур. Эмне өзгөрдү?
- Биринчи максатым - телеканалдын техникалык базасын оңдоо жана талапка ылайык чыгармачылык жамаатты түзүп, пайдубалын бекемдөө болду. Анын негизинде бир жыл ичинде түзүк эле ийгиликтерге жетиштик. Чечилбей келген режиссёр маселеси чечилип, Бекбол Кылычбеков, Равил Дөөлөталиев, Алтынбек Айылчиев өңдүү тажрыйбалуу режиссёрлорду жумушка тартып, техникалык кызматкерлердин туура иштөөсүн жолго койдук. Ошондой эле Эрнис Кыязов, Болот Абдыжапаров, Медер Шерметалиев, Рахат Сулайманов, Жылдыз Жумабекова, Айбек Мусаев, Бейшенбек Бекешов, Султан Абдрахманов өңдүү тажрыйбалуу журналисттерди ишке тартуу менен декорациябызды жаңыладык. Учур талабына толук жооп бере турган техникалык каражаттарды сатып алдык. Кызматкерлерибиздин калем акысы 100 пайызга көтөрүлдү. ЭлТРдин тарыхында быйыл биринчи жолу 11 кызматкер ар кандай даражадагы жогорку мамлекеттик сыйлык алды. Беш жылдык юбилейибизди республикалык деңгээлде белгилей алдык. 1985-жылы токтогон радиацияга каршы телерадионун техникалык кызматкерлерине бериле турган сүт азыктарын берүүнү кайра жолго койдук. Мындай нерсе азыр бир да телерадиоканалда жок.
- ЭлТР башка каналдардан эмнеси менен айырмаланат?
- Башында биз жалпы жамаатыбыз менен биргеликте телеканалдын стратегиялык планын тактап алганбыз. Башка каналдардан айырмаланалы деп кыргыздын рух дөөлөттөрүнө, идеологиясына басым жасап жатабыз. Бөлөк телеканалдардан көрсөтүлбөгөн манасчылык өнөрдү жумасына бир жолу манасчылардын айтуусунда бир сааттан көрсөтөбүз. Эки манасчыны кызматка алганбыз. Төкмө акындарды да жумушка алып жатабыз. Буюрса, Манастын төрөлүшүнөн баштап "Семетей", "Сейтек" эпосторуна чейин айттырып, телеканалдын алтын фондунда калтырсак деген оюбуз бар. Ошондой эле дастанчылык өнөрү колго алынып, комузда кол ойноткон комузчу кызыбыз Нурзат Орозалиеванын алпаруусунда комуз күүлөрү уктурулуп жатат. Ал эми айтыш өнөрүн Ош-Бишкек телекөпүрөсү аркылуу көрсөтүүдөбүз. Жазма акындардын ырларын да эфирге алып чыгып жатабыз. Негизинен кыргыз элинин салттуу музыкасына, руханий байлыктарына, тилине басым коюудабыз. Ал эми социалдык, саясый-экономикалык көрсөтүүлөр мурдагыдай эле өз нугунда кете бермекчи. 2010-жылда котормо студиясы түзүлгөн. Бул бөлүмдө дасыккан адистер иштеп келе жатат. Алар эфирге бериле турган кино, документалдуу фильмдерди кыргыз тилине которуп эфирге берет. Мындан сырткары, азырынча Россияда жүргөн мекендештерибиздин ал-акыбалын билип туруу үчүн Москвада атайын ЭлТРдин кабарчылык пункту ачылды. ЭлFM радиосу Бишкектен да уктурула баштады. Эң негизги жакшы кабар - бизге бөлүнгөн бюджеттин суммасы көбөйдү. Эми ЭлТР мындан ары да өнүгө бермекчи.
Ат жалында
ЭлТРде өзгөрүү барбы?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны:
- Жалпы сөз менен айтканда, ЭлТРде Шайырбек келгенден бери өзгөрүү көп эле болуп жатат. Изденгендери байкалып турат. Мага Азамат Болгонбаев алып барган "Чак түш" программасы аябай жагат. Жазма акындарга, манасчыларга көңүл бурганы жакшы болду. Улуттук көрөңгөгө кайрылып жатышканы сүйүнтөт. Ушундан улам КТРКга караганда ЭлТРди жакшы көргөндөр да болуп жатат. Аракеттери жакшы. Айта турган кеңеш, отуруп алышып эле элге акыл үйрөткөн журналисттерди, дежур чалдарды азайтыш керек. Азыр элдин баары акылдуу.
Садык ШЕР-НИЯЗ, кинорежиссер:
- ЭлТР Ош коогалаңында элге оперативдүү, так маалыматтарды берип турууга жетишти. Эл ушул каналдан гана толук маалымат алып турду. Бул Шайырдын чындап эле жетилген жетекчи жана өз ишин мыкты билген журналист экенин далилдейт. Ал келгенден бери улутка күйгөн, улуттук өнөрлөрүбүздү көтөргөн жаңы программалар пайда болду. Дагы бир кубандырганы - ЭлТРдин эл аралык спутник каналга кошулганы. Бирок бул Шайыр жетекчи болуп келгенге чейин эле бар болчу. Ошол уланып жатат. Кемчилиги - спутник аркылуу көрүнгөн канал радио менен кошулуп үнү аралашып кетет. Аны иретке келтириш зарыл. Экинчиден, мен режиссер катары кээ бир көрсөтүүлөрдү тажрыйбалуу оператор тартпаганын байкайм.
Зайырбек АЖЫМАТОВ