15.04.11 - 8-бет:
  Өсөр өзүн, өспөс жатын сыйлайт

"Президент Отунбаева эмне үчүн Адыл Бакиевдин досун транспорт министри кылган?"
Өткөн жылдын июнь айында Ак үй алдына 30-40тай жүк ташуучу машине шыкалып, айдоочулар ошол кездеги УӨ мүчөлөрүнөн транспорт тармагындагы мыйзамсыздыкты, коррупцияны жоюп, иш таап берүүнү талап кылышкан эле. Ошондо азыркы премьер-министр Алмазбек Атамбаев алардын талабын орундатууга сөз берип, 9 пункттан турган, президенттин колу коюлган тескемени аткарууну Транспорт жана коммуникация министрлигине тапшырган болчу. Андан бери бир жылга жакын убакыт өтсө да тогуз пункттун бири да аткарылбаптыр. Буга ыза болгон айдоочулар аргасыз редакциябызга баш багышты.

Дайыр ЧОНДОЕВ,
"Калыс" коомдук бирикмесинин теңтөрагасы, чегара кызматынын, ооган согушунун ардагери:

- Мен Кыргызстан айдоочулар ассоциациясынын атынан айдоочулардын маселеси боюнча атуулдук коомчулуктун атынан өкмөттүн ведомстволор аралык комиссиясында иштеп келатам. Былтыр комиссиянын чечими менен Торугарт, Эркештамга чейин барып, иштин чоо-жайын иликтеп келген элек. Бул иштин башында Алмазбек Атамбаев өзү туруп 9 пункттан турган атайын чечим чыгарылып, аткарылышы Транспорт министрлигине кыргыз өкмөтүнүн атынан жүктөлгөн болчу. Тилекке каршы, андан бери он ай өтсө да президент менен өкмөт башчысы кол койгон тескеменин бир да пункту аткарылган жок. Комиссиянын мүчөсү, аскер адамы катары уялганыман бүгүн айдоочулардын таламын талашып ар жерде акыйкаттык издеп жүрөм. Тогуз ай эч кандай иш аткарылбаганы аз келгенсип, акыры айдоочулардын арызы Атамбаевге жеткенде гана Транспорт министринин орунбасары бизди кабыл алды. Баарынан кызыгы, орунбасар тогуз ай мурунку арыздарды кайра башынан баштаганы болду. Мындан министр менен анын орунбасарынын ортосунда эч кандай байланыш жогун, өз ара кеңешип иштебегенин, тогуз айдан бери эч нерсе кылбагандыгын ачык эле көрүүгө болот. Эгер айдоочулардын, жүк ташуучулардын президент тапшырган маселесин чече албаса, анда Транспорт министрлигинин кимге кереги бар?
Анан эмне үчүн терминал Бишкекке келип калды (кытайдын товарлары үчүн), муну ким алып келди деген суроо туулат. Мен чегара кызматында кезде терминалдар чегараларда болчу. Азыр башка өлкөлөрдө терминалдар бүт чегараларында. Алсак, Белоруссияныкы Минскте эмес Брестте чеп болуп турат. А биздики Ак үйдүн түбүндө. Терминалдардын чегарада болушунун жакшы жактары көп. Биринчиден, чегара кайтарылат, экинчиден, жүк ташуучу кыргыз айдоочуларына жумуш болуп, бажы кызматындагы коррупция азаят. Үчүнчүдөн, жолдорубуз сакталат. Терминалдардын борбордо болушуна ири акчага ээ болгон чиновниктер өздөрү кызыкдар болуп атат. Бир кезде Торугарт айыл болуп калган, азыр аңгырап бош турат.

Айдарбек ТУРСУНИЯЗОВ,
Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айдоочулар коомунун төрагасы:

- Колубузда 2010-жылдын 9-сентяб-рында чыккан, Роза Отунбаеванын колу коюлган өкмөттүн ?72 токтому турат. Анда Торугартка, Эркештамга терминал куруу маселеси да камтылган. Ушул боюнча Транспорт министрлиги биздин катышуубузда көп эле жыйын кылды. Бирок аягында тырмактай да жыйынтык болгон жок. 2-апрелде Транспорт министрлигине кирсек, анын орунбасары Денис Сулайманов биз силерге милдеттүүбүзбү, бизден талап кылгыдай силер кимсиңер деп күйдүрүп атпайбы. Чынында биз жүк ташуучулар ассоциациясына жармашып эптеп күн көрүп келатабыз. Биз башкаларчылап бийликтен кызмат сураган жокпуз. Жумуш сурап, мыйзамдуулук болушун талап кылып атабыз. Эми терминал тууралуу айтсак, былтыр бажы кызматынын, Транспорт министрлигинин, өкмөттүн өкүлдөрү болуп Торугарт, Эркештамга чейин барып келгенбиз. Ошондо Ат-Башы эли терминалды мурдагыдай эле Торугартка салгыла, чегара да кайтарылат, кытайлар да ээн-эркин кирбейт дешти. Чынында бул ишке ашса Торугарттан Бишкекке жүктү биз тартып, мамлекетке да, үй-бүлөгө да киреше киргизет элек. Азыр мыйзамда жүк ташуучу бир машине 55 тоннадан ашпасын делгени менен, кытайлар 85 тонналык машинелери менен Бишкекке чейин келип атышат. Мурун чектөө 44 тонна болчу. Эми күн жылыса 85 тонналык кытай машинелери кирет дагы, жолдорубуз кайра талкаланат. Биздин машинелер болсо 30-40 тонналык. Бул аз келгенсип, Торугарттагы терминалды жүк ташуучулар ассоциациясы инвестор таап өз каражатыбызга салдырталы десек, өкмөт токтом чыгарып бербей атат. Токтом болбосо инвестор да келбейт экен. Эгер токтом чыкса биз терминалды алты айда эле салып алат элек.
Дагы бир маселе, Кыргызстандын сары номурлары. Азыр тажиктер кыргызстандык сары номурлар менен сырттан жүк ташып кирип атышат. Транспорт министрлигинен бул эмне болгон номур десек, билбейбиз, ТИМ билет дейт.

Бейшенбек ОТОРБАЕВ,
Жүк ташуучулар ассоциациясынын Талас облусу боюнча координатору:

- Бизде негизинен картошка, төөбуурчак сыртка чыгарылат. Талас картошкасы көбүнесе Чымкент, Жамбыл, Луговойго киргизилет. Казакстан бажы постторунда кыргыз айдоочуларын өткөрүшпөгөндүктөн, картошканы жалаң казак жүк ташуучулары ташып акча таап атышат. Коррупция болсо гүлдөгөн. Төөбуурчакты азыр Россияга россиялык фирмалардын жүк ташуучулары, Түркияга түрктөрдүн айдоочулары ташып кетип атышат. Өкмөт, ТИМ кийлигишип сүйлөшүп берсе, биздин Түркияга жеткизип берүүгө толук кудуретибиз жетет эле. Түркияга чейин өз продукциябызды өзүбүз жеткизип берсек болбойбу? Борбордогу "Кока-Кола" фирмасынын жанында түрктөрдүн фасоль жыйнай турган базасы бар. Жок дегенде Таластан ушул базага чейин биз ташысак жакшы болмок. Ушуга кийлигишкен, кызыккан бир да депутат, чиновник болбой атат. Мындайча айтканда, таластык айдоочулардын тамагын, жумушун түрктөр, казактар тартып алды. Бизде жогору жактагылар ушуну ойлонуп, мыйзамдаштырып берсе деген эле талап.

Темирбек ШАБДАНАЛИЕВ,
Кыргызстан жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы:

- Азыр өлкөдө жүк ташуучуларды бириктирген үч уюм бар. Алардын бири Чүй, Ысык-Көл, Таласты бириктирген айдоочулар коому. Экинчиси, Ош, Жалал-Абад, Баткен айдоочулар коому. Үчүнчүсү, биздин жүк ташуучулар ассоциациясы. Ассоциация 2004-жылдан бери айдоочулар көйгөйүн иликтеп, аларга жардам берип келатат. Ушу жети жыл аралыгында айдоочулардын атынан кайрылууларды тиешелүү жерлерге, министрлерге, президенттердин өздөрүнө да киргиздик. Былтыр 14-апрелде кыргыз айдоочуларынын атынан премьер-министр Алмазбек Атамбаевге, президент Роза Отунбаевага, 1-июлда транспорт министри Эркин Исаковго кайрылуу жолдодук. Андан соң айдоочулар өздөрү Алмазбек Атамбаевге арыз жолдошту. Айласы кеткен айдоочулар жакында Транспорт министрлигине киришсе, орунбасары илгерки арыздарды кайра башынан карап баштаптыр. Эгер премьер-министр тапшыргандын бирин да 10 ай ичинде аткара алышпаса, анда министрликте отургандар кимдер? Президент Роза Отунбаева кандай максат менен Адыл Бакиевдин досун транспорт министри кылып дайындаган? Элде ушак бар, Исаков чоң акча менен министр болгон деген. Ушул чынбы? Бирок сизге урматтуу президент, айтып коюш биздин милдет, сиздин берген буйругуңузду 12 айдын ичинде Эркин Исаковдун аткарганга дарамети жеткен жок. Ошондуктан 12 айдан бери жумушун аткаралбаган министр кетсин деген талап койдук. Чынын айтыш керек, качкын Акаев-Бакиев доорунан бери бул тармакка кесипкөйлөр келбей эле капкайдагы жолбундар, жегичтер келгендиктен көп жылдар бою чоң көйгөйлөр чечилбей чогулуп келатат. Анткени эки жегич президенттин доорунда Транспорт министрлигинде коррупцияга гана жакшы шарт түзүлгөн. Муну текшерип иликтесек тез эле ачыкка чыкмак. Бирок буга министр жол бербей жатат. Ушуну эске алып, 6-апрелде жалпы республика боюнча айдоочулар Ак үй алдына пикетке чыгып, катуу туралы дегенбиз. Бирок КСДП депутаты Данияр Тербишалиев оор кырдаалда сабыр кылып күтө туруубузду өтүнгөндүктөн, саясый оюндарга кошулбай, иш таштоо акциясын бир айга жылдырдык.
Эми дозвол маселесине келсек, мыйзам боюнча кытай тарап биздин канча айдоочубуз киргенге уруксат берсе, биз да ошончолук санда уруксат кагазын беришибиз керек эле. Тилекке каршы, Транспорт министрлиги январь айында эле 25 миң кытай айдоочусуна уруксат берип коюп атат. Алардын жабалактап кирип келип атканы да ошондон. Биздики ар жумага өлчөм менен бербей, оптом эле кармата салып атат. Дозвол менен өлкө ичиндеги айдоочуларды да жөнгө салса болот. Бирок Кыргызстанда муну жөнгө сала турган орган жок болуп атат. Кыскасы, транспорт тармагын жөнгө салуучу мекемелер таптакыр башка нерсе менен алек болгондуктан ушундай көйгөйлөр чечилбей келе жатат.

Мелис СОВЕТ уулу




Жолдошбек АБДЫКАСЫМОВ, айдоочу, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айдоочулар коомунун координатору:

- Өзүм Торугарт-Бишкек жолунда көп жылдан бери айдоочу болуп иштейм. Чынын айтсак, азыр кытай калкы бизге аз күндө кишен салганы калды. Мурун кытай товарларынын 80-90 пайызын кыргыз айдоочулары тартчу элек. Азыр бизди таптакыр эле сүрүп ташташып, кытай айдоочулары борборго чейин ээн-эркин жүк ташып келип атышат. Айла жок, көп балдар машинелерин токтотуп Россияга кетишти. Кытай айдоочулары борборго чейин келсе, биз Кытайдын ичине 120 чакырым эле ары кире алабыз. Топо деген аймактагы жатаканабызга барарыбыз менен паспортторубузду жыйнап алышат. Машине токтоочу жай, жатагыбыз, ичкен тамагыбыз кымбат. Ал жерде бизди кармап турушат дагы, жүз кытай айдоочусу кеткенде гана бир кыргыз айдоочусун жүктөп жөнөтүшөт. Муну өзүңүздөр деле текшерип көрсөңүздөр болот. Бул аз келгенсип, кыргызстандык дунган айдоочулар кара таандай каптап, мекендештери - бизге чыккынчылык кылып атышат. Кытайга чейинки 750 чакырымдык жолдо алар жакшы эле кыргыз болуп барышат да, чегарадан өтөр замат дароо кытай боло калып, бизди жамандап, алар менен туугандашып, машинелерин бат жүктөтүп кетишет. Дунгандар телефондон мен келатам деп айтып коюшат, а алар келмейинче кытайлар бизге жүк жүктөбөйт. Муну транспорт министрлигине айтсак, дунгандар да биздин жарандар, аларды тыя албайбыз деген шылтоону айтышат. Чындап келсе муну жөнгө салуу оңой эле. Ал үчүн айдоочуларга Кытайга кирүүгө укук берген сары кагазды (дозвол) калыстык менен берүү керек. Азыр андай болбой бул документ акчалууларга 1800 сомдон сатылып кетип атат. Ушул жагын мамлекет калыстык менен чечип берсе, кыргыз айдоочулары кытайларды, дунгандарды бөлөк-бөтөн дебей эле иштей берет элек. Баарынан кызыгы, кытайлардын дозволу сентябрь айларында эле түгөнөт. Бирок алар кыргыз чегарачыларына акча ыргытып коюп дозволу жок эле кирип-чыга беришет. Ошондо канча акча сол капчыкка кетип атат?