08.04.11 - 9-бет:
  Бишкек борборбу же базарбы?

Бакытбек ДҮЙШӨМБИЕВ,
Бишкек шаар башчысынын орунбасары:
"Ош базарынын айланасы тазаланат"
Жогорку Кеңеш Ош базарынын аймагындагы соода түйүндөрүн алуу иштерин токтотуу чечимин чыгарды. Буга шаар бийлигинин пикири кандай экенин билүү максатында вице-мэр Бакыт ДҮЙШӨМБИЕВге кайрылдык.


- Миңдеген шаардыктардын жана базарга жакын жайгашкан аймакта жашаган тургундардын суранычы менен Ош базарынын айланасын тазалоо иштери башталды. Иштин дээрлик 80-90%ы аткарылып калды. Натыйжада мыйзамсыз түрдө коюлган 500дөй күркө алынды.
Биздин мындай аракетибиз шаардыктар, ошондой эле парламент тарабынан колдоо тапкан. Себеби Ош базарында көйгөй арбын эле. Базардын санитардык абалы, өрт коопсуздугун сактоо маселеси, тушташ көчөлөрдө автотыгындарынын көйгөйү жетер чегине жетип калган. Ошондон улам базардын тегерегиндеги көчөлөрдү оңдоо жана кеңейтүү, буга улай Киев көчөсүнөн туура Фучикке чейин жол куруу пландалган.
Мисал катары айтсам, мындан эки ай мурда ошол аймакта 30 чарчы/метр аянт өрттөлдү. Ал жерге өрт өчүрүүчү унаа кире алган жок. Жыйынтыгында алты адам түрдүү жаракатка тушукту. Кудай өзү сактасын, бирок эгер Ош базарынын ичинде өрт же эпидемиялык-инфекциялык оору чыкса, абалыбыз кантет? Мэрия ушул өңдөнгөн көйгөйлөрдүн алдын алыш үчүн жана шаардын көркүн сактоо максатында гана тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Жогорку Кеңештин өткөн жумада чыгарган чечимине сыйлоо менен мамиле кылабыз. Ошол эле учурда бир нерсени тактай кетсек. Эл өкүлдөрү базар тегерегиндеги жол курулуштарына жана Фучикке чейинки салынуучу жолго тоскоолдук жараткан күркөлөрдү алууга каршылыгын билдирбеди. Андыктан жол курулары талашсыз маселе.
- Анда Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр бузулабы?
- Долбоорго ылайык бир тараптуу жол салынат. Анын көп кабаттуу үйлөргө зыяны тийбейт.
- Ош базарынын жаңы макети маалымат каражаттарында жарыяланган. Мындан улам "мэриянын мындай объектини курууга дарамети жетеби?" деген суроо жаралат.
- Биздин адистер Ош базарынын жаңы эскизин даярдаган. Арийне, ал жөн гана сунуш. Анткени аталган жайда жетимиштен ашык кожолук бар. Базардын тагдырын мүлк ээлери өздөрү чечет. Ага шаар бийлиги кийлигишпейт.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бир окуяны айта кетейин. Былтыр айтылуу Мехико шаарына иш сапары менен бардым. Мехикодо XVI-XVIII кылымдарда салынган тарыхый жайлар арбын эмеспи. Ошол мезгилде курулган имараттар дале сымбатынан жазбай, тарыхый сүрүн так сактап келет. Ал эми бизде өткөн кылымдын 60-70-жылдарында ошол имараттарга жабыштырыла салынган курулуштар бүгүнкү күндө шайы кетип, шаар көркүн бузуп, аянычтуу сезим туудурат экен. Биз дагы шаарыбыздын көркүн базар борборуна айлантпай сактоо - урпактар алдындагы милдетибиз болушу керек деп эсептейм.
- "Ар-намысчы" депутат Кожобек Рыспаев "Ош базарынын тегерек-четиндеги объектилерди көчүрүү - кол салуучулук, рейдерчилик" деп мэрияга сын айтты. Буга пикириңиз кандай?
- Рейдерчилик деген терминдин так аныктамасы бар. Эгер Бишкек бийлиги кимдир бирөөлөрдүн мыйзамдуу мүлкүн тартып алып, мыйзамсыз иш-аракеттерди башка бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн жасаса, анда аны рейдерчилик атаса жарашмак. Ал эми биздин аракет жогоруда айтылгандай, шаардыктардын талабын аткаруу максатында мыйзам чегинде гана жасалып жатат.
Окурман журтчулугуна түшүнүктүү болушу үчүн дагы бир ирет айтып өтөйүн. Биз кимдир бирөөлөрдүн мыйзамдуу мүлкүнө кол салган жокпуз. Мэрия тарабынан алынып салынган күркөлөр мыйзамсыз орнотулган. Аларды иретке келтирип, соодагерлер үчүн жеңилдетилген шартта бөлөк базарлардан орун сунуштадык.
Баса, Ош базары боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Кожобек Рыспаев өзү дайындалган. Ошол комиссиянын жыйынтыгында "шаар бийлиги мыйзамдуу, максаттуу түрдө иш жүргүзүүдө" деп белгиленген. Бул тууралуу тийиштүү документтер бар. Кожобек мырзанын ал позициясы бүгүнкү күндө деле өзгөрүлгөн жок деп ойлойм. Себеби, К.Рыспаев "мен силердин ишти колдойм. Ош базарынын жаңы эскизин базар ээлери менен акылдашып, алардын ой-мүдөөлөрүн эске алгандан кийин гана долбоорун бекитүү керек" деди. Мен да ошого кошулам. Бул боюнча пикиримди жогоруда белгилегендей, жаңы эскизди сунуш же болбосо өнүгүү багыты катары карашыбыз керек. Анткени менчиктин кол тийбестиги мыйзам тарабынан корголорун танбасыбыз зарыл.
- Ош базары, "Кыял" соода бирикмеси чет өлкөлүк ишкерлерге сатылып кетиптир деген сөз тарады. Ушуну иликтедиңиздерби?
- Башка жакка сатылып кетиптир деген сөз жалган. Муну Бишкек мэри Иса Өмүркулов дагы парламент жыйынында тастыктады. Сиз санап өткөн жайлар чет өлкөлүктөргө сатылбаганын юридикалык жактан далилдөө оңой иш.
- 7-апрелде каза тапкандардын жакындарына жана коогалаңда жабыр тарткандарга арналып көп кабаттуу үй салынды. Айрым интернет-сайттар батирлер жең ичинен сатылып кеткенин кабарлады. Бул маселеде мэриянын катышы канчалык?
- Апрель каармандарына арналган үйгө мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги жоопкер. Батирлерди бөлүштүрүүдө мэриянын тиешеси жок.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Күнкөйгөй

Кулчулукка кабылган кыргыздар
Адамдарды кулчулукка сатуу дүйнө жүзүндө курал-жарак жана наркотик сатуудан кийинки эле эң кирешелүү тармак болуп калды. Ошондуктан дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда, өзгөчө биз сыяктуу артта калган өлкөлөрдө бул "көмүскө бизнестин" күч алып турган убагы. Ушуга байланыштуу бул теманы иликтеп жүргөн журналист, "Замандаш" журналынын шеф-редактору Абдыжапар Нурдиновдон биртоп суроолорубузга жооп алдык.

- Эл-жерден алыс жүргөн кыргыз мигранттарынын кыйын турмушу, кулчулук абалы жөнүндө көп нерселер айтылып жүрөт. Ушул ыраспы?
- Кыргызстандык эмгек мигранттарынын ааламга тарап кетишинин себеби бул жердеги жумушсуздук. Тилекке каршы, ал жакка барган мигранттардын абалы бизди кубанта бербейт. Айрымдарын ачык эле кулчулукка жеткирген учурлар бар. Мисалы, Африка континентине барган Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушунун тургуну Дүйшөнкул Жанузаков кудум детектив кинодогудай окуяларга кабылып отурат. Аны 2009-жылдын январь айында Ангола өлкөсүнүн Луанда шаарына Алымбай Нусупов, Канат Даникеев деген өзүбүздүн эле жарандар айына 2,5 миң доллар табасыңар деп алып кеткен. Дүйшөнкулдан тышкары алардын кол астында 40 кыргыз иштеген. Алымбай үч айдан кийин 500 доллар төлөйм дегенге өтүп, ага каршы сүйлөгөндү көчөгө калтырган. Дүйшөнкул Жанузаков ошонун баарына чыдап 1 жыл 8 ай дегенде араң Кыргызстанга кайтып келген.
- Бирдеме таап келиптирби анан?
- Кайдан. Кызыгы бул жакта. Алымбай Нусупов менен Дүйшөнкул Жанузаков Таластын Арал айылынан болот. Бишкекте Ала-Тоо жаңы конушунда да кошуна турушат. Алымбай Нусуповдон аласасын сурап барса "20 миң кирпич турат үйдө, ошону ал" дептир. "Таламандын тал түшүндө машинени айдатып барып жүктөйүн деп атсам бала-чака, аялы, эже-карындаштары мага жабылып калды. Милицияны да күн мурунтан чакырып койгон экен, колу-бутуму кайрып, машинеге салып кетишти. Көрсө, Алымбай Нусупов менин үстүмөн "бул рэкет, мени коркутуп оокатымды тартып алып жатат" деп арыз жазыптыр" дейт. Ошондой эле Тилек Токтосунов деген жараныбызды да Алымбай Нусупов ушундай абалга жеткирген. Ал мындай дейт: "Бизди, 8 баланы Алымбай Нусупов Анголадан паспортторубузду бербей талаага таштап кетти. Биз айласыз өз алдыбызча иш издеп таап, бир жыл иштедик. Бишкекте окуп кеткен бир анголалык жигит паспортторубузду таап келип, 3 миң долларга өзүбүзгө сатты. Эптеп Кыргызстанга келе бердик. Бул жерге келгенден кийин Алымбайдан биздин мээнетибизди кайтар десек, булар рэкеттик кылып жатышат деп милицияга арыз жазып, эми "уурусу күч болсо ээси доого жыгылат болуп" сурак берип жүрөбүз" дейт.
- Кыргызстандыктарды кимдер чет өлкөгө алып кетишет?
- Учурда туристтик агентстволор, жеке фирмалар да лицензия алып, кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка жөнөтүп жүрүшөт. Көбүнчө Араб өлкөлөрү, Түркияга кыз-келиндерди жөнөтүп, көп учурда тымызын сойкулук бизнесине салым кошуп жатышат. Бул жаатта Кыргызстан өз жарандарыбызды эле эмес, коңшу Өзбекстан, Тажикстандын жарандарын да кошуп "саткан" транзиттик өлкөгө айланды. Ал эми чындап эле жумушка орноштурган мекендештерибиздин андан кийинки абалына: жумуш менен камсыз кылуу, социалдык пакеттер, юридикалык жардам ж.б. эч ким жооп бербейт. Иши кылса, "Кыргызстандан чыгарып койдук, калганына биз күнөөлүү эмеспиз" деген позицияны карманышат. КР эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги биздин эмгек мигранттарыбызды Түштүк Кореяга эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишим боюнча кетирет. Албетте, мында деле кемчиликтер бар, бирок кыргыз өкмөтүнүн жападан жалгыз көзгө басар, эмгек мигранттарына түзгөн шарты боюнча алгылыктуу иши ушул деп атоого болот. Анткени башка өлкөлөргө салыштырмалуу Түштүк Кореяда легалдуу иштеген эмгек мигранттарыбыз түзүгүрөөк корголгон.
- Орусияда абал кандай?
- Орусия менен Казакстандагы мигранттарыбыздын абалы мышык ыйлагыдай. Миграция министрлигинин алдындагы калкты жумушка орноштуруу борборлору акыркы эки жылдан бери биздин эмгек мигранттарыбызды Орусиядагы курулуш иштерине орноштуруу менен алек. Бирок Орусия тараптагы өнөктөштөрү мамлекеттик мекеме-ишканалар эмес, субподрядчик жеке менчик фирмалар, же айрым учурларда жеке адамдар болгондуктан, алар да өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, жумушчулардын маяналарын өөнөп турушат. Мына ушундан көп конфликт чыгып, көп учурда алардын үстүнөн "смотрящийлерди" койгон фактылар бар. Мисалы, Талас облусунун Аманбаев айлынын тургуну, 51 жаштагы Анарбек Баялиев Владивосток шаарына барып, ушундай адамдардын бири Нурдин Шакиров аттуу жигиттин колуна түшкөн. Нурдин паспортторун чогултуп алып айлыгын да бербей куураткан. Ал жерде 57 кыргызстандыктар иштеген. Алардын көбү Нурдиндин жердештери жана туугандары болгон. Ал ошол туугандары аркылуу баарын коркутуп алган. "Замандаш" эл аралык ассоциациясы, ошол жердеги диаспора өкүлчүлүктөрү киришип жатып аларды кулчулуктан чыгарып келишти.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-7-13