08.04.11 - 2-бет: Алтынбек алтындай жигитпи?

Шаршембиде апрель окуясынын башында тургандар мамлекеттик резиденцияда чай ичишти. Чайлашууда премьер Алмазбек Атамбаев "бөдөнөнүн сүтүнөн" ашепке сеп этип алганбы, "республикачы" Алтынбек Сулайманов алтындай жигит тура, өпкөсү жок Камчыбек Ташиевди ордуна койду дегендей кубанычын жашырбаптыр. Ошондой эле 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов "ар-намысчы" депутат Акылбек Жапаровду сабап, өчүн алып бергенин кошумчалаганы кызык. Өзүн болочоктогу президент эсептеген башбакандын кейпи бу болсо, анда жыргаптырбыз.


Темикени демитишкенде…
"Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев оппозициянын көшөгө артындагы жыйынында дайыма азыркы бийликти алып түшөбүз дегени деген. Ал эми иш жүзүндө РИО режими менен ачык күрөшкөнү байкалбайт. Мындан улам санаалаштары Темикени эки жээкте "ойдолоктоп" атабы деп шек санай баштады. Атүгүл үч күн мурда берки жээктегилер чогулуп, Аргенбай атанын уулун аябай "такалашканы". Сариев мырза акылдуу жан эмеспи, эми бир чечимге келер.

Таласка таарынбай эле келди
Оппозиция анабашы Өмүрбек Текебаев азыркы бийликти, анын ичинде президент Роза Отунбаеваны сындаганга өлө маш. Сындаса сындай берсин деңизчи, бирок ал жакында эле Таласка жасаган сапарында Роза Отунбаеваны байдын кызындай мактап, айга-күнгө теңегенин анын санаалаштары айтып жүрөт. Бу кандай, Таласта бирди айтып, Бишкекте башканы айтса Текебаевге боло береби?

Кеңешбекте кеп бар
Экс-башпрокурор Кубатбек Байболов УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев 8-апрелдин түнү Мурат Суталиновду чегарадан ары жылуу-жумшак узатып койгонун расмий жарыялады. Элестетиңиз, аянтта мөңдүрдөй жааган октон бейкүнөө жигиттер шейит кетип атса, Кеңешбек мырза кандуу окуянын негизги күнөөкөрлөрүнүн бири саналган Суталиновду канатына калкалап атыр. Ал эми президент айым муну укса да укмаксанга салганы таңгалычтуу. Мындай шартта "үч тамга" лөгү кызматтан айдалышы керек эмеспи? Же Роза Исаковнанын Дүйшөбаевди колдогонунун сыры барбы? Балким бир нерседен коркуп жүрбөсүн?

Устукандын уу-дуусу
Өткөн айда спикер Ахматбек Келдибеков , "Ата журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев баштаган делегация ордолуу Ошто болуп кайтышкан. Ошондо Камчыбек Кыдыршаевич "жинди сууга" "жинигип", резиденцияда "эшек оюн" салганын өздүк булактар билдиришти. ККТнын койгон кинеси ушу: атайын борбордон келишсе, шаар бийлиги жылкы сойгон эмес. Кыргыз устуканга катуу таарынчу эле, Ош бийлиги эмкиде катуу чабылат го.

Жекшенкулов жемин жедирбес
Учурда Москвада жүргөн "Акыйкат" партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловго башпрокуратуранын кызматкерлери коңгуроо кагып, сизге карата кылмыш ишин ачуу тууралуу Ак үйдөн буйрук түштү маанисинде "сүйүнчүлөшпөйбү". Анда Алике козгосо козгой беришсин, калганын барганда көрөбүз дептир.

Атамбаев борбордо эле премьерби?
Бүгүнкү бийликтин таасири алигиче Бишкектен алыс узай элек. Маселен, мартта кайсы бир райондун акимин кызматтан алуу боюнча премьер-министрдин буйругу чыгат. Бирок кайран аким Алмазбек Атамбаевдин мындай чечимин чымын чакканчалык да көрбөй, буйрук жазылган кагазды дааратканага таштап койгону кейиштүү көрүнүш. Өкмөт башчынын токтомун тоготпогон бу кайсы "полубандит" болду экен?

Ашыкпа жаным, азыр эрте
Жалал-Абад губернатору Бектур Асанов былтыр К.Бакиевге каршы чыктым эле, эми президенттик шайлоодо азыркы премьерди колдоп экинчи ирет эл астында уятка калгым келбейт. Шайлоодо "Ата мекендин" төрагасы Ө.Текебаевди сүрөйм таризинде жакын санаалаштарына шыбыраганын кулагыбыз чалды. Бектур мырза чамасы бүгүн-эртеңден губернаторлук креслодон кетерин сезип, оппозициядан жай табууга ашыккандай.

АКШ агенти?!
Башпрокурорлуктан шыпырылган Кубатбек Байболов Отунбаева бийлигинин болгон-толгон былыктарын чукуп кирди. "БКК четин гана айтууда. Катуу жарылса өкмөттүн абийири төгүлөт" дешет билермандар. Ал ортодо Байболовду Америка "агентине" айландыргандар да чыкты. Мындай имиштер жөн жеринен жаралчу эмес эле, расмий Вашингтон кыргыз бийлигине чындап кырын сала баштаганбы?

Нариман нары жагын ойлойт
Өткөндө депутат Нариман Түлеев Жибек жолу-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1,5 гектар жер экс-президент Курманбек Бакиевдин экинчи жубайына жана Ош базарынын 50%ы экс-ханзаада Максим Бакиевге таандык экенин жар салган. "Карачечекей уулу" "атакесинин" былыгын чукуганын коомчулук тескери кабылдаган. Көрсө, маселенин баары мында жаткан турбайбы. Ак үйдөгү таасирдүү фигура Нариман менен жең ичинен сүйлөшүп, бакиевдердин шылтоосу менен аталган объектилерди менчиктеп алууну пландаптыр.

Бакыт баары бир унутулбайт
"Манас" аэропортунун экс-президенти Бакыт Сыдыковго карата козголгон кылмыш иши токтотулганы кабарланган. Башпрокуратура кайрадан ишти жандандырганы айтылууда. Мурда "карт бөрү" Үсөн Сыдыковдун уулун Азимбек Бекназаров сактап калганы белгилүү. Бу саам кичи Сыдыковду ким канатына калкалаар экен?

Бабанов Бакиев баскан жол менен
ЦАРИИнин экс-төрагасы М.Бакиев алгач Москвага, андан соң Кытайга визит жасаган. Ошондон кийин россиялык басылмалар Бакиев режимине маалымат "согушун" ачкан. Ошентип бала Бакиев Америкага кеткен бойдон мекенине кайткан жок. Кудум ошондой эле көрүнүш кайрадан кайталанып атканы кызык. Маселен, Кремль 1-вице-премьер Өмүрбек Бабановду болушунча "бомбалоодо". Натыйжада БӨТ аргасыздан Россияга барса, жума башында Кытайга жол тартты. Ал жактан кайтары менен АКШга учам дебесе болду.

"Жаңы Агым" - пресс