08.04.11 - 11-бет: Өмүрдүн наркы бир бөлмө там
Апрель революциясында көз жумган баатырлардын үй-бүлөсүнө жана бул окуяларда ден соолугунан ажырап, майып-мунжу болгон адамдарга мамлекет дайыма камкордук көрүүгө милдеттүү. Бул жолу Бишкектеги Жал-29 кичирайонуна салынган 144 квартиралуу эки үйдүн сертификатын үй алуучуларга президент Р.Отунбаева өзү тапшырды. "Биз 7-апрелдеги кан төгүүлөр аркылуу эркиндикке жетиштик, баатырлардын эрдиги эч качан өчпөйт. Алардын ысмы биздин тарыхыбызда алтын тамгалар менен жазылып калат" деп айтты президент. Бул эки үйдүн сметалык наркы 160 млн. сом туруп, андагы бир бөлмө ар бир үйдүн жалпы аянты 40 кв.метрди түзөт.


  Кандуу 7-апрель

Баласын коргойм деп окко учкан
Өткөн жылдын 7-апрель кандуу күнүндө бир далай кыргыздын эр-азаматтары жарык дүйнө менен кош айтышса, биртобу жарым жан майыпка айланышты. Ошол каргашалуу күнү аянтта кызмат кылган курсант уулуна жолугам деп чыгып окко учкан Бекбосын САТЫБАЛДИЕВдин жесири Нуржан КУДАЙБЕРГЕНОВА менен эжеси Анара маркумду эскерип отурушту.


- Бекбосын 7-апрель күнү таң атпай мурдагыдай эле жумушуна кеткен. ИИМдин алдындагы академияда окуган уулубуз Нурлан курсанттар менен аянтта коомдук тартипти сактап жүргөнүн угуп мага телефон чалып, "Нурландын кийимин даярда, анын формасын чечтирип башка кийимин кийгизип коеюн" деди. Мен кийимдерин даярдаар замат келип, машинеси менен Нурландан санаасы тынбай аянтка жөнөп кетти. Буга чейин аянтта формачандарга кысым көрсөтүлүп, кол салуу болуп атканын угуптур. Саат экилерде Бекбосынга телефон чалсак албай койду. Нурланга телефон чалып "атаң Ак үйдүн тегерегинде сени издеп жүрөт" десек, ал "камсанабагыла, мен Ак үйдүн арт жагында жүрөм" деп койгон. Бекбосын Нурланды издеп Ак үйдүн ары-бери жагын карап, телефону өчүп калгандыктан ага чалалбай, Фрунзе көчөсү тарапка барган экен. Ошол учурда Ак үйдөн брондолгон үч кара машине чыгып, алар айнектерин түшүрүп, элди автомат менен татыратып атып өтүшүптүр. Машинеден ок чыкканын көргөндөр жата калышыптыр, көпчүлүгү качып кетишиптир. Элдин арасынан уулун издеп жүргөн Бекбосынга ок тийген. Ошондо Баян деген бейтааныш бала Бекбосынга ок тийгенин көрүп, ооруканага жеткириптир. Ок Бекбосындын бөйрөгүнө тийип, артынан чыккан. Көрсө, элди Ак үйдөн Бакиев, Үсөнов, Жанышты алып чыккан үч кара машинедеги жансакчылар атыптыр.
Ооруканага жеткирген Баяндын айтымында, ал Нурланга телефон чалып, чочубасын деп "атаңа ок тийди, бирок коркунучтуу эмес" дептир. Нурлан туугандардын баарына телефон чалып, атасынын бутуна ок тийгенин кабарлаган. Кечки саат 9-10дордо гана анын көз жумганын билдик. Баяндын айтымында, Бекбосын тилден калганча Нурлан эмне болду, ал каякта деп баласын айта бериптир. Ок боорун талкалап, операцияга жетпей жан берген экен.
Быйыл 8-мартта ал элүүгө чыкмак, юбилейин белгилеп, уулун үйлөнтүп, чоң той өткөрөлү деген жакшы тилектерибиз бар эле. Кызынын кызматын, уулунун урматын көрөр мезгилде кете берди.
Ушунча эр-азаматтын каны менен болгон революциядан кийин элдин жашоосунда өзгөрүү болбогону өкүндүрөт. Мамлекет тарабынан материалдык жардам берилип атат. Бирок акча менен өлгөн адамдын өмүрүн кайрый албайт экенбиз. Бекбосын тирүү болсо ошол акчаны өзү деле табат болчу. Уулум Нурлан атам мен үчүн каза болду окубайм деп чыкты. Бирок сен окушуң керек, атаңдын атын чыгар дедик. Ошондо милицияга да абдан жаман мамиле кылышпадыбы, Нурландын катуу көңүлү калса керек. Быйыл 4-курста окуп атат. Бекбосындын жакшы аруу тилектери орундалбай кетти, абдан ак көңүл, боорукер эле. Эми анын жаркын элеси гана эсибизде калды.

7-апрелде аянттан
граната жарылып,
эки бутунан ажыраган милиция кызматкери
Алмаз АКЧЕКЕЕВ:
"Милициялар мамлекеттин өгөй балдары"
- Бишкек шаарындагы кайгуул күзөт полкунда милиционер болуп иштечүмүн. Ошол 7-апрель күнү таңкы саат жетиге чогултуп, коомдук тартипти сактайсыңар деп бизди резервге кармашты. Түшкү саат бирлерде аянтка алып чыгышты. Бизде эч кандай коргонуучу кийим, курал-жарак да жок. Үстүбүздө милиция формасы, колубузда дубинка. Ошол учурда эл бир заматта көбөйүп, ызы-чуу катуу башталып, биз ортодо калдык. Бизди эл таш менен уруп, артка кача баштадык. Артка баратып өзүмөн-өзүм ыргып, жыгылып кеткенимди түшүнбөй калдым. Көрсө, биз тарапка граната ыргытылган экен. Мен жыгылып, оозу-мурдуман кан кетип туралбай калдым. Жыгылганымды көргөн кесиптештерим кызматтык машине менен ?1 ооруканага алпарышып, дароо операцияга киргизишти. Ооруканага жеткенде эсимди жоготуп койдум. Ошол боюнча эки күндөн кийин эсиме келдим. Көзүмдү ачсам эки бутумду кесип салышыптыр. Врачтардын айтымында кан аябай көп кетип, гемоглобин отузга түшүп кетиптир. Гемоглобини отузга түшкөн адамды сактоо өтө кыйын, сендей аман калгандар чанда гана кездешет дешти врачтар. Дарыгерлер өмүрүмдү сактап калуу максатында шашылыш түрдө бутумду ампутация кылышыптыр. Ыргытылган граната бут сөөктөрүмдү талкалап, жанчып кетиптир. Андан кийин бир бутумду кесип, жок дегенде экинчисин алып калалы дешиптир, бирок ага да мүмкүнчүлүк болбоптур. Оозум жарылып, үстүңкү эрдим эки бөлүнүп, алдыңкы алты тишим сыныптыр. Денемдин соо жери жок.
Ошол учурда биздин формачан турганыбызды көргөн эл кыжырданып, Бакиевдин бийлигин коргоп атат дешти. Милиция кызматкери болгондон кийин президент Бакиев болобу же Отунбаевабы, Ички иштер кызматынын коомдук тартипти сактоо жана мамлекеттик негизги объектилерди кайтаруу деп жазылган мыйзамга баш ийебиз. Ошонун негизинде биз өз кызматыбызды аткарып атканбыз. Азыркы бийлик деле милицияны пайдаланып атышпайбы. Мамлекеттин милицияга өгөй баладай мамиле кылганы өкүнүчтүү. Азыр деле бирдеме болсо милицияны пайдаланышат.
7-апрелде жабыр тарткандарды турак-жай менен камсыздап, үй берип атышат. Баягы эле мамлекеттин өгөй балдары болуп биз унутта калдык. Кыргызстан боюнча 7-апрелде каза болгон балдардан эң оор жаракат алган мен экенмин. Азыркыга чейин денемден гранатанын сыныктары чыгат. Учурда үйүм жок, эч кандай шарты жок батирге акча төлөп жашайм. Бир балам бар, экинчисин күтүп атабыз. ИИМ тарабынан 21-07 үлгүсүндөгү унаа, Каарман медалы берилди. Эки бутум тизеден өйдө кесилгендиктен машине айдоо ыңгайсыз экен. Мурдагыдай жалгыз жүрө албайм, дайыма бирөө жандап жүрүш керек.
Алты саны аман кишинин бир заматта эки бутунан айрылып баспай калышы өтө чоң сокку экен. Буттарым жок экенин билгенден кийин жашоодон үмүтүмдү үзгөндөй болдум, мындан аркы турмушум, үй-бүлөм, бала-бакырам кандай болот дедим. Бул жактан дарылангандан кийин Россиянын ӨКМ учагы менен Москвага алпарышты. Россиянын ИИМне караштуу госпиталында эки ай жатып, буттарыма протез жасап, колума чыгырык (ходунок) беришти. Азыр чыгырыкка жөлөнүп, протез буттарымды шилтеп жаныма жандооч алып күн өткөрүүдөмүн. Эгер балдарым үйлүү болушу үчүн менин өлүмүм керек болсо өлүп деле калсам болмок экен…

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




Ээси бар эстеликтер
Кечээ Ата-Бейит мемориалдык комплексинде, ал жерге коюлган баатырлардын урматына митинг-реквием болуп өттү. Ага президент Р.Отунбаева баш болгон өлкө жетекчилиги катышып, маркумдарга гүл коюлуп, куран окутулду. Аталган комплекстин башкы архитектору Улан Бейшенбаевдин айтымында, бул жерге бийиктиги 8 метр келген эстелик орнотулуп, ортосунда түбөлүк от жанып турмакчы. Мындан тышкары апрель окуясынын каармандарына арналып Ала-Тоо аянтына 7 метрлик ак жана кара таштан дагы бир эстелик коюлат дейт ал. Президент Р.Отунбаева эстелик орнотула турган жерге капсула койду. Эстелик Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата толук бүткөрүлөт. Ал эми Кемин району боюнча күлгүндөй он азамат апрель окуяларында шейит кеткен экен, аларга арналып эстелик орнотулса, Сокулук районунда эстелик коюлчу жер аныкталды.


Тогуз боз үй, толгонгон эл..
Ала-Тоо аянтында 9 боз үй тигилип, көпчүлүк кирип-чыгып куран окутуп жатышты. Бул боз үйлөрдүн төртөөнү Бишкек шаарынын райондору тиксе, калгандарын Ысык-Көл, Талас, Чүй облустары алып келип тиккен.


Баткендиктер бата кылышты
Апрел окуяларында алыскы Баткен облусунан 6 киши каза болуптур. Алар: Абытали уулу Азамат, Кожонов Заиридин, Аширов Кудурет, Камбаров Акжол, Адилажанов Алишер жана Турдалиев Мирлан эле. Курман болгондордун эң жашы 18 жашта, эң улуусу 55 жашта болгон. Баткен облусунун бардык район-шаарларында элдик революцияда каза болгон жердештеринин урматына куран окутулду.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ