01.04.11 - 6-бет:
 "Каралар" козголоңу

Атамбаев Көлбаевге телефон чалабы?
Абактагылардын өткөн жумада башталган ачкачылык акциясы 30-мартта аяктады. Ал ортодо темир тор артындагылардын жакындары Ак үй алдында митинг өткөрүштү. Муну расмий бийлик криматалык Камчы Көлбаев уюштурган "шоу" сыпатында баалады.


Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) башчысынын орунбасары Калыбек Качкыналиевдин айтымында, "козголоңчулар" кылмыш чөйрөсүнүн лөктөрүнүн кармалып жатканына абдан нааразы. " Абакта отургандар түрмөдөгү шарттын начардыгынан ушундай кадамга барышууда деген доомат негизсиз " дейт ал.
ЖАК жетекчиси Шейшенбек Байзаков да мындай пикирди колдоорун маалымат жыйынында билдирди. Шейшенбек мырзанын сөзүнө таянсак, нааразы тарап бийликке жети талап коюптур. Жети талаптын өзөгүн кримдүйнөгө "аңчылыкты" токтотуу, абактагылардын шартын жана медициналык тейлөө кызматын жакшыртуу түзөт. Андан да жакаңды карматчусу бу жакта. " Эгер премьер-министр Алмазбек Атамбаев Камчы Көлбаевге телефон чалып суранса, түрмөдө отургандар ачкачылык акциясын токтотууга убада беришти " дейт Ш.Байзаков. Ошондой эле бу акция атайын сценарийдин негизинде даярдалгандыгын, анүчүн уюштуруучулар каражат бөлгөндүгүн кошумчалады.
Туура, абакта шарт начар. Бирок мындай кейиштүү көрүнүш бүгүн эле пайда боло калган жок да. Анда эркиндигинен ажырагандар көйгөйүн неге буга чейин айтышпады? Эмне үчүн кыргыз өкмөтү "караларга" каршы "согуш" ачып, ал өз жемишин бере баштаганда "көтөрүлүшкө" чыгышты? Баарынан да кылмыш чөйрөсүнө карата "чабуулду" токтоткула, Атамбаев Көлбаевге кулдук уруп барсын дегени кайсы акылга сыят? Демек, криматалык К.Көлбаев ушундай жол менен "бийлигин" сактап калууну көздөгөнүн боолголосок жарашат.
Эмираттагы "барбарос планы"
Жеке булактан алынган маалыматка ылайык, "кара дүйнөнүн" түштүктөгү "королу" Алманбет Анапияев Араб эмираттарында бөгүп жатат. Ага жакында Камчы Көлбаев барып кошулду. Такталбаган маалыматка караганда, А.Анапияев түштүк чөлкөмүндө наркобизнести көзөмөлдөйт дешет. Ал эми Алманбет мырза экс-президенттин иниси Жаныш Бакиевдин буйругун "кыңк" этпей аткарары белгилүү. Мындан улам Ж.Бакиев Арабиядан тигил экөөнө жолугуп түрмөдөгүлөрдү көтөрүү "акылын" айтыптыр. Ошондон кийин ачкачылык акциясы башталганы айтылат.
Бийлик -
крим күрөшү.
Ким жеңет?
Курама өкмөттүн кримдүй-нөнү тазалоо аракети коомчулуктан колдоо тапты. Ошол эле маалда мунун артында тымызын оюндар жүрүп жатканы жашыруун эмес. Тактап айтканда, өкмөт аке К.Көлбаевди "тактан" кулатып, анын ордуна өз адамын дайындоону көздөгөнүн айрым басылмалар жарыялады. Эгер божомолдор жүзөгө ашса, жакын арада "мыйзамдагы ууру" таажысын таластык "атаман" кийет. Бул азыркы бийликке ыңгайлуу болгону менен, Көлбаев менен жылуу алакада жүргөн айрым аткаминер, депутаттарды белге чабары турган иш. Себеби алардын бизнесин криматалык канаттууга кактырбай коргоп келет… Буга байланыштуу Ак үй, Көк үйдөгү кээ бир берендер Көлбаев-Анапияев "тандемин" сактап калууга болгон күчүн жумшоодо дешет. Ал аз келгенсип, жогоруда айткандай экс-президент Курманбек Бакиевдин сыртта бозуп жүргөн жакындары көмөктөшүүдө. Булар тактыны кайра кайруу үчүн миллиондордун көзүн карабай чачары турган иш.
Айтор, бийлик - крим күрөшү дагы узакка созулат окшоп калды. Мындан кандай натыйжа чыгарын мезгил өзү көрсөтөт.
Талантбек СЫДЫКОВ, сүрөттөр В.ВОРОНИНдики

Ток этерин айтканда
Кыргызстанда 11 түзөтүү колониясы, алты СИЗО бар.
"Козголоңчулардын" ачкачылык акциясын Нарындагы ?4 СИЗО, балдар (Вознесеновка айылы) жана аялдар (Степное айылы) колониясы колдогон жок.
Вице-премьер-министр Шамил Атахановдун маалымдашынча, "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев болжол менен Араб эмираттарында жашырынып жүрөт. Ошого байланыштуу ИИМдин алкагында Арабияга кат жөнөтүлдү.




Камчыбек ТАШИЕВ:
"Кааласаңар нан, куран кармайм,
бала-чакамдын атын айтып карганам..."
(Уландысы. Башы 5-бетте)
? Аяна, Бишкек шаарынын тургуну:
- "Ата мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "ата журтчуларды" Бакиевдин "бөлтүрүктөрү" атаган болчу. Жыл айланбай эле а киши менен ысык алакага өттүңүз. Силерди эмне байланыштырып турат?
- Эч ким менен мамилемди суутуп же ысытайын деген ниетим жок. Ө.Текебаев бизди Бакиевдин "бөлтүрүгүнө" салыштырганын жамы журт жакшы билет. Ошондон кийин Текебаевдин рейтинги бир нече эсе төмөндөдү. Натыйжада парламентке өткөн партиялардын эң артында калды.
Бүгүнкү күндө бардык фракция жетекчилери менен жакшы алакадамын. Бирөөсү дагы мага душман болгон эмес жана душмандашууну каалабайм. Анын ичинде Өмүрбек Чиркешович да бар. Текебаев өтө жакын досум эмес.
? Мамбет, Ош шаарынын тургуну:
- Мамлекет башына келсеңиз парламенттик башкаруу системасынан президенттик бийликке кайтып барбайбызбы?
- Сөзсүз эле күчтүү президенттик башкаруунун кереги жок. Ошол эле мезгилде президенттин кайсы бир функцияларын чындоо зарыл. Маселен, өлкө жетекчиси тышкы саясатты көзөмөлдөшү керек.
? Эмил, Токтогул районунун тургуну:
- Камчыбек Ташиев Н.Тү-леев, Н.Молдобаев сыяктуу түндүктүк партиялаштарын жерип, аларды депутаттык мандатынан ажыратууну көздөйт дешет. Ушул чынбы?
- Партиялаштарымдын баары менен мамилем жылуу. Мен түндүк-түштүк деп бөлүнбөйм. Кыргыз элин, кыргыз мамлекетин сактап калалы десек, түндүк-түштүк өнөкөтүн ташташыбыз абзел. Элди экиге бөлгөн эл душманы болуп саналат. Өз элине душман болууну адам өмүрүндөгү эң оор кайгы катары билем.
? Элдияр, Бишкек шаарынын тургуну:
- Сиз улутчулсузбу же мекенчилсизби?
- Мен мыйзамды сыйлаган адаммын. Демек, мен улутчул-мекенчилмин. Кыргыз үчүн жанымды бергенден да кайра тартпайм. Дүйнөнүн кайсы бурчунда жүрбөйүн кыргыз элинин кызыкчылыгын, намысын коргогонго даярмын.
? Айбек, Бишкек шаарынын тургуну:
- Мамлекетибизди эртеңи эмне болот? Кыргызстандын келечеги барбы деги?
- Кудай буюрса, Кыргызстан гүлдөгөн өлкөлөрдүн катарына кошулат. Көп кейибей, жашоого оң маанайда караңыз.
- Жумуш таппай жүрөм. Мени ишке аласызбы?
- Бизде андай деле көп жумуш жок. Келиңизчи, сизге ылайыктуу иш караштырып көрөлү.





"Түндүк-түштүк балансы сакталган тандем түзүлөт"
Окурман журтчулугунан соң кезек "Жаңы Агымдын" суроолоруна жетти.
- Эгер он талап аткарылбаса коалициядан чыгарыңар дайын. Ошол талаптарды коалиция куралардын астында койбойт белеңер?
- Азыркы коалиция аз убакыт ичинде куралган. Агезде көп нерселер ойго келбептир. Бүгүн гана өлкөбүздөгү бардык күчтөрдү бириктирүү зарылдыгын түшүндүк.
- Жаңы коалиция "Ата журт"-"Ата мекен"-"Ар-намыстын" негизинде куралары каңкууланууда. Түрдүү багыттагы партиялардын биригиши реалдуубу?
- Биздеги партиялар формалдуу түрдө гана батышчыл же россиячыл деп бөлүнөт. А чындыгында баарыбыздын табиятыбыз бирдей. Ошондуктан, кандай форматта коалиция түзүлбөсүн, ынтымакта иштеп кеткенге мүмкүнчүлүк бар.
- Коалиция маселеси козголгондон бери спикер Ахматбек Келдибеков менен пикириңиз келишпегени айтылууда. Учурда мамилеңер кандай?
- А.Келдибеков менен С.Жапа-ров менин жакын досторум. Достук алаканы саясатка аралаштырбайбыз. Экөөбүздүн ортобузда талаш маселе жок. Болгону бизди уруштурууну каалаган кишилер бар.
- 2005-жылы Бакиев-Кулов тандеми түзүлгөн. Быйыл Ташиев-Кулов тандеми президенттик шайлоого катышышы мүмкүнбү?
- Азырынча белгисиз, бирок кайсы бир деңгээлде тандем болот. Анда түндүк-түштүк балансы сөзсүз сакталат…
- "Ата журттагы" Нариман Түлеев, Мыктыбек Абдылдаев сындуу лөктөр президенттик шайлоого катышуусу ыктымал. Ошол эле маалда сиз дагы "чоң казатка" тымызын даярданып атасыз. Бул "Ата журт" партиясынын ыдырашын шарттабайбы?
- Биздин партия эч качан жоголбойт. Кайсы бир депутат кетсе, анын ордун тизме боюнча кийинкиси басат. Ал эми президенттик шайлоого бизден жалгыз гана талапкер аттанат. Ошого карабастан, партия ичиндеги ар бир саясатчынын президенттикке өз алдынча катышууга толук укугу бар. Бирок ал "Ата журт" партиясынын чечими катары таанылбайт.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ,
e-mail:kerimbayev@mail.ru, тел.:38-67-19