01.04.11 - 19-бет:
  Бейкүнөө периштелер


Жакында адамдын төбө чачын тик тургузуп, үрөй учурган окуя Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда болуп өттү. Бир заматта жантаслим болгон үч бөбөктүн өлүмү жергиликтүү элди дүрбөлөңгө салды.
Иске ууланып, бешикте күйүп өлгөн үч наристе
Кара-Кулжа районунун борборундагы Больничный көчөсүндө жайгашкан райондук оорукананын кызматкерлерине тиешелүү жатаканада жашаган 1976-жылкы Венера Садыбекова деген келиндин үйүнөн 29-март күнү эртең мененки саат тогузда өрт чыккан. Эшик-терезеси жабык үйдөн чыккан түтүндүн жытынан улам жатаканадагы кошуналары өрт өчүрүүчүлөргө кабар беришкен. Өрт болгон жерге Кара-Кулжа районундагы өрт коопсуздугу кызматынын №66 бөлүмүнөн өрт өчүргүчтөр беш мүнөткө жетпей барышкан. Эшик-терезеси жабылып, сыртында кулпу турган үйдүн каалгасын талкалап кирген өрт өчүргүчтөр жалбырттап күйгөн тилсиз жоо менен каңырсыган кара түтүндүн жагымсыз жытына кабылышты. Үйдүн ичи капкара болуп эч нерсе көрүнбөй калган. Өрттү он мүнөттүн ичинде өчүрүп, үйдүн ичин каптаган кара түтүндү чыгарганда гана жерде томолонуп, иске ууланып өлгөн эки кичинекей наристенин сөөгүн көрүшөт. Бешикте жаткан наристенин башы, бир жак капталы, буттарынын учтары күйүп, сөөгү капкара болуп катып калган экен. Жыгач бешикти тилсиз жоо бир заматта жалмап, беймарал уктап жаткан наристе тирүүлөй тозокко кабылып, чырылдаган боюнча өрттөнгөнү анын ыйлап каткан келбетинен көрүнүп турду. Үйдүн жыгач шыптары, төшөнчүлөрү күйүп, 30 чарчы метр жер бир заматта күлгө айланган. Үч наристенин чымчыктай жаны чыккан бул каргашалуу окуяга ким күнөөлүү, дегеле балдардын ата-энеси ким деген суроо өрт өчүргүчтөрдү тынчсыздандырды. Көрсө, бул жатаканада отуз беш жаштагы Венера аттуу бой келин үч баласы менен жашачу экен. Ал он төрт жаштагы улуу баласын айылдагы таенесинин колуна жибериптир. Венера 2007-жылы электр энергиясын ашыкча пайдаланып жибергендиги үчүн чоң суммада карыз болуп калыптыр. Андан тышкары кичи кредиттик уюмдардан да акча алып, бирок аны убагында төлөп берүүгө каражаты жетпеген. Ал карызын сурап келген кредиторлордон жашынып, балдарын сыртынан бекитип, үйүнө жолочу эмес тура. Кошуналарынын айтымында, Венера илгерки "кесипти" аркалап, күнү-түнү иштеп акча тапчу экен. Эшигин кулпулап бекиткени аз келгенсип, терезесинин сыртынан да темир кагып, үйдө эч ким жашабайт дегендей түр көргөзүп коюптур. Үйүндө калган үч наристени сыртынан бекитип кеткенин көргөн кошуналары сен жокто балдарды карап туралы, ачкычыңды калтырып кетпейсиңби деп далай жолу айтышкан экен. Бирок Венера карыз доолаган кредиторлорго эшикти ачып берип, менин абийиримди төгөсүңөр дегендей кылып ачкычты эч кимге калтырчу эмес. Иске ууланып өлгөн эки наристенин улуусу 2005-жылы жарыкка келген Адилет Сыдыков, кичүүсү Асема Сыдыкова, ал эми бешиктеги бөбөк 2010-жылы төрөлгөн, он айлык Асан кызы Күмүшай экен. Күбөлөрдүн айтымында, Венера алты жашар уулу Адилетке бөбөктөрүңдү карап тур деп үч жаштагы Асема менен он айлык Күмүшайды калтырып кетчү. Бешиктен бели чыгалек, ак-караны ажыратып билелек алты жашар бала эки бөбөгү эмес, өзү да чоңдордун камкордугуна муктаж экени айтпаса да түшүнүктүү. Балдарына кош көңүл мамиле жасаган эне кургур үчөөнөн бир күндө айрылып каларын кайдан билсин. Күнүмдүк көроокаттын айынан атасыз өсүп аткан балдарынын тамагын таап, карыздардан коркуп, "жумушуна" кеткенин айтып чырылдап бирде эсинен танса, бирде эсине келген Венера учурда шок болуп ооруканада оор абалында жатат.
Сотмедэкспертизанын иликтөөсүндө үйдүн ичинде сайылып турган колго жасалган электр плиткасынан өрт чыккан. Балким, чуркап жүргөн эки бала "козелго" бир нерсе ыргытып жибергенби деген да божомолдор бар.
Чолпондой болгон үч наристенин өлүмүнө энеси себепкер экени түшүнүктүү. Ушундан улам, заман азыркыдай опон-топон болуп атканда айрым энелерден энелик касиет качканбы деген ой келет экен. Ансыз да тирүү өлүк бечара үчүн үч наристени бир учурда жоготуу өмүрү айыккыс так. Бирок муну сезгенден анын күнөөсү жуулабы-жуулбайбы?
P.S. Маалыматтар жана сүрөттөр КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан алынды
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Кырк жыл боло электе

Кучманын куйругу чубала баштады…

Учурда Украинада экс-президент Леонид Кучмага каршы кылмыш иши козголуп, сурак иштери кызуу жүрүүдө. 2000-жылы "Украинская правда" гезитинин журналисти Георгий Гонгадзенин башы кесилген сөөгү токойдон табылып, 2009-жылы бул өлтүрүүгө катыштыгы бар деп ошол кездеги Украина ИИМнин чоң кызматтагы чиновниги кармалган.

Гонгадзе кантип өлтүрүлгөн?
1994-жылдан баштап өлкөнү жетектеген президент Кучманын үй-бүлөсү кылым тогошор мезгилде бир гана Украина, КМШда эле эмес, Европа континентиндеги эң бай адамдардын катарына киришкен. Мындай абалды көргөн Алексей Подольский жана Георгий Гонгадзе аттуу "Украина келечеги" фондунда иштешкен журналисттер мамлекет башчысынын түбүн каза башташат. Алардын аракеттери ийгиликтүү болуп жатканын көргөн Кучма ошол кездеги ИИМ башчысы Юрий Кравченкону чакырып, тигилерди коркутуп койгула деген тапшырма берет. Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт болуп ИИМ башчысы кол алдындагы генералы Алексей Пукачка тапшырма берет. Өлбөй калган журналист Алексей Подольский кийин бул тууралуу "Пукач өзүнүн "иттери" менен мени токойго алып барып, резина дубинка менен өлөрчө сабап, өз курум менен муунтумуш болуп, бирок өлтүрбөй токойго чала жан кылып таштап кетишкен. Мен эптеп аман калып, милиция кызматкерлери мени ушундай кылды деп Прилукский райондук РОВДга арыз жазсам карабай коюшкан. Андан кийин ошол кездеги Башкы прокурор Михаил Потебенького да арыз менен кайрылгам. Бул иш президенттин буйругу менен болгонгобу, айтор, ал да унчуккан эмес" деп 2005-жылкы революциядан кийин айтып чыккан. Кызыгы, Георгий Гонгадзенин өлүмү да дал ошол Алексей Подольскийди коркутууга окшош болгону, аны ишке ашырган адамдар бир экенинен кабар берет. Гонгадзени дал мени коркуткан Пукач өз колу менен муунтуп, анан башын кесип салган деп билдиргенин, ал Пукачтын аябай мыкаачы, жырткыч жаныбарга окшогон мүнөзү менен түшүндүргөн. Бул иш ошол бойдон унутулуп, Гонгадзенин өлүмү ачылбай келген.

Рекламная пауза
Кучма бийликтен кеткенден кийин бул ишти жакшылап иликтеп аягына чыгышса деле болмок. Бирок жаңы бийлик антпеди. Анткени ошол кездеги ИИМ башчысы, анын орунбасарлары 2005-жылдан кийин табышмактуу түрдө өлтүрүлүп, бул ишке катыштыгы барлардан Пукач эле кармалып, ушул учурга чейин камакта өзүнүн сотун күтүп келет. Анүстүнө Кучма учурда бийликке келгендер менен пикирлеш болуп, өзүнүн администрация башчысы болуп жүргөн Владимир Литвинди Жогорку Раданын жетекчилигине келүүсүнө моралдык жана материалдык жардамдарын аяган эмес. Ошол себептен карга карганын көзүн чукубайт болуп, Кучма чогулткан байлыгына чартаңбай тээп жүргөн эле…

Өздөн чыккан жакшы жат
Өзүнүн 10 жылдан ашуун бийлиги учурунда Кучманы тегеректеп жүргөн мамлекеттик кайтаруу кызматынын офицерлери алмашкан эмес. Анткени президент аларга аябай ишенгендиктен, алардын көзүнчө деле былык иштерин кеңири жүргүзө берген. Мындай мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөбөгөн иштерди көргөн жансакчылардын арасында бир патриот жигит бар эле. Ошол кездеги Кучманын жакын жансакчысы болуп жүргөн майор Николай Мельниченко шефинин бүт былык иштерине кыжыры кайнап, айрымдарын диктофонго жазып жүргөн экен. Учурда ошол жазууларды алып чыгып, элди сыздатып кеткен президенттен өчүн алуу менен бирге башка саясатчыларга сабак көрсөтүп атыр. Жазылып алынган архивдин ичинде Гонгадзени жок кылуу боюнча тапшырма ИИМ министрине берилип жатканы, ошондой эле ошол кездеги администрация башчысы, бүгүнкү спикер Владимир Литвин менен былык иштерди талкуулап жаткан учурлар бар экенин билип, ал далилдер колунда тургандыктан, прокурорлор экс-президентке коркпой кылмыш ишин козгоп отурушат. Жакында Украина парламентинин спикери да сурак бериши мүмкүн. Күн сайын сурак берип жаткан Кучма өзүнүн экс-жансакчысы менен бетме-бет жолуккандан качканына караганда чын эле көп күнөөсү бардай ой калтырат. Ал эми Николай Мельниченко Украинадан жана Россиядан жансакчыларды сурап, азыр өз өмүрүн сотко чейин аман кармап турууну көздөп атыр. Себеби өзүнүн мафиясын кенен жайылткан Кучманын командасы экс-ИИМ чоңдорунун көзүн тазалагандай эле бир офицерди чымын өлтүргөндөй жок кылып коюшу толук мүмкүн. Учурда дүйнө эли Япониядагы "Фукусимага", Ливиядагы согушка жана Украинадагы шоуга чоң көңүл буруп, эмне болуп кетет экен деп байкоо салып атыр.

Павлюк Гонгадзе эмеспи?
Бизде да Гонгадзеникине окшогон окуя катталган. Геннадий Павлюк дегенди уксаңыздар керек. Кантип укпайсыз, борбордун так ортосуна эстелигин койдуруп алсак… Дал ошол көзгө көрүнөр макала жазбаган журналистти айрым саясатчылар бийликтин колу менен өлтүрүлдү деп жүрүшкөн. Өткөндө казак баурдастар ал кишинин өлүмүнө эч кандай саясаттын тиешеси жок деп "балп" эттире салышты эле, саясый боек бергиси келгендер кайра жанданышып, Павлюкту чуть-ли кыргыз эл баатыры кылгылары келгендигин билдирип чыгышты.
Ушул жерден, эмне себептен бийликке ачык каршы чыгып, о дүйнө көздөй кете берген Шералы Назаркулов сыяктуу чыныгы баатырларга наам берип эстелигин койбойбуз дагы, кандай кырдаалда өлгөнү белгисиз болгон, көз карандысыз адамдардын айтканы боюнча кадимки тоноо учурундагы өлүм менен о дүйнө кеткени айтылган, карапайым окурман үчүн бийликке каршы чучукка жеткире жазган бир да макаласын, макаласын кой, атын өлгөндөн кийин тааныган адамга борбордон балчыйта эстелик коюп салабыз деген суроо туулбай койбойт экен.

Кубат
КУДАЙБЕРГЕНОВ