01.04.11 - 14-бет:
  Жаңырык

Энджей, ырчы:
"Баары чөнтөктөгү 75 сомдон башталган"
Блиц анкета

Толук аты-жөнү: Нурбек Жоробеков
Туулган жылы: 1986-жыл, 10-декабарь
Туулган жери: Өзгөн району, Мырзаке айылы
Тилегени: тынчтык
Баалаганы: япон жана корей элинин ашканасы
Жашоодогу урааны: "Убакыт баарынан кымбат"
Репертуарындагы популярдуу ырлар: "Өзүңсүң", "Жди меня", "Мезгил", "Сүйүү деми".


- Стилиңе караганда Батышка көбүрөөк ыктайт окшойсуң?
- Үйдө эки бир тууганбыз. Ата-энем эки башка жашагандыктан, апама жардам берейин деп эмгекке жакын өстүм. Мектепте окуган кезде балдар атамдын жок экенин баса белгилешип, жашоодо эч кандай ийгиликке жетише албасымды айтып ыйлаткан күндөрү көп болгон. Менин шагымды сындыргысы келгендерге колуман келген каршылыгымды көрсөтүп, өзүмдү коргочумун. Жакшы окуп, коомдук иштерге активдүү катышканымды көрө албаган классташтарым да арбын болчу. Кызыктуу да, өкүнүчтүү да күндөр менен коштолгон окуучулук күндөрүм аяктап, каражат табуу үчүн Алматыга барып контейнерде бут кийим саткандан баштагам. Андан кийин Россияда кафеде официант болуп иштеп, бара-бара досторду таба баштадым. Официант болуп, ошол эле учурда идиш да, пол да жууп акча тапкан күндөрүм болгон. Түнкү клубдарга кечени өткөрүү боюнча идеяларды киргизип, кээде уюштуруучулук иштерге аралашып жүрүп шоу-бизнес тууралуу түшүнүк калыптанды. Биздикине караганда Батыштын стили менде чындап эле басымдуу. Балким Кыргызстанга караганда чет жакта көп жүргөндүн таасири болсо керек.
- Атыңан тил сынат го?
- Атымды өзгөртүп псевдоним менен чыгуу үчүн көп ойлондум. Энджейдин баш тамгасы "эн" деген англисче Нурбектин баш тамгасы. Калганы Жоробеков деген фамилиямдын башкы үч тамгасын алгам.
- Жаңы чыккан ырчылар арбын, алардан эмнең менен өзгөчөлөнүп жаңылык киргизе аласың?
- Бизде таланттуу ырчылар көп, бирок идеяларды ишке ашырганы, өзгөчө стили менен эсте калгандары саналуу эле. Атайын спецэффекттер менен жогорку деңгээлдеги концерт берейин десең билет баасы кымбаттай түшөт. Кымбат билет элдин чөнтөгүнө чак келбейт. Бир караганда баары эле каражат маселесине келип такалса керек. Ошентсе да жаңы изденүү, фантазиянын жардамы менен ошол корогон акчаны башкача жумшап жогорку деңгээлде концерт берсең болот. Бизде беш ырчыны үлгү кылып, элдин баары ошолордун аркасынан кууп алган. Башка ырчылар да ошолорду туурап, өз алдынча изденүүсү басаңдай түшөт. Элдин табити түрдүү да, эгер башкача стиль, ыр менен чыксаң, бирде болбосо бирде эл сени сөзсүз жакшы кабыл алат.
- Жеке концертиңди берсең кандай өзгөчөлүктөр менен коштолот?
- Буюрса жеке концертти күз айына пландаштырып жатам. Жогоруда айткандай, Кыргызстанга караганда чет жакта көп жүрүп калдым. Алардын концерт койгондогу идеяларын карап отуруп жакшы үлгү алсаң болот. Мен концертимди театралдаштырылган сценарий менен өткөрүүнүн аракетин көрүп жатам. Казак, англис, орус тилинде жазылган ырларым аткарылат. Алматыдагы ырчы досторумду чакырам. Концертке чейин үч тилде жазылган он беш ырдан турган альбом чыгаруунун алдында турам.
- Жогоруда айткан пландарды ишке ашыруу үчүн аз эмес каражат керек болсо керек. Чыгармачылыгыңа материалдык жактан ким колдоо көрсөтөт?
- Оштон Бишкек шаарына барып окуйм деп чөнтөгүмө 75 сом салып келе бергем. 2006-жылы Алматыга консерваторияга тапшырдым. Бут кийим сатып чогулткан акчаларым, андан кийин кафеде, түнкү клубда иштеп тапкан акчамды азыр аз-аздан чыгармачылыкка жумшап финансы жагын бир калыпка салып алдым. Албетте ушул аралыкта жакшы дос-тааныш күтүп, жардам бере турган адамдарды таптым. Азыркы тепкичке өз күчүм менен жеттим. Бут кийим сатып, пол, идиш жууп акча тапканым үчүн арданбайм.
- Ырчылыкты кесип кылгандан да хобби катары санагандар арбын. Сен үчүн ырчылык эмне?
- Үйдө жалгыз бала болгон үчүнбү, ата-энем менин олуттуу кесипти аркалашымды каалашкан. Бирок мен беттегенимди бербей ырчылыктын аркасынан түштүм. Беш жашыман ырдап, он биринчи классты окуганда Гүлшайыр Садыбакасова жетектеген "Кыз бурак" тобунда иштедим. Алгачкы ийгиликтерим ошондо башталган эле. Заманбап бий тобун ачып, куурчак теарында иштеп, Ош шаарындагы түнкү клубда өзүмдүн долбоорлорумду көрсөткөм. Апам комузду жакшы чертет. Чыгармачылыкка аз да болсо тиешеси бар болгону менен мени көп деле колдобойт. Атам менен апам менин юрист же медицина кызматкери болушумду каалашчу. Бирок мен музыкасыз, бийсиз жашай албайм. Жаңылык киргизгенди, жакшы чыгарма жаратканды жакшы көрөм. Ушул иштен ыракат алам. Музыка менин жашоом. Хобби катары карай албайм. Музыкасыз канатым жок куштаймын десем аша чаппайм.




  Бу жагынан да атагыбыз чыкты

Чырай сынак беле же ылай сынакпы?

Нааразычылыктар менен коштолгон "Мисс Кыргызстан - 2011" сынагынын жыйынтыгы азыр деле өз жемишин бере элек. Тактап айтканда, "Дүйнө сулуусу" сынагына жолдомо алган Назира Нуржанованын жеңиши жокко саналып айласы кетип турган кези. Уюштуруучулардын мунусу шылдыңбы же шалаакылыкпы деп көпчүлүк түшүнбөй турганда дагы бир ирет эки тарапка байланышып иштин чоо-жайын тактаганга аракет кылдык.

"Мисс Кыргызстан - 2011" сынагынын жеңүүчүсү Назира Нуржанова аталып, ноябрда Либерияда өтө турган "Дүйнө сулуусу" сынагына жолдомо алганын өткөндө маалымдаганбыз. Бирок эртеси эле сайтка жеңүүчүнүн дүйнөлүк деңгээлде өтө турган сынакка кабыл алынбай турганы айтылып чыкты. Уюштуруучуларга байланышып себебин сураганыбызда жарытылуу жооп ала албай "азырынча такталып жатат" деп кутулушкан. Андан бери такталбай эле таш-талканы чыккан сынак кыйла эле нааразычылык жаратып, атургай бул иш соттошууга чейин барышы мүмкүн деген сөздөр айтылып жаткан учур.
"Дүйнө сулуусу - 2011" сынагына Кыргызстандын өкүлүн кабыл алышпаганынын бирден бир себеби - сынак башында пландалган система менен өтпөгөнүндө жана калыстар тобу баалар жазылган документтерди комиссиянын мүчөлөрүнө өткөрүп бербегенинде болду дешет уюштуруучулар. "Дүйнө сулуусу" сынагынын Кыргызстандагы өкүлү Анимеш Баруа калыстар тобу биз иштеп чыккан системаны түшүнүшкөн жок деген дооматын бетине кармап жаткан кези. Ал эми калыстар тобу бизге сынактын жүрүшүн, кандай система менен кыздарды баалашыбыз керек экенин бири да алдын ала түшүндүрүшкөн эмес дегенди карманышат. Чын эле саат бешке чакырылган калыстар тобу жетиге чейин залдан өз ордуларын таба албай жүргөндөрүнө көрүүчүлөр деле күбө. Уюштуруучулардын ишин акмакчылык катары баалаган режиссер Эрнест Абдыжапаров баарынан да катышкан кыздарга зээни кейийт. Калыстар тобунун колундагы документтерин бербей койгонун шылтоо кылган уюштуруучулар менен пикир табыша албаган калыстар тобунун ортосунда кыздар эле чайналды өңдөнөт. Канчалаган акчасын короткон катышуучулардын абалы уюштуруучуларды ойлондурбаганы өкүндүрөт. Катышкан кыздардан канча чыгым болгонун сураганыбызда, болжол менен ар бир кыз 40-60 миң сомдун тегерегинде акча коротуп даярданышкан экен. Баарынан да убакытты үнөмдөө максатында "Кечки көйнөктөрдүн" көргөзмөсү деген бөлүгү болбой, кымбат баага алынган көйнөктөрдү көрө албай калгандар да, көргөзө албагандар да нааразы болушту. Ал эми сатылган билеттин баасы менен сынактын сапатын салыштырып болбойт. Эл эс алмак тургай, кыжырданып сахнага чейин чуркап чыгып нааразычылыктарын айткан көрүнүштү кайсы көрүүчү танат?
Анимеш БАРУА:
"Сынакка илинүүгө аракет кылып жатабыз"
- Калыстар тобу сизди сотко бергени жаткан турбайбы?
- Менин ал тууралуу кабарым жок.
- "Мисс Кыргызстан" наамына ээ Назира Нуржанованын иши кандай өңүттө уланат?
- Азыр сүйлөшүү жүрүп жатат. Мен "Дүйнө сулуусу" сынагынын уюштуруучулары менен макулдашканга аракет кылып жатам. Эгер такыр эле болбой калса, анда башка эл аралык сынактарга катышууга шарт түзүп беребиз. Кыскасы, бул жерде эч кимдин эмгегин жейли деген оюбуз жок.
- Кыргызстандын өкүлүн эл аралык сынакка кабыл албагандарынын себебин өз оозуңуздан уксак?
- Уюштуруудан кеткен кемчиликтерди мойнубузга алабыз. Баарын көзөмөлгө ала алган жокпуз. Ошентсе да калыстар тобу кагаздарга жазылган бааларды кол коюп туруп бизге өткөрүш керек эле. Ал деген сынактын жүрүшү кандай өткөнүн далилдей турган жападан жалгыз документ эле да. Бизге ал кагазды Самат Дөөлөтбаковдон бөлөк эч кимиси тапшырган жок.
- Сиз ал документтерди калыстар курамынан талап кылган жоксузбу?
- Өздөрү менен кагаздарды көтөрүп алып жыйынга кирип кетишти. Мындайга эч качан жол берилбеш керек болчу, бизден бир ооз да сурап коюшкан жок. Мен бир ооз айттым, бирок сыйлуу адамдардын пикирин да эске алуу керек деген жооп алдым. Ушул жоругубуз Европага жетип, алар сынак эреже боюнча өткөн жок, баары жокко чыгарылсын деген чечимге келишти.
Биз калыстар тобуна байланышканыбызда, алар документтерди концерт аяктаарда комиссиянын курамында отурган кыздардын колуна тапшыргандарын айтышты.
Назира НУРЖАНОВА, "Мисс Кыргызстан - 2011":
"Күйүндүм, эки күн ыйладым"
- Сынак калыс өткөнү менен уюштуруудагы шалаакылыктарды көбү эстеп калыптыр. Даярдыктары начар, кишини зериктире турган сынак экенин залда отургандар азыркыга чейин айтып жатышат. Баарынан дагы калыстар тобу "Мисс Кыргызстан" наамын ыйгарып бир сүйүнтүшсө, уюштуруучулар "Дүйнө сулуусу" сынагына катыша албасымды айтып күйүнтүштү. Ызама чыдабай эки күн ыйладым. Эки айлык эмгегимдин жыйынтыгы ушундай ылайланып бүткөнү өкүндүрбөй койбойт. Анткени бул наамды алыш үчүн биртоп эмгек, каражатым кетти. Демөөрчү издебей эле ата-энемдин, жакындарымдын колдоосуна таянып даярданган элем. Репетицияларга, кийип чыккан көйнөктөрүмө көп акча кетти. Эми "Дүйнө сулуусуна" жакшылап даярданайын деп атканда үрөйдү учурган кабар айтып жатышат. Азырынча уюштуруучулар эч кандай жооп берише элек. Дагы бир аз күтөм, эгер жыйынтык болбосо чара колдонууга туура келет.
Бетти даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА