presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Күндүн дүрбөлөңү

2012-жылы акыр заман
Болобу?
Япониядагы 9 баллдык зилзаладан кийин, 18-март күнү Бишкекте жана Чүйдүн аймактарында болгон жер титирөө эл арасында акыр заман жакындап калдыбы деген суроону туудуруп, кызуу талкууларды, ар түрдүү божомолдорду жарата баштады. Биз да бул маселени айланып өтө албай, акыр заман жөнүндө ойлонуп коюуну чечтик.

Жүрөктү түшүргөн тасмалар

2012- жылы акыр заман болушу мүмкүн экен деген божомол атактуу актер-режиссер Мел Гибсондун "Апокалипсис" жана Роланд Эммерихтин "2012" аттуу көркөм тасмаларынан кийин козголо баштады. Өзгөчө "2012" тасмасындагы көрүнүш кудум Япониядагы жер титирөө, цунами менен коштолгону бардык эле адамдарда акыр заман келе тургандай сезим жаратты. Ал тасмада 2009-жылы Адриан Хелмсли аттуу геолог Индияда илимий изилдөө иштери менен жүрүп, 3,5 километр тереңдиктеги жездин кенинен нейтриндердин агымы Күндүн бетиндеги болуп көрбөгөндөй жарыктын таасири астында ылдамданып, алар жердин ядросун ысытып, мунун натыйжасында 2012-жылы жерде кыямат кайым болоорун айтат. Окумуштуу АКШнын президентинин администрация башчысына эскертет. Өлкө башчысы G8 тобуна кирген өлкөлөрдүн башчыларын чогултуп, жадагалса котормочулары жок жабык эшик артында алдыда болуучу чоң кырсык жөнүндө кабарлайт. Президенттер өз ара кеңешип, 400 миң тандалган адам баласын жана бир нече түрлүү жаныбарларды сактап калуу үчүн 4 чоң кеме курууга киришет. Ал үчүн кемеге түшүүчүлөргө алдын ала кабар берилип, алар кемени куруу иштерине киши башына 1 миллиард доллардан беришип, билет сатып алышат. Кыскасы, окумуштуу болжолдогондой катуу жер титиреп, дүйнө жүзүн суу каптап, 3 кеме Азия менен Африканын бийик тоолорунда жашоосун улантып калышат. Акыркы жылдардагы G8 тобуна кирген ири мамлекеттердин президенттеринин бат-бат жолукканы, Япониядагы жаратылыш кырсыктары кудум кинодогудай болуп теледен кайра-кайра берилип жаткандыктан, дүйнө жүзү учурда ушул маселени талкуулап жатат. Муну интернеттен маалымат издеп жатып байкадык. Бул үчүн бир нече форумдарда темалар ачылып, жадагалса www.2012god.ru деген сайт ушул жылы акыр заман болобу же болбойбу деген маселенин тегерегинде ишин жүргүзүп жатыптыр. Ошентсе да, окумуштуулар Роланд Эммерихтин тасмасын илимий эрежелерге дал келбеген, ойлоп табуулары көп болгон, чындыктан такыр алыс болгон тасма деп табышып, акыр заман бул жылы болбойт деген тыянагын чыгарышка аргасыз болушкан.

Майя календары
Жогорудагы 2012-жылы акыр заман болот дегенди билдиргиси келген тасмалар индустардын майя календарына таянышкан. Анын негизинде жыл санак 2012-жылы бүтүшү мүмкүн экен. Бирок ошол эле майя календарында буга чейин 4 күн алмашып, биз бешинчи күндүн доорунда жашап жатыптырбыз. Алгачкы күн 4008 жылга созулуп, жер титирөөнүн кесепетинен жок болсо, экинчи күн 4010 жылга созулуп, катуу шамалдын кесепетинен кыйраптыр. Ал эми үчүнчү күн 4081 жыл өмүр сүрүп, төртүнчү күн 5026 жыл жашаган. Бизге чейинкиси суунун ири агымынан оомийин болгон. Ошол майя календарына таянган режиссерлор 2012-жылды "Кыймылдын күнү" деген аты бар биздин бешинчи күнүбүздүн күнү бүтөөр мезгил катары кабыл алышып, ушул тасмаларды тартууга киришишкен. Андыктан буларды эч кандай илимий божомолдорго таянбай, миф катары кабылданган календарга таянып тарткан тасмасын далилдүү факт катары карап, кооптонгонубуз туура эмес.

Ала-Тоодо айың кеп
Ал эми Кыргызстанда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мектептерде жер титирөөдөн кантип сактаныш керектигин көрсөтүп, ар кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү, учурда жер титирөөнү жаратуучу активдүү мезгилде жашап жатканыбыз жөнүндөгү маалыматтарды берип жатканы элдин ого бетер жүрөгүнүн үшүн алды. ӨКМдин бул маалыматына далил катары өткөн аптанын жума күнү эпицентри Кант шаарынан 10 чакырым алыстыкта болгон 4,5 баллдык жердин силкинүүсүнөн элдин оозунан келме түшпөй калганын айтсак болот. Ар кандай божомолдор, пикирлер, ушактар Японияны цунами каптагандай эле Ак үйдүн жетинчи кабатындай бийиктик менен өлкөбүздү бир айланып чыкты. Ага таянсак, жакынкы жылдары Кыргызстанда, болжол менен түндүктө, тагыраагы Токмок жакта катуу жер титирөө болуп, көп адам түбөлүк жашоого кетип калышы мүмкүн экен. Жадагалса так санын айтып ийгендер чыкты. Кудай сактасын дегенден башкага жарабаган карапайым кыргыздар улам мурунку олуялардын көзү ачыктык кылып акыр заманда кандай болоорун айткандарын эстешип, ага түшүндүрмө жооп таап жатышты.
Алсак, Калыгул Бай уулунун, Арстанбек Буйлаш уулунун акыр заман жөнүндөгү саптары дал бүгүнкү күндөгү турмуштагы терс көрүнүштөрдү чагылдырганы ойлонтпой койбойт. Ал эмес мектеп окуучулары да ошол саптарды окуп алып, канча жыл мурун айтылган нерсе азыр болуп жатпайбы деп кабатырланып жатыптыр. Айыл жергесинде билим алып жаткан 7-класстын окуучусу Урмат Манас уулу аттуу бала Калыгулдун:
Акыр заман кишиси,
Кичине болоор мүчөсү.
Илгери өткөн адамдан,
Башка болот деп айткан.
Адеби жок сүйлөгөн,
Кашка болот деп айткан.
Конушу такыр, чөбү жок,
Ташка конот деп айткан.
Мал азайып арымдап,
Жакыр болот деп айткан.
Эгини өнүп, чөп чыкпай,
Такыр болот деп айткан.
Андан кийин замана,
Акыр болот деп айткан, - деген саптарын окуп алып, өзүнчө чечмелеп чыгыптыр. Баарынан да кызыгы, айылдагы үйүбүзгө брусчатка кынап чыгып, чөп чыкпай турган кылып салганбыз. Акыр заманды адам баласы өзү чакырып жаткан турбайбы деп дил баянына ой толгоптур.

Илимий жагы
2012-жыл 29-февралын кошкондо толук 366 күндүү "високосный" жыл болот экен. Мындай жыл адам баласы үчүн башка жылдарга салыштырмалуу кыйынчылыгы менен өзгөчөлөнүп турат тура. Анын үстүнө бул жылы күн системасындагы планеталардын парады болуп, бир катарга тизилген планеталардын бири-бирине тийгизген гравитациялык таасиринин арты менен чоң толкундарды, цунамилерди пайда кылышы мүмкүн экен. Бул албетте деңиздерге, океандарга жакын өлкөлөр үчүн коркунуч туудурган маалымат.

Кырылат дейби эркекти?
Жаратылыштын өзгөрүшү, адам баласынын ар кандай ооруларга чалдыгуусу, кыздардын эркектерге караганда көп төрөлүшү, акыркы учурдагы дүйнө калкынын ичинде аялдар менен эркектердин жашоосу жана өлүм-житим деңгээлине карай, ошондой эле генетикалык изилдөөлөр, жаңы ачылыштардын негизинде англиялык "Фокус" журналы 2238-жылы акыркы эркек адам өлөт деп божомол жарыялашкан. Эркек жок болсо адамзаты да жоголуп кетиши мүмкүн деген божомолго, башка илимпоздор жасалма эркектер, жасалма адамдар жасалып отуруп жашоо улана бериши мүмкүн деп да болжолдошот.

Көзү ачыктар көчөсүндө
Тарыхта өзүнүн болжолдорунун дал келүүсү жагынан таамай айта билген эки адам бар. Анын бири атактуу Нострадамус болсо, экинчиси, өткөн кылымда жашап өткөн болгариялык Ванга кемпир. Нострадамустун убагында ушундай көзү ачыктык, сыйкырчыга тиешелүү нерселерди кылгандыгы үчүн жазалашчу. Ошондон качкан олуя өзүнүн болжолдорун ыр түрүндө табышмактантып айтып кеткен. Ал негизинен бир кылымды бир айтып салса, бизге жакыныраак Ванга ар бир жылды жиликтеп, карапайым адам түшүнө тургандай кылып өзү көргөн аяндарын элге жеткирип кеткен. Нострадамустун айткандары боюнча, акыр заман 2149-жылы болуп, андан кийин башка цивилизация пайда болот. Ал эми Ванганын версиясы боюнча 5079-жылы жер планетасы ааламдан такыр жок болуп кетет. Ага чейин адамдар жасалма органдарды ойлоп табышып, жарым адам жарым роботко айланып, башка планетага да көчүп кетишет экен.

Акыркы фактылар
Ванга чоң эненин айтып кеткендерин фактыларга таянып, туура айтыптыр деп жыл аягында атайын изилдегендер элди да ынандырып келишет. Алсак, буга чейин Курск суу астында калат деп айтканда, элдин баары Курск шаарын элестетишет. ХХ кылымдын аягында "Курск" суу астында сүзүүчү кемеси чөгүп кетет. Андан кийин 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы терракты таамай айткан. Ванганын айткандарын далилдей берсе сөз түгөнбөйт. Кыскарта чапканда, быйылкы жылга эмне айтканын жана жакынкы мезгилде дүйнөнү эмне күтөөрүн кеп кылалы. Ванга 2011-жылы "радиоактивдүү жаандардын кесепетинен түндүк жарым шарда тирүү жандык же өсүмдүк калбайт. Мусулмандар европалыктарга каршы химиялык согуш ачышат" деп айткан. Радиоактивдүү жаан эч кандай согуш болбой эле жаратылыш кырсыгынан жабыркап, жарылуунун натыйжасында абага тарап кеткен Япониянын "Фукусима-1" АЭСинен чыккан радиоактивдүү элементтер жөнүндө айтылып жатат. Ал шамалдын агымы менен түндүк жарым шарга багыт алып, жаан түрүндө адам баласына, жан-жаныбар, өсүмдүктөргө зыян алып келет. Ал эми химиялык согуш катары учурда АКШ менен Европа биригип алып, Ливияга согуш ачканына жини келген Муаммар Каддафи Европага каршы химиялык курал колдонушу мүмкүн деп чечмелейт Ванганы изилдөөчү адистер. Мунун натыйжасында Европа жок болуп, дүйнөнү мусулмандар башкарып калат экен. 2014-жылы жер бетинде, өзгөчө түндүк жакта "ак жара" деген оору химиялык согуш, радиациянын негизинде пайда болуп, көпчүлүктү эки жыл кыйнайт экен.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??