presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  ТВ-маек

Кубат ОТОРБАЕВ,
Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору:
"Саясый оюндар күчөгөнү КТРКга көз арткандар да көбөйдү"
- Кубат мырза, жакында 7-апрель. Сиздин бул орунга дайындалганыңызга бир жыл болду. Бул аралыкта эмнеге үлгүрдүңүз? Экранды жакшыртуу колуман келди деп айта аласызбы?
- Али жасай турган иштер көп. Бирок көп жумуш бүткөрүлдү.
- Мисалы, ал кандай жумуштар?
- Эгер ошол 8-апрелге келсек, жоон топ бала кирип талкалаган имарат, техникалык жабдуулар ички каражат эсебинен калыбына келтирилди. Бул 10 млн. сом. Ошондой эле былтыркы парламенттик шайлоодон түшкөн акчаны каналдын техникалык базасын жакшыртууга жумшадык. Ал ишти аткарууда биз Кыргызстан жакынкы жылдары санарип берүүгө өтөөрүн эске алдык. Эң негизгиси, коомдук каналдын пайдубалын түптөп койдук. Декретке ылайык Байкоочу кеңеш конкурстук негизде тандалып, алар атаандаштык негизде 3-декабрда башкы директорлукка мени шайлашты. Андан соң менин ошол шайлоо алдындагы платформамдын негизинде ал кездеги орунбасарым, жакындан бери Мегаком компаниясынын башкы директорлугуна барган Алмаз Абеков экөөбүз иштеп чыккан каналдын стратегиялык өнүгүү программасын Байкоочу кеңеш кабыл алды. Мындан тышкары, каналдын уставын иштеп чыктык. Байкоочу кеңеш сунуштаган редакциялык саясат азыр талкууланып атат. Ал эми учурда биз корпорациянын структурасын жакшыртуу иштерин жасап атабыз.
- Сиз айткандардын баарысы коомдук каналды түптөө иштери экен. Бирок жөнөкөй көрүүчүгө, угуучуга экрандагы көрсөтүүлөрдүн, обого чыккан уктуруулардын сапатынын жакшырышы маанилүү эмеспи?
- Бул айтканы-ңыздын калети жок. Албетте, ал жаатта да биртоп иштер жасалды. Айталы, жаңы бир нече көрсөтүүлөр чыга баштады. Каналдын миссиясына ылайык, агартуу, окутуу, таанып-билүү жаатындагы көрсөтүү, уктурууларга басым жасап атабыз. Мисалы, заманбап технология боюнча "Чекит.kg", ден соолук боюнча баштан-аяк өзгөртүлгөн "Телеклиника", "Китепкөй", "Спортдүйнө" жана башкалар. Таңкы "Замана" студиясы жаңы форматта чыга баштады. Анан негизгиси, мектеп окуучулары менен студенттерге багытталган "Келечек" агартуу студиясын ачтык. Ошол эле маалда экрандын сапатын жакшыртуу үчүн биз каякка барабыз, кантип өнүгөбүз, ошолорду аныктап алганыбыз оң. Ошондон улам стратегиялык өнүгүү программасы, редакциялык саясат, устав - булардын баары маанилүү. Көрсөтүү, уктуруулардын сапатына келе турган болсок, биз 20 жылдап жаманатты болуп калган каналга сөз эркиндигин алып келдик десем ашыкча кетпейм го. Парламенттик шайлоо убагындагы атаандаштыкта, андан кийинки фракциялар ортосундагы таймаштарда жана кечээки эле Мегаком айланасындагы кармаштарда каналдын калыстыкты кармап иштегени ага ачык далил.
- Ак үйдөн, дегеле, бийликтен тигини көрсөткүлө, муну көрсөтпөгүлө деген көрсөтмөлөр такыр жок деп айта аласызбы?
- Албетте КТРКда коомдук башкаруу, коомдук көзөмөл болгону менен канал мамлекеттик болуп эсептелет. Уставда жазылгандай, биз мамлекеттин бүтүндүгү, элдин кызыкчылыгы сыяктуу маселелерди алдыга коёбуз. Ошол эле маалда бийлик бутактары менен кызматташып, анын башында турган президент, төрага, премьер-министрге сөз беребиз. Анүстүнө жагдай ушундай түзүлгөн экен, көрсөтүү, уктуруулары өлкөнүн бардык аймактарына жеткен канал КТРК эле экен. Ошондон улам маанилүү окуяларды берип турушубуз керек. Качан Кыргызстан санарип берүүгө өтүп, жүзгө жакын телерадиоканалдар пайда болгондо бул маселе өзүнөн өзү чечилет го деген ойдомун.
- Соңку убакта парламентте коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин азыркы курамын таратуу демилгеси көтөрүлүп атат. Ага байланыштуу жаңы мыйзам кабыл алыш керек дешүүдө. Бул иштердин түп максаты эмнеде?
- Ачыгын айтсам, түпкү максаты - айрым саясый күчтөр каналды кайрадан өзүнө алып, кол баладай жумшап алууну көздөп турабы деп чочуп турам. Анүстүнө быйыл президенттик шайлоо. Ал эми КТРК шайлоочуларга таасир бере турган башкы куралдардын бири экенин баары билет. Биринчиден, азыркы Байкоочу кеңеш мөөнөтү бүткөнчө иштеши керек деп ойлойм. Экинчиден, Байкоочу кеңештин курамына ар бир фракция өз адамын отургузгусу келип атат. Бирок коомдук каналдын артыкчылыгы ошондой саясый кызыкчылыктардын таасири астында калбашында да. Азыркы Байкоочу кеңештин курамындагы 15 адамдын бири дагы бир да саясый партиянын мүчөсү эмес. Анан мыйзамдагы карама-каршылыктар жаңыдан түптөлүп аткан жакшы иштерди токтотууга негиз болбош керек. Андай болсо ошол эле парламенттин иши боюнча мыйзамдык карама-каршылыктар ошол парламенттин өзүн таратууга негиз болуп бербейт да.
- Президенттик шайлоонун астында коомдук телеканалга көз арткандар арбып, атургай жеке сизге асылган майда-барат маалыматтар басылып, шайлоонун желаргысынан кабар бергендей...
- Ооба, коомдогу саясый олку-солкулук коомдук телеканалдын да ишмердигине таасирин тийгизбей койбойт экен. Ошол эле маалда менин ишимен кынтык таба албагандар жеке өзүмө асылып, жумурткадан кыр издеп атканы байкалат. Бир гезиттин жазганына караганда, мен жалаң эле "Ата мекен" партиясынын өкүлдөрүн эфирге чыгарып атыпмын. Ошол эле маалда ал гезит башка фракция өкүлдөрүн, парламентке кирбеген башка саясый күчтөрдүн өкүлдөрүн эфирден "көргүсү" келбей жатат. Башка гезиттин жазганы боюнча мен бир журналист кызга машине "алып бериптирмин". Ал маалыматты териштирип көрсөк, жакында каза болгон апасы ал кызга акыркы акчасын мурас калтырып, ал машинени апасынын көзү өткөнчө эле алган экен. Ошон үчүн бул маалыматтар мага жабылган жалаа деп айтар элем. Кыскасы, жаз келип, саясый окуялар жакындаган сайын каналга, менин ордума көз арткандар көбөйүп жатканы таңгалыштуу эмес.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА




  Лидериңди айтчы...

Саның сайдын ташындай, салмагың канча?
Тарыхтын саясый өнүгүү тажрыйбасы көрсөткөндөй, партия атуулдук коом менен мамлекеттин ортосундагы байланышты натыйжалуу камсыз кылган көпүрө болууга тийиш. Партия - объективдүү көрүнүш. Ал коомдун бардык өнүгүү этаптары, анын негизги структуралары тең салмактанып калганда пайда болот. Анын пайда болушу саясаттын субъектиси катары өзүнүн кызыкчылыктарын турмушка ашырууга жигердүү киришүүсү менен тыгыз байланыштуу.
Учурда Кыргызстанда каттоодо 152 партия бар. Революциячыл кыргыз өлкөсү бул жагынан да алдына ат салдырбай келет. Бирок саны көп партиялардын салмагы, кебете-кешпири (портрети) кандай, баам салып көрөлү.


Деги партия деген эмне?

Классикалык жана дүйнөдөгү азыркы тажрыйбага таянсак, саясый партия төмөндөгүдөй болушу керек. Биринчи, анын идеологиясы болушу зарыл. Экинчи, мыкты лидери. Үчүнчү, уюштуруу курамы: бардык аймактарды камтыган баштапкы уюмдары, ячейкалары. Төртүнчү, шайлоого чейин да, шайлоодон кийин да колдой турган социалдык таянычы, электораты болушу кажет. Бешинчи, коомдун элиталык жана башкаруу чөйрөсүндөгү алдыңкы, мыкты өкүлдөрүнүн болушу шарт. Алтынчы, партиянын интеллектуалдардан турган уюткулуу ордосу, ядросунун болушу зарыл. Жетинчи, партияны колдогон, достошкон же өзүнүн менчик жалпыга маалымдоо каражаттарынын болушу. Сегизинчи, өз алдынча каржыланган акчасынын болушу. Тогузунчу, партиянын саясый тарыхы же саясый айдыңдагы узак убакытка жашоо тажрыйбасы, баскан жолу айтылат.
Кыргызстандын мисалында көп партиялуу тутум ХХ кылымдын 90-жылдарынан башталып, аздыр-көптүр өнүгүү жолунда баратат деп эсептесек болот. Андан бери биртоп убакыт өткөнүн эске алсак, өткөөл мезгилдеги саясый партиялардын абалына мүнөздөмөлөрдү берүүгө мезгил жетти деп ойлойбуз. Ошондуктан кыргыз саясый партияларында жогоруда биз санаган тогуз белги барбы, издеп көрөлү. Кыргызстандагы партиялык тутум демократиялык эрежелерге төп келеби, келбесе да жакындашабы? Бул өлкөдө кадимки кадик көп партиялык тутум түзүүгө шарттар барбы? Талдоого аракет кылып көрөлү.
Кыргызстанда көп партиялуулуктун негизи бар. Кечээ жакынга чейин 1999-жылы кабыл алынган "Саясый партиялар жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде иш алып барышты. 2008-жылы 13-июнда "Ак жол" партиясы басымдуулук кылган Жогорку Кеңеш "Саясый партиялар жөнүндөгү" акыркы мыйзамды кабыл алган. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстанда партиялар үчүн укуктук база бар, жаңы кабыл алынган мыйзам идеалдуу болбосо да мурдагыларга караганда биртоп прогрессивдүү. Эң негизги эреже - саясый партиялар жөнүндөгү мыйзам бир гана максатты көздөшү керек: атуулдардын саясый активдүүлүгүн коргоо жана колдоого умтулат.
Көп партиялуу тутум - өлкөнүн демократиялык багытта өнүгүшүнүн кепилдиги. Реалдуу аракеттеги көп партиялуу тутум түзүлгөн жерде оңчул, солчул экстремисттик, охлократиялык, авторитардык же тоталитардык көрүнүштөр коркунучтуу эмес. Тилекке каршы, азыркы Кыргызстандын акыркы жылдарына көз чаптырсак, партиялардын реалдуу аракеттерине шарт түзүлбөй келет. Маселени тереңирээк талдоо үчүн кыргыз партияларынын портретин төмөндөгүдөй тартсак болот.

Колот партиялар
Азыркы Кыргызстандагы партиялардын көбүнүн жогору жагы эле көрүнүп, өлкө борбору Бишкекте эле иштешет, аймактарда алардын таасири деле байкалбайт. Ошондон улам Кыргызстандагы азыркы партиялардын эң негизги көйгөйү коомдун чыныгы социалдык түзүлүшүн чагылдыра албайт, так идеологиялык багыты жок болгондуктан, элдин колдоосуна ээ боло албай келет. Алар саясат таануунун тили менен айтканда, протопартиялар, саясый клубга окшогон уюмдар же кыргызча айтканда, "колот партиялар". Өзүн партия деп атап алганы менен жалпы республикалык деңгээлдеги социалдык базасы жок саясый уюмдар.

(Уландысы 10-бетте)




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??