25.03.11 - 4-бет:
  Кырдаал

Орус-кыргыз жомогу, ойдогудай болобу?
Жума башында Орусияга барган А.Атамбаев олжолуу кайттым деп турат. Премьер-министр бул жолку визитине жакшы эле даярданган. Ак-Суу районундагы аты бар эле чокунун эски атын аркы коктуга ыргыттырып жиберип Путиндин атын койдурган. В.В.Путин буга ыракмат айтканын уга албадык.


Орусия тарап мурда айтышкандай, күйүүчү майды үстөксүз берүү убадасынан тайган жок. Ушул эле жылы 1 млн.тонна беребиз деп жатышат.
Мындан тышкары, оокат кылып тургула деп 1,5 миң тонна үрөн, 20 миң тонна дизелдик май бермек болушуптур. Эң башкысы, Кыргызстандын Орусияга тышкы карызы (500 млн.доллар) жөнүндө кеңири сөз болсо керек. Кыргызда эрдик кылсаң сүрө кыл дечү эле, мынча болду, Орусия тарап ушул карызын деле кечип койсо болмок дегиң келет экен. Муну айрым өлкөлөрдүн миллиарддаган карызын (мисалы, Ирак) кечип жибергенинен улам айтып жатабыз. Орусия антпеди. Ошону менен "Дастан" заводунун 48 %ын, мындагы соода өкүлчүлүгүнүн имаратын оруска бермей болдук. Алар ушуга ыраазыбыз дегендей кылып турат. Түркиянын премьер-министри Тайип Эрдоган Бишкекке келгенинде дал ушул "Дастанга" кызыгыптыр деген сөз чыгып, Орусиянын кабагы бүркөлө түшкөн. Эми акыры алып тынат окшойт. Белгилүү себептерден улам "Дастандын" дастанын айтпай эле коелу.
Мындан тышкары, Орусия Камбар-Ата 1 ГЭСине кайрылмак болуптур. Бирок энергетика министри А.Шадиевдин айтымында, анын курулуш наркы мурда айтылып жүргөн 1млрд.700 млн. доллардан 3-4 млрд.га чаап кетет окшойт. Тамаша ушул болуп турат. Кандай эле мынчалыкка чаап кетет? Кийин асмандаган чыгымын шылтоологон Орусия Камбар-Ата 1ди казыксыз байлап албайбы деген суроого жооп табалбайсың.
Ошондой эле А.Атамбаев "Кыргызгаздын" 75%ын Орусияга беребиз деп келди. Негизи мамлекеттин колунда "Кыргызгаздын" 82% гана бар. 8% соцфондго, 9,9% жеке жарандарга таандык. Бирок бул стратегиялык тармакты Орусияга дээрлик баш-оту менен берип коюунун кандай кажаты бар эле деген күдүк суроолор күч. Атамбаевдин өкмөтү Орусия Кыргызстанды газ менен камсыз кылуудан тышкары мунай, газ чалгындоо иштерин жүргүзөт деп ынандырууда. Атаңдын көрү, мунай же газдын ири булагын чукуп чыкса сонун эле болгон турат деңизчи, бирок таза эле Орусиянын көзүн карап калбайбызбы дейт экенсиң.
Учурда биз газды Өзбекстан-дан 1 млн. кубун 223 доллардан алабыз. Быйылкы жылы 200 миң. куб метр газга кол коюшканбыз. Анүстүнө бизге келаткан газ түтүк менен келатып эле түтүнгө айланып кеткен учурлары арбын. 2008-жылы сатылып алынган газдын 24%, 2009-жылы 60 млн.куб метри "оомийин" болгон. Муну коррупцияга "оролгон" жоготуу дейт экенбиз. Эми "Кыргызгаз" Орусиянын энчисине тийсе мындай жоготуу болбойбу, эң башкысы, Өзбекстан менен кандай сүйлөшөт, кийинки жылдары газ кымбаттайбы же жокпу, бизге белгисиз.
"Кыргызгаздын" Орусиянын колуна оошун "ата мекенчи" Ө.Абдырахманов ачык эле жактырбай турат. Бул эл депутаты: "…биздин өкмөт Орусия менен стратегиялык алака түзүүнүн ордуна, аларга кошомат кылып баарын берели деп жатат. Газ мамлекеттик стратегиялык нерсе болуп эсептелет. Эгер Атамбаев газдын баарын Орусияга берип койсо, биз эми орустарды чакырабызбы? Бир күнү Атамбаев Бабанов менен урушкандай уруша кетсе, алар газдын кранын жаап койсо эмне болот?" деп баарыбызды үркүтүп жатат.
"Кыргызгазды" колго алуу менен Орусия алысты мелжеп жаткандай. "Кыргызгаздын" Казакстандын "Казтрансгазы" менен биргелешкен ишканасы бар. Аны да алса Казакстан менен алакасын арттырат. Бу тарапта Кытай турат дегендей. Байкалып тургандай, Орусия оңой маселени ойлонбоптур. Жакында сөздөн ишке өтчүдөй шекилдүү. Ошентип оюбуз жеткен менен колубуз жетпеген кыргыз кыялын орус ишке ашырганы калды окшойт.
Орусиянын өкүлдөрү ат тезегин кургатпай Кыргызстанга каттап, бооруна тарткан түр көрсөтүүдө. Кечээ эле орус президентинин аймактар аралык жана маданий байланыш бөлүмүнүн башчысы Сергей Винокуров баштаган олуттуу өкүлдөрү келип, "Кыргыз-орус аймактар аралык байланышы" аталган атайын форум өткөрүп жиберишти. Анда соода-экономи-калык, маданий-социалдык, туризм багытында беш келишимге кол коюлгандан тышкары, Омск менен Чүй, Ош менен Алтай облустарынын губернаторлору кадимкидей төш кагышып шерттешип, мындан ары бири-бирисиз жашай албай турганын билдиришсе, карап тургандардын жашып кеткендери да болду. Мындай "кучакташуулардын" далайын көргөн жаныбыз жыйынтыгына анча көзүбүз жетпей турат. Ылайым эле бир ооздон күпүлдөшкөндөй жашылча-жемиштер ортомчусуз сатылып, энергетика, туризм жаатында "эргип" иштешип кетсек кана?

Темирбек Алымбеков, тел.:38-67-13




  Түрмөгө отургуза албайсыңар го

Айыптар коюлду, же апрель алдындагы актануу

Апрель окуялары боюнча жүрүп жаткан сот процессинин негизги өзгөчөлүгү соттук курам өзгөрүп, апрель окуясына "матрешка гейт" жана "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун мыйзамсыз сатылышы боюнча иштер да кошулуп каралмакчы болгон. 23-мартта өткөн соттук кароодо мамлекеттик айыптоочу 28 айыпталуучунун бир канчасына күнөөлөрүн угузду.
Оболу мурдагы президент Курманбек Бакиевдин айыбы окулуп, ал бийликти бир колго топтоо максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, коррупциялык схемаларды түзгөн, 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарды атууга тиешеси болгон деп айыпталууда. Ага кошумча К.Бакиевге 2002-жылы аксылыктарды атууга тиешеси болгон, АКШ базасына ташылган авиакеросинден акциздик салыкты алып салган деген күнөөлөр коюлду.
Мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Мурат Суталиновго 7-апрелде демонстранттарды атууга тиешеси болгон деген айыптан тышкары, ""Түндүкэлектр" ишканасын сатуудагы коррупцияга катышы бар деген айып кошумча окулду. Алар ошол кездеги УКМК жетекчисинин орунбасары Марат Бакиев, мурдагы Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов менен биргеликте "Түндүкэлектр" ишканасын сатууда коррупциялык келишимдерди түзүп, өлкөгө 132 миллион доллар зыян келтиргени айтылды.
Тилекке каршы, негизги айыпталуучулардын бардыгы чет мамлекеттерде качып жүргөндүктөн, аларга издөө салынган. Эми сот процесси 28-мартта уланат.





  Үшкүрүк

Балдарынын өлүү-тирүүсүн билбей тургандарга өкмөт эмне дейт?

Жуманын башынан бери Ак үй алдында июнь коогалаңында жабыркагандар митингге чыгышып, бийликке бир катар талаптарды коюшууда. Алардын башкы талабы - ошол окуяда дайынсыз жоголгондорду издөө, иликтөө иштерин тездетүү жана каза болгондордун жакындарынын социалдык маселелерин чечип берүү боюнча өкмөт берген убадасынын аткарылышы.
Акцияга чыккандар негизинен жоголгондорду издөө иштери солгун жүрүп, табылган сөөктөрдүн кимдигин аныктоо өтө кечеңдеп жатканына жана бул кагылыштын негизги күнөөкөрү болгон Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттердин кармалбаганына нааразы. Ушул маселелер боюнча алар бийликке бир нече жолу кат менен кайрылганын, бирок эч кандай жооп болбогонун, эгер эми талаптар аткарылбаса ачкачылык акциясы башталарын айтышууда.
Учурда Башкы прокуратура июнь коогалаңы боюнча козголгон кылмыш иштерди текшерүүгө алып, айрым кылмыш иштерин токтотуу боюнча кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн иликтей баштады. Расмий маалыматка ылайык, июнь коогасы боюнча жалпысынан 5300дөн ашуун кылмыш иши козголгон, алардын 1750дөйү ар кандай себептер менен токтотулган.
Кечээ акциянын катышуучуларын ЖК төрөгасы А.Келдибеков кабыл алып, курман болгон жарандарга Эл баатыры наамын берүү талабын колдой тургандыгын билдирип, июнь окуяларынын келип чыгуу себептерин жана анын кесепетин иликтөө боюнча парламенттик комиссиянын жыйынтыгын күтүп жаткандыгын айтты.
Албетте июнь окуясында дайынсыз болгон жарандарды табуу чараларын көрүү, жакындарынан айрылган, жабыр тарткан бүлөлөргө материалдык жана моралдык жардам көрсөтүү, ата-энесинен айрылган балдарга жөлөкпул төлөө жана социалдык коргоого алуу айныгыс маселе. Бирок курман болгондорго Эл баатыры деген наам берүү талаш туудурат.
Зайырбек АЖЫМАТОВ, сүрөттөр В.Ворониндики