25.03.11 - 22-бет:
  Куттуктоо

Сары алтындай адамсыз,
Салмагың тоодой чынында

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Бүткүл союздук саламаттык сактоонун отличниги, ардактуу ардагер Нуржан Мырзакан уулу, сизди 70 жылдык мааракеңизди биздин үй-бүлөбүздүн атынан чын жүрөгүбүздөн чыккан куттуктообузду ушул "Жаңы Агым" гезити аркылуу билдирип коюуну чечтик.

Биз сиздин үй-бүлөңүз менен 1971-жылдан бери кол үзүшпөй, сый мамиледе келе жатабыз. Биздин бири-бирибизге болгон жылуу сезимдерибиз дал келишип, акылдаш, сырдаш болуп, тизгиндин эки учун тең чойгон калыс мамиледе жүргөнүбүзгө чоң кубанычтуубуз.
Нуке, жеке адамгерчилигиңизге кайрылып адилет баа берүү ашыкча болбос деп ойлойм. Сиздин ишке болгон жетекчилик жөндөмдүүлүгүңүз, уюштуруучулугуңуз, калыстыгыңыз, кызматкерлерге болгон сергек мамилеңиз коллективде өтө жогору бааланып тураар эле. Ошонун натыйжасында сый-урматка ээ болуп жүрдүңүз. Анткени ар бир иштеп кеткен жериңизде сизди урматтоо менен сөз кылышат. Айрыкча ак халатчан айымдар сизди көргөндө жалдырап карап, көз оттору желкеңизден өтүп, колдорундагы ийнеси түшүп кетчүдөй сезилчү. Көрсө кол жетпегенге ал да жетпей ичтен сызып кала берчү тура. Балким дагы бир оозунан бал тамган ырчы айым сизди көргөндө ырын унутуп, шилекейин жуталбай калган күндөр болгондур. Чындыгында эр жигитке мындан артык сый-урмат болбосо керек. Бул жигитчиликтин туу чокусу деп ойлойм.

Айдай болгон айымдар,
Адашып алыс калдыңар.
Ал кездеги сыйлар жок,
Азыр ак чач болду алдыңар - деп тамаша иретинде ошол алтын айымдарды ыраазы кылып коелу.
Нуке, "жакшыга жанашсаң жетесиң мураска" дегендей, сиздин айланаңызда да жакшы мамиледе жүргөн жоро-жолдошторуңуз, досторуңуз бар экенине да күбөбүз. Жоро-жолдош, досторду күтүп, сыйлоодо үй-бүлөңүздүн куту болгон даткадай айым Рапахан жарыңыздын адамгерчилиги, пейлинин кенендиги, сезимталдыгы, мээримдүүлүгү үйүңүзгө кут төгүлүп, дасторконуңузга береке чачып тургандай сезилет. Жакшы жар жигитке жөлөк, таяныч эмеспи, анын сыңарындай "аял жакшы эр жакшы" деген ата-бабалардын улуу сөзү силердин үй-бүлөдө сакталып келет.
Нуке, сиздей асыл адамга айтууга сөз табылбай, каалоомдун аягын жүрөктөн чыккан ыр саптары менен бүтөйүн. Сизге узак жол, узун өмүр каалайм, торколуу тоюңуз кут болсун!
Кечээки ата-бабаңыз,
Кетмен-Төбө жердеген.
Кездешип көп жыл келебиз,
Керемет досум сен менен.

Ойноп-күлүп жүрө бер,
Ортосу жаштын жетимиш.
Ортодо сексен, токсондор,
Ошонун суусун кечиңиз.

Балдардын көрүп убайын,
Баш-көз болуп жүрүңүз.
Бактылуу болсун жолуңуз,
Бакубат өмүр сүрүңүз.

Жарашып өмүр жолуңда,
Жакшы өттү гүлдөй жаштыгың.
Жаныңдан чыкпай кыз-келин,
Жакшысы ошол бактынын.

Тамаша-чындык аралаш,
Татаалын жолдун билесиң.
Таластык нечен айымга,
Тагдырдаш бирге күбөсүң.

Ардактуу эмгек өтөдүң,
Ак куусун көлдүн имерип.
Азыр да жолуң карашаар,
Асылкеч күмүш билерик.

Сары алтындай адамсыз,
Салмагың тоодой чынында.
Санаалаш бирге өмүрлөр,
Сакталса деймин кылымга.

Урматтоо менен Токтаалы ЖАПАР уулу




  Тагдырдын тайкы жолу

Арак, аял, азап

Ат-Башы районунан Кенжебек Айдаров аттуу 26 жаштагы жигит редакцияга башбакты. Арманы аттын башындай бул жигит турмуштун оор соккусуна туруштук берип келдим, эми мындан ары чыдай албайм, эмне кылышты билбей калдым дейт кейип. Башынан өткөн оор турмушун айтып отуруп көзүнө жаш тегеренип, үнү каргылданып чыкты. Кишини тике карай албай жалтаңдап, коркок болуп калыптыр.

- Үй-бүлөдө сегиз баланын кичүүсүмүн. Атам эрте эле каза болуп калган. Ал арактын айынан өлдү. Чындыгында ата-энем үйдө нан жок болсо да аракка акча таап, маңдай-тескей отуруп ичкен адаты бар эле. Эмне ичесиңер десек, силердин акчаңарга ичип атыптырбызбы деп жаман көрүп, кайра бизге атырылчу. Арак ичип эле тынч жатып калбай, апам экөө далай жолу мушташып, үйдөгү эмеректерди талкалап, ортого түшкөн балдарын сабап, айылдагыларга далай сөз болдук. Бир жолу ата-энем мас болуп катуу урушуп кетишти. Атама жини келген апам аны отургуч менен башын жарып салган. Ошондон көп өтпөй эле атам инсульт болуп бир жак капталы кыймылдабай жатып калды. Ошол кезде менден улуу ага-эжелерим шаарга өз турмушун куруп кетишкен.
Атам төшөккө жаткандан баштап апамдын бөтөлкөлөш ойноштору көбөйө баштады. Ошентип төшөктө үч жыл жаткан атам экинчи жолу инсульт болуп көз жумду. Мурда атама каралап үйдөн алыс кеталбаган апам эми эркиндикке чыккандай болду. Күндөп-түндөп айылдын аракечтери менен кетет. Бир туугандарым анда-санда келип апама жолугайын деп таппай, көңүлдөрү чөгүп кетишет. Апам экөөбүз чогуу жашаганыбыз менен мен үйдө жалгыз калдым. Короодо чычкак улагыбыз, үйдө ырыстуу ашыбыз жок. Иштейин десем жумуш жок. Үлүшкө алган жерибизди апам аракка сатып жиберди.
Апамдын оңолбосун билип шаарда жашаган бир туугандарымдыкына келдим. Эжем төрт баласы менен Бакай-Ата жаңы конушунда батирде жашашат экен. Жездем болсо эртеден-кечке арак ичип жумуш жок деп үйдө бош жатса, эжем ашканада идиш, пол жууп иштейт экен. Жашоолору абдан начар. Алардыкына барсам мас болгон жездем "эмне келдиң, иштеп акча таап бизге жардам берсең жаша. Сен эмес балдарымды араң багып атам. Айылда эле жүрө бербейсиңби" деп жаман көргөнүн айтты. Айла жок эжемди аядым, бир тууганым эмеспи деп агамдыкына келдим. Агам менен жеңем экөө тең Кудайберген базарында унаа тетиктерин сатышат. Эки балабызды араң багып атабыз деп мен барганда эле наалышты. Байкеме жумуш таап бербесең көчөдө калдым, апам үйгө карабай ичип кетти дедим. Бирок бир жумага жетпей эле жеңем кагынып-силкинип жактырбаганын билгизди. Жумуш издеп базарга бардым, бут тазалагыч болуп иштегендердин жанына келсем, чоочундарды жолотушпайт экен. Айлам кетип араба түрткүчтөрдөн кантип иштесем болот десем, алар да өзүбүз жетиштүүбүз дейт. Горький көчөсүндө жумуш издеп отургандардын арасына кошулуп, бир жолу бирөөнүн дааратканасын казып, короо-жайын тазалап бердик. Адегенде 200 сомго сүйлөшкөнбүз. Бирок иштеткенден кийин 50 сомдон колубузга карматып кетирип жиберди. Азыр теңчилик, акыйкатчылык заман болбой калса керек. Мен өмүр бою басынып, башкалардын кордугун көрүп келатам. Айылда да ушинтип бирөөлөргө жардам берип акчасын алалбай калган күндөр далай болгон. Ошондуктан кээде эч кимге ишенгим келбейт, адамдардын баары алдамчыдай сезилет.
Бир жумадан бери көчөдө калдым. Бара турган жерим жок. Айылга кетейин десем, ал жакта баягы эле мамайдын көрү. Анүстүнө апам үйдү сатып жибериптир деп уктум. Өзү көчөдө калды дейт. Иштейин десем иш, баш калкалаганга жай жок. Эмне кылышты билбейм.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, тел.: 38-67-13



  Шыпаагер

Айнура РАИМБАЕВА, акушер-гинеколог:
"Эркектер кыздарды өздөрү бузушат"
XXI кылымды бетине кармап кыздык белгиге жеңил көз караш менен мамиле жасаган улан-кыздар арбын. Ал эми медицинада гимопластика кандай роль аткарарын адистин оозунан уктук.

- Биздин менталитетке туура келбеген көрүнүштөрдүн бири кыздык белгинин жоктугу да. Эркектер өздөрү башка кыздарды бузуп коет, бирок өздөрүнө келгенде абийири таза кыз алгылары келет эмеспи. Кыргызстанга гимопластика деген түшүнүк он беш жыл мурда келген. Кыздык белги биринчиден, кыз үчүн эмес эркек үчүн керек. Кыздык белги челкабык, ал жылдызча түрүндө айрылып, ошол тигиштерди кайрадан калыбына келтирүү үчүн кийин операция колдонулат. Мунун эки түрү бар. Биринчиси, үч күнгө, экинчиси, мөөнөтү чектелбей канча болсо деле жүрө берет. Биринчи түрүндөгү жасалган операциядан соң үчүнчү күнү жыныстык кошулууга барбаса тигиштер ажырап кыз максатына жетпей калат. Биз үч күндөн ашык кепилдик бере албайбыз.
- Кыздык белгини бир нече жолу калыбына келтирген учурлар кездешеби?
- Бир эле жолу жыныстык катнашка барган жана жыныстык жашоодо жашап жүргөндөргө гимопластика жасоодо айырма арбын. Жыныстык жашоодо такай жашагандардын жыныс кынынын булчуңдары бошоңдоп калат. Менин практикамда кыздыгын бир эмес бир нече жолу тиктирип кеткендер болгон. Бир эле мисал айтсам, бир кардар турмушка чыкмак экен. Барган жери жупуну болуп отурбай келе бериптир. Бул жактан кыздыгын тиктирип кеткен болчу. Кийин дагы турмушка чыгып жатам деп келди, кайрадан тигип бердик. Бирок экинчисинде инфекция жуктуруп алыптыр. Ушундай инфекция менен кантип күйөөгө тийгени жатасың десем, тиге бергиле деп болбой койду. Кийин келип дарыланып кетти.
- Кыздык белгиси бар болуп туруп боюна бүтүп калган жагдайлар кездешет экен. Ал медицинада кандай аталат?
- Жыныстык органды жыныс кынына киргизбей эки буттун ортосунан кумарга батуу пейтинг деп аталат. Азыр жаштардын арасында, өспүрүм кыздарда ушул түшүнүк кеңири тараган. Уруктун кыймылы күчтүү, ал жыныс кынына кирип жумуртка клетка менен кошулуп жатынга барып түшөт. Жатындын тамырларынын да урукту өзүнө тартып алуу жөндөмү күчтүү. Кыздар өздөрү таң калып кыз болуп туруп кантип боюмда болуп калды деп келишет. Андай учурда кыздык белгини жыныстык кошулуу аркылуу алдырып, анан бойдон түшүрөт. Учурда "бархатный аборт" деген таблетканын жардамы менен бойдон түшүрүү ыкмасы колдонулуп жатат. Дары ичкенде жатын жыйрылып бала бойдон түшөт, бул ыкма түйүлдүккө 49 күн болгондо гана колдонулат. Башка учурда операция менен алдырышат. Гинекологдун аспабын сезгенден көрө төрөп алганы жакшы.
- Аялын ээрчитип келип адистерден кыздык белгини текшерткен учурлар болобу?
- Справка доолаганда атайын коммиссия түзүлүп текшерилет. Кээ бири ээрчитип келип кыз болуп калган учурлар кездешет. Айрымдар биринчи түнү канаган жок, кыздык белгиси жокпу деп аялын сүйрөп келишет. Анда мына кыздык белги турат, айрылган, кан тамырлар жок болгондуктан канабай калган деп түшүндүрүп беребиз.
Бегайым БАЙБОСУНОВА