25.03.11 - 21-бет:
  Жайдары маек

Темир НАЗАРОВ, ырчы:
"Виктория экөөбүз өтө жакшы түшүнүшкөн адамдардан элек"

Жаш ырчылардын көч башы аталган Темир Назаровдун бир убакта ыргыткан ташы жогору кулап турду эле, күтүүсүздөн продюсери Канат Култаев менен таарыныша кетип чыгармачылыктан тыныгуу алып калды. "Туулган жер", "Энекем" "Ханышам", "Бишкек" деген ырлары азыр деле уюлдук телефондордо жаңырып, көпчүлүк улан-кыздын сүймөнчүгү болуп келет. Учурда үй-бүлөсү менен Ошто жашап, бир уул, бир кыздын атасы болгон Темирдин борборго келгенин кулагыбыз чалып кепке тарттык.

- Борборго чыгармачылыкка байланышкан иштер менен келдиңби же жеке жумуштар мененби?
- Нооруз майрамын үй-бүлөм менен өткөрүп алып экинчи борборго келишиме жеке иштерим түрткү болду. Учурда Ош шаарынын мэриясында, Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда иштеп жатам.
- Бишкектеги сахналаштарыңа жолугуп сагынычыңды таратканга жетиштиңби?
- Бул жакка келгенде учурашып, кабарлашып кеткеним менен Бишкектен сахналаш досторум Ошко барса сый-урмат менен тосуп алабыз. Конокко чакырып, аш жеп дебейинби… Гүлнара Калдарова эжекебиз менен келген сайын кезигип, сахнанын босогосун менден мурда аттаган ырчы катары кеп-кеңешин угуп турам.
- Продюсериң экөөң эки жакта болсоң иштешүүгө ыңгайлуу элеби?
- Мен жаңы чыгып келе жатканда Канат байке экөөбүз эки жакта болуп азыркыдай эле шартта иштеп жүргөнбүз. Бир айда бир жумага келип ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып кетчүбүз. Азыр деле ошол шартта иштешип жатабыз. Ырлар жазылып, клиптер тартылып жатат. Андай деле олуттуу тоскоолдуктар байкала элек.
- Бишкектеги күйөрмандарыңды сагынттың окшойт?
- Бир чети сагынтып турган деле жакшы экен. Анткени башында чыкканда үтүк сайсаң деле "Туулган жер", муздаткычты ачсаң деле "Туулган жер" болуп эл тажай баштаган. Мен ал нерсени сезгем. Андыктан сагындырып чыгууну туура көрдүм. Кечке эле телевизордон чыга берсең, бул экрандан түшпөйт деп да сөз кылышат эмеспи.
- Бир убакта теледен ырларым кетпейт деп нааразы болгондордун көч башында эмес белең?
- Мурун нааразы болгом. Азыр деле кыйратып ырларымды теледен кетиришкен жок. Башында теригип, чуркап аракет кылдым. Бирок үй-бүлө күткөндөн кийин кызыкчылыгың башкача болуп калат экен. Азыр ырларым теледен кеткенин санамак тургай андан башка маанилүү иштериме кол тийбей жатат. Кааласа кетиришсин, каалабаса жок. Күйөрмандарым менин ырларымды уккусу келсе ырларымды таап уга алышат.
- Жаңы үйлөнгөндө келинчегиң менен дуэт ырдап чыктың эле. Азыр дымып калдыңар го?
- Кайнатам убагында Ички иштер министрлигинде иштеген болчу. Тилекке каршы, көзү өтүп кетти. Үй-бүлөсүнөн агасы менен келинчегим экөө атасынын жолун жолдойлу дешкен. Өзү да форма кийип жүргөн адамдарга жакын. Табиятынан чыгармачылыкка караганда ошондой ишке эптүү. Анан өзүнүн каалоосуна карап иш кылабыз да. Бирок азыр экинчи уулумду багып үйдө отурат. Буюрса, балабыз бир жашка чыкканда ишке орношот. Үйдө отура бербей эл менен баарлашып, алаксысын деген ойдомун.
- Балдарыңызга ким каралашып жатат?
- Кызым Аманда эки жашта, уулум Ырыскелди алты айга толду. Жубайым жумушка чыкса балдарды үй кызматчыбыз менен апам карап турат да.
- Так секирип бийлеген Темир менен эки балалуу болгон Темирде кандай өзгөрүү болду?
- Мурда бойдок кезде эртең мененки саат сегизде үйдөн жумушка чыгып кетсем, ошол бойдон иштериме алаксып жүрө берип түн жарымында келээр элем. Азыр баары өзгөрдү. Сыртка чыксам эле үйгө киргенче шашам. Балдарымды сагынып турам. Үйдө күтүп отурган жакын адамым бар экенин эстегенде жумуштарым бүтөөрү менен үйдү көздөй жөнөйм. Мурдагыга караганда аябай эле токтолдум. Эки баланын атасы болгон соң жашоого көз карашым өзгөрүп калды. Эми азыр сахнада секирип ырдап жүрсөм жарашпайт го. Жаштарга жол берейин.
- Жанатан бери менден жаш дегенди бир нече жолу айттың. Эрте эле картайтып салгансың го өзүңдү?
- (Күлүп) Азыр сахнада секирип жүргөнүмдү элестете албайм. Кара шляпаны кыйшайта кийип "Туулган жер" деген ырымды ырдап жатканымды элестетсем, азыркыга караганда ал кезде аябай эле энергиям көп болчу окшойт.
- Бир убакта концерттериң аншлаг менен өтчү эле. Жеке концертиңди качан берейин деген оюң бар?
- Чынын айтсам, жаш ырчылардын көч башы болуп баштап бердим. Убагында жакшы иштедим, мындан ары деле иштей берем. Жаштарга жол ачып бердим, эми алар иштесин. Эгер мен дагы деле эл оозунан түшпөй жүрө берсем анда да Темир сахнаны ээлеп алды деп чыгышмак. Ошондуктан ортодон тыныгуу алууну туура көрдүм. Мага Бек Борбиевдин иштегени абдан жагат. Ага окшоп бир жылда эки-үч ыр жаздырып коюп жүрө бергим келет. Менин чыгармачылыктан сырткары киреше алып келе турган эки-үч ишим бар. Концерт коюп акча тапкым келбейт, анткени каражат жагынан жетиштүүмүн. Чыгармачылык менин жандүйнөм үчүн гана керек.
- Билишимче дин жолундасың. Ырчылык шайтандын иши деп да жүрүшөт. Буга кандай карайсың?
- Ушул суроонун тегерегинде мен көп имамдар менен талашып-тартышып, аларды ордуна коюп койгон кездер болгон. Эгер ырчылык шайтан болсо, менин бешенеме ырчылык кесип жазылган. Анда мен төрөлгөндө эле күнөөлүү болуп төрөлгөн боломбу? Менин жашап жатканым, баскан-турганым да күнөө окшойт. Ырчылардын өздөрү отуруп алып ырчылык күнөө деп айта беришет. Бул жаңылыштык, туура эмес түшүнүк.
- Сенин түшүнүгүңдө кандай?
- Мисалы, Куран китепти эч ким аягына чейин которуп бүтө элек. Пайгамбарыбыз көчөдөн өтүп бара жатканда чоордун үнүн угуп калат да кулагын, башын жаап алып өтүп кетет. Кээ бири анын бул кадамын шайтандын ойноп жатканын укпайын деп кулагын жаап алган дешет. Ал эми пайгамбар тескерисинче, чоорчуга тоскоол кылбайын, мени карап алагды болбосун деп бети-башын чүмкөп жанынан өткөн деген да сөздөр айтылат. А биз бир нерсенин дароо эле тескери жагын кабыл алабыз. Шайтандын иши болсо анда мен кылып жүргөн сооп иштер кандай болуп калат. Мен ырчылыктан тапкан акчаны жетимдерге, карылар үйүнө, мечитке берип жатсам ал сооп иш эмей эле күнөө болуп калабы анда. Ырчылардын бир гана күнөөсү бар. Аны мойнума алам. Кечки намаз болгондо намаз окуунун ордуна арак-шарап ичилген жерде ырдап жатканың күнөө. Андан сырткары, ырчылыкты да туура пайдалана билиш керек. Жөн эле ар нерсени ырдай бербей, жараткан тууралуу да саптар болушу абзел деп ойлойм.
- Дарегиңе далай эле ушактар, сын-пикир айтылды...
- Сынды да, ушакты да орду менен кабыл алам. Кээде сындын артында ич күйдүлүк же көрө албастык жатса чыдай албайм. Өз оюмду ачык эле бетке айтып салам. Ал эми ушакты болсо "жакшыга сөз илешет, жаманга чөп илешет" деп кабыл алам. Чыгармачылыкка аралашкандан бери ушак сөздөр жакшы эле илешип келе жатат.
- Анын бири Виктория Савченко менен жашап жүрөт деген ушак…
- Эми-и… мен Виктория менен чыгармачылыкта гана байланышып жүргөм. Бири-бирибизди өтө жакшы түшүнгөн адамдардан элек. Азыр достук мамиледебиз. Тилекке каршы, чыгармачылык жактан иштешпей калдык. Анткени анын күйөөсү бар, менин келинчегим бар. Бирде болбосо бирде жогорудагыдай ушак сөздөр ээрчиши мүмкүн. Же болбосо анын жолдошу, же менин келинчегим кечке эле иштеше бересиңби, элдер экөөңдү жабыштырып жатат деп айтышы мүмкүн дегендей…
- Продюсериң менен жаман-жакшы айтышкандан кийин кайра иштешүү ыңгайсыздык жараткан жокпу?
- Ыңгайсыздык деле жараткан жок. Убакыт баарын дарылайт экен. Экөөбүз эки жакта жүрүп ортодо мен үйлөндүм, Канат байке башка балдар менен иштешти. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт эмеспи. Мен биринчилерден болуп кечирим сурадым. Анткени байкенин жашы улуу, жат адам эмес. Менде кичипейилдик деген түшүнүк бар.
- Убагында ачууга алдырып көп катуу айтып алганыңды мойнуңа алдыңбы?
- Ката экөөбүздөн тең кетти. Ал дагы, мен дагы кетирген кемчиликтерди убагында мойнубузга алып, бири-бирибизди кечиргенибиз жакшы болду. Өткөн-кеткен иштерди эстегим да келбейт. Кызуу кандуулукка алдырып ашыкча сөздөр айтылса айтылгандыр, азыр анын баары унутулду деген ойдомун.
- Түштүк тараптагы ырчылардын башын бириктирип турган өзүнчө ынтымагыңар барбы?
- Түштүк тараптагы ырчылардын бири-бири менен байланышы, алака-катышы жакшы. Дем алыш күн сайын Тата Улан айтмакчы, "ашканада каткырып, көк чайдан бастырып" эс алабыз. Сөзсүз эркектер чогулуп футбол ойнойбуз. Азыр эки кишинин башы бириксе саясатты сүйлөшөт эмеспи, биз болсо чогулган жерден чыгармачылыктагы жаңылыктарды сүйлөшүп, топ ойноп чер жазышабыз.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА