presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Футболдун чоңу француз
1983, 1984 жана 1985-жылдары катары менен дүйнөнүн мыкты футболчусу аталып, үч жолу "Алтын топтун" ээси болгон француз Мишель Платини экинчи мөөнөткө Европа футбол союзунун ассоциациясынын башчылыгына шайланды. Бул жогорку кызматка 55 жаштагы Платини 2007-жылы алгачкы жолу шайланган. Анын мыкты аракеттерин көргөндөр бул кишини экинчи мөөнөткө бир добуштан колдоп беришти. Болжолдорго караганда, УЕФАдагы экинчи мөөнөтү бүткөн соң, месье Мишель ФИФАнын жетекчилигине шайланат экен. Учурда ФИФАны Зепп Блаттер жетектеп, 2012-жылы Европа биринчилиги кандай өтөөр экен деп өзүнүн мураскерин сынап отуру.

Тигүүчү тура түп теги
Окемдерден чыккан буту түзүрөөк футболчу Андрей Аршавин балдар кийимдерин чыгара баштады. Россиянын капитаны нооруз күнү Москвада 15 жашка чейинки балдар кийүүчү кийим көргөзмөсүн уюштурду. "Arshavin" брендине кирген ар бир кийимге кичинекей Аршик деген оюнчук-брелок кыстарылып берилет экен. Мындай кадам Аршавин деген ат менен кытайлык тикмечилер сапатсыз кийимдерди чыгара баштаганына жооп катары көрүлгөн. Көрсө, КМШнын аймагынан чыккан мыкты чабуулчу Петербург университетинин технология жана дизайн факультетинин тикмечи бөлүмүндө окуган экен.
Буюрса, жакында Андрейден чоң адамдар үчүн да жарашыктуу кийимдер сериясы тартууланат.

Эр ойлогону да, шер ойлогону да калып калды
Кыш чыгаары менен спорттун кар үстүндөгү түрлөрү да жыл жыйынтыгын чыгарышты. Ар бир жарышта биатлончулар упай топтоп отурушуп, аягында мыктысы жалпы эсеп боюнча дүйнө кубогуна ээ болот. Спорттун бул түрү кышкы спорттун ичиндегилерден эң кызыктуусу жана эң эл көп көргөнү болуп эсептелет. Билермандар быйыл Оле Айне Бьерндален же Эмиль Хегле Свендсен жылдын мыктысы болот деп болжолдошту эле, жогоруда аты аталган эки норвегиялык эмес, Тарьей Бе аттуу башка норвегиялык жылдын кыйыны деп табылды. Ал эми айымдардан Финландиянын ишенген сулуусу Каиса Маккарайнен немис кызы Андреа Хенкелди артта калтырып, алтын глобустун ээси болушту.

Мактанган мушкер той көрдү
Өткөн саныбызда Виталий Кличкого "секирип" жаткан Одланьер Солис жөнүндө жазбадык беле. Өмүрүндө жеңилип көрбөгөн 30 жаштагы дүйнөнүн жана олимпиаданын чемпиону 20-мартта 19 миң көрүүчүнүн көзүнчө биринчи раунддун аягына чыкпай эси ооду. Айрым көрүүчүлөр кызык беттешти көрүү үчүн атайын кымбат баада билет алып, залга кирип өз ордун тапкыча эле Кличко байкең Солисти сулата чапты. Муну менен Виталий Кличко өзүнүн WBC версиясы боюнча чемпиондук курун коргоп калды. Врачтардын айтымында, украиналык мушкер атаандашынын булчуң тамырларын үзө коюптур. Учурда кыйынсынган боксчу операция керебетинде жатат.





  KYRGYZSPORT

Кыйратпады кыргыздар
Азия футбол конфедерациясынын президенти жыл сайын Азия өлкөлөрүнүн орто деңгээлден ылдый болгон курамаларын чакырып, турнир өткөрөт. Быйыл Кыргызстандын тобунда Тажикстан, Малдив аралдары жана Камбоджа бар эле. Талаа ээлери менен болгон беттеште биздин топ тепкичтер настроениени дагы наскиге түшүрүштү. Бысмылда дегенде эле оюндун 6-мүнөтүндө Адей аттуу футболчу биздин дарбазанын торун тешип сала жаздады. 74-мүнөттө биз мактап жүргөн Азамат Байматов кызыл кагаз алып талаадан куулуп чыкты. Андан 5 мүнөт өтпөй Шамиль деген жергиликтүү футболчу Малдивдин экинчи голун киргизгенге жетишти. Дагы кудай жалгап, кургак утулбай, оюн бүтүшүнө 3 мүнөт калганда Вадим Харченко деген чабуулчубуз эсепти 2:1 кыла алды.
Буга чейин Кыргызстан аталган турнирде 2006-жылы гана үчүнчү орунга татыктуу болгон. Анда D группасында Тажикистан, Пакистан жана Макао командалары менен ойноп, топтук беттеште эки жеңиш, бир утулуш ызасына туш болуп, 6 упай менен топтон чыгышкан. 2008-жылы Афганистан, Бангладеш жана Лаостон турган топтон чыкпай калган. Быйыл да мекендештерибиз кыйратышпады.

Арылдашты "арстандар"
Кыргыздар Азия оюндарынын экинчи лигасынан алтынды, топ менен ойноочу хоккейден колону алып келгенден бери бул тармак унутулуп калгандай болду. Кыргызстандын хоккей дүйнөсүнө баш баксак, ноорузга карата аларда бир кызык беттеш болуп өттү. Жалаң кыйындарды чогултуп алып, баарын талкалап жүргөн "Хан Тенгри" клубу да жеңилүүнүн даамын сүмөлөк менен кошо татты. Мурунку "Миг Петролдун" алкагында түзүлгөн "Арстан" командасы 3:1 эсебинде жеңилбестерди жеңип, күйөрмандарына майрамдык белек тартуулашты. Ушинтип такшалып отуруп дүйнө биринчилигин багынтып келсеңер кана…

Карта кармаган сары кыргыз
Кошуна Казакстанда өткөн "Nauryz Cup - 2011" деген аталыштагы покер боюнча эл аралык турнирде Дмитрий аттуу мекендешибиз экинчи орунга татыктуу болду. Алты өлкөдөн келген 211 катышуучунун ичинен мындай жогорку көрсөткүчкө жете алган Дима фамилиясын жашырганына караганда, аны кыйын кумарпоз деп тааныбай эле коюусун каалайт окшойт. Улам катышуучулардын саны азайып отуруп, аягында эки казакстандык менен бир Дима калган. Казактар бири-бирине жардам берип отуруп бирөөсү алдыга озуп кетпегенде, карта жагынан да кыргыздар кыйын болмок экен.

Буту иштегендер бурчунда
20-мартта борбордо таэквандонун WTF түрү боюнча өлкө биринчилиги болуп өттү. Республиканын ар кайсы булуң-бурчунан келген спортчулардын ичинен өз салмактарында төмөнкүлөр чемпион аталышты:
Искендер Осмонов, Замир уулу Нурлан, Азиз Баталиев өспүрүмдөр арасында кыйын болушса, Александр Лигай, Евгений Банков, Тилек Турсуналиев, Алим Тажибаев, Азим Тажибаев, Халдар уулу Бек мырзалар арасында биринчиликке татышты. Айымдардан Жазгүл Жумалиева менен Татьяна Кибицкая КР чемпиону деп табылышты.

Сулата тепкен сулуулар
Казакстандын Астанасында каратенин шинкиокушинкай (айтканда тилиң сынып кетчү) түрү боюнча эл аралык турнир болуп, Каныкей Касымбекова жана Үмүтбек кызы Нуска аттуу жаш сулууларыбыз Нооруз майрамында сейилдеп барып суперлигин көрсөтүп келишти. Жетелешип барган эки кызыбыз тең өз салмактарында 20 команданын намысын коргогон айымдардын баарын талкалап чыгышты. Машыктыруучулар деле көзү жеткендерди алып барат окшойт деп калдык. Анткени акыркы күндөрү канча кыргыз барса ошонун баары чемпион боло берип, баурдастарыбыздын маанайын түшүрүп кайтышууда.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??