presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кеп атында эмес натыйжасында
"Атамекенчи" депутат Болот Шер 24-мартта революция болду беле же 7-апрелдеби деп жүргөндөргө мындайча жооп берет: "Тарыхты балталап салууга мүмкүн эмес. Албетте 24-мартта да революция болгон. Бирок анын натыйжасы кандай болду? Бул башка маселе. 6-7-апрелде да чыныгы элдик революция болду. Азыр айрымдар бул революциябы же бунтпу деп жатышат. Эгер эл көтөрүлүп бийлик аны басып салса, бул бунт болуп, көтөрүлгөндөр бунтчулар болуп калмак. Көтөрүлгөн эл өз максатына жетип бийликти алмаштырдыбы, демек, бул революция". Болот Шер азыр "кетсин" деген кыргыз толкуну бүт дүйнөнү каптап баратканын, акыры тазалануу да Кыргызстандан башталганын кошумчалады.

Чын эле, жоопкерчилик азыр кимде?
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов жаз аралаш башталат-башталбайт деген коогалаңдардын алдын алуу үчүн өз алдынча чара көрө баштады. Былтыркы жылкы коогалаңдын азабын абдан тарткан шаар башчысы Кыргызстан азыркыдай абалда турганда парламенттик башкаруу жарабайт деген пикирде. Кокус былтыркыдай кырдаал түзүлө турган болсо, жоопкерчилик маселеси келип чыгат. Азыркыдай шартта жоопкерчилик жөнүндө сөз кылууга да мүмкүн эмес.
Ошондой эле мэр Ошту жердегендердин улутуна карабай өз жерине болгон сүйүүсүн бекемдөө үчүн патриоттук чыгармаларга конкурс өткөрүү боюнча ою бар экенин айтты.

Ынтымак курултайын "ысыткан" ким?
Былтыркы жылдын 23-марты эсиңердеби? Бакиев ынтымак курултайын өткөрүп, өз "базасын" дагы бекемдеп алууга аракет болбоду беле. Ошондо 19-мартта өлгөн улуу баласын 21-мартта жерге берип, ичинен кан өтүп турса да 23-мартта Бишкекте өткөн ынтымак курултайында кандан-бектен тартынбаган ат-башылык Калыбек Арабаев аксакалдын Данияр Үсөновдун көзүнө матай сүйлөгөнү элдин эсинде. Эч ким батынып айталбаган чындыкты Бакиевдин так маңдайында туруп айткан мындай көкжалдан бир-экөө эле болгон.

Текебаев элдешпейт, текөөрлөшөт
"Түбөлүк оппозиционер" Өмүрбек Текебаев жакын санаалаштарына Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин түбүнө жеткенин, эки качкын президентке салыштырмалуу Өмүрбек Бабанов менен Исхак Пирматовдун эбин табыш иттен оңой экенин шыбыраганын эшиттик. Өмүкенин минтип чамынганы бекеринен эмес. Биздин билишибизче, а кишинин колунда "балакайлардын" белин сындырчу документтер жетиштүү. Ошондон улам БӨТ айласы кетип элдешели деп барса, "Ата мекендин" төрагасы аны кабыл албай, "пошел ты на…" таризинде жолго салыптыр.

Жаңы тиреш: Бабанов-Садыбакасова?
Экс-депутат Шарипа Садыбакасова мындан үч жыл мурда АКБ "Кыргызстан" банкын "мунай паашасы", 1-вице-премьер Өмүрбек Бабановго саткан. Бабанов агездеги кожоюну Максим Бакиевге таянганбы, банктын акчасын толук төлөбөй койгону эми ачыкка чыкты. Буга байланыштуу айрым депутаттар Шарипа айымга "жуучу" жиберип, ага "Кыргызстан" банкын кайра кайтарып берерин убада кылышыптыр.

200 гектар, эми 500…
Саясат айдыңында-гы күрөш мүнөт сайын күчөп баратыр. Улам бири экинчисинин быкыйын чукуп, демаралда таза саясатчы калбагандыгын өздөрү эле айгинелеп коюшту. Маселен, 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов Бишкектин четинен 200 гектар жерди жакын туугандарына каттатканы маалымат каражаттарында жарыяланды. Бу "кара пиардын" автору "Ата мекен" партиясы дешет… "Республика" партиясынын тыңчыкмалары деле жөн жатмакпы, жолбашчысын коргоо иретинде "ата мекенчи" депутат Карганбек Самаковдун абийирин айрандай төгүүгө ашыгып туру. Бизге жеткен маалыматка таянсак, анда Карганбек мырза башбакан менен сүйлөшүп, борборго жакын аймактан 500 гектар жерди кантип менчиктештиргени шөкөттөлөт.

Караан көп, адам аз
Бу жумада саясатчылардын маалыматтык "согушунун" оту алоолоп күйдү. "Согушту" адегенде Өмүрбек Бабанов баштап "Фабула" гезитин 55 миң нуска менен чыгарып, анда бүтүндөй ага каршы чыккандарга пулеметун "татыраткан".
Экинчи тараптын оор артиллериясы "Учур" гезитинин 70 миң нускасы менен жооп берип, Текебаев-Байболов-Ташиев-Кулов-Сариев-Жекшенкулов-Өмүракунов-Хон аркылуу бомба "жардырганга" аракет кылды. Аракет эле болбосо, бомба анчейин деле "жарылган" жок. Себеби көпчүлүгү буга чейин айтылып жүргөн сөздөр, фактылар экен. Ушундан улам Эрнис байке Турсуновдун айтканы эске түшөт, караандар көп, адам аз… "Согуштун" аягы эмне менен бүтөөр экен, дагы байкап туралы.

Кезек Исаевге жеттиби?
ЖоКедеги "Республика" фракциясынын лидери Канат Исаевге карата кылмыш иши ачылганы тар чөйрөдө кызуу талкууланууда. Укканыбызга караганда, Канат мырзанын Токмок шаарындагы ишмердүүлүгү иликтенип, бир катар мыйзам бузуу фактылары табылды дейт. Жакын арада Башпрокуратура аны депутаттык мандатынан ажыратуу сунушун парламентке жолдошу ыктымал. Исаевдин "ити чөп жеп" атты эле, эми башынан бакыт кушу учат сыяктанат…

Оңго барсаң өзүң, солдон атың…
Өткөндө үлкөн фигуралар президент Роза Отунбаевага кирип, башпрокурор Кубатбек Байболовду тез арада кызматтан четтетүү зарылдыгын билдиришти. Андан мурдараак Байболовдун Отунбаева менен ультиматум тилинде сүйлөшкөнү айтылып жүрөт. Ошондон бери Роза апчебиздин башы маң. Кудум жомоктогудай "оң жакка барсаң өзүң, сол жакка барсаң атың өлөт" абалына кептелгендей. Бу тейине караганда, РИОнун башпрокурордун астында чоң "косягы" бар эмеспи, ыя?

Жыргаганыңан революция кыласыңбы?
Кечээ март ыңкылабына алты жыл толгону маалым. Ал эми Бишкек мэри Иса Өмүркулов революция күнү экенине карабастан борборду кыдырып чыкты. Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов районуна караштуу аймактарда кандай иштер жүргүзүлүп жатканына, дегеле жалпы шаардын тазалыгына көз салган мэр акимдердин ишмердүүлүгүн кескин сындады. Район жетекчилери көчөдө баш айландырган соода түйүндөрдөн, күркөлөрдөн тазалоо иштерин эки ай аралыгында аткарышпаса кызматтан айдаларын кошумчалады. Акыркы мезгилде Иса Шейшенкуловичтин таскагы катуулап, алгылыктуу иштерди жасоодо. Ушул калыбынан жазбаса болочокто болбоду дегенде башбакандыкты басып жыгылары калетсиз.

Күз деген эмеле келет
Коомдук ишмер Мелис Эшимканов "Ата журттун" "атаманы" Камчыбек Ташиевге ажо жарышка түштүктөн Адахан Мадумаров да катышат, экөөңөр тил табышып бириңер эле шайлоого чыкпайсыңарбы дебейби. Анда Камчыке адатынча күпүлдөп, Адаханды оппоненти катары эсептебесин, ансыз деле шайлоодон жеңерин баса белгилегени. "Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз" дейт эмеспи кыргыз. Буюрса "жөжөнү" күзүндө санайбыз.

Жашыруун кыймыл жалыны…
Жалаң жаш саясатчылар тымызын топ түзүштү. Алардын негизги максаты - эгемендикти алгандан бери "сахнадан" түшпөй келаткан "мордаларды" "киритке" чабуу. Жашыруун кыймылдын бу аракети президенттик шайлоого жакындаганда күчөйт. Анын аркасында спикер Акматбек Келдибеков , премьер-министр Алмазбек Атамбаев сындуу үлкөндөр аламан жарыштан четтеши толук мүмкүн. Бул туурасында гезитибиздин кийинки санында кеңири сөз жүрөт.

"Жаңы Агым" - пресс



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??