presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
Муаммар Каддафи
Бу карт бөрү илгери эле ушундай кырдаал болоорун билип, 1980-жылы Германияга качып кеткен оппозиционерлерди мага бергиле, болбосо мен Ливиядагы 2500 немисти кыра баштайм деп, бир нечесин камап алып кыйнаган экен. Ал кезде Германиянын өкмөт башчысы Гельмут Шмидт Каддафини алдап, немистерин Ливиядан чыгарып кеткенге жана Ливия оппозициясын кайтарбай койгонго жетишкен экен. Учурда айрым билермандар Каддафи ошол кездеги сактап калган кегин учурдан пайдаланып, немистерден жана жалпы ага кол салып жаткан европалыктардан химиялык курал менен алышы мүмкүн деп жатышат.

Джулиан Ассанж
WikiLeaks сайтынын ээси быйыл тирукмуш жаңылыктары, ачылыштары менен дүйнөнү бир дүңгүрөтүп, өзү да дүңгүрөй түштү. Анын интернеттеги эмгегин баалашып, Екатеринбургда "Старик Букашкин" арт кыймылы тарабынан ага убактылуу эстелик тургузулду. Мындай эстеликтер борбордук аймактарга бийликтин уруксатысыз орнотулуп, аны сүрөткө тартып алган соң, кайра алынып салынат. Ал эми тартылган сүрөт белгилүү бир жерге орнотконго караганда интернетте көпкө туруп, көбүрөөк адам көрөөрүн уюштуруучулар сыймыктана айтышты.

Сильвия Берлускони
Италия өкмөт башчысынын бат-бат төшөк жаңыртып, жалаң жаш кыздар менен эс алаарын коомчулук жакшы билет. Анын артынан чыккан ызы-чуусунун аягы көрүнбөйт. Саясатчынын мындай кадамы польшалык ашпозчу Вальтер Бусалаккиге жаңы идея берип, ал Сильвия Берлускони деген пицца ойлоп тапты. Анын курамына көпкө кармалган сыр, колбаса сыяктуу азык-түлүктөр жана эми эле үзүлүп келинген жашылча жемиштер кошулуп, экөөнүн аралашмасына таттуу нерселерди кошуп, арты ачуу калемпир менен коштоло турган болду. Учурда Польшада бул пицца коомчулук тарабынан жактырылып, ашпозчунун соодасы жүрүп, Берлусконинин идея берген кадамдарына ыраазы болуп жатыры.




  ДҮЙНӨ күн


МАЙДҮЙНӨ. Австралияда Борис аттуу кичинекей чочконун бетине пластикалык операция жасала турган болду. Аделаида шаарынын тургундары Грэма жана Джули Кейндер бул чочкону үйдө багуу үчүн 3 жыл мурун сатып алышкан. Ошол кезде 60 кг салмакта болгон жандык, эркелетип баккандыгы үчүн 250 кг болуп кеткен. Өтө семиргендиктен көзүн май басып, териси жаап калгандыктан пластикалык жол менен аны алып салуу сунушталган. Бу эрке жаныбар бир күндө 16 саат уктап, калган убактысында жегенден башканы билбейт тура.

МЕНДҮЙНӨ. Америкалык сумочу Келли Гнейтинг өткөндө Лос-Анжелесте өткөн марафондо чуркап, өзүнүн 170 килограмм салмагы менен эң оор жөө күлүк катары Гиннестин рекорддор китебине катталды. Ал стартка чыкканда салмагы 180 кг эле. 9 саат, 48 мүнөт, 52 секунддан кийин марада анын салмагы туптуура 10 килге азайган. Эми бу балбан Ла-Манш суусун сүзүп өтүп, Эверестке чейин жөө барып, дагы рекорд коем деп атыр. Ал өзүн дүйнөдөгү эң мыкты спортсмен деп эсептейт экен.

ЭЭДҮЙНӨ. Румынияда Дьяконеску аттуу фермердин төө кушун уурдап кетишкен. Уурулар алып кеткен соң, эми табыш оңой эмес деп 47 жаштагы ээси түңүлүп отурса эле алыстан будуң-чаң кылып чуркап келе жаткан караан көрүнөт. Караса, жанагы жоголгон төө кушу 60 км/саат ылдамдык менен безип келатыптыр. Көрсө, төө куш уурулардын капасынан качып чыгып, ээсинин үйүн көздөй биртоп убакыт жогоруда айтылган ылдамдык менен чуркап барыптыр.

САЗДҮЙНӨ. Кентукки штатынын тургуну Присциллы Оуэнс дүкөндөн фасоль салынган консерва банкасын алса, ичинен бака чыгыптыр. Дароо телеканалдарды чакырып, товарды саткан дүкөнгө барып догурунса, дүкөнчүлөр "кытайлар менен француздар баканы жыргап эле жеп жатышпайбы, ушул үчүн ушунча ызы-чуу кылбайле койбойсузбу" дептир. Оуэнстин балдары баканы көргөндөн бери эчтеке жебей ачка отурат экен.

ЖЫРТДҮЙНӨ. Адатта койго карышкыр тийип, кырылып калыптыр деген сөздү укчу элек. Тувада бир сүлөөсүн баласын аңчылыкка үйрөтүп чыгып, бир короо койго кол салат. Жырткычты көргөн койлор тар короонун ичинде ары-бери качуунун аракетин көрөбүз деп бирин-бири түртүп атып, тыгындан өлүшүптүр. 245 жандыктын өлүшүнө себепкер болгон сүлөөсүн баласына качканды да үйрөткөнгө жетишти. Ал эми түздөн-түз жапайы мышыктын кол салуусунан болгону 5 кой о дүйнө кеткен.

ПУЛДҮЙНӨ. Элестетсеңиз, сиз эртең менен көп кабаттуу үйдүн жанынан өтүп баратсаңыз эле асмандан акча жаап жатканын. Екатеринбург шаарынын тургундары дал ушундай окуяга туш болушту. ГУМдун жанынан өтүп бараткан атуулдардын башына имараттын жогорку кабатынан акча түрүндөгү жаан жаайт. Алгач жасалма акчалар го деп ойлоп, маани бербей жаткандардын арасынан бирөө бир купюраны алып көрсө кадимки күнүмдүк турмушта колдонулуп жүргөн 10 рублдык банкноталар экен. Анан элдин талаганын, кубанганын айтпаңыз. Бизде да ушундай жомок болобу деп кубанган карапайым окемдер, өздөрүн 10 күн өтпөй теледен жарнамалык роликтен көрүштү. Көрсө, ири банктардын бири биз менен иштешсеңер акча асмандан жаайт деген маанидеги жарнаманы тартуу үчүн шаардыктарга чын эле миңдеген даана акчаларды чачып, билгизбей тасмага түшүрүп алышкан.

ЭТДҮЙНӨ. Этти былчылдата жесе эле кыргыз экен дей берип жаңылыппыз. Аргентиналык ашпозчулар 20-март күнү бир эле учурда 13 миң 713 килограмм этти чыз-пыз этишип, Гиннес китебине катталышты. Куурулган эттин бир порциясы болжол менен жарым килограммды түзүп, аны жеш үчүн 30 миң адам чакырылса, даярдоого 80 казан башчы катышкан. Бул рекордко кубанып, даам ооз тийгендердин ар бири бекер эт жегенден уялышып, 2 доллардан уюштуруучуларга чогултуп беришти. Буга чейинки рекорд 2008-жылы катталып, анда Уругвайдын Монтевидео шаарынын тургундары 12 тонна эттен куурдак жасашкан.

КЕТДҮЙНӨ. Жаңы Зеландиянын "Рок FM" радиосу "Украинадан аял ал" аттуу акция уюштуруп, андан Грег аттуу бойдок жеңип чыккан. Долбоордун шарты боюнча жеңүүчүгө демөөрчүлөр тарабынан хохолдордун өлкөсүнө жолдомо берилип, украин кызы менен тааныша турган бүт чыгымдарын көтөрүшмөк. Муну уккан Украинанын "Фемен" феминисттер клубу "Украина бордель эмес" деген нааразылык акциясына чыгышып, Грег келчү болсо бизден бирди көрөт деп келгис кылышты. Грег барбай турганын расмий түрдө билгизсе да, украиналык жылаңач кыздар 26-март күнү аэропортко барып, бир текшерип коебуз дейт.

СУУДҮЙНӨ. Немистер кыйын. Суу астында баллону жок 3 мүнөт, баллону менен 3 саат араң жүргөн кыкеңдер үчүн бул жаңылык кызык эле болсо керек. Гайзельхеринг шаарынын 16 тургуну жергиликтүү бассейндин түбүнөн туптуура 36 саат чыкпай, суу астында карта ойношуп Гиннес китебине кирүү аракетин көрүштү. Бул иш-чара толугу менен камерага тартылып, рекордду каттоочуларга жиберилди.




АЙЛАНБАС ЖЕРДИН АЙЛАНМА
ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
Ливия . Эл аралык коалициянын аскерлери Триполиден 32 чакырым алыстыктагы Таджура аймагын бомбалап салышты. Буга чейин болгон согушта жарадар болгондорду куткарып жүргөндөр да бейкүнөө о дүйнө көздөй кете берди. Эми Ливия эли бир эле Мауммар Каддафини эмес, АКШны баш кылып, Европаны төш кылып жаман көрө башташты. Баарыбир башта бир өлүм бар экен, бирөөнүн ишине киришкен мындай өлкөлөрдү жатып өлгүчө атып өлөлү деп тиштене башташыптыр. Ал эми 23-март күнү Улуу Британиянын аскерлери Каддафинин аскер учактарынын баарын жок кылдык деп отчет берди. Европага Каддафинин да жини чындап келе баштаптыр.
Сирия . Бир катар араб өлкөлөрүндөгү ыңкылап, төңкөрүштөрдү көргөн Сирия жаштары өткөн жума күнкү намаздан кийин Дараа шаарында бийликке каршы чакырыктар менен чыгышып, дубалдарга нааразылык акцияларына чыккыла деп жаза башташкан. Муну көргөн өлкө башчысы Башар Асад аймактын губернаторун кызматынан кетирип, биртоп адамды түрмөгө камады. Алгачкы кагылышуудан 12 адам көз жумганына караганда, бул өлкөдө да жакынкы күндөрү тынчтык өкүм сүрбөй калды окшойт.
Япония . Куткаруу иштери жүрүп жаткан Японияда кайра-кайра жер азыраак балл менен силкинип коюп, жүрөгү түшүп калган элди дагы коркутуп жатса, адистер "Фукусима-1" АЭСи менен алышууда. Эгер аны калыбына келтирип, реакторлорду, муздаткычтарды ишке киргизбесе, радиациянын өлчөмү азыркыдан да жогору болушу мүмкүн экен. Кечээ оңдоо иштерин жүргүзүүдө түтүн чыгып кетип, кызматкерлер чыгарылып кеткен эле. Учурда кайрадан электрди алып барышып, чоң кырсыкты алдын алуунун аракетин көрүшүүдө. Ал эми зилзаланын чыгымы 100 миллиард доллардан эбак ашканын адистер айтып баш чайкап отурушат.
Германия . ФРГда май айында өлкөдөгү 17 АЭСтин төртөө гана калышы мүмкүн экен. Анткени Япониядагы кырсыктан кийин АЭС кандай коркунуч туудурары элди да, өлкөнү башкарып жаткан айым Ангела Меркелди да тынчсыздандырып жатыптыр. Ошол себептен жаратылышты коргоо уюмдары жана айрым саясатчылар АЭСтердин иштерин токтотуу боюнча сунушту колдоп чыгышты.
Россия . Мамдума 23-мартта Ливиядагы абал жөнүндө токтом кабыл алышып, Россия Ливия менен ага кол салып жаткан коалиция армиясынын ортосунда ортомчу болуп, тынчтыкка чакыруучу ролду аткарыш керек деген пикирге келишти. Бул демилгени 341 депутат колдоп бергенине караганда окемдерге тынчтык керек экен.
www булактарынан даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??