presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Жаңы Агымга" жарыяланды эле

"Тез жардам" текей оттоп жүргөн жок
"Жаңы Агым" гезитинин 10, (036) 11-марттагы санына "Тез жардам" теске салынабы?" аттуу макала жарык көргөн. Макалада борбордогу "тез жардам" жаатындагы жетекчи Г.Ташибекова менен катардагы дарыгер-психиатр Алимжан Чотбаевдин өз ара келишпестиги ачыкка чыккан. Гезит чыккандан кийин "тез жардам" мекемесинин жетекчиси Г.Ташибекова редакция менен байланышты.

Жамаатта иштегендердин айтымында, катардагы дарыгер Алимжан Чотбаевдин акыркы кезде "тез жардамды" жаманатты кылып, жагымсыз кырдаалды түзүп атканы өкүнүчтүү. Алимжан Чотбаев психиатр адистигин аркалаганы менен, "тез жардамдын" мыйзамына ылайык, дарыгерлердин жетишпегендигине карабастан, көпчүлүк учурда чакырылган жерге менин тиешем жок деп басып кеткен учурлары болгон. Анын туура эмес жагын айтсак, бизге атырылып тийип, көңүлүбүздү оорутуп, башкы дарыгер болуп алсамбы деген оюн ачык эле билдирчү дешет. Атүгүл, өткөн жылы жетекчибиз Г.Ташибекова эмгек эс алуусуна чыкканда анын артынан кол чогултуп, кызматтан кетиребиз деп аракеттениптир. Анын "тез жардамдын" атын булгап, мамлекетибиз кылдын учунда турганда улам бир жерге арызданып, тынч эмгектенип аткан бизге моралдык жактан кысым көрсөткөнү жаныбызга батты. Эми биз да Башкы прокуратурага арызданабыз деп 280 ак халатчандын колу коюлган арызды көргөзүштү. "2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяда "тез жардамдын" ак халатчандары тикесинен тик туруп, коркунучтуу кырдаалда өз өмүрүбүздү тобокелге салып, тыным албай иштеп, атүгүл үйдө эс алып жаткан дарыгерлер да кызматка чыккан элек. Ошол учурда Алимжан Чотбаев жаракат алгандарга жардам бербей басып кеткен да, эртеси күнү ыраазычылык иретинде берилген каражаттан куру калган эмес" дешет күйүп-бышкан жамаат. Мурунку жетекчи И.Шаяхмедов кызматтан кеткенде аны да жамандап жүргөнү белгилүү, эми азыркы жетекчибиз Гүлнара Ташибековага асыла баштаганы өкүнүчтүү дешет. Ал эми президенттик шайлоо учурунда Г.Ташибекова К.Бакиевге добушуңарды бергиле дебестен, сөзсүз түрдө шайлоого катышкыла деген гана кеңешин айткан дешет бир ооздон.
"Тез жардам" мекемесинин башкы дарыгери Гүлнара Ташибекованы кепке тарттык:
- 2003-жылы бул кызматка келгенде "тез жардамдын" абалы мышык ыйлаарлык эле. Кызматкерлердин маянасынын аздыгынан башка да медикаменттердин, щприц, кол кап, кан басымды текшерүүчү жабдык, "тез жардам" унаасы ж.б.у.с. жетишсиз болчу. Атүгүл компьютерлер иштечү эмес. Башкасын айтпай эле коелу, мекемеде даараткана жок, полдору тешилип ушунчалык кыйын абалда турган. Ушул көйгөйлөрдүн чечилишине абдан аракет кылып, акырындап бардыгы калыбына келди. Кызматкерлердин маянасын көтөрүү максатында 2006-жылы шаардык кеңештин төрайымы Н.Байболовага, бизге акча бөлдүрүп берүүсүн өтүнүп күнүгө барчумун. Сессияда "тез жардамдын" маселеси каралып, акчаны бөлүп бермейинче ошол жакта жүрүп, кызматкерлериме маяна үчүн 3 млн. 600 миң сом бөлдүртүп бердим. Азыр дарыгерлердин маянасы 12-14 миң сомду түзөт. Албетте, биздин жумуш абдан оор. Ар кандай оорулууларга тез жардам көрсөтүү үчүн жаныбызды үрөйбүз. Бул кызматка келгенде "тез жардамдын" бюджети 5 млн. сом болсо, азыр 48 млн.сомго жетти. А.Чотбаевдин ММКларга эле эмес, Саламаттык сактоо министрлигине, прокуратурага, ЖКга арызданып жүрүшү, биздин күнүмдүк ишибизге тоскоолдук болбой койгон жок. Эмне кылаарыбызды да билбей калдык. Ушул убакыттын ичинде далай жакшы ийгиликтерге жетип, сыйлыктарга, медаль-ордендерди алып мактоого арзыдык. Эгерде А.Чотубаев жазгандай менин ушунчалык көп кемчилигим болсо, бул кызматка бир ай да иштей албайт элем. А.Чотбаевдин үстүнөн арызданган бейтаптар да, кызматкерлер да бар, мен аларга көңүл буруп, аны куугунтукка алган эмесмин. Албетте, мамлекетибиз кыйын кырдаалды башынан өткөрүп атканда ак халатчандар башкаларга үлгү болушубуз керек. Бирок А.Чотбаевдин "тез жардамды" жаманатты кылышы баарыбызды кейитти.





  Асыл да, акыл да жаштан

Балдарыңар менен адеп-ахлак, жандүйнө тууралуу сүйлөшөсүңөрбү?

Азыркы жаштардын тарбиясы, кайрымдуулугу, патриоттуулугу жок деп күнөөлөйбүз. Аларга ошондой тарбия бербеген ким күнөөлүү? Борбордогу кесиптик билим берүү колледжинин жетекчиси Мира МУРАТАЛИЕВА айым жаштарды гумандуулукка, кайрымдуулукка тарбиялоо милдетибиз дейт. Окуу жайдагы студенттердин, мугалимдердин демилгеси менен жыл сайын кайрымдуулук акциялары өтүп турат экен. Балким бул саамалык башка студенттерге, жаштарга да үлгү болоор дедик.

- Жыл сайын окуу жылы башталганда коридорго чоң куту коюлуп, студенттер ага мүмкүнчүлүгүнө жараша акча салып турушат. Көп түкүрсө көл болот дегендей, жумасына ар бир студент бир-эки сомдон таштап отуруп жыл аяктаганда ал кутуну ачабыз да, чогулган каражатты кайрымдуулукка жумшайбыз. Кайрымдуулук акциясы башталганда студенттер үйүндөгү оюнчуктарын, китептерин, кичирейип калган кийимдерин алып келишип, жетим балдар интернатына беришет. Карылар үйүнө барганда ич кийим, шейшеп, жуунуучу каражаттарды сатып алабыз. Мындай демилге мугалимдер менен студенттер тарабынан жыл сайын уюштурулат.
- Бир жыл бою чогулткан студенттердин каражаты канча сумманы түзөт?
- Мисалы, жакында эле Нооруз майрамына карата кутуну ачсак 15 миң сомго жакын каражат топтолуптур. Ал жалаң студенттердин акчасы. Ал эми мугалимдер бир күндүк эмгек акысын беришет.
- Карылар үйүндөгүлөр студенттердин белегин кандай кабыл алышат?
- Сөздүн ачыгын айтканда, карылар үйүндөгү улгайган адамдарга биздин материалдык жардамыбыздан мурда көңүл керек экен. Биз аларга жыл сайын балдардын күчү менен даярдалган өздүк көркөм чыгармачылык концертин коебуз. Карыялар студенттердин койгон концерттерин көрүп көңүлдөрү көтөрүлөт. Мисалы, былтыр 9-майдын алдында барганда согуш темасындагы ырларды кызыгуу менен көздөрүнө жаш алып, толкунданып угушту. Быйыл Нооруз майрамына карата уюштурулган концертте да жактырган ырларын кайрадан кол чаап суранышты. Алардын кубангандарын көргөн балдар да жакшы иш жасадык деп каниет алышат. Интернатта жашаган карыларды көргөн балдар өзүлөрүнүн ата-энелерине, кошуна-колоңдоруна,тааныштарына биз андай ишке барбай, карыларды интернатка өткөрбөшүбүз керек деп айтышат. Ал жердеги карылардын үстүндө чатыры, алдында ашы болгону менен сагынычтын, кусалыктын белгилери көздөрүнөн көрүнүп турат. Карылар менен сүйлөшсөк өзүлөрүнүн жаш кезегин айтып түгөтө алышпай, жашоодогу эң кереметтүү мезгил студенттик жылдар деп көздөрүнө жаш тегерене түшөт.
- Жетим балдар интернатына барганда кандай абалда болдуңар?
- Интернаттарга барганда балдарды ырдатып, бийлетип, оюн уюштуруп, белек беребиз. Акыркы жолу биздин студент балдар менен жашташ балдар жашаган интернатка бардык. Интернатта тарбияланган бала менен үй-бүлөсүндө ата-эненин мээримин көргөн баланын асман менен жердей айырмасы бар. Биздин балдарга да ата-энеңер маңдайыңарда бактылуу жашап атасыңар, силердей эле балдар ушинтип интернаттарда мээримге зар болуп жашап атышат деп айтабыз. Ошондуктан ата-энеңердин баркын билип, аларды сыйлагыла дейбиз. Жаңы өсүп келаткан жаштардын кемчилигин айтып күнөөлөйбүз, буга чоңдор күнөөлүү деп ойлойм. Себеби, студенттерден үйүңөрдөн акыркы жолу качан патриоттуулук, гумандуулук, жандүйнө, адеп-ахлак тууралуу сүйлөштүңөр эле десем, көпчүлүгү жерге башын салышат. Анткени кечинде чогулган үй-бүлө дасторкон үстүндө күнүмдүк көртирликтен башка сөз сүйлөшпөйт. Качан гана биз күнүмдүк көр тирликтен арылып балдарыбызга туура тарбия берсек, ошондо мамлекетибиз оңолот. Колубуздун келишинче жаштар арасында кайрымдуулук иштерин өнүктүрүүнү мындан да өркүндөтүүгө аракеттенебиз.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





  Саясый арнография

КОАЛИЦИЯ

Коалиция бул өзү,
Койнуңда сулуу аялдай.
Кыйналып кээде кетесиң,
Кыялын мунун табалбай.

Эркелиги бир укмуш,
Экиленип тарайм дейт.
Эми бүттү деп турсаң,
Эртеси айнып анан дейт.

Беш партия ээси бар,
Беш жакка басчу төөсү бар.
Капчыктуу экен баарысы,
Карачы, кайсы жөөсү бар?

Көөлөшпөсө болбойбу,
Жөөлөшкөнүн койбойбу.
Кырчылдашпай буларың,
Кыргызды деги ойлойбу?!

Парламенттик башкаруу,
Тандап алган жолубуз.
Коалиция кашаңдай,
Коктудан өрдөп басалбай,
Кокуйлук кылса шорубуз.

Кылымдан бери уланган,
Кырк уруу элден куралган.
Маңыздын сөзүн тыңшабай,
Манасын угуп кубанган,
Үшкүрүп турат кыргызым,
Үмүтүн үзүп булардан…
Темирбек Алымбеков







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??