presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Эр эмгегин жер жебейт

ЧҮЙДӨ ӨСКӨН КУРМА, АНАР, БАЛА ФЕРМЕР ЖАНА БАГБАН СЫРЫ

Март айы мөмө-жемиштин көчөтүн отургуза турган учур. Ошондой эле күн жылый баштаганда көпчүлүк үй-бүлөлөр үй канаттууларын, майда жандыктарды багууга аракеттенишет. Андыктан азыр тоок, күрп, коен өстүрүп, аларды сатып пайда көргөндөрдүн базары кызый баштады. Биз ушундан улам бул жолу көчөт жана тоок базарын аралап кайттык.

"Өкмөттөн жардам сурабайм, тийишпесе эле болду"
Бакыт КОЖОГЕЛДИЕВ Талас облусунан. Анын Чүйгө келип Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылында чарба күтүп, жер иштетип, көчөт өстүрүп, таман акы маңдай тери менен үй-бүлөсүн багып келатканына быйыл он эки жыл болот.
- Бакыт мырза, негизинен шаарда кайсы жемиштин көчөттөрү өтөт?
- Алманын "превосходный" сорту, шабдаалы, алчанын түрлөрү, алмурут жакшы өтөт.
- Жаңыдан көчөт тиге баштагандарга аны кантип отургузуу тууралуу кеңеш бере кетсеңиз.
- Негизи көчөттөрдү март айынын аягына чейин отургузуп калган жакшы. Эгер жетишпей калса апрель айынын башы деле жаман эмес. Бирок бул иш май айына калбаш керек. Алгач дарактын тамыры кысылбагандай кылып жерди кенен казып, көчөт түбүн эски кык кошулган топурак менен көөмп, анан бир чака сууга бир ширеңке кутучасынча селитира салып эритип, отургузулган көчөттүн түбүнө куюп коюш керек. Анын түбү жумшак болуш үчүн топурактын үстүңкү бөлүгүнө арпа аралаштырып койгон жакшы.
- Өзүңүздүн тамаркаңызда кандай мөмө-жемиштер бар?
- Үйдөгү бакчама алманын бардык сортторун өстүргөм. Үйүмдүн тегерегинде жыйырма сотук жерде багым бар. Мындан сырткары, быйыл айыл өкмөттөн бир гектар жерди кырк тогуз жылга ижарага алдым. Буюрса, ал жерге бүгүн-эртең эки миң терек жана алма бак эгем деп турам.
- Үйүңүздүн тегерегиндеги чакан бактан жылына канча киреше аласыз?
- Алма багым азырынча толук жетилип түшүм бере элек. Бирок мөмө бере баштаганына беш жыл болду. Азырынча орточо эсеп менен жылына бир тонна түшүм алам. Аны эгер он сомдон эсептесек, киреше жүз миң сомдун тегереги болот.
- Мындан башка дагы эмне иш кыласыз?
- Жер иштетем. Капуста, жүгөрү, картошка, күн карама, айтор баары бар. Андан сырткары мал багабыз, сүт, каймак, эт өзүбүздөн, артканын базарга алып чыгабыз. 150-200дүн тегерегинде үй канаттууларын кармап, алардын ашыкчасын да базарга алып келебиз. Келинчегим үй канаттуулары, роза гүлү, карагат, кожогат көчөттөрү менен алектенип, жаз сайын үй-бүлө бюджетине түзүк эле киреше киргизет.
- Учурда Чүйдө курма менен анар өстүргөндөр да бар дешет. Сиз ага аракет кылып көрдүңүз беле?
- Мен анар менен курманын көчөтүн сатып көргөм. Ооба, Чүйдө деле бул жемиштерди өстүрсө болот. Бирок анын көчөтүн акырындап адаптация кылып, бул жердин аба-ырайына үйрөтүш керек экен. Андыктан дарагын кышкы суукта үшүк алып кетпеш үчүн жылуулаш зарыл. Бирок катуу сууктарда болбой калышы мүмкүн.
- Базарга алып чыккан көчөттөр жалаң өзүңүздүн үйүңүздө өстүрүлгөндөрбү?
- Аралаш, түрүн көбөйтүш үчүн тааныштарыбыздан да көчөт алабыз. Питомниктерден алып чыгабыз.
- Көчөттү кыйыштырып, бутактын бир шагынан алма, бир шагынан алча, бир шагынан алмурут алса болот дешет. Сиз ушундай жасап көрдүңүз беле?
- Менин билишимче алма менен алма, алмурут менен алмурут гана кыйыштырылат. Үйдө кыйыштырууну өзүм эле жасайм. Ал эми сен айткандай бир бутакка ар түрдүү жемиш кыйыштырганды жолуктура элекмин.
- Өз алдыңызча чарбачылык менен өз үй-бүлөңүздү камсыз кылып, анан калса элдин талабын орундатып жатсаңыз сизге мамалекеттен эч кандай деле жардам керек эмес экен да.
- Мен эч кимден жардам сурабайм, мага эч ким тийишпесе болду.
Атадан балага өткөн багбан сыры
Мындан сырткары көчөт менен алектенген башка багбандар менен да баарлашып, алардан буга чейин көчөттөр көбүнчө Өзбекстандан келип турганын, учурда июнь окуяларына байланыштуу өзбектер менен бул маселе боюнча байланыш үзүлгөнүн, ал эми өзүбүздүн питомниктер Кыргызстанды камсыз кыла албасын уктук. Андыктан быйыл көчөттөр тартыш, кымбат болушу мүмкүн дешет алар. Учурда алма, шабдаалы, алча, алмуруттун көчөттөрү 120 сомдон 200 сомго чейин турат. Ал эми теректердин көчөтү 20 сомдон башталат. Арча 3000 сом турса, роза гүлдөрдүн көчөтүн 35 сомдон алса болот.
Учурда бою 1,5,-2 метр болгон кыска бойлуу алмалар тууралуу көп айтылып келет. Бирок базардан биз бул алма көчөтүн кезиктире алган жокпуз. Багбандар кыйыштыруу аркылуу алманын бул сортун алып жүргөндөр бар экенин, бирок алар жол-жобосун жашыруун сыр катары сакташарын, мындай сыр атадан балага гана өтүп турарын айтышты. Анткен менен мындай жол-жоболорду эл керегине жарасын деп ачыктап жүргөндөр да бар. Кезеги келгенде бою кыска алма көчөтүн кантип, кайсы жерден алса болорун айтарбыз.
Топук кылдырган тооктор
Учурда тоок саткан базарда үч породадагы тооктор бар. Биздин элге тооктордун эң эле ыңгайлуусу "Кучинский" породасы дейт сатуучулар. Базарда ушул породадагы тооктор басымдуу кылат. Бул түркүмгө кирген тооктор эт жана жумуртка багытында деп эсептелет. Ал эми "Раданит" породасындагы тооктор жалаң гана жумуртка үчүн болсо, "Бройлер" породасы эт багытында. Алар беш-алты айда эле союп жегенге жарап калат. Бул түркүмдөгү тоок Казакстандан келет экен. Бизде азырынча бул порода көбөйө элек.
Учурда бир күндүк жөжөнүн баасы 25 сом. Ал эми бир жумалык, эки жумалык жөжөлөрдүн баасы жогорулап кете берет. Тооктордун баасы 300 сомдон жогору. Үндүк, каздын баасы миң сомдон жогору. Өрдөктөр 500-600 сомдун тегерегинде. Булар менен кошо базарда канаттуулардын ичинен көгүчкөнгө да талап күчтүү экени таңдандырат. Баасы да кымбат. Мисалы, көгүчкөндөр 200 сомдон башталып, көркүнө, породасына карата кымбаттап, 1500 сомго чейин чыгат экен.
Коендон түшкөн каражат
Улан ЖАНЫБЕК уулу Каптал-Арык айылындагы Кайыңды мектебинде 9-класста окуйт. Төрт жылдан бери коен өстүрүп, бул иштин сырларын үйрөнүп алган. Коен тез көбөйгөндүктөн анын ашыкчасын базарга алып чыгып турат. Сатып жаткан бир коендон жети килограмм эт чыгат экен.
- Коен багууга кантип кызыгып калдың эле?
- Кенедейимен эле жан-жаныбарларды бакканга кызыгам. Төрт жыл мурун атамды кыйнап жүрүп эки коен алдыргам. Анда кичинекей болчумун. Бир күнү карасам анын бирөөсү төлдөп коюптур. Мен анда алардын минтип көбөйөрүн билген эмесмин. Бөжөктөр бат эле чоңойду. Биринчи кандай болор экен деп аларды базарга алып келип тез эле сатып ийдим. Жакшы акча болгонун көргөндөн кийин коендорума мурдагыдан да жакшы көңүл буруп, азыктарын убагында берип, жакшы породаларын издей баштадым. Азыр ушинтип жекшемби сайын базарга чыгып акча кылып турам.
- Азыр канча коенуң бар?
- Санай элекмин, көп эле болуш керек. Негизи мен биринчи дүркүрөтүп көбөйтүп алып, анан ар базар сайын сатып турам.
- Кандай жерде багасың? Жерди оюп башка жактан чыгып кетпейби?
- Темир тор ичинде багам.
- Коендор ооруйт бекен?
- Ооба, эгер өз убагында дарылатпаса булар деле ооруп, өлүп калышы мүмкүн. Коендорду өз эрежеси боюнча жылына эки жолу декабрда анан июнда прививка кылдырам.
- Жылына канча жолу төлдөтөсүң?
- Канчалык тез кошсоң ошончолук тез төлдөйт. Эгер төлдөткүң келбесе эркеги менен ургаачысын кошпой койсоң ошол боюнча жүрө берет.
- Коендордун эркегин тез-тез алмаштырып туруш керек, антпесе урук майдаланып кетет дешет го…
- Ооба, коендун эркегин жыйырма коенго гана кошуш керек. Андан ашык болсо бөжөктөр начар болуп калат.
- Коендор бөжөктөрүн өзү жеп таштайт деп уктум эле.
- Андай коенду ошол замат жок кылыш керек. Мындайлар да болуп калат. Бирок ал жөндөн жөн эле өз бөжөгүн жей бербейт. Ачка болсо же суу берилбей калгандан улам ушуга барат. Эгер жем менен сууну убагында берип турсаңыз, бөжөктөрүн жебейт.
- Эмне менен азыктандырасың?
- Кышында кебек менен чөп берем. Жазында, жайында деле ошол. Кээде арпа, беде берип коем.
- Мектепти бүткөндөн кийин кайсы кесиптин ээси болоюн дейсиң?
- Мен чарба менен эле калгым келет. Коендон башка азыр тоокторум, малым бар. Жайкы каникулда аларга тоют топтойм.
Зайырбек АЖЫМАТОВ ,
сүрөттөр автордуку







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??