presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Баатыр эненин баркы

Балдардын саны эмес сапаты да керек

Жакында президенттин жарлыгы менен көптөгөн энелерге Баатыр эне, Эне даңкы наам-сыйлыктары ыйгарылды. Бул боюнча президент алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Бүбүкан ДОСАЛИЕВА буларды айтып берди.

- Мындай наамдар буга чейин кандай берилчү эле?
- Мурдагы парламент 2009-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстанда жети бала төрөгөн аял Баатыр эне ардак наамын алып, алты балалуулар Эне даңкы медалы менен сыйланат деген мыйзам кабыл алган. Быйыл ушул наамды алыш үчүн Кыргызстан боюнча 6500гө чукул документ түштү. Алардын ичинен 4545 аял татыктуу болду. Учурда 3498 аял Баатыр эне наамын алса, 1049 аял Эне даңкы медалы менен сыйланды. Мыйзам боюнча 2007-жылга чейин он балалуулар баатыр эне болсо, 2007-жылдын 1-январынан баштап тогуз балалуулар бул сыйлыкка татыктуу деп өзгөртүү киргизилген. 2008-жылдан баштап сегиз балалуулар ушул наамга татыса, 2009-жылдан бери жети балалуулар Баатыр эне наамын алышсын деп мыйзамды өзгөртүштү. Бул сыйлыкты алууда балдардын санына эле эмес сапатына да көңүл бурулуп, жакшы тарбия берген үй-бүлөлөргө берилет деп мыйзамда каралган. Азыр бул наамга татыктуу 4545 аялга документтер берилгени менен, тилекке каршы Баатыр эне ордени, Эне даңкы медалы берилген жок. Себеби өткөн жылы 7-апрелде Ак үй талкаланганда мамлекеттик сыйлыктар сакталып турган фонд да таланып, эч нерсе калбай калыптыр. Азыр аларды даярдатууга акча бөлдүрүп жатабыз. Ордендер даяр болгондон кийин адресаттар менен кайра жөнөтөбүз. Баатыр эне ордени алтын менен күмүштөн жасалса, Эне даңкы медалы күмүштөн даярдалат.
- Баатыр энелерге, Эне даңкы орденинин ээлерине жеңилдиктер каралганбы?
- Эгер өмүр бою иштеп, эмгеги менен пенсияга чыкса аларга 20% кошумча акча төлөнөт. Ал эми өмүр бою эч жерде иштебей, карылыгы боюнча пенсияга чыккан баатыр энелерге 2000 сом кошулат. Айыл жеринде жашагандарга жер салыгынан жеңилдиктер каралган.
- Кыргызстандын кайсы аймагында баатыр энелер көп экен?
- Биздин иликтөө боюнча баатыр энелерге бай аймакка Жалал-Абад облусу кирет. Андан кийинки орунда Ош, Баткен, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустары турат. Быйылкы Баатыр эне наамына татыгандардын арасында өткөн кылымдын башында төрөлгөн байбичелер да бар. Себеби алар совет мезгилинде жети баласы менен Эне даңкы медалын алып, баатыр энеликке балдары жетпей калган. Ош облусунун Кара-Суу районунан 1928-жылы туулган Тажи Арзыбаева аттуу байбиче жолдошу Барат Арзыбаев менен 1944-жылы баш кошуп, жети балалуу болуптур. Жакында ушул байбиче Баатыр эне наамын алды. Эне даңкы медалын алгандардын эң жашы алты балалуу, 1980-жылы туулган келин болду.
- Багып алган бала эсепке киреби?
- Эгер баланы асырап алгандыгы тууралуу расмий документтери болсо бул наамга илинет. Жетим балдар үйүндө эмгектенген төрт аял жергиликтүү бийлик тарабынан көрсөтүлүп, Эне даңкы медалы менен сыйланышты. Алар өмүр бою балдар үйүндө эмгектенип, башка балдарды тарбиялагандыгы үчүн татыктуу болушту.
- Учурда миграция күч алууда, башка өлкөнүн жарандыгын алгандар кантишет?
- Эгер ата-энеси Кыргызстандын жараны болсо сыйлык берилет. Россиянын же Казакстандын жарандыгын алып кеткендерге балдарынын саны жетсе да бул наам берилбейт. Бул наамга жөнөтүү үчүн облустук, райондук администрацияларда үй-бүлөлүк гендер маселесине жооптуу адамдар бар. Алар документтерди так даярдап, губернатордун сунуш каты менен бул жакка жибериши шарт. Жети дубандагы буга жооптуу адамдардын ичинен Чүй облусунун өкүлү гана жакшы даярдап берди. Эң начар иштеген, даярдалган документтеринин көбү туура эмес деп табылган Талас облусу болду. Мисалы, Талас облусунун Кара-Буура районунан 283 көп балалуу аялга наам керек болсо, ошонун сегизи гана талапка жооп берди. Калгандары жараксыз. Көпчүлүк документтерде ата-энесинин фамилиясы менен баласыныкы дал келбейт, же сызылып башка фамилия жазылган. Күбөлүктү чийип башка фамилияны же балдарын эркелетип айткан аттарын жазып койгондор да бар. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү документтин тактыгына көңүл бурушса жакшы болот эле. Баатыр эне наамын берүү жылына бир эле жолу жергиликтүү бийлик тарабынан 1-ноябрга карата кабыл алынат. Былтыркы окуяларга байланыштуу 1-декабрга чейин узартылса да акыркы документ 17-февралда түштү.
Назгүл
КАЛМАМБЕТОВА




  Алтын оймок

Кыргыздын этникалык кийимдерин түп орду менен жоголбой сакталып калышына уз айым Бурул Мамбетованын салымы чоң. Учурда оюу-чийме менен кийизден жасалган көйнөктөргө кызыгуу да, суроо-талап да арбын болуп турган учур. Чийдин бетине кийиз жана жибек түшүрүп, өзгөчө ыкма менен көйнөк тиккен уздардын ишканасына башбактык.

Бурул Мамбетова:
"Ийне-жиби жок кийим тигебиз"
- Улуттук кийимдерди өзгөчө ыкма менен жасайт экенсиздер, ушундай деңгээлге жетиш үчүн ишти эмнеден баштадыңыз?
- Мен жыйырма жыл мектепте кол эмгектен сабак берип иштедим. Кийин районго жумушка которулгам. Ошол учурда Швейцариянын тоо программасы деген иш-чара башталып, айымдар ошол семинардан өтүшкөн. Мен да семинарга илинип калдым. Алгач чөптү кургатып, андан боек алууну өздөштүргөнбүз. Жөнөкөй эле эрменди кургатып, ал кандай түс берээрин иш жүзүндө көргөнбүз. Чөптөн көбүнчө саргыч, мала жашыл түстү алса болот. Анын бекемдигин текшериш үчүн кийизди боеп алып күнгө да жайып, жаанга да калтырып көрдүк. Чынында чөптөн алынган боектун сапаты мыкты болот. Семинарда бизге кийизди кантип иштетүүдөн баштап жибек же башка материалдар менен аны айкалыштырууга чейин үйрөтүштү. Бирок мен орто жолдон жол кырсыгына кабылып семинардын аягына чыкпай калдым. Ошентсе да өз алдынча ушул ишти өздөштүрүп кетүүгө күчүм жетти. 2003-жылы этникалык кийимдердин эскиси менен жаңысын айкалыштырып жасаганга өттүк. Семинарга катышкандардын саналуусу эле кол өнөрчүлүк ишин улап кетишти окшойт.
- Ийне, жип колдонбой кийизден кийим тигүү процесси тууралуу айтсаңыз?
- Биз ишке уяң койдун жүнүн пайдаланабыз. Көйнөк эле эмес моюн орогуч, сумка, бут кийим, чокойдон өйдө жасалат. Алгач керектүү кийиз менен жибекти боеп алабыз. Чийдин бетине кийизди керектүү формага салып иштеп чыгып калган жумушту кол менен бүтүрөбүз. Негизи жумуш оор болгондуктан ошого жараша көйнөктүн баасы да кымбатыраак. Ошентсе да элдин этникалык кийимдерге кызыгуусу артып жатканы сүйүндүрөт. Биз башында көйнөктөрдү подиумга ылайыктап тикчүбүз. Бара-бара күнүмдүк тиричиликке ылайыктуу кийимдерге өтө баштадык. Азыр жеңил, сапаты жакшы көйнөктөрдү тигүүдөбүз. Кээ бири ийне-жип колдонулбай тигилет десең ишенбей, клей менен чаптадыңар деп күлкүнү келтиришет. Биздин бирден-бир өзгөчөлүгүбүз ушунда болсо керек.
- Жогоруда жол кырсыгына кабылдым дебедиңизби, анда да ишиңизди үзгүлтүккө учураткан жоксузбу?
- Бир жарым жыл төшөктө жаттым. Чалкаман жатып алып моюн орогучтардын гүлүн кийизден жасап койчумун, бир кийизге болжол менен жүз даана гүл кетет. Мен даярдап койгон гүлдөрдү жибектин бетине тизип, балдарым калган иштин аягына чыгышат. Улуу балам чокойдун түрүн жасаганды өздөштүрдү. Башка балдарым мен эмне жасасам ошонун баарын кыла алышат. Ишти жаңы баштап жатканда аябай эле кыйналганбыз. Бир күндө бир моюн орогуч жасап бүтсөк, сүйүнчүбүз. Азыр эми бир моюн орогуч эмес андайдын далайын жасап, аз да болсо элди жумуш менен камсыз кылып, айлык төлөп бергенге жарап калдык. Кызым азыр кол өнөрчүлүк боюнча ишин улантып чакан ишкана ачып өз алдынча кетти. Калган балдарым колума кол, бутума бут болуп мага жардам беришет. Кол өнөрчүлүк каныбызда бар, апам колунан көөрү төгүлгөн уз. Азыр жетимиш алты жашка чыкты. Учурда колдонуп жаткан чийлердин баарын убагында апам токуп койгон, азыр пайдасы тийип жатат. Ишибизди баштаганда шырдак жасап киришкенбиз. Апам жасайт, мен жээк басам же шырыйм. Бирок шырдак жасоо көп машакатты, көздүн майын алат экен. Кийинчерээк кийизден одеял жасаганга өттүк. Кудайга шүгүр, азыр ишибиз алдыга жылып, көргөзмөбүз менен чет өлкөлөрдүн көбүн кыдырып жатабыз. Ушунун баары талыкпаган эмгектин жыйынтыгы болсо керек.
- Ишканаңызда канча адам эмгектенет?
- Дайым иштеген адамдардан бешөө. Жайкысын заказ көп түшөт, ошол маалда дагы кошумча адамдарды алабыз. Көргөзмөгө даярдык көрөөрдө кошумча күч керектелет. Азыр атайын окуу жайлардан келип биздин ишти өздөштүргүсү келген улан-кыздар бар. Бул жашоодо өзүм эле билип калайын дебей, ишимди менден кийин өздөштүрүп, улап кете тургандар калсын деген тилек менен жашайм. Аларга кийим жасоо процессин үйрөтүп жатам. Эң негизгиси аракет кылышса болгону. Азыр уучум куру эмес, менин ишимди улап кетүүчү шакирттерим арбын.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??