presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Күрөө тамырдын күнгөй-тескейинен

"Аңдыган ала таякчандардан, азаптуу жолдон тажадык"
Тирүү организмдеги кан сымал өлкөнүн жети дубаны менен борборду байланыштырып турган чындыгында айдоочулар, таксисттер. Бирок негедир акыркы мезгилде алардын атына айтылган сын- пикирлер, дооматтар арбын. Балким таксисттердин да элге, жогору жактагыларга айта турган арыз-муңу, көйгөйү бардыр. Бу жолу борбордон алты облуска каттаган таксисттерди кепке тарттык.


Замирбек ОБУКЕЕВ, Бишкек-Ат-Башы каттамындагы таксист:
- Казыбек айылынан Долонго чейин жол өтө начар, андан берки жагы да жамаачыланган. Бир аз ылдам айдаганыбыз үчүн МАИчилер чоң жолдо 100 сомдон, кээде 300 сомдон шыпырышат. Жол эрежесин сактап жай айдайын десең улгайган жүргүнчүлөр кыйналышат. Аргасыз ылдамыраак айдоого туура келет. Төрт кишини 500 сомдон салганыбыз менен жолдон бир чуңкурдан качып экинчисине түшүп, дөңгөлөктөр жарабай калат. А базарда колдонулган дөңгөлөктүн эң начары 1000 сом, жакшыраагы 1800, жаңысы болсо 2300 сом. Рулда көп отургандыктан көз, нерв оорулар күчөп, остеохондроз дегени жармашат экен. Айла жок, туруктуу иш болбогондуктан үч баламды багыш үчүн кышкы суукта, тайгалакта жанды оозго тиштеп сапарга чыгам. Дөөтүбүзгө арзан деп жалаң кытай тетиктерин алабыз. Алардын айрымдары көпкө чыдаса, көбү бат эле керектен чыгат. Күйүүчү май арзандаган менен тетиктер, тамак-аш кымбат болуп, тапканыбыздан сарптаганыбыз көп. Бишкектен Ат-Башыга 35-40 литр май куябыз. Мындан МАИлердин шыбагасын, тетиктерди чыгарсак, колдо арзыбаган эле акча калат. Бишкек-Торугарт жолуна Япониядан акча бөлүнүп атат дешти эле, эми ал өлкө тигинтип атат. Жолубуз эми оңолбой калабы деген санаадабыз.
Шаймырза ТУРГУНБЕКОВ, Бишкек-Талас-Кара-Буура каттамындагы таксист:
- Биздин негизги көйгөйүбүз - Өтмөк ашуусу. Азыр ашууну көрсөңүз, таластыктар кандай азап тартып атканын көрөт элеңиз. Үч жылдан бери жүргүнчү ташыйм. Бир да жолу Өтмөк жолу тазаланып, оңдолгон жок. Эгер жол каралбаса бизге аким, губернатордун кереги эмне? Транспорт министри эмне кылып атат? Таластын өзүнө чейин 350-400 сом, Кара-Буурага чейин 450 сомдон киши салып, кышы менен каттайбыз. Кышкысын Төө-Ашуу, Ала-Бел каралат, Өтмөктү караган жан жок. Эгер мен президент болсом, чатыр тигип туруп Өтмөктүн башына күрөк менен жол тазала деп губернаторду отургузуп коет элем. Транспорт министрин баштап, чиновниктерди калдыраган машине менен ошол жакка жиберсе бизди түшүнүшөт эле. Төө-Ашууга болсо кумдун ордуна урчуктуу майда таштарды төгүп коюшуп дөңгөлөктөр жарылып, суукта талаада калып, автокырсыктарга көп учурап атабыз. Дагы бир көйгөй - патент маселеси. Бир айга патентке 300, фирмага путевка үчүн айына 305 сом төлөйбүз. А бир айда үч же эки жолу гана каттайбыз. Машине көп, кезекке туруп эки-үч күн суукта машинеге түнөгөнүбүздү эсепке алган эч ким жок. Бул жетишпей жаткансып МАИчилер эң аз дегенде 150 сомдон алышат. Алар өздөрү айдоочуга жүз метрден даана көрүнгүдөй жерде турушубуз керек деп айтышат да, бирок булуң-бурчка жашынып алып аңдышат. Суусамырдын ичинде ылдамдыкты чектеген белгилер жок болсо да, чектөө токсон деп бизди баса калышат. Эреже бузбай калсаң, ырым кылып кетпейсиңби дешет ачык эле. Күйүүчү май беш сомго түштү эле, кайра 60 тыйынга көтөрүлдү. Кыскасы таксисттик кесип - эптеп өлбөстүн күнүн көрүү.
АДИЛЕТ, Балыкчыга каттаган таксист:
- Балыкчыга микроавтобус, төрт орундуу, жети орундуу таксилер 150-200 сомдон каттайт. Бир барып келгенибизде өзүбүздө 400-600 сом калат. Эртең менен эрте келип, жол жээгине мыйзамсыз туруп киши салып кетебиз. МАИ кызматкерлери буерге кеминде үч жолу келишип, 100-200 сомдон алышат. Мунусу аз болгонсуп, Балыкчыга жеткиче жол бою бүт эле маичилер "саайт". Аларга токтогон сайын бирдеме беришиң керек. Мындан сырткары, 30 сомдон 35-40 литр май куябыз.
Патент, лицензия алалы десек актабайт. Анткени Балыкчыга каттаган таксилер көп, киши аз. Ошондуктан бийликтегилер деле бир аз ойлонуп, жыбыраган маичилерди азайтса жакшы болот эле. Алардын үстүнөн текшерген орган болбогондуктан "беспредел" кылып атышат. Кээ бир МАИ кызматкерлери жаш балдар, өздөрү жол эрежесин, мыйзамды тыңыраак билишпей, мээни чагышат.
Өсөржан ТЕШЕБАЕВ, Жалал-Абад-Бишкек каттамындагы таксист:
- Жалал-Абад-Бишкек багытындагы таксисттерге автобекеттен орун берилип, азыр ушул жерден каттап атабыз. Жалал-Абадга чейин бир кишиге 1000-1200 сомдон алабыз. Жети орундуулар 700-800 сомдон алышат. Майын чыгарганда бир каттамдан 1500 сом калат. Эки күн бул жерде кезекте турганда, бир күндүк тамагыбызга 350-400 сом кетип калат. Ар бир машинага күнүнө 50 сомдон төлөйбүз. Кыскасы, эптеп-септеп машинанын дөңгөлөгүн, тетиктерин жамап, баскан-турганыбызга бир аз ашырабыз. Өзүңүздөр билгендей, биз мурун Ош базарынын жанында турчубуз. Азыр ал жакка тыюу салынган менен айрым таксисттер дагы деле ошол жактан кишилерди алып кетип жатышат. Маичилер алардан акча алып коюп көрмөксөнгө салышат. Ошондуктан шаар бийлиги бул системаны толук мыйзамдаштырып, Кулиев көчөсүндөгүлөр да бул жерден кеткидей кылып берсе.
Жолго токтолсок, жолчулар начар иштеп атышат. Тоодон түшкөн таштар убагында терилбейт. Төө-Ашуудагы туннелге ары-бери өткөн машинелер 45 сомдон төлөйт. Бирок туннель ичинде уңкул-чуңкулдар такыр эле оңдолбой койду. Ал жерден акча төлөгөнүң аз келгенсип, сөзсүз чуңкурга түшүп машинеңдин бир жери сынат. Күйүүчү май Жалал-Абадда Бишкекке салыштырмалуу 5-6 сомго кымбат. МАИ кызматкерлери кээде ондогон машинени токтотуп алышып, өздөрү авариялык кырдаал түзүшөт. Алардын айрымдары өздөрү жол эрежесин билишпейт. Түз тилкеде туруп алып айдоочуларды тосушат. А эреже боюнча МАИ токтоочу жайдан тосушу керек. Азыр тетиктер да кымбаттап кетти. Мурда бир тормоз колодкасын 500 сомго алсак, азыр аны 800-1000 сомго алабыз. Баса, Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) да акыркы күндөрү жабылбаган жолду жабылды, көчпөгөн көчкүнү көчтү кылып, кар жок жерге пушкасын алып барып бош жерди атып, бюджеттен акча "сындырып" атат. Жакында эле 26-февралдан 3-мартка чейин көчкү жүрөт, жол жабылды деп билдиришти. А чынында ал жерде көчкү жүрө турган кар жок болчу. Камчыбек Ташиевдин убагында жолду жакшы карашчу эле, азыр бул министрликтин бир иш кылганын көргөн жокпуз.
Сабыр АСАНОВ,
Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну, таксист:
- Биз Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Жалал-Абад, Ноокат, Хайдаркан ашууларын ашып, миң чакырымды басып Баткенге жетебиз. Негизги көйгөй - жол начар, тетиктер кымбат. Бишкекке келип кезек күтүп бир жума мейманканада жашайбыз. Күнүнө жеп-ичкенибиз менен 350 сом сарпталат. Кечкисин кар жаап калса күрөлбөй, ашууларда таң аткыча автотыгында турмай. Оштон нары кеткен жолдор аман эле болсун. Машине эмес эшек да баскысы келбейт аяктан. Биз азыр Сох аркылуу өтөбүз. Өзбектер бир-эки саат жөн эле кармайт. Кокус бир товарга декларацияң жок болуп калса тигилердин сураган акчасын берип өтөсүң. А өзүбүздүн территориядагы жолдордон жүрө албайбыз. Аны беш жылдан бери кытайлар жасап атат, бирок бүтө элек. Баткенде жашоо жылдан жылга кыйындап, чегарага жакын айылдагылар үйлөрүн тажиктерге сатып эле баса берип атышат. Баткенде биринчи сорт ун 1600 сомго чыгып, эл экинчи сорт ун жеп атышат. Жер семирткич, май кымбат болгондуктан байлар эле жер иштетип калышты. Он сотых жерге 500 килограмм жер семирткич кетет. Аны 25-30 сомдон эсептеп көрүңүз канча болот? Жан башына азы 2 сотых, көбү 10 сотыхтан жер тийген. Анан айла жок минтип таксист болуп күн көрүп атабыз.
Билал ТОКТОНАЗАРОВ, Ош-Бишкек каттамындагы таксист:
Биз Оштун Кара-Суу, Араван, Өзгөн, Совет райондоруна, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Алайга чейин барабыз. Жол кире азыр Оштун өзүнө чейин 1300 сом. Райондорго чейин 100-200 сомго кымбатыраак болот. Негизги көйгөй - МАИ кызматкерлеринин өкүмзордугу. Эреже бузсаң да, бузбасаң да акча бересиң. Жол маселесине келсек, Оштон райондорго кеткен жолдор өтө начар. Жүргүнчү алып чыкканда төрт орундуу машине 50, жети орундуулар 80 сомдон төлөйбүз. Автобекетке кирерде он сом алышат. Жаткан жерибиз болсо машина. Тууган уруктары барлар барып түнөп келишет. Буерде бир бригада түзүп иштеп атканыбызга мына алты жылдын жүзү болду. Кезектешип жөнөп турабыз. Оштон келген айдоочу эки күн эс алып, машинасын каратып, кезеги келгенде кардар чыкса жолго чыгат. Бригаданын машиналарынын акыбалы бүт жакшы. Талапка жооп берет. Эртең менен айдоочулар алкоголдук текшерүүдөн өтүп турат. А Ош базарынын жанындагы таксисттер бизден 200 сомго арзан кетишкени менен кооптуу. Алар кечинде келип, эки саат уктап кайра жолго чыга беришет. Ошол себептен автокырсыктар да көп болот аларда. Күйүүчү майды бир айда беш сомго арзандатышты эле, кечээ кайра бир күндө 2-3 сомго көтөрүп коюшту. Жакында кайра 40 сом болот дебатышат. Таксисттердин бүгүнкү "жыргал" жашоосу ушундай.
Мелис СОВЕТ уулу

P.S. Автобекеттеги таксисттердин дооматын угуп Кулиев көчөсүнө бардык. Алар айткандай, чындыгында бул жерде да таксисттер арбын экен. Асанбек Камчыбеков аттуу таксист элдин көбү Ош базарына келгендиктен МАИ кызматкерлерине 200 сомдон берип, машинаны далдоо жерге коюп, аргасыз тийип-качып иштеп атышканын жашырган жок.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??