presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Акча "саамай" текшерүүлөр азаябы?

Тобокелчиликтин артында тоодой жүк турат
Эгемендүүлүктү алган жылдан бери Кыргызстанда орто, кичи бизнести өнүктүрүү боюнча биртоп мыйзамдар, токтомдор токулган. Бирок ар кандай текшерүүлөрдүн көптүгүнөн улам ал мыйзам, токтомдор ара жолдо калып, ишкердик, бизнес өнүкпөй келатканы жашыруун эмес. Ушуну эске алып жакында Экономикалык өнүгүү министрлиги Эларалык финансы корпорациясы (IFC) жана ЮСАИД менен биргеликте "Ишкердик субъектилерге текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү" мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул мыйзам долбоору өзүнө эки өзгөчөлүктү камтыйт. Анын бири тобокелчиликти баалоого негизделген текшерүүнү жана текшерүү баракчаларын киргизүү.


Экономикалык жөнгө салуу министринин орунбасары Санжар Муканбетовдун айтымында, мындай мыйзам долбоорун иштеп чыгуу бизнесмендердин демилгесинен улам болгон. "Биз дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуп бул мыйзам долбоорун өнүктүрдүк. Азыр мындай мыйзам Батыш өлкөлөрүндө, Латвия, Эстонияда колдонулуп жатат. Тобокелчилик критерийлерин киргизүү текшерүүчү органдарга текшерүү объектилерин - жогорку, орто жана кичине тобокелчилик даражаларына бөлүп кароого шарт түзөт. Ошондо жогорку даражалуу тобокелчилиги бар субъектилер жылына бир жолу, орто тобокелчиктеги мекеме үч жылда бир жолу, а кичине тобокелчиликтеги ишкана беш жылда бир жолу гана текшерилет. Ал эми текшерүү баракчаларын болсо мамлекеттик текшерүү органдары иштеп чыгышат. Иштелип чыккан текшерүү баракчаларында ишкердик объектилерге азыркы укуктук нормативдик актыларда каралган бардык талаптар камтылат. Бардык милдеттүү талаптардын мындай бир документке биригиши текшерүүчү органдардын текшерүүлөрдү сапаттуу жүргүзүүсүнө, ишкерлердин текшерүүчү органдар тарабынан кандай талаптар коюлганын так билүүсүнө өбөлгө түзөт. Тактап айтканда, тобокелчилик системасы менен текшерүү баракчаларын киргизүүдө мамлекеттин да, ишкердин убакыты, акчасы үнөмдөлөт" дейт министрдин орунбасары. Санжар мырзанын айтымында, бул мыйзам долбоорунда текшерүүлөрдүн мөөнөтүн 30 күндөн 15 күнгө чейин, а чакан бизнес субъектилерин текшерүүнү 5 күнгө чейин кыскартуу нормалары да камтылган. Мындан сырткары, бул мыйзам долбоорунда объектилердин текшерүүлөрүн каттоо боюнча атайын маалыматтык база түзүү каралган. Санжар Муканбетовдун айтымында, эгер жогорудагы мыйзам өкмөт, парламент тарабынан жактырылып кабыл алынса, бул маалыматтык базанын электрондук вариантын бардык текшерүү органдарына киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатыптыр.
Министрдин орунбасары Санжар Муканбетов андан ары оюн улап, текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуунун бирден бир жолу - тобокелчилик критерийлерин жана текшерүү баракчаларын киргизүү экенин билдирди. "Жалпак тил менен айтканда, элдин коопсуздугуна, ден соолугуна көп тобокел келтирген мекеме-ишканалар көп текшерилип, а аз тобокелчилик жараткан объектилер сейрек текшерилиши зарыл. Текшерилчү объектилерди минтип тобокелчилик топторуна бөлүү пландык текшерүүлөрдүн приоритеттүүлүгүн аныктоого жардам берет. Мисалга алсак, кардарларга көп коопсуздук келтирген эт комбинаты жылына эки-үч жолу, ошол эле мезгилде кичине дүкөн эки-үч жылда бир эле жолу текшерилиши керек. Тобокелчилик критерийлеринин негизиндеги текшерүү механизми мамлекеттин бизнеске ашыкча, негизсиз кийлигишүүсүн азайтат. Натыйжада бизнес өнүгүп, салык, жыйымдар көбөйөт. А бул болсо мамлекеттик бюджетке кошумча киреше. Ошондуктан тобокелчилик критерийлерин киргизүү - бизнес чөйрөсүн реформалоо жолундагы негизги кадам" дейт Санжар Муканбетов.
Бишкек ишкер клубунун аткаруучу директору Улукбек Кыдырбаевдин билдиришинче, бул мыйзам долбоорунун өзгөчөлүгү, жакшы жагы ишкерлер негизсиз текшерүүлөрдөн кутулушат. "Учурда бардык салыктарды убагында төлөгөн, өрт коопсуздугун, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды туура сактаган ишкерлерибиз арбын. Мындай адамдар төмөнкү тобокелчилик деңгээлине киргизилип, беш жылда бир гана текшериле турган болот. Текшерүүчүгө болсо атайын текшерүү кагазы берилет жана бул документте текшерүүчүнүн бизнесменге бере турган тиешелүү гана суроолору камтылат. Башкача айтканда, текшерүүчү бизнесменге текшерүү баракчасында жок ашыкча, негизсиз суроолорду бере албайт. Бул биринчиден инспектордун ишкерден азыркыдай коркутуп-үркүтүп акча алуусуна бөгөт коет. Тактап айтканда, бул мыйзам долбоору менен биз текшерүүчүнү мыйзамдуу бир алкакта кармоого, Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүгө аракет кылып жатабыз. Жөнөкөй эле мисал, МАИ кызматкери айдоочуну токтотуп документтерин, аптечкасы, өрт өчүргүчү бар экендигин текшерип кынтык таба албаганда, машиненин моторунун номурун кароону ойлонот. Кыскасы, ал акча алуунун эле амалы болуп атпайбы. Бизнесте деле ошондой негизсиз, эскертүүсүз, мөөнөтсүз текшерүүлөр көп. Азыркы биз сунуштап жаткан мыйзам долбоору ушуларды чектеп, бизнестин өнүгүшүнө жол ачат" дейт Улукбек Кыдырбаев.
P.S. Учурда жогоруда аталган мыйзам долбоору өкмөттүн кароосунда турат. Өкмөттүн элегинен өтсө, парламенттин сынына коюлмакчы.
Мелис СОВЕТ уулу





  Лидериңди айтчы...

Саның сайдын ташындай, салмагың канча?

(Уландысы. Башы 6-бетте)
"Оптом" кирмей адаты

Кыргызстандагы партияларда оң тартса оңго, солго тартса солго кете бермей туруксуздук мүнөздүү. Бийлик түзгөн партия эмне десе аны ээрчимей, кошулуп алмай адат болуп калган. "Содружество", "Санжыра", "Жаңы Кыргызстан", "Ар-намыс" ж.б. партиялар Бакиев бийлиги убагында "Ак жол" партиясын колдой тургандыктарын, айрымдары керек болсо кошула турганын жар салып жиберишкен. Акаев заманында "Адилет", "Биримдик" ж.б. партиялар бийликчил "Алга, Кыргызстан!" партиясына биригебиз деп билдирүү таратышкан.
Акаевдин президент кезиндеги бийликчил "Алга, Кыргызстан!" партиясына мамлекеттик чиновниктер, мугалимдер, медицина кызматкерлери күтүрөп өтүшсө, Бакиев маалында "Ак жол" партиясына "оптом" киришкен. Партияга мүчө болуу, андан чыгуу, кошулуу көйнөк алмаштыргандай кадимки көрүнүшкө айланган. Партия ичиндеги уставдык, этикалык эрежелер, абийир, ар-намыс деген дегеле сакталбайт. Кайсы бир партияга кошулуу, убактылуу аны колдоо чечимдери партиянын курултайларында эмес, бир ууч партия төбөлдөрүнүн оозеки макулдашуулары менен ишке ашып келатканын байкоого болот.

Кызматтан түшкөндө...
Партия түзүүгө тарыхый, социалдык шарт түзүлүш керек экендиги белгилүү. Кыргызстанда кызматтан түшкөн жетекчилер партия түзө калмай адатка айланган. Алардын айрымдарын эле эске салалы. Үсөн Сыдыков "Жаңы Кыргызстан", Кеңешбек Дүйшөбаев "Акыйкат-справедливость", Бакирдин Субанбеков "Бир эл", Болот Жанузаков "КУТ", Жантөрө Сатыбалдиев "Бакубат Кыргызстан", Мамбетжунус Абылов "Өнүгүү" демократиялык партиясын уюштурушкан. Айрым бир окуяларга байланыштуу лидерлердин учкай билдирүүлөрү гана болбосо, кээ бир партияларды дээрлик эл билбейт.

Эмне кылуу керек?
Өнүккөн көп өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй партиялык саясый тутумдун туруктуулугу партиялардын санына байланыштуу эмес. Ошондуктан Кыргызстандын саны көп партиялары менен мактануусу орунсуз эле көрүнүш. Ошондуктан эмне кылуу керек деген суроо туулат.
1. Албетте бардык эле өлкөлөрдө майда, чоң партиялар бар. Саясый тутумдун классикалык үлгүлөрүнө кайрылсак, партиялар Батыш Европада, Америкада коомдо негизги кыймылдаткыч күч катары бааланат. Туруктуу демократиялык салты бар өлкөлөрдө 20-25тин тегерегинде партиялар бар. Кыргызстан дал ошол жолду үйрөнүшү керек. Коомдун кыймылдаткыч күчүнө айланган жалпы улуттук партиялар өсүп чыгышы зарыл. Ошол партиялар жалпы шайлоочулар, мамлекет алдындагы жоопкерчиликти алганда гана партиялык системанын өнүгүшүнө шарт түзүлөт. Ошондуктан Кыргызстанда өнүккөн өлкөлөрдүн өрнөгүн алып, жакынкы келечекте таасирдүү делген 3-4 партия, экинчи эшелондо деп эсептелген дагы 5-6 партия калышы керек. Калганы биригүү же жоюлуу жолуна кетиши зарыл.
2. Партиянын өсүшүнө, бутуна турушуна мамлекет тарабынан мыйзамдуу, моралдык жактан да шарт түзүү керек. Партиялар ортосундагы чыныгы атаандаштыктын өсүшүнө мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Акаев, Бакиев доорундагыдай бийликте тургандар камчысын үйрүп, мыйзамды бузуп, өзүнөн башка партияларды басынта берсе, куугунтуктай берсе анда эч натыйжа чыкпайт, эл жактырган массалуу партиялар өспөйт.
3. Бардык партиялардын программалары элге толук жетиш керек, аларды салыштырып окууга, таанышканга, анализ жасаганга шайлоочуларда мүмкүнчүлүк болушу шарт. Шайлоочу добуш берген партиясынан берген убадаларынын аткарылышын суроого, талап кылууга мыйзам жүзүндө да укугунун болушун шарттоо керек. Ошондо партия эл алдындагы жоопкерчилигин сезип, ар кадамын жаза баспаганга аракети күч болот, кыргызча айтканда, чыйралат, өнүп-өскөнгө умтулат, жалпы улуттук деңгээлге жетүүгө жан үрөйт.
4. 2007-жылы 21-октябрдагы референдум аркылуу Кыргызстанда партиялык парламентти түзүүнүн классикалык, теориялык, укуктук базасы ачылганы менен аны ишке ашырууга келгенде оош-кыйыштар жок эмес. Кагазда жазылган мыйзам талаптары, эрежелер иш жүзүндө аткарылбай ара жолдо калганы айтылып келатат. Ошентип партияларга укуктук база түзүү менен жоопкерчилигин жогорулата турган механизмдерди түзүү зарылчылыгы келип чыкты.

Бакыт ОРУНБЕКОВ, журналист, саясат таануучу



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??