presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 22-мартты күтөбүз

Коалицияны "жеп" салчулардын жемсөөсү ага топук кылбайт
Акыркы эки жумада коалицияны кулатууга бардык күчтөр аракет жасады. Дагы жакшы, премьер Алмазбек Атамбаев өз учурунда реакция кылып, тараткычтарды убактылуу тизгиндөөгө жетишти. Ошону менен 22-мартта коалиция маселесине чекит коюлмай болду.


Парламенттик көпчүлүктү түзгөн үч фракция 11-мартта алгачкы ирет чогулуп, жыйын өткөрдү. Жеке булактан алынган маалымат боюнча жыйында "ата журтчу" депутаттар өкмөт курамына нааразычылыгын ачык билдиришкен. Буга улай бюджет тартыштыгына карабастан миллиондорду мойсоп, бирок оңгулуктуу пайда алып келбеген министрлик, агенттиктердин санын кыскартуу демилгеси көтөрүлүптүр. Талашып-тартышуунун натыйжасында "ата журтчулар" өкмөткө 22-мартка чейин убакыт берди. Ушул аралыкта башбакан Атамбаев 10 талапты аткарышы керек. Аткаралбаса, анда коалиция ойрон болушу толук ыктымал.
"Ата журт" фракциясы тараткан маалыматка ылайык, апрель, июнь окуясында жабыр тарткандардын көйгөйүн чечүү жана алардын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү, коогалаңда каза тапкандарга эстелик орнотуу, жогорку окуу жайларда реформа жүргүзүү, кеңейтилген форматтагы коалициялык өкмөт куроо жана анын курамына ар кыл күчтөрдүн өкүлүн тартуу 10 талаптын өзөгүн түзөт. Ачыкка чыкканы ушу. Ошол эле маалда бакиевчи партиянын "атаманы" Камчыбек Ташиев премьер-министрге кирип, Жогорку сот менен Башпрокуратураны "Ата журтка" ыйгарбаса коалицияны тамам кыларын айтып, тигини коркутканы неси? Алмазбек Шаршенович Камчыкенин ормон опузасына кандай жооп узатары жакында билинет.

Кулатууга кимдер кызыкдар?
Март айынын башында эл өкүлдөрү Москвада болуп кайтышты. Сапар алкагында "Ата журттун" лөктөрү Кремлдеги таасирдүү фигураларга кезигип, көшөгө артында сүйлөшүү жүргүзгөнү маалымат каражаттарында кеңири талкууланды. Анын негизинде 1-вице-премьер Өмүрбек Бабановго "кара пиар" жармашканы белгилүү. Демек, коалициянын жаназасын окутууга сырткы күчтөр да кызыкдар экенин боолголосок жарашабы? Анүстүнө бакиевчи партия казак бийлигинин заказын аткарып жатканын эркин басылмалар шардана кылды…
"Ата журттан" сырткары, парламенттик көпчүлүктүн тамырын кыркууга "Ата мекен", "Ар-намыс" партиясынын мүчөлөрү шымалана киришкени каңкууланууда. Ага ынанууга толук негиз бар. Себеби, эгемен гезиттер "Ата мекен"-"Ар-намыс"-"Ата журт" үчилтиги түзүлөрү, премьер-министрликке Феликс Кулов, спикерликке Курманбек Осмонов же Марат Султанов барарын божомолдоп жиберишти.
Коалицияны уратууга кримчөйрө дагы тымызын көмөктөшкөнү айтылууда. Мындай имиштерди депутаттардын өздөрү деле танбайт. Маселен, ЖоКедеги "Республика" фракциясынын лидери Канатбек Исаев "Учур" гезитине курган маегинде минтет: "…мага бир коллегам келип, "депутаттардын көбү криминалдардан коркуп атышат, эгер мамлекеттен күзөтүү берилсе, коопсуздугу камсыздалса, коалициядан чыгууга жанталашкандар биз жакка оойт эле" деп билдирди. Себеби, Эмиратка качып кеткен кылмыштуу топтун башчылары акыркы убакта "Ата журттун" айрым депутаттарын коркутуп атканы боюнча бизде да маалыматтар бар. Эгер алардын өтүнүчү, кысымы менен коалиция таркап кетсе, анда бул өкүнүчтүү көрүнүш ". Эл өкүлүнүн бу кебин комментарийлөөнүн кажети жоктур.

Бири элди алып чыгам десе, экинчиси мандатын таштайм дейт
Коалиция тараса "республикачы" депутаттар мандатын таштоого даяр экенин фракция жетекчиси Канатбек Исаев расмий жарыялады. Ошондой эле КСДП мүчөлөрү элди көтөрүп чыгары тар чөйрөдө айтыла баштады. Мындан улам эки тарап тең ынтымакка келип, коалицияны сактап калары күмөн. Тиреш ого бетер күчөйт. Жыйынтыгында кырдаал оорлоп, парламент тарашы ыктымалдыгын саясат талдоочулар саймедирешүүдө. Анда кайрадан шайлоо өтөт. Тынч өтсө го жакшы. А кашайып, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон топтор үлкөн митинг уюштуруп, үчүнчү революцияны жүзөгө ашырабыз дешсечи? Кайрадан башаламандык орноп, бийлик талашмай өнөкөтү өрчүйт. Мансаптын айынан Кыргызстандан таптакыр айрылып калбайбызбы? Себеби Кыргызстан эми бир толкундаса, сырттан тышкы башкаруу киргизилиши мүмкүн. Бизге азыр ошонун кереги барбы?

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Кырдаал

Ибилистин уясыбы, инвесторбу?
Мегаком компаниясынын айланасындагы чатак Кыргызстандын кыйырына батпай, эл аралык "кырчылдашкан" экономикалык кызыкчылыктарга чейин өсүп жетти. Бул ишканадагы окуялар майдан талаасын эске салып, саат сайын өзгөрүүдө. Кечээ эле "кылмыш иши козголду, Кыргызстандан качып кетти" деген компаниянын башкы директору А.Силич айланып келип мамлекет тарабынан тышкы башкаруучу болуп отурган А.Мурзалиевди айдап чыкты.



Эл аралык дегеним, жакында эле Орусиянын Мамдумасынын эки депутаты (А.Островский, С.Багдасаров) келип кыргыз өкмөтүн, парламентти жөөлөп түшүшкөн. Парламенттин төрүнө өтүп, келген жөнүн жай түшүндүрбөй сөөмөй кезеп, орустун кызыкчылыгын унутпагыла деп кетишкен. Атургай биринчи вице-премьер Ө.Бабановду "Мегакомго мээнет кылып берейин, ал үчүн 50 млн. доллар бере салгыла дебедиби" деп баарыбызды каратып туруп айыпташкан. Ар-намыстан эч нерсе калбаган, бири-бирин ээрден алып түшүүнү гана көздөгөн кыргыз бийлиги айтканыңды далилде дегенге жарабастан, сылык-сыпаа узатып коюшпадыбы. Бул оңой жалаа эмес эле. Учурда качып кеткен А.Силичти кагылайын, сизди мыйзамсыз алыптыр деп кайра апкелген Башкы прокуратура да тиги депутаттардан "далилиңер барбы" деп сураганга кайраты жеткен жок. Коррупция менен "катуу" кармашып жаткан маалыбызга карабай. Ошону менен өкмөттү жамынып Ө.Бабанов Мегакомго "ашыктыгын" билдириптир деген сөз эл ичинде калды.
Орус депутаттары да оңой эмес окшойт, эми Орусия бийлиги ойной баштады. Башында үстөксүз берели деген күйүүчү майларын "ойлонуп" көрөлү деп калыптыр. Алмаз Атамбаевдин азыркы Орусияга визитин көбүнчө ушуга байланыштырып жатышат. Аныгында Мегакомдун 51 пайызына ээбиз дечү Renwell Business Limited компаниясынын (анын 51 пайызы Eventis Telecom аталган компанияга таандык, ээси орусиялык Глеб Огнянников) так дайыны чыкпай жатат. Экөө тең оффшордук аймак болуп саналган Кипрде катталып, Орусияга деле тиешеси жок. Анан эле Орусиянын казынасына бир тыйын пайда түшүрбөгөн булар (ээси эле орус болбосо) кандай эле орус инвестору болуп калат. Бул маселе "тапишмак" болуп турса дагы Орусия бийлигинин айрым чөйрөсүнүн "чо-оң" кызыкчылыгы бар экени сезилип тургансыйт.
Мегакомдун 49 пайызына ээ кыргыз өкмөтү бул компанияны башкарууга катышууга толук укугу бар. Ушуга байланыштуу тышкы башкаруучу катары А.Мурзалиев Мегакомго барган. Барып эле балээге калды. Өзү менчик компания болсо, өндүрүшкө 100 млн. доллар жумшап жиберсе, Максимге тиешелүү 49 пайызын ала кой деп мамлекетке берип жатса, бюджетке олчойгон салык төлөсө, социалдык кайрымдуулугуна сан жетпесе, буга кыргыз өкмөтү кийлигишип бекер эле кылды деген сөздөр дароо чыккан. Бирок Мегакомдун лөгү А.Силич, орунбасары А.Бороздин өз мамлекетинин кызыкчылыгын көздөп жатат деп А.Мурзалиевди кучак тосуп кабыл алган эмес. Катардагы кызматкер катары гана жүрөсүң, кың десең колуңдан жетелеп чыгарып коебуз деп турушчу. Ал арада А.Мурзалиев финполицияга "звандап" бул жак бирдеме жыттанып жаткансыйт дебейби. Ошону менен дүң эле дей түштү. Оффшордук компанияларга 15пи, 28би, айтор (кимисине ишенериң билбейсиң) жалаң эле "жашылбайлар" которулуп кетиптир деген чуу чыккан. Каржы полициясы ар бири төрт жүз барактан турган он томдук кылмыш иштерин таап, А.Силичке, А.Бороздинге иш козгоп, алар безип кетишкен.
Орусиялык депутаттар келип кеткенден кийин эле Башкы прокуратура Мегакомду баса калып текшерип, А.Силич, А.Бороздин кызматтан мыйзамсыз алынган, ири өлчөмдөгү акча каражаттары которулуп кеткенинин так аныктамасы жок деген жыйынтыгын чыгарды. А.Мурзалиевдин өзүнө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кылмыш ишин козгоду. А.Силичтин айланып тагына келгендигинин себеби ушул болду. Натыйжада каржы полициясы менен прокуратура тиреше калып, Мегакомдун айланасында болуп көрбөгөндөй ыз-пыз чыгып кетти. Учурда парламент тарабынан түзүлгөн атайын жумушчу топ иштеп жатат. Президент Р.Отунбаева күч структураларынын жетекчилерин өзүнө чакырып алып, УКМК жетекчилиги астында бул маселени ийне жибине чейин иликтеп чыккыла деген тапшырмасын берди.
Гезит чыгып жатканда А.Мурзалиев өз арызы менен кызматтан кетип, анын ордуна мурда аталган компаниянын директорунун орунбасары болуп иштеп келген А.Абеков дайындалганы белгилүү болду. Бирок А.Мурзалиев эки ай бекер иштедимби деп көп нерсенин башын чубап турган кербези. Ушулардын эң чуулуусу Башкы прокурор К.Байболовдун жубайы Н.Байболовага "Сарамжал-Транс" деген фирма аркылуу Мегакомдон 400 миң доллар которулуп кеткен, бирок баалары эки-үч эсе жогору коюлган деген маалымат болуп турат. А.Мурзалиев Башкы прокурор К.Байболов ушул факт чыгып кетпесин деп бизди "муунтту" деген жүйөсүн айтууда. Нуржамал Байболова "Азаттыкка" берген интервьюсунда мындай жалаанын далайын укканбыз деди.
Ошентип Мегаком Кыргызстандын саясый чөйрөсүн кайнатып жиберди. "Республика" партиясы К.Байболовду Мегаком "чуусуна" байланыштуу кызматынан айдабайсыңбы дешип президентке кайрылуу токушту. Жардамчысы аркылуу 100 миң доллар алды деген жалаа А.Жекшенкуловго да жабылууда. Ал дагы дагы асман айга туйлап жатат. Кыскасы, Мегаком инвестор болбой эле ибилистин уясындай далайларды ичиркенте баштады. Айтор, эриккенге чолоо жок.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел.: 38-67-13



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??