presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Куу-куу курултай

Шашкан коен…
Туташ саясатташкан Кыргызстанда дагы бир дүбүрт катуу угула баштады. Ал курултай өткөрмөкчүбүз деп бирин-бири кууша жөнөгөндөрдүн дүбүртү. Абалтан дууга көнгөн, таң ашкан күлүктөй элирме жаныбыз президент, спикерибиз баш болуп бул дүбүрттү бир кыйкырып сүрөп алдык. Каяктан чыккан, кимдердин дүбүртү экенине да караганыбыз жок.

Уюштуруучулар курултай дүбүртүн доорлордун түпкүрүнөн угулуп жатат деп далилдешүүдө. Анысы да чындык. Көчмөндөрдө ушундай саясый салт бар эле. Мамлекеттеги олуттуу маселелер ушул курултайда чечилчү. Мангул Чыңгыз, өзүбүздүн эле кызыл тебетей Ормон курултайда хан шайланган. Шайланганда эмне, карапайым калк калпагын көккө ыргытып, тигил же бул хан болсун деп шайлап жүрүптүрбү? Алар менен ким эсептешип коюптур? Антпей эле абалтадан эл башы, журт көзү делгендер ак боз бээни жардырып салып, ак боз үйдө "кобурашып" отуруп, ошол учурдагы ар кимдин саясый салмагына, таасирине жараша бийлик бөлүштүрүшкөн. Болгону эле ушул. Бул боюнча олчойгон он томдук сөздөрдү айтсаң деле, ток этер жери ушул. Аты гана курултай болчу.
Курултайдын элдин эсинен чыкпай келаткан жагы анын формасында. Эл бийлеген эрендер бүгүнкү тил менен айтканда, саясый консенсуска келип, мамлекетти башкаруу, анын бүтүндүгүн, аймактык коопсуздугун сактоо максатында биргелешкен чечимди курултайда кабыл алышкан.
Учурда "курултай саясаты" апогейине жетейин деп калды. Өзөгүндө Кадыр Кошалиев, Чоюн Өмүралиев, Дастан Сарыгулов ж.б. турган "кырк уруу" кыймылы уруучулуктан улуттук деңгээлге чыгышып, курултай маселесин кабыргасынан коюп келишет. "Кырк уруучулар" Бакиев заманында деле кыйкырып жүрүшчү. Атүгүл оң, сол, ичкилик түзүлүшүн калыптандырып, алардын башчыларын шайлаганга да жетишишкен. Башкасы эсимде жок, оң канаттын башчысы азыркы эле УКМК жетекчиси К.Дүйшөбаев болчу. Ошентип булар куу-куу курултай деп жүрүшүп, кашайганда курултай өткөрүү идеясын К.Бакиевге уурдатып жиберишпедиби. Ал эми уруучулук идеясы өздөрүндө эле калган. Тескерисинче коомчулукка таңуулап, алгыла деп коколоп жатышпайбы.
Куулугу куйругунан ашпаган К.Бакиев президентти деле курултайда шайлап койсо болот турбайбы дегенди кылтыйткан. Куулуп кетпегенде ошого бармак. Өзүнбү, Максимдиби курултай шайлады кылмак. Баса, курултай идеясын оппозиция да оңу келгенде колдоно калып жүрөт. Апрель революциясынын алдында эле азыркы бийликке келген оппозиция курултай өткөргөн. Президент Р.Отунбаева ал курултайдын талабын аткардык, эмки курултайга даярдангыла деди ачык эле. Анүстүнө жаңы Башмыйзамда курултай өткөрүү укугу мыйзамдуу бекитилген. Бирок курултайдын статусу аныкталбаган бойдон ачык турат.
Ошентип ага даярдык күч. Таласта, Теңир Тоодо "мини" курултайлар болуп өтүп "мнениелер" айтылды. Жогорку Кеңештин төрагасы А.Келдибеков Суусамырда өткөрбөйлүбү деп турат. Сыягы, ак боз бээлер дагы жарылып, ак боз үйлөр жамырата тигилип, "кыйгылын" айтпайын, кымыз суудай агып, байыркы сөөлөтүбүзгө барып келет окшойбуз. Кайран Суусамыр... Ансыз да кан жолдун боюна сары журт болуп отуруп алып, Чычкандан Төө-Ашуунун алкымына чейин толуп кеткен кымыз саткычтардан бетегесинин берекеси качып, чаңы учуп бараткан кайран Суусамыр... Эми элдик курултайдын шылтоосу менен дагы бир жолу тебелендиге калат окшойт.
"Кыз эрге тийбей бир тынбайт" демекчи, кыскасы курултай өтмөк болду. Бирок кандай өтөт? Эмне маселе чечет? Эмне укугу болот? Маселе ушунда болуп турат. Жакында КТРКдан курултай өткөрүүнүн демилгечилери бир күпүлдөп алышты. Эмоциясы экранды аша чапкан сөздөрүнөн президент, парламент, өкмөттү отчет бердиртип, жаңылып-жазганы болсо "төөматек" алсак, керек болсо айдачусун айдасак деген ойлору билинип эле турду. Атургай амбициясы мээсине тепкен бирөөсү курултай быякта калып, кыргыз дүйнөнү башкарат деп салды. Манастын өзү деле ааламды алып коем деп оолуккан жок эле.
Андыктан курултайга элдин эртеңкисин, жалпы ынтымагын, бийликтин туруктуулугун ойлогон, саясатта болобу, коомчулуктабы салмагы барлар барса деген эле тилек. Демек, курултайды өткөрөр алдында анын статусун, укук-полномочиесин, делегаттарды шайлоо жолдорун, чыгарган чечимдеринин аткарылышын аныктап алуу зарылчылыгы келип чыгып жатат. Элдик башкаруунун курултай институту жеңил-желпи маселе эмес. Парламентте карап, ийне-жибине чейин иликтеп чыгып, мамлекеттин Башмыйзамда каралган саясый структурасына доо кетирбегендей, керек болсо чыңдагандай деңгээлге жеткирип, Башмыйзамга жол-жобосун балчайта жазып, анан өткөрсөк максатына жетмек. Курултайды ар кандай саясый максатта колдонуп кетүүнү көздөгөндөргө бөгөт коюлмак. Себеп дегенде, саясый амбициясын курултай аркылуу кандырууну каалаган аттуу-баштуу партиялар да четтен чыгып жатат. Айталы, "ар-намысчы" Ф.Кулов азыркы парламент үчүн элдин 34%ы гана добуш берди, демек жалпы эл шайлады дегенге жатпайт, андыктан курултайга делегат шайлоо жолу менен жалпы элди бийликке катыштыра алабыз деп жатат. Анын логикасы боюнча курултай белгилүү бир мөөнөттө чогула турган эң жогорку башкаруучу бийлик бутагы болуп калышы керек. Ал эми парламент дайыма иштөөчү мыйзам чыгаруучу орган катары иштей бермекчи. Айтор, курултай куу-куулап эле өткөрө койчу деңгээлден эбак өтүп, жети өлчөп бир кесе турган саясый маселеге айланууда. Ага кандай барабыз, кандай чечебиз жакшылап ойлонбосок, шашкан коен аңга батпагандай абалда калабыз.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел.: 38-67-13



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??