presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Берки жээк
Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, парламенттеги
"Ата мекен" фракциясынын лидери:
"Пирматовдун өтүнүчү канааттандырылсын"
"Республикачы" депутат Исхак Пирматов алгач парламент отурумунда "Ата мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мага койгон кинелерди аныктаса, мандатымды өткөрүп берем. Эгер далилдеп бере албаса, Текебаевди кол тийбестигинен ажыратуу жана мандатын чакыруу боюнча демилге көтөрөм" деди. Мындай билдирүүсүн коомдук телеканал аркылуу дагы бир ирет тастыктады. Буга байланыштуу эки тарапка тең кайрылып пикирин уктук. Кимисине ишенүүнү окурман журтчулугу өзү чечсин.


- Исхак Пирматов парламент жыйынында "эгер депутат Өмүрбек Текебаевдин айткан фактылары туура болсо, мен мандатымды таштайм" деди. Мен келтирген фактылар комиссия, сот, мамлекеттик уюмдардын чечиминин негизинде бекемделген. Аларды далилдештин зарылдыгы жок. Мен чогулган документтерди сессияда ЖК төрагасына өткөрүп берем. Спикерден Исхак Пирматовдун стенограммадагы "депутаттык мандатымды таштайм" деген сөзүн Борбордук Шайлоо Комиссиясына (БШК) жөнөтүлүшүн талап кылам.
1993-жылы ошол эле залда Силаев, Таабалдиев деген депутаттар "…андай болсо биз депутаттык мандатыбызды таштайбыз" деп жарыялашкан. Стенограммага түшкөн сөздүн негизинде алар депутаттык мандаттан ажыратылган. Мындай сөздөр тамаша эмес.
Мен үч факты тууралуу айттым. Окурман журтчулугуна түшүнүктүү болушу үчүн дагы бир ирет кайталайын. Өмүрбек Бабанов 2009-жылы 1-вице-премьер-министрликти аркалаган. Ал нефтепродуктулары жаатында чоң адис, өмүрүн ошого арнаганы белгилүү. Агезде И.Пирматов "Кыргызнефтегаз" ААКсынын генералдык деректири болгон. Ошол мезгилдеги ишкананын экономикалык көрсөткүчүнө караганда, былтыр революциялык жол менен келген жаңы жетекчиликтин иши асман менен жердей. Мисалы, баланстык пайда 13,6, салык төлөө 2,6 эсеге көбөйгөн. Эски карыздарынан кутулган. Кыргызстандын эгемендик тарыхында алгачкы ирет 4 млн. долларга жакын каражатка бургулоочу станокту сатып алышты. Бул көрсөткүчтөрдү Пирматов өзү да моюнга алып отурат.
Экинчиси, Исхак Пирматов кыргызстандык ортомчу компания менен 4 млн. доллар турган бургулоочу станокту баасы 8 млн. доллар деп келишим түзөт. Ал компания иштетилип чыккан нефтинин эсебинен 8 млн. долларды жабууну көздөйт. Келишимде мындай деп көрсөтүлгөн, "өндүрүлгөн продукциянын 70%ын ортомчу компания, калганын мунай ишканасы алат". Чыккан нефтинин бир тоннасынын наркын 275 доллар деп бычышат. Ошол кезде нефтинин рыноктук баасы 415 доллар болсо, бүгүн 600 долларга тете. Көз карандысыз экономисттердин жана адистердин тыянагына ылайык, 4 млн. долларлык жабдык 15 млн. долларга чыгат. Ал көз карандысыз эксперттер, аудитордук компаниялар, мамлекеттик бийлик органдарынын тыянагы менен тастыкталган. Бул келишим Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзамдарын одоно бузуу менен кабыл алынган. "Кыргызнефтегаздын" жаңы башкармалыгы аны сотко берип, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп бу келишимди жокко чыгарганга жетишти. Ал тууралуу Жогорку соттун чечими бар.
Ошентип, мен айткан үч жагдай тең тастыкталды. Бабанов менен Пирматовго караганда кийинки жетекчилик бир нече эсе жакшы иштегендигин, мурда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербегендигин жана мыйзамдарга каршы келгендигин далилдеген соттун, мамлекеттик органдардын чечими турат. БУУдан эле справка алып келип калбаса, калганы бар. Демек, Исхак Пирматовдун парламент трибунасынан мандатымды таштайм деген өтүнүчү канааттандырылышы керек. БШК мен берген документтердин негизинде аны депутаттык мандатынан ажыратат деп күтөм.
- Жогорку сот төрайымы Феруза Жамашеваны айрым "республикачы" депутаттар коркутканын шардана кылдыңыз эле.
- Ал башка маселе. Соттун жүрүшүндө Пирматов ортомчу фирмага өзүнүн баласына күйгөндөй эле чуркап жүрдү. Исхак апрель окуясынан кийин мага жолукканга аракет жасады. Бирок мен аны кабыл албадым. Коалиция куралып аткан мезгилде чөнтөк телефонума кайра-кайра смс жазып жатып мага жолукту. Бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет. Буга Улуттук коопсуздук кызматы иш козгогон. Ал өтө шектүү иш, сен ага аралашпа, сага жардам бере албайм деп кеңеш айткам. Чамасы, добушум керек болот, мага жардам берет деп ойлосо керек. Мен анын добушун сураган эмесмин, андай добуштун мага зарылчылыгы да жок.
Жогорку сот төрайымын коркутту деп айткан эмесмин. Судьяларды "Республиканын" кээ бир депутаттары коркутуп атат деген Жогорку сот төрайымынын билдирүүсү деп айткам. Демек ишти ким караса, ошол судьяга депутаттардын кайсы бири коркутса керек. Кимиси коркутканына карабастан, ал Исхак Пирматовдун кызыкчылыгында жасалып жаткандыгы айдан ачык.
Коалиция курамындагы партиялар ишканаларга чейин бөлүп алды, бул туура эмес деп эл нааразычылыгын билдирген. Ошондо партия лидерлери муну танып, карганышкан. Коалиция ичиндеги келишимге ылайык, "Кыргызнефтегазга" "Республика" партиясынын өкүлүн эки жолу койгонго аракет кылышты. Бирок аны мекеменин эмгек жамааты колдобой койду. Исхак Пирматов өзүнүн мурдагы орунбасары Ринат деген жигитти (Ринат Макенов - Н.К. ) алып барганга аракеттенгени жашыруун эмес. Бир нече эсе жакшы иштеп аткан жетекчиликти алмаштырып, Кыргызстанды он миллион доллардан ашык зыянга учураткан келишимге кол койгон адамдарды кайрадан ордуна алып келгенге аракет жасап атышат. Алар ортомчу фирма зыян тартты, аны кайрып бериш керек дешет. А жергиликтүү жашоочулар, коллектив буга каршы.
- Исхак Пирматовдун айтымында, иниңиз Асылбек Текебаев "Кыргызнефтегаздын" ишмердүүлүгүнө аралашып атыптыр. Ушу чынбы?
- 4 миллиондук келишимди 15 млн. долларга чыгарып, бир жылдан бери ошону коргогон адам өз кызыкчылыгы үчүн ар кандай жалган жалаа жапканга аракет кылып жатат. Ал жерге менин туугандарым аралашкан жок жана аралашпайт дагы. Асылбектин күнөөсү болсо, ал сот алдында жооп бериши керек.
Чын, "Кыргызнефтегаздын" директорлор кеңешинде "Ата мекендин" эки мүчөсү бар. Мисалы, Канат Эрбаев "Кыргызнефтегазда" көп жылдан бери эмгектенет. Ал эми Базар-Коргон районунун акими Кубат Артыков дагы көп жылдан бери "Кыргызнефтегазда" иштеп жүрөт. Арийне, алар Бабанов менен Пирматовго салыштырмалуу эффективдүү эмгектенип, ишкананы жакшы башкарып атышат. Неге аларды "Ата мекендин" мүчөсү болгону үчүн күнөөлөп, мыйзамсыз иш катары баалашыбыз керек? Тескерисинче, алар Кыргызстандын, жумушчулардын кызыкчылыгын коргоп атышпайбы. Ошого жараша эл тарабынан колдоо табышты.
- Неге "Кыргызнефтегаздын" азыркы жетекчилигинин таламын талашып атасыз?
- Бул биздин партиянын идеологиясы, принциби. Карапайым калктын таламын талашканга дайым даярбыз.





  Аркы жээк

Исхак ПИРМАТОВ,
ЖК депутаты,
"Республика" фракциясы:
"Текебаев айткан сөзүн далилдей албайт"
- Он айдан бери мага карата маалымат каражаттарында түрдүү жомоктор айтылып келди. Акыры чыдамым түгөнгөндө парламент трибунасынан, коомдук канал аркылуу элге кайрылдым. КТРКнын эфиринде Өмүрбек Текебаев менин ар-намысыма доо келтирип, кылмыштуу келишимге кол коюп, 4 млн. доллар турган жабдууну 15 миллион долларга кириштеп акча уурдаган деген күнөө койду. Эгер Текебаев муну далилдеп берсе, мен мандатымды тапшырып, мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын. Эгер далилдеп бере албаса, Текебаевдин кол тийбестигинен ажыратуу жана мандатын чакыруу боюнча демилге көтөрөм дегем.
Өмүрбек Текебаев менин 4 млн. долларлык нефти бургулоочу станокту 15 млн. долларга кириштегенимди тастыктай албасына көзүм жеткени үчүн жогорудагыдай билдирүү тараттым. Себеби, "Кыргызнефтегаз" ААКсынын учурдагы төрагасы буга чейин жасалма документтердин негизинде Өмүрбек мырзага жалган маалымат жеткирип турган. Кесиптешим далилденбеген цифраларга ишенсе, анда эл астында чоң уятка калат.
- "Ата мекендин" лидери сизге койгон үч дооматты тиешелүү мекемелер аныктагандыгын ал жогоруда билдирди го.
- 20 жылдан бери саясатта жүрүп, коомчулук алдында кооз сүйлөгөн деңгээлге жете элекпиз. Саясый айдыңга жаңыдан баш бактык, келечегибиз алдыда. Арийне, жеке максатты көздөп калпты чынга койгулаштырып, ооздон чыккан сөз үчүн жоопкерчиликке тартылбаса, анда мен андай саясатчы болгонду каалабайм жана ага каршымын.
Текебаевдин мен тууралуу айткан үч фактысы тең жалган. Туура, көзкарандысыз аудитордук компания мен түзгөн келишимди иликтеген. Бирок ал "Кыргызнефтегаз" берген документтердин негизинде корутунду чыгарган. Аудитордук компаниянын катында "за достоверность представленных документов несет ответственность ОАО "Кыргызнефтегаз" деп жазылган. Жөнөкөй айтканда, мунун канчалык туура экендигине кепилдик бербейм, берилген документтердин негизинде гана тыянак чыгардым дегенди туюндурат. Ал эми менин маалыматым боюнча мунай компаниясынын жетекчилиги аудитордук компанияга жасалма документтерди берген. Анын негизинде ишкана өндүргөн продукциянын өздүк наркы 413 долларды түзүп калган. Бул кылмыш болуп эсептелет. Ошого таянган аудитордук компания пайдасыз келишим түзүлгөн деген чечим чыгарган. А иш жүзүндө нефтинин өздүк баасы 100 доллардан ашкан эмес. Маселен, акционердик коомдун директорлор кеңешинин мүчөсү Бакыт Молдокасымов Эсеп палатасы жана "Кыргызнефтегаздын" пландык-экономикалык бөлүмүнүн справкасын берген. Анда 2009-жылы нефтинин тоннасы 4700, 2008-жылы 4900 сомду түзгөнү баяндалган. Тилекке каршы, мындай статистика аудитордук компанияга жеткен эмес. Андан кийин Бакыт Молдокасымов ошол документти аудитордук компанияга жеткирген. Ошондо аудитордук компания эгер силердин маалыматка таянсак, анда бу келишим "Кыргызнефтегаз" үчүн эбегейсиз зор пайда алып келет деп оозеки түрдө айткан. Ошондой эле башкармалыктын төрагасынын атынан расмий кат келиши керектигин кошумчалаган. Логикага ылайык, гендиректор өзүнө өзү каршы чыгып, чыныгы цифралар камтылган документти бере алмак эмес. Ошентип, ал иш токтоп калган. Эгер "Кыргызнефтегаздын" башчысы чыныгы акыйкатчыл адам болсо, анда ошол документти көтөрүп чыксын. Бул биринчиси.
Экинчиден, келишимди мамлекеттик органдар эмес, ишкананын ичиндеги ревизиондук комиссия иликтеген. Ал "Кыргызнефтегаздын" директорунун жетегиндеги орган. Тагырагы, жетекчинин кабагына жараша чечим чыгарат.
Үчүнчүдөн, атайын кызмат кылмыш ишин козгогон дейт. Бу дагы калп. Ошогездеги мамлекеттик мүлк министри Шералы Абдылдаев Өмүрбек Текебаевдин көздөй кишиси. Ал Ө.Текебаевдин айдактоосу менен УККга арыз жазган. Ага чейин "Кыргызнефтегаздын" учурдагы жетекчилиги да Улуттук коопсуздук кызматына 5-6 ирет арыз менен кайрылган. Натыйжада УКК ыкчам иш-аракеттерди жүргүзгөн. Менин билишимче, тергөөчү эч кандай илинчек тапкан жок. Кыргызстандагы бардык укук коргоо жана күч структуралары бул материал менен таанышып чыгып, кылмыш ишин козгоого негиз жоктугуна токтолушкан.
- Анда кесиптешиңиздин аргументтери суу кечпейби?
- Өмүрбек мырзага апрель окуясынан кийин кезигүүгө аракет кылдым. Тилекке каршы, а киши жолугушууну туура таппады. Бирок алгачкы коалиция куралардын астында кесиптешиме жолукканым чын. Ал айткандай, кайра-кайра смс жазып, анын алдына жалдырап барган эмесмин. Жолугушуу маалында "Өмүрбек Чиркешович, сиз Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу, көрүнүктүү саясатчылардын бирисиз. Тегерегиңиздеги адамдар сизге калпыс маалымат жеткирип, акырында уятка калтырышы мүмкүн. Алардын жетегинде калбай мендеги документтер менен деле таанышып көрүңүз" дегем. Болгону ушу. Менимче, ал документтер менен таанышкан эмес окшойт.
А окуянын чындыгы мындай. 2009-жылы "Кыргызнефтегаз" менен "ЮниТрейдКомпани" ЖЧКсы ортосунда келишим түзүлгөн. Келишимдин негизинде "ЮниТрейдКомпани" баасы 4,5 млн. долларлык нефти бургулоочу жабдыкты Кытайдан алып келди. Жол кире акысына 500 миң, станоктун тетиктерине 3,5 млн. доллар сарпталган. Ага ылайык, кытайлык инвестор өндүрүлгөн продукциянын 70%ын өзүнө, калганын бизге бермек. Келишимдин мөөнөтү эки жылда аяктамак. Беш айдын аралыгында беш кудук толук казылып бүткөн соң, 8,5 млн. долларлык жабдык белек катарында "Кыргызнефтегаздын" балансына өтмөк. Ушул жерден баса белгилей кетүүчү жагдай, так эле ушундай эрежелер менен бөлөк келишимдерде мөөнөт 20 жылга чейин көрсөтүлгөн жана инвесторлор эч кандай жабдык калтырмак эмес. Демек, менин тушумда жетишилген келишим аларга салыштырмалуу төөчөлүк өйдө турат.
Текебаев мени жабдыкты кымбат баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзгөн деп айыптайт. Биринчиден, станокту канчага сатып аларын инвестор өзү чечет. Менин ага кийлигишкенге акым жок. Ошого карабас-тан, атайын сурамжылоо жүргүзүп, ошол эле маркадагы, ошол эле сапаттагы нефти бургулоочу жабдык 13-19 млн. доллар турарын аныктаганбыз.
Кесиптешимдин кезектеги аргументи боюнча нефтинин баасын туура эмес бычкан экенмин. Расмий статистикага таянсак, 2009-жылы нефтинин тоннасы 221 доллар болгон. Эл аралык "Рынок нефтепродуктов Центральной Азии - АРГУС" аталыштагы маалыматтык-аналитикалык журналдын эсептөөсүндө бул көрсөткүч 227 долларга жеткен. Эми салыштырып караңыз, 227 доллар көппү же 275 долларбы?
Мунайдын бүгүнкү күндөгү наркы 600 долларга тете дейт. Биз анда баа канчага өсөрүн кайдан билиптирбиз? Ушул жерден дагы баса белгилей кетүүчү жагдай, тескерисинче, нефтинин баасы түшүп кетсе Өмүрбек Чиркешович не дейт эле? Анткени, 2008-2009-жылдагы экономикалык каатчылык маалында нефтинин баррели 165 доллардан 35 долларга чейин төмөндөгөн.
- "Кыргызнефтегаз" ААКсынын башчысы жигердүү иштеп атыптыр. Алсак, былтыр баланстык пайда өткөн жылдарга салыштырмалуу 14 эсе, салык дээрлик үч эсеге арбын төгүлүптүр. Сиздин пикир?
- Мунай компания 2010-жылы 149 млн. сом пайда табарын мамлекеттик мүлк министрлигине кабарлаганын тастыктаган документ бар. Ошол эле маалда Текебаевге киреше өлчөмү 254 млн. сом деген маалымат берип атышат. Мунун себеби жөнөкөй. "Кыргызнефтегаздын" башчысы жакын арада кызматтан кетерин туюп, ушундай кадамга барды. "Баланстык пайданы 14 эсеге көтөрдүк эле, жаңы жетекчилик ишти илгерилете албады" деп жалаа жапканга оңой эмеспи.
Буга деле кайыл бололу. Бирок маселенин түпкү маңызы башкада. Расмий маалыматка таянсак, былтыр "Кыргызнефтегаз" 70 миң тонна продукция өндүрүптүр. Анын 40%ын бензин менен солярка түзөт. Россия өткөн жылдын апрелинен тартып күйүүчү майга 223 доллар өлчөмүндө кошумча бажы төлөмүн киргизгенин унутпайлы. Эми "Кыргызнефтегаздан" чыккан 28 миң тонна күйүүчү майды 223 долларга көбөйтсөк 6 млн. 244 миң доллар келип чыгат. Мындан сырткары, "ЮниТрейдКомпаниге" таандык ?550 кудуктан чыккан жети миң тонна продукцияны "Кыргызнефтегаздын" революциячыл деген жетекчилиги тартып алган. Аны эсептесек 120 млн. сом пайда түшөт. Ошондо жалпы суммасы 400 млн. сомдон ашык каражат келип чыгарын көрөбүз. А "Кыргызнефтегаз" жетекчилиги бирде 149 млн., бирде 254 млн. сом пайда таптык дейт. Андай болсо калган миллиондор кайда житти? Бул дагы изилдөөнү талап кылган факт.
- Мурдагы орунбасарыңыз Ринат Макеновду "Кыргызнефтегаздын" төрагалыгына бекитүүнү көздөгөнүңүз чынбы?
- Мен депутатмын, өкмөт мүчөсү эмесмин. Анүстүнө "Кыргызнефтегаз" - акционердик коом. Эрежеге ылайык, анын башчылыгына кимди отургузушту директорлор кеңеши өз отурумунда чечет.
"Ата мекендин" мүчөсү Канат Эрбаев "Кыргызнефтегазда" көп жыл эмгектенген эмес. Ө.Текебаев 2006-жылы ЖК төрагалыгын аркалаган кезинде Канатты мунай компаниясына кампа башчылыгына орноштурган. Колдогон кожосу спикерликтен четтеген соң Эрбаев да кызматтан кеткен. Бул мага чейин болгон окуя.
- Көгүлтүр экрандан Асылбек Текебаевдин кытай инвесторунан 85 миң доллар алганын шардана кылдыңыз. Аны кантип далилдейсиз?
- Мен башкалардай болуп куру кыйкырбайм. Эгер керек болсо тийиштүү аудио жазуулар бар. А.Текебаевди сотко берер-бербесин инвестор өзү чечиши керек.
- "Кыргызнефтегаздагы" былыктар тууралуу тиешелүү органдарга документ жөнөтөм дедиңиз эле. Качан?
- Документтерди тиешелүү органдарга тапшыргам.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:kerimbayev@mail.ru,
тел.:38-67-19







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??