presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Оп, майда
Кылым соту кайрадан уланат
Бүгүн апрель окуясы боюнча сот иши Жаза өтөө мамлекеттик кызматына караштуу коргоо департаментинин залында өтөт. Сот ишине катышууну каалагандар алдын ала катталган тизме менен кылдат текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин гана залга киргизилет. Жогорку соттун кылмыш жазык иштери боюнча соттук коллегиясы 2011-жылдын 28-январында К.Бакиев, Ж.Бакиев, М.Бакиевдин жактоочулары З.Барузова, Э.Чортонова, З.Арузованын КР Аскер сотунун аныктамасына болгон көзөмөл арызын карап, аныктаманы күчүндө калтырып, жактоочулардын көзөмөл арызын канааттандырган эмес. Эми Жогорку соттун кабыл алган чечимине ылайык, апрель окуясы боюнча соттук отурум кайра башынан жаңы соттук курам менен башталмакчы.
Алганга да, бергенге да машпыз
Кечээ Москвага жол тарткан өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев ал жакта эки күн болуп, орус бийлик өкүлдөрү менен жолугушат. Бул жолу премьер-министр Россиядан Кыргызстанга кошумча бажы төлөмү жок күйүүчү май алып келүү маселесин чечмей болуп туру. Себеби А.Атамбаевдин бул сапары учурунда "Кыргызгазды" Россияга берүү, "Дастан" ишканасынын акциясын Кыргызстандын Россияга болгон мурдагы карызына алмашуу, энергетика тармагындагы долбоорлор жана коопсуздукка байланыштуу маселелер талкууланары айтылууда.
Жок дегенде Көлгө май жеткизгиле
Учурда көлдүк дыйкандардын колунда болгону 1000 тоннанын тегерегинде гана күйүүчү май бар. Жергиликтүү май куюу бекеттеринде дизелдик майдын бир литри 32 сом 90 тыйындан кем эмес. Өкмөт болсо бир литринин баасы 25 сомдон 1025 тонна гана дизелдик май бөлүнгөндүгү тууралуу билдирген. Бул өтө эле аз, облустун жазгы талаа жумуштарын аягына чыгарууга эң кеминде 6800 тонна күйүүчү май керектелет. Эгер күйүүчү май азыркыдай тартыш болсо, кийинки жылы эмне жейбиз?
Баткенде күйүүчү май 38 сомго чыкты
Тактап айтканда, 1 литр дизелдин баасы Кадамжай районунда 33-34, Баткен районунда 34-40, Лейлек районунда 38 сомдон сатылууда. Кыргыз өкмөтү тарабынан аталган облустун дыйкандары үчүн 580 тонна дизель майы бөлүнгөн. Бирок бул жазгы талаа иштерине зарыл дизель майынын 25 пайызын гана түзөт. Калганын жеке ишкерлер сырттан ташып келип, бирок кымбат баада сатууда.




"Жаңы Агымда" жаңылык
"Сорос-Кыргызстан" фондусунун колдоосу менен Кыргыз фондулук биржасы уюштурган "Бюджет - бул жарандардын акчасы" деген ММКлар ортосундагы улуттук конкурс жыйынтыкталды. Аталган конкурс 2010-жылдын 1-сентябрында башталып, 2011-жылдын 5-февралында аяктаган. Конкурстук комиссияны таң калтырып, байге фонду 10 миң доллар турган конкурска жалпы 257 материал түшүп, рекорддук көрсөткүчкө ээ болгон. Уюштуруучулар тарабынан конкурс экономикалык журналистика боюнча улуттук сыйлыкты уюштурууга болгон биринчи кадам катары бааланды. Конкурстук комиссия кесиптешибиз, "Жаңы Агым" гезитинин башкы редакторунун орунбасары Мелис Совет уулун "Бюджет жарандар үчүн кыргыз тилинде" атайын номинациясына татыктуу деп тапты.





Эт арзандады дейби?
Кечээ өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо тапшырмасы менен Ички иштер министрлиги Бишкектин ири мал базарларында коррупциялык схемаларды ашкерелөө иштери өткөрүлдү. Ага ылайык, малды ашкере кымбат саткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай иш-чаралардан улам, эттин дүң жана чекене баалары кеминде 30-40 сомго арзандады. Азыркы учурда ушундай эле иштер Чүй аймагында жүргүзүлүп жатат.




Башкалар эмне дейт?
Кыргыз журналисттеринин ансыз да өз ара ынтымагы жок. Кечээ "Асман пресс" гезити "Асман kg" гезитинин башредактору Элнура Кулуеваны шыбап чыкты. Ортодогу талаштын чындыгы ким тарапта экенин экөөнөн башка эч ким билбейт. Бул журналисттер өз ара ушинтип ыркырашып атса, башкалар сыйлайбы деген ойго түртөт экен. Э.Кулуеванын билдиргенине караганда, ал аталган гезитти сотко берди.




Саясый арнография
Кубатбек БАЙБОЛОВго
Акай-Баки тушунда,
Айкырык салып ушунда,
Арстандай чамынып,
Айга азуусу чагылып,
Айланайын кой-койлоп,
Ак үйдүн лөгү жалынып…
Алкынып турчу агабыз
Аппазий чепкен жамынып.

Шайтаны кармап ажонун,
Шап этектен алаарда,
Шашып кеткен эмеспи.
"Оберонун" ылайлап,
Океан кечип жыңайлак,
Качып кеткен эмеспи.

Кулкуну түпкө жеткенде,
Курманбек безип кеткенде,
Түрүнүп эле түндүктөн
Түшө келди эргулуң.
Революция жемишин,
Үтүрөңдөп сурабай,
Үзө келди эргулуң.
УӨ өкмөттү капталдан,
Сүзө келди эргулуң.

Балтыры кайра толгондо,
Башпрокурор болгондо,
Баарыбыз эле кеп кылдык,
Бакиевди мөңкүтүп,
Байлап келет деп турдук…
Бакиев түгүл изи жок,
Бар-жогу менен иши жок,
Бакылдагы курусун,
Баягыдай тиши жок.
Эрингенсип турбайбы,
Элди, журтту сооротор,
Эң кур десе түшү жок.

Жеңебизге саадырып,
Мегакомдун бээсин.
Айлантып турат кантели,
Атпай журттун мээсин.
Талаштырбай ушуну,
Тапса боло ээсин…
Темирбек АЛЫМБЕКОВ





Ачкачылык токтоду, кайра уланышы да мүмкүн
16-мартта Нарында тогуз адам ачкачылык акциясын башташкан. Алар былтыр 7-апрелде бийликке каршы чыккандарга ок аткандарды жазалоо жана бул күнү окко учкан Эрлан Өмүралиевдин ысмын шаардагы 7-мектепке ыйгаруу талаптарын коюшкан болчу. Кечээ Нарын облустук мамлекеттик администрациясы жана Нарын шаардык мэриясы алардын талаптарын чечүүгө аракет кылаарын билдиришкен. Ошол себептен Нарын шаарынын борбордук аянтында башталган акция убактылуу токтотулду. 24-мартка чейин жооп болбосо, акция кайра улантылат.


Баатырлык эмнеге берилбейт?
Кечээ Аксы районунун Боспиек айылында Аксы окуясында курман болгон балдарга арналып куран окулуп, 300 адам катышкан эскерүү митинги болуп өттү. 2002-жылы 17-мартта Аксыда бийлик огунан каза болгон балдарга арналып "Шейит мазары" деген эстелик тургузулган. Ал мемориалдык эстеликке Шералы Назаркуловдун да аты жазылган. Мындан сырткары, былтыр 7-апрелде Ак үй астында Аксыдан 2 бала, Ош окуясында 2 бала каза болду. Бул күнү алар да эскерилип, куран окулду. Эскерүү митингине келгендер Аксы окуясында шейит кеткен балдарга да баатыр деген наам берилиш керек эле деген нааразычылыгын билдиришти. Бул окуяны эскерүү жана курман болгондорго куран окуу иш-чарасы Бишкектеги тарых музейинде да өттү. Ага президенттин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев, Азимбек Бекназаров баштаган коомдук ишмерлер, шаар тургундары катышты.


Салижан агай эскерилди
Кечээ Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде залкар окумуштуу, жазуучу, акын жана ойчул Салижан Жигитовдун 75 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү. Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Өзгөн районундагы Көлдүк кыштагында туулган. Ал 300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору. Бир катар адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон. Маркум 2006-жылы 11-февралда дүйнө салган.

"Жаңы Агым" - пресс



Москвага из жашырып кетүүнү көздөгөн эки кылмышкер 15-мартта колго түштү. Алар өткөн жылы октябрда Жал кичирайонунан бир жигитти эч себепсиз ур-тепкиге алышкан. Жабырланган жигит оор абалында реанимацияга жаткырылып, эсине келбей көз жумган. Ленин РИИБнин изкубарлары тарабынан 19-20 жаштагы эки кылмышкерди кармашты. Бул кылмышка тиешеси бар дагы эки жигит издөөгө алынды.
***
Жакынкы айда Россияда кыргыздарга тиешелүү 47 адам өлтүрүү катталып, алардын 29у кыргыз жараны болсо, 18и оор кылмышка катышкан кыргыздар болуп чыкты. Андан тышкары жаңы төрөлгөн ымыркайларын өлтүргөн жети кылмыш иши кыргыз аялдарга тиешелүү. Кыргыздар катышкан жалпы кылмыш иштеринин саны жаңы жылдан бери 268ге жеткен. Жети кыргыз Россиядан өз жанын кыйган. Ушу тапта 1042 кыргыз жарандары Россиянын түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жатышат.
***
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБне 22 жаштагы жигит арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 20-январда Москва көчөсүндөгү интернет-клубга белгисиз экөө кирип тапанча менен коркутуп, ал жерде иштегендердин документтерин, буюмдарын жана акчаларын тоноп кетишкен. Жеңил оокат оңдурмак беле, ээнбаш эки эргул кармалышты.
***
Ош-Бишкек автотрассасынан Ош шаарынын тургуну Н.Шерматов "Ауди" унаасы менен келатып, рулду башкаралбай кырсыкка кабылган. Кырсык болгон жерден айдоочу көз жумуп, эки жүргүнчү М.Нурматов менен Б.Ташболотов ооруканага жеткирилди.
***
Кара-Балта шаарынан бир "Кожожаш" Бишкекте 5,45 мм калибрлүү "Калашников" автоматын 30 огу менен, РГД-5 жардыруучу гранатасын бейкапар көтөрүп жүргөн жеринен кармалды.
Даярдаган
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??