presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Андай эмес мындай

Мирлан Муратов:
"Оңой жол менен акча тапкан жокпуз"

4- мартта "Жаңы Агым" гезитине "Катуу калдыраган бош челектер" деген макала чыккан. Анда НБТ телеканалынын "Музканал" долбоору уюштурган "Мистер шоу бизнес" аттуу сынактын көшөгө артындагы көмүскө иштери жазылган эле. Жазылган маалыматтын кырк пайызы чындыкка коошпойт деген дооматы менен "Музканалдын" режиссеру Мирлан Муратов редакцияга башбакты.

- Мирлан, концерт учурунда кеткен айрым кемчиликтерди өз оозуңуздан уксак?
- Биринчиден, смс добуш берүүнүн баасы отуз беш сом эмес отуз сомду түздү. Экинчиден, концертти кайтарган "Альфанын" жигиттери эмес. Коопсуздук кызматын бизге башка компаниянын кызматкерлери сунушташкан. Анткени мындай долбоор буга чейин боло элек болчу. Ырчы жигиттер сахнага чыгып аскердик ыкмаларды көрсөтүп, жаңылтмач айткан сынактар биринчи жолу уюшулду.
- Акыйнек айтышат деп анонс берилгени менен ал сынакка залда отурган көрүүчүлөр күбө болгон жок го?
- Акыйнекти мен кошком, бирок ырчылар акырында чогулуп акыйнекти алдырып салышты. Концерттик программа ансыз деле узакка созулду, эгер акыйнек айтса дагы түнкү саат он эки-бирге бармакпыз. Тизмеде акыйнек төртүнчү орунда болгондуктан кыскартып койдук.
- 22-февраль күнү билет боюнча добуш берилип, 23-февралда калыстар тобу шайлана калганына эмне себеп болду?
- Катышуучулар чогулуп мага атайын кайрылышты. Сага койгон бир талабыбыз бар, сынактын жыйынтыгы билеттер аркылуу эмес, калыстар тобунун жардамы менен аныкталсын деп. Ошондо да калыс болсун деп мен калыстарды мурда байкоочулар кеңешинде турган адамдардан койдум. Концерттин жүрүшү ушундай нукка бурулганына катышуучулар өздөрү себепкер болушту. Алар сахнага чыгып күйөрмандарына да түшүндүрүшкөн. Ал эми ошол жерде ызы-чуу чыгарып кыйкырган көрөрмандар бир ырчынын тааныштары же күйөрмандары болушу мүмкүн. Мен башында эле байкоочуларга билет аркылуу ким канча добуш алганы ырчыларга жетпесин деп айткам, бирок байкоочулар кимиси алдыга озуп, кимиси калып жатканын айтып койсо керек. Ошондон улам да калыстар тобу түзүлсүн деген чечимге келишти өңдөнөт.
- "Мисс шоу-бизнесте" да билет аркылуу добуш бергенде түшүнбөстүктөр чыкты эле. Сүткө оозуң күйгөндөй болгон, добуш берүүнүн башкача жолун ойлоп тапса болбойт беле?
- Добуш берүүнүн жол-жобосун мен жатып да, туруп да ойлондум. Алдын ала аттарды жазып алышпасын деп сахнадан бирден онго чейин номерлерди карматып, ошол боюнча добуш берилди. Мындан артык добуш берүүнүн жолун таба алган жокмун. Сахнанын элүү пайызы гана толду деп жатышат. Мен билеттердин көбүн радиолорго берип ойноттум. Эгер биз акча табууну эле көздөсөк, жүз миң сом байгени кайдан алмак элек. Балким залда отургандардын беш пайызы гана билет сатып кирип, калганы утуп алган бекер билеттер менен киргендир? Бизди оңой жол менен акча таап жатат дегенге эч кандай негиз жок. Биздин биринчи максатыбыз - шоу-бизнеске жаңылык киргизүү, ырчылар менен тыгыз иштешүү.

Долбоорго даярданууга канча каражат жумшадыңыз?
Мелис АБДРАШИТОВ:
"Ар ким алына жараша"
- Мен бул долбоор боюнча эч кимге интервью бере элекмин. Чыгаша болгон жок деп айтпайм, албетте кетти. Чыгаша болмоюн киреше болбойт да. Бир ийгиликке жетиш үчүн сөзсүз бир нерсени курмандыкка чалыш керек. Ал жерде ар ким алына жараша чыгым жумшады. Мен да элден кем калбай колуман келген аракетимди көрүп даярдандым. Чыгымдын так суммасын айтпай эле коеюн, бирок ал чыгым өзүмдүн алыма туура эле келет.
Бегайым БАЙБОСУНОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??