presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Оро албаган орокту мактады
ЦСКА футбол клубунун башкы машыктыруучусу Леонид Слуцкий атаандашын мактоо менен өздөрүнүн жеңилүү ызасына туш болгонунун себебин айтып актанды. Европа лигасында ойноп жаткан португалиялык "Порту" клубу Чемпиондор лигасында ойноп жаткан илибой команданы айрып сала турган клуб. Алар бизди Москвадан өз үйүбүздө 1:0 эсебинде утуп кетти, Португалияга барганда утуп алуу биздин түшүбүзгө кирбеген иш. "Порту" аябай күчтүү клуб, утулуп калсак суранабыз, бизди күнөөлөбөгүлө деп беттеш алдында эле тизелеп берди.

Жан чыгарган жалын сөз
Британиянын оор салмактагы мушкери Дэвид Хэй украиналык Виталий Кличко менен кубалык Одланьер Солис ортосундагы беттеште Кличкого жан тартарын айтты. Бул урушта Кличко жеңип чыгып, өзүнүн дүйнө чемпиону деген титулун коргоп калса, алдын ала пландалган келишим боюнча 2-июлда мен Виталий Кличкону утуп, андан соң анын бир тууганын жеңип, WBC, WBA, IBF жана WBO версиялары боюнча дүйнөнүн абсолюттук жеңилбес чемпиону болмокмун деп кыялданып алды. Хэйге жини келген Кличко бул беттеште Солистин тамтыгын чыгарып салганы калды. Анткени ушул беттештин жеңүүчүсү гана Дэвид Хэй менен былчылдаша алат.

Эсил кайран, эСэСэСэР
Самара шаарынын "Крылья Советов" деген жетим клубу бар. Россиянын жогорку лигасында ойнойт. Быйылкы жылдын эсебинен биринчи жолу өз үйүндө 21-март күнү ЦСКАга каршы алгачкы оюнун өткөрөт. Клуб жетекчилиги Самара шаарынын мамлекеттик, жеке ишканаларына өтүнүч каттарын жолдошту. Каттын мазмунунда: "Урматтуу жетекчилер! Биздин беттеш учурунда жумушчуларды футболго жиберсеңиздер жакшы болот эле. СССР учурунда футбол болчу убакта бир да завод-фабрикадан үн чыкпай, элдин баары милдеттүү түрдө футболго барышчу. Ошол сонун учурду кайра кайтарып алганга мүмкүнчүлүк бар. Ал иш сиздердин колуңуздарда. Футбол болгону 2 саат убакыт алат, кол алдыңыздагыларды ошол күндөрү бошотуп турсаңыздар…" деп жазышкан. Күйөрмандарды го чакырышты, эми өздөрү ит болбосо болду. Анткени ЦСКА азыр КМШдагы эң күчтүү команданын бири катары "Портудан" жеңилгенден бери, жарадар жырткычка окшоп алдынан чыккандын баарынын ит акмагын чыгарып келатыры.

Манастан Чубак кем эмес
Муз үстүндө бийлөө боюнча олимпиада чемпиону Евгений Плющенко орус футболунун абалын көрүп, биз деле чебер футболчулардан кем калышпай ойной алабыз. Жалаң фигуристтерден команда түзсөк деле айрым орус клубдарын утуп коюшубуз мүмкүн. Футбол бул кесип эмес, ага көп деле даярдыктын кереги жок. Каалаган адамдын баары ойной ала турган спорттун түрү. Мисалы, биз Роман Костомаров, Александр Абт, Вахо Мурванидзе, Артур Дмитриев, Александр Жулин жана Илья Авербух болуп чыксак, эң начар клубдан күчтүү команда болмокпуз деп мактанды.

Оюн үчүн ооз-мурун курман
АКШнын Улуттук хоккей лигасында "Баффало" менен "Каролина" клубдарынын ортосунда өткөн беттеште оюн калысы Келли Сазерлендге кокусунан оюнчунун клюшкасы тийип кетип мурду талкаланып, оозу-мурдунан кан кеткен. Беш мүнөттүк медициналык жардам алган калыс, мурду сыздатып ооруп жатса да беттешти аягына чейин карап берди. Азамат экен!

Заманбап малайлар
Окемдердин "Кубань" клубунда Балкан жарым аралынан келген футболчулар көп. Эмнегедир буга чейин ал жактан келген спортчулар бул клубда көпкө кармалчу эмес. Учурда бул иштин сыры ачыла баштады. Көрсө, Краснодардын клубу оюнчуларды 1-2 жыл эшектей иштетип алып, анан командадан кет деп коркута баштайт экен. Жөн кетирбей, келишимди мөөнөтүнөн мурда бузганың үчүн деп алып жүргөн акчаларын кайра кайтартып алышат тура. Ал үчүн атайын штаттан тышкары иштеген чоң муштумдары бар имиш. Мындай билдирүүсү менен интернет аркылуу РФСке, ФИФА, УЕФага черногориялык Николя Никезич кайрылган. "Кубандын" чоң муштумдары бу шүмшүк калп айтып атат, денесиндеги көгөргөн так машыгуу учурунда же солярийден алган так деп актанып жатканда, мурда бул командада ойноп кеткен сербиялык футболчу Сретен Сретенович Николянын айтканы чын, мени да ушундай жол менен кууп ийишкен деп чындыкты бетке айтып чыкты.

Ак терек, көк терек…
Москванын "Спартак" хоккей клубу өздөрүнүн күйөрмандарынан түзүлгөн "Фратрия" клубу менен достук беттеш өткөрүштү. Оюн аягына чыга электе 10:8 эсебинде массалык мушташ чыгып кеткендиги үчүн беттеш токтотулган. Көрсө, күйөрмандар менен хоккейчилер атайын сүйлөшүп алып, оюн учурунда мушташ чыгарып ийген командаларды шылдыңдоо максатында ушундай жат көрүнүштү көрсөтүшүптүр. Беттеш жүрүшүндө күйөрмандар чебер хоккейчилерден кем калышпай, алдыга чыккан учурлары болду. "Спартактын" курамында дарбазачы Доминик Гашек оюн талаасына чыгып гол киргизип жатса, чабуулчу Роман Людучин дарбазага туруп өнөр көрсөттү.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ




  KYRGYZSPORT

Айранды үйлөп иче башташты
Өткөн жылкы Кыргызстандын футбол боюнча биринчилигинде Кочкор-Атанын "Нефтчиси" башбайгени "Дордой" менен "Абдыш-Атадан" тартып алып сенсация болгонун жакшы билесиздер. Берки экөө түштүктөн келген конокторду анча тогото бербегенинен ооздорун күйгүзүп алышкан эле. Быйыл Канттын футболчулары катуу даярдана башташты. Алсак, ушул сезондо ойноого 5 легионерди жалдашыптыр. Жаңы келген "келиндер" төмөнкүлөр: Өзбекстандан Вадим Любинский ("Кызылкум"), Аброржон Салиахунов ("Согдиана" Джизак), Азизулло Махмудов ("Шахрихан") жана Казакстандан Абдумутам Жолдосов ("Локомотив", Астана) менен Закиржон Каимов ("Лашын", Тараз). Ал эми "Нефтчи" да жөн отурбай самсы жапкычтардын "Шуртан" командасынын чабуулчусу Павел Павловду сатып алышты.

Кыргызстандык Роналдиньо
"Хуижоу смэлл жиант" клубуна 5 кыргызстандык топ тепкич ойногону кетишкен эле. Алар Кытайдын биринчилигинде кичи футбол боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүү үчүн жакшы келишимдердин артынан кууган спортчулар. Өзүңүздөр жакшы билгендей, кичи футбол боюнча Кыргызстан Азиядагы алдыңкы, дүйнөдөгү көрүнүктүү орунда турган команда. Ошол легионер болуп кеткен балдарыбыз жымшык көздөрдүн өлкөсүндө укмуштай оюн көрсөтүп атыр. Алардын ичинен Нуржан Жетибаевди баса белгилебесек болбос. Анткени ал буга чейинки беттеште 3 гол согуп хет-трек жаратып, анын командасы "Гин Юа" командасын 7:3 эсебинде утса, кийинки беттеште атаандаштарынын дарбазасына киргизилген 11 голдун 8ин согуп мыкты чабуулчу болуп таанылууда. Учурда Нуржандын эсебинде 19 гол бар. Бразилиялык атактуу Роналдиньо да өз жолун алгач кичи футболдон баштаганын эстесек, бизде да чоң футболдо жаңы жылдыз пайда болушу мүмкүн.

Ак калпакты булгалай бер,"Ак Кулада" оюн бар
Жыл сайын "Ак Кула" ат майданында Нооруз алдында бир нече күн чабандестер көк бөрүнү көкөлөтүшүп, күйөрмандар ой-да "кайф" алчу эле. Быйыл болобу-болбойбу деген суроо пайда болуп калыптыр. Биз улуттук спортту баалагандардын кулагын сүйүнтөлү деп бул суроонун так жообун алганга аракеттендик. Буюрса, бүгүнтөн баштап 21-мартка чейин дал ошол "Ак Кула" ипподромунда көк бөрү, аламан байге, жорго салыш жана кунан чабыш өтөт. Калпагыңызды кийип алып Баха жакка өтө берсеңиз болот.

Топ салгычка той болот
"Нооруз-2011" аттуу баскетбол боюнча XVIII эл аралык майрамдык турнир бүгүн Кожомкул атындагы спорт ордосунун залында старт алды. КМШ аймагындагы абройлуу турнирлердин бирине Кыргызстандан 2 команда, Казакстандан 2 команда жана Азербайжандын башкы курама командасы келип катышат. Жогорку деңгээлдеги баскетболду "живой" көрүүнү кыялданып жүргөндөргө учур келди. Билет алып да убара болбойсуз, жөн эле бара бериңиз.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??