presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  дүйнөкүн

Япония бүгүн

Учурда кайсы телеканалды койбо, гезит-журналдарды барактаба, Японияны калчап салган, тарыхта болуп көрбөгөн чоң кыйроону алып келген жер титирөө, анын артынан келген цунаминин кесепетин көрсөтүп, чыгыш өлкөсүнүн башына түшкөн кыйынчылыгын дүйнө эли тең көтөргөнгө аракет кылып, колунан келген жардамын аябай турушат. Ливия, Бахрейн өңдүү араб өлкөлөрүндөгү бийлик талашкан согуштар Япониянын фонунда унутта калды. Биз да дүйнөнү дүрбөткөн бул жаратылыш кырсыгын кыя өтпөй, бүгүнкү жер жүзүндө болуп жаткан жаңылыктарды чагылдырган бетибизди Японияга арнадык.

Цунамини толкуткан тогуз балл
11-март күнү жергиликтүү убакыт боюнча түш ооп калганда жердин силкинүүсү Рихтердин шкаласы боюнча 9 баллга жетип барды. Тагыраак айтканда, Мияги префектурасынан жээгинен 130 чакырым алыстыкта жайгашкан жерде эпицентр катталып, ал жерде жердин силкинүү көрсөткүчү 8,9 баллдан ашып 9га жакындап барган. Деңиз ортосунда чоң уюк пайда болуп, анын таасири астында суунун 10 метрлик бийиктиктеги толкуну жээкке чабуул койду. Азыркы учурдагы көп адам өлүмүнө дал ушул суу толкунунан пайда болгон цунами себепкер болду. Анткени Японияда бат-бат жер титиреп тургандыктан, аларда имараттардын баары жердин силкинүүсүнө туруштук бере тургандай кылып салынган. Мисалы, асман тиреген бийик имараттар жер титирегенде өз ордунан 2-3 метр ары-бери жылып, атайын курулуш амортизаторлорунун күчү менен ордунда тура берет. Бул жолу да жеке куруучулар тарабынан эмес, ири ишканалар, мамлекет тарабынан курулган имараттар жабыркаган жок. Карапайым калк салган үйлөр зилзаладан жер менен жексен болсо, туруштук берип калгандарын бийиктиги 3 кабат үйгө жетип барган цунами талкалачусун талкалап, агызчусун агызып кетти. Жер титирөөдөн сактанып калып, аман калдык го деп ойлогондордун көбүн суу агызып кетти. Эгер адистер катуу жер силкинүү болоорун, анын кесепетинен деңизден суу ашып кетиши мүмкүн экенин 6 саат мурун айтпаганда, же жер титирөө түнкүсүн болгондо өлүм-житимдин саны оголе көп болмок экен.

Ата мекендик согуш биякта эле калды
Японияда Бишкектегидей үйлөр борбордук жылуулук системасы аркылуу жылытылбайт. Аларда ишкана болобу, турак-жай болобу жалаң кондиционер менен сууктан сактанышат. Анткени буларда ТЭЦ, ГЭС сыяктуу энергия булактары көп колдонулбайт. Себеби, техника, илим жагынан алдыга кеткен япондор атом электрстанцияларын куруп алышып, ошону менен күн көрүп келишчү. Мияки аймагына жайгашкан Фукусима-1 АЭСинде жер титирөөнүн кесепетинен ар кандай кыйроолор, өрт чыгып, ал жерде иштегендер жумуш ордуларын таштай качышкан. Радиациянын көрсөткүчү кадимки абалдан алгач 1000 эсе көп болсо, ушул тапта 400 эсеге чейин азайды деп адистер билдиришүүдө. Бул деген калган 600 эсеси абага тарап, тирүү жандыктарга, жаратылышка зыянын тийгизет дегенден кабар берет. Бирок расмий бийлик массалык башаламандык күч албасын дештиби, айтор, бул нерсени жашырып көп айтышпай жатышат. Ал эми МАГАТЭ сыяктуу ири уюмдар бул маселеге олуттуу карап, бүтүндөй чыгышты жоготуп алышыбыз мүмкүн деп коңгуроо кагышууда. Бир нерсени билгени барбы, айтор, немис канцлери Ангела Меркель өлкөдөгү эскирип бараткан АЭСтердин ишин токтотууга буйрук берди. Демек, Япониядагы радиациялык абал кооптоно турган эле деңгээлде десек болот. Дүйнөнүн кайсы гана бурчуна болбосун, колуна самолетко билет тийгендер, отуруп кетчү орундук жок болсо деле мейли деп бул өлкөдөн качып жаткандары коркунучтун баары алдыда экенинен кабар бергендей. Анткени Фукусимадагы жарылуулардын натыйжасында абага, сууга тарап кеткен зыян заттар атом бомбасы жарылган сыяктуу эле таасир бериши мүмкүн экени, анын алдында жер титирөө менен цунами жеңил жарат гана болуп калары айтылууда. Учурда бүт дүйнө коомчулугунун каймактары ушул кесепет менен күрөшүп, абалдан чыгуунун жолдорун карашууда. Ошондой аракеттердин бири катары япон куралдуу күчтөрүнүн Фукусима-1 АЭСи жайгашкан аймакка абадан атайын кислоталарды төгүп жатканын айтсак болот.
Куткаруу иштерине дүйнө жүзү активдүү катышып жатышат. Жакынкы кошуна катары окемдер аябай чоң жардам беришүүдө. Алардын МЧСи талкаланган имараттардын астында калган биртоп адамдарды тирүү алып чыгышты. Багы жокко дагы жок болуп, кечээ Японияга кар жаап, куткаруу иштерине тоскоолдук жаратып, үстүндө чатыры жок көчөдө калгандарга болушунча ыңгайсыздык жаратты.

Акыр заман келдиби?
Япониядагы абалды ар өлкөдө ар кандай жоруп жатышат. Бирок көп учурда аттуу-баштуу көзү ачыктардын айткандарын эстешип, акыр заман белгилеринин бири катары Япониядагы жер титирөөнү, анын кесепетинен пайда болгон цунамини, мусулмандардын текши көтөрүлүп жаткандарын, жан-жаныбарлардын жөндөн жөн кырылып жаткандарын айтып жатышат. Гезитибиздин кийинки сандарында бул маселеге кененирээк токтолсок, азыр сүрөттөрдөн Япониядагы жаратылыш кырсыгын чагылдырган кадрларды көрүп Кудайга бир тобо келтирип койсоңуз болот. Анткени айрымдар япондор илим менен техникадан ушунчалык өнүгүп кетип өздөрүн Кудай сезишип, темир роботторду жаратышып, алар адамдын милдеттерин аткарып, жараткандын каарына калышты деген пикирлер да айтылбай койгон жок.

Даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??