presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бал кеңеш

Козу карын бизнеси, сатылган кар же көчөттү кантип тигиш керек?

Илгери-илгери бир заманда колхоз-совхоздор күрүлдөп өсүп-өнүгүп, алардын ишмердүүлүгү шаардык калкты айыл чарба азык-түлүктөрү менен камсыз кылууга жана өлкөнүн бүтүндөй экономикасын көтөрүүгө багытталган болчу. Чынында шаар айылдын жардамысыз жашай албайт. Кийинки кезде тескерисинче айылдыктар жан багуу үчүн шаарга умтулду. Бирок акча Бишкектин көчөлөрүндө чачылып жатпаганын көрүштү. Андыктан акырындан тамеки, семичке сатып жан баккандан көрө жер иштетип, мал кармаса өз жашоосу батырак оңолорун сезе баштады. Бирок мамлекет бул тармакты жок дегенде маалыматтык жактан колдой албай туру. Мисалы, эң жөнөкөйү тоок багуунун азбукасын үйрөтө турган кыргыз тилинде адабият же гезит жок. Андыктан окурман, ушул багытта бири-бирибизге билгенибизди үйрөтүүгө чакырам.

Жаңы конуштагы Мичурин
"Козу карын, бадыраң өстүрүү өтө кирешелүү"
Эркин Исмадияров Бишкек шаарынын Калыс Ордо жаңы конушунда жашайт. Ал буга чейин Казакстанда иштеп жүргөн. Учурда бул жигит өз тамаркасында козу карын өстүрүп иштесе болоруна көзү жетип, үйүнүн жанындагы алакандай жерине дыйканчылык ишин баштады. Учурда козу карын мындай жол менен Кыргызстандын көп эле жерлеринде эгилет.
- Жасап жаткан ишиңиз тууралуу айта кетсеңиз?
- Бул иш менен мен быйыл эле алектене баштадым. Мындай иштин кирешелүү экенин мага бул жердеги дос балам айтып, Алматыны жыйыштырып ушул иштин артынан түштүм. Азыр козу карынды ушул жол менен өндүргөндөрдүн артынан ээрчип, кантип жасоо керектигин үйрөнүп келатам. Бул биринчи партиям. Азыр козу карын өнүп жатат. Бул өнгөндөн кийин теплицанын ичинде, салкын жерде өсөт экен. Өнгөнгө чейин жыйылып, үстү жабылып турат. Анан ар бир чөйчөкчөнү өз эрежеси менен тизип коюш керек. Кудай буюрса урук өнүп чыккандан кийин 30-35 күндөн кийин түшүм бере баштайт.
- Ишти кайсы убакта башташ керек? Теплица кантип даярдалат?
- Бул эми кайсы убакта болсо да боло берет. Албетте тоң кармап турган учурда урук өнбөйт. Жаздан баштап эге берсең болот. Негизи өз эрежеси менен эккен жакшы. Бирок кымбат түшүп калат. Урук көбүнчө биологиялык жер семирткичтер менен камсыз болуш керек. Бул жерге топурак кошулбайт. Урук отургузула турган жерди жасоонун өз рецептери бар. Пахтанын тартылган чигити, көң, селитра жана башка нерселер кошулат. Рецепти азырынча толук ала элекмин. Жерди бул ишти үйрөткөндөр өздөрү жасап, урукту отургузуп беришти. Тактап айтканда, жер семирткичке бай кошулманы эки килограммдын тегерегинде жылтырак баштыкчага бөлүп салып, гүл өстүргөн челекке окшотуп козу карындын уругу эгилет экен.
- Өсүмдүк суугарылып туруш керекпи? Ага кандай шарттарды түзүш керек?
- Албетте суу берилет. Мындан сырткары, теплицанын ичине таза аба киргизип, ысып кетсе салкындатып туруу керек. Телпицанын ичи 18-20 градус жылуулукта болушу зарыл.
- Азыр сыртта кар жатат. Үшүк алып кетпейби?
- Азыр урук өнө элек да. Жазгы аба ырайы катаал болгон учурда уруктун өнүшү гана кечеңдеши мүмкүн, бирок суук урбайт.
- Түшүмдү кандай берет? Бир эле жолу үзүлөбү?
- Жок, козу карын андай болбойт. Өсүп чыкканын улам кесип алып базарга сата бересиң, артынан дагы чыга берет. Бир жолу эгип койгонуң эки-үч ай кенен түшүм берет. Андан кийин кайрадан баштап урук өндүрүп, түшүмүн ала бересиң.
- Буга канча чыгым кетти?
- Жалпы жонунан 100 миң сом жумшадым. Быйыл ага бадыраң да кошоюн дегем, бирок жетишпей калдым. Негизинен бадыраң да аябай кирешелүү. Ал май айында түшүм бере баштайт.
- Жаңы конуштардагы жер тилкелердин баары эле алты сотыхтан. Сиздин көз карашыңызда ушул жерге дыйканчылык кылса болобу?
- Мен турган Калыс Ордонун жер кыртышы ак топурак экен. Анүстүнө бизде суу тартыш. Эгер суу болсо жерди кык төгүп семиртип, жайы менен үй-бүлөңө жете турган жашылчаларды эгип алсаң болот.
Балды сүткө, чайга салып ичпеш керек
Бал челекчилик - бул жер кыртышын, сууну талап кылбаган жападан жалгыз айыл чарба тармагы болуп саналат. Бал өндүрүү эң түйшүктүү, ошол эле учурда кирешелүү тармак экени белгилүү. Кыргызстандын балы дүйнөнүн биртоп жерине таанымал, өзүнүн баалуулуктары менен өлкөнү даңазалап келет.
Аарылардын жыйнаган түшүмүн үч чоң түргө бөлүүгө болот. Биринчиси, тоо балы. Аарычы бал челектерин атайы деңиз деңгээлинен 2500-3000 метр бийиктикте жайгаштырып, балды тоо гүлдөрүнөн жыйнайт. Экинчиси, гүлдүү талаадан чогултулган бал. Үчүнчүсү, бал бере турган кээ бир бак-дарактардан алынуучу бал. Тоо балына бирөөсү да жетпейт. Себеби, Кыргызстандын тоолорунда 400гө чукул гүлдө бал ширеси бар өсүмдүктөр өсөт. Калориясы, дарылык касиеттери күчтүү. Калган эки түрү диеталык азык катары колдонулат.
Учурда кыргыз балы өзүнчө бренд катары дүйнө жүзүнө таанылып калды. Тилекке каршы, кээ бир сатуучулар бизде өндүрүлгөн балга ар нерсе кошо коюшуп, анын кадыр-баркын булгап коюп атышат. Балдын таза же кошулма экенин адистер буйдалтпай эле билишет. Алардын берген кеңешине карганда, биринчиден, жайдын толуп турган учурунда балды балчыга барып эле алган оң. Эгер андай мүмкүнчүлүк жок болсо, даамын татып билсе болот. Ооз тийгенде таза бал ооз ичин, көмөкөйдү ачыштырып жиберет. Өңү күрөң тартып, кашыкка илип чойгондо 20 сантиметрге чейин үзүлбөшү керек.
Бал ар бир ооруга колдонулат. Адамдын организмине 99,9%ы сиңет. Жүрөк, ашказан, остеохондроз ооруларына таасири күч. Мисалы, ашказандын жарасы болсо бир стакан жылуу сууга бир аш кашык бал аралаштырып, күнүнө үч маал тамак ичүүгө 20 мүнөт калганда пайдаланса болот. Бал стоматит оорусуна миңдин бири. Антисептикалык жагы күчтүү. Эскерте кетчү нерсе, балды чайга же сүткө салып ичип жүрүшөт. Андайда балдын дарылык касиети жоголуп кетет. Балды 40 градустан жогорулатпай колдонуу зарыл. Эч болбоду дегенде, бал салынган идишти жылымык сууга салып эритип алуу кажет.
Аарынын санын таразага тартып билишет
Бал аарыларга негизинен эки мезгилде - эрте жазда, анан кеч күздө кошумча азык берилет. Тактап айтканда, жазында аарылардын инстинктин ойготуу максатында бир бал челекке 1 кг сироп кошуп бериш керек. Алар кошумча тамактанып алып учуп чыгышат. Ал эми кеч күздө кышында жей турган балы жетпей калбасын деп азыктандырышат.
Аарынын саны мезгилге жараша өзгөрүп турат. Эрте жазда 10-12 миң, жайдын толуп турган учурунда 80 миңге жетет. Кеч күздө 22 миңге чейин кыскарат. Санынын өзгөрүп турушунун себеби аарылар кыштын күнү чээнге кирип, бал челекте күн көрүп, 22 миңден 10 миңи гана эрте жазга жетет. Ал эми жайда төлдөп отуруп 80 миңге барат. Бул тармакта иштегендер аарынын санын ар бир бал челекти таразага тартып эле билип коюшат.
Билип кой
Жылкы - 40-50, уй - 20-25, кой - 10-15, эчки - 12-15, төө - 40-50 жыл жашайт. Ал эми көбөйгөндө бээ айгырдан чыккандан кийин орточо эсеп менен 336, уйлар -285 -289, кой менен эчки орточо эсеп менен 150 күндө төлдөйт.
Тоок жумуртка баскандан кийин 19-24, үндүк 26-29, каз 28-33, өрдөк 28- 32 күндө жөжө чыгарат. Шаардыктар үчүн үй канаттуу катары кабыл алынган попугай 19- 25, канарейка 12-14, көгүчкөн 17- 19 күндө жумуртка басып чыгарат.
Учурда Кыргызстанда фермерлер сүт мол берген жана жалаң эт багытындагы уйларды кармоого аракет кыла башташты. Атап айтсам, "головей" деген породадагы уйлар бир тоннага чейин эт берет. Анын бир жашка жетпеген торпогунун базардагы баасы 50 миң сомго чейин барат.
Кар, муздун бир машинеси 5-15 миң сом
Республиканын түштүгүнө жаз эрте келет эмеспи. Күн жылый баштаганда жертөлөгө сактаган жашылчалар өнүп кетиши мүмкүн. Аны баштапкы абалындай сактап калыш үчүн пас тараптагылар жаз кеч келген тоолуктардан көмүр катары эле кар же муздун бир машинесин 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин сатып алып кетишет. Жазда картошка, сабиз, пияз сыяктуу жашылчаларды канчалык кеч, бирок өнбөгөн боюнча чыгарса ошончолук баалуу болот эмеспи. Кенен жертөлөнүн бир бурчуна төгүлгөн кар андагы салкындыкты сактап, тонналаган жашылчалардын өнүп кетишине жол бербейт.
Көчөттүн кичинесин танда
Учурда дарак көчөтүн отургузса болот. Бирок көчөттөрдү сатып алууда анын ар бирин жакшылап карашыңыз зарыл. Мөмөнүн көчөтүн бир жерден экинчи жерге которууда анын тамыры жабыркабаш керек. Эгер анын тамырынын бир эле жери жабыркаса ал сөзсүз ошол көчөттүн андан ары өсүшүнө таасир этет. Бул анын тамырынын канчалык деңгээлде жабыркаганына байланыштуу. Себеби анын калган 50-70 пайыз тамыры ошол өсүмдүктү толук азыктандыра албайт. Андыктан сиз тиккен көчөт кийин ооруп, бара-бара таптакыр куурап калышы мүмкүн. Дагы бир белгилей кетчү маселе, көчөт тандоодо эч качан анын көлөмүнүн чоңдугуна кызыкпаңыз. Өзгөчө үч жылдык көчөттөрдү бир жерден көчүрүп алууда анын калган тамырлары кыйылып, болгону 20-30 пайыз тамыры гана калат. Андыктан ал көчөттүн андан ары өсүп кетиши кыйын.
Зайырбек АЖЫМАТОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??