presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Апрель жакындады

"Сыйыңар менен кеткиле!"
Эй, чиновниктер, 7-апрелден бери эми бутуна туруп келаткан жаңы, таза саясатты кир, арам ички дүйнөңөр менен булгап, бузуп жок кылбай саясаттан, мамлекеттик кызматтардан сыйыңар менен кетип калгыла! Силер ойлоп жүргөндөй бийлик байлык топтоонун же элди шорлотуп, уурдап чогулткан байлыкты сактап калуунун куралы эмес. Элден коркпосоңор да бардыгын көрүп-билип турган Кудайдан корккула. "Эки жүздүүлөрдүн барар жери тозок, ал жай өтө жийиркеничтүү …" делет ыйык Куранда. Кыргыз улутун дүйнөгө уят кылып, парламенттик бийлик деп Жогорку Кеңешке кирип алып, эми президенттик бийлик деп кыйкырасыңар. Ыйманыңардын жоктугунан, алсыздыгыңардан уруулук сезимден өйдө көтөрүлө албай, улуттук сезимдин улуу күчүн, бийик демин сезе албагандыгыңар үчүн элдин туусу болбой, куусу болуп жүрөсүңөр. Менин силерге ага катары берер кеңешим, бизнесиң барың бизнесиңе бар, коммерция кылганың коммерцияны кыл. Бир ууч ыплас саясатчыларга кошулуп алып, мамлекеттик башкарууну булгабагыла!

Капарбек САМИЕВ, "Бактылуу балалык" коомдук фондунун директору
Ак үйгө кулак кагыш
Азапты айылдыктар эле тартабы?
Урматтуу президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңеш спикери Акматбек Келдибеков, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов!
Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан бери ар кандай оош-кыйыш мезгилдер өтүп келе жатат. Күчтүү мамлекеттин негизин элет түзөрү баарыбызга маалым. Айыл округдарынын ролун жогорулатабыз деп мурунку да, азыркы да мамлекет башчысы айтып, бирок жыйынтык чыкпай келет. Мамлекеттик мүлктү каттоо багытында айылдыктардын турмушун жеңилдеткен жеткиликтүү системаны иштеп чыгуу маселесине көңүл бурулбай жатат. Мунун кесепетинен айыл эли жеке менчигин каттоодон өткөрүүдө райондун борборуна ар бир кагаз үчүн барып, убактысын да, акчасын да коротушат. Азыркы учурда мунун айынан эч бир ишин бүтүрө албай айлап-жылдап жүрүп, көп чыгымдарга учурагандар көп кездешет. Ошондой эле архитектура мекемесине дагы ушундай эле көрүнүш менен чыгым тарта беришет. Бирок ушул эки мекеме тең айыл округунун токтом, чечими жок бир да документти элге бере алышпайт. Айыл округу учурда айыл элине маалымат, тактама берүү менен чектелүүдө. Эгер мамлекеттик каттоо жана архитектура бөлүмдөрү ар бир айыл округунда ачылса, айыл округунун элдин алдында аброю да жогору болмок жана айыл эли убара тартмак эмес. Мамлекеттик каттоону айыл округу өз элине өзү жүргүзсө, каттоо үчүн төлөнүүчү төлөмдөр айыл округунда калат эле.

Абибилла ОМАРОВ, Алай району, Кара-Шоро айылы
Мунун таанышы кайсы "танка"?
Талгат Эдилбаевди ким тайраңдатып атат, ыя?
2010-жылдын август айында Бишкек мэриясы тарабынан Мурас Ордо жаңы конушунун негизги жолуна шагыл төгүлүп, шаардык №299 маршрут каттамы ачылган эле. Элдин беш жыл бою күткөнү аткарылып, жаңы конуш тургундарынын кубанычына чек жок болгон. Бул маршруттук каттам киргизилгенге чейин мурас ордолуктар шаарга Аламүдүн районуна караштуу №911 маршрут менен катташчу. Маршрут айдоочулары окуй элек балдардан тартып жол киреге 20 сомдон алышканы аз келгенсип, ар бир баштыкка 20 сомдон, чоңураак баштык болсо 40-60 сомдон алышчу. Айдоочулардын жүргүнчүлөргө кылган оройлугу болсо жан чыдагыс эле. Элдин эсебинен тапкан олчойгон кирешесинен айрылганына жаны ачыгангабы, 299-маршрут кирери менен 911-маршруттун бригадири Талгат Эдилбаев жин ургандай элге каршы боло баштады. Биздин штабдын жанынан "мен силердин №299 маршрутуңарды 4-5 күндө жоготуп, жол кирени 25 сом кылам. Ага алым жетет. Ошондо көрөм силердин кубанганыңарды" деп кыйкырганын көрүп таң калганбыз. Кийин ал айтканындай 299-маршруттун айдоочуларына ар кандай кысымдарды (шаардык МАИ, транспорт инспекциясынын кызматкерлеринин көмөгү менен) көрсөтүп, күн көргөзбөй койду. Мындан тажаганда маршрут айдоочулар чыгып кетишип, 299-кичиавтобустар жок болуп кетти. Биз мэрияга, Биринчи май райондук акимчилигине арызданып жатып, быйыл 17-январда 299-маршрутту кайра каттатканбыз. Бирок ошол күндөн ушул күнгө чейин Талгат Эдилбаевдин "командасы" ар кандай ыплас жолдор менен 299-маршрутка тоскоолдук кылып келатат. Баарыдан да Талгаттын 25-январда "мен мэрия, транспорт департаменти, акимчилик менен баарын чечип алдым. Кааласам илибой документти илибой кыргыз чиновнигинен 200 долларга сатып алам" дегени жанга батты. (Далил катары 2011-жылдын 25-январында ошол жерде тургандардын түзгөн актысы тиркелген). Анысы аз келгенсип ал маршруттун жасалма схемасын бизге көргөзүп алдады. Элди алдай албасын билген соң Талгат жасалма документ менен бийликтегилер менен сүйлөшүп, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын 299-маршруттун жүргүзүлүшүнө тыюу салган буйругун чыгартты. Эми анын №911 маршруту кайра каттап, карапайым элдин капчыгын кайрадан кактап жатат. Урматтуу президент айым, премьер-министр, ЖК төрагасы, Бишкек мэри, эптеп күн көрүп жаткан биздин арыз-муңубузду угуп, жардам берет деген ишеничтебиз. Өтүнүчүбүз аткарылбаса жол тосууга аргасызбыз.

Мурас Ордо элинин атынан кат жолдогон Кыдырма АБАКИРОВ, Дамир КӨКӨЖАНОВ. Каттын аягына жаңы конуш жашоочуларынын 12 барактык тизмеси тиркелген.

Жаз маанай
Нооруз майрам
Күн менен түн теңелген,
Журттун пейили кеңейген.
Жер жарылып, чөп чыгып,
Жаңыланган жаңы жыл,
Жаратылыш деминен.

Ырыскыны апкелген,
Ыймандуу калк өчпөгөн.
Төл башталды айлымда,
Табияты өзгөргөн,
Бүчүр жарды көктөмдөн.

Тартышпагын эч кимиң,
Таарынычты кечиргин.
Сүмөлөктү кайнатып,
Ыйык тамак ээсимин,
Келди Нооруз дечү күн.

Нурга бөлөп жергемди,
Нооруз майрам келгени,
Эрги эркин дегени,
Билген элдин үрп-салтын,
Бийик кыргыз деңгээли!

Асанкул АРЫКОВ, эмгек ардагери, Кочкор району
Ийне учундагы тагдыр
Капырай, деги калыстык барбы?
Урматтуу "Жаңы Агымчылар", мен сиздерге аргасыз кат жолдоп отурам. Мага 2008-жылы 5-майда кошунамдын далилсиз арызынын негизинде 112-статья менен кылмыш иши козголгон. Ушул жылдын 8-сентябрында участкалык милиция кызматкери повестка алып келип, тааныштым дедиртип кол койдуртуп кеткен. Убагы келгенде барсам ишти прокуратурага берип коюшуптур. Көрсө, мени үч жолу сотко келген жок кылып сот Исраилов каматмак экен. Ошондон бери арызданбаган жерим калбады. Жок жерден качкын, айыпкер катары издөөгө да алындым. Адилеттик издеп КТРКнын башчысы Кубат Оторбаевге да кайрылгам. Кийин өзүн КТРКнын Көлдөгү кабарчысымын деп тааныштырган Эдил Мелисбеков мени менен бирге барып, мага тиешеси жок сотту бир сүзүп, ошо боюнча тынчыды. 2010-жылдын 24-августунда участкалык милиция кызматкери РИИБге чакырганынан бардым. Көрсө, Исраилов менин иштеримди кооздоп эбак соттук архивге өткөзүп жибериптир. Менин укугумду сот бир тебелегени аз келгенсип, КТРКнын Ысык-Көлдөгү кабарчысы Эдил Мелисбеков да тебелеп отурат. Булардын мындай кайдыгерлигине, акыйкатсыздыгына ким жооп берет? Менин сыртымдан тон бычып, жалган чечимдерин чыгарган Исраиловго кандай чара көрүлөт? Же ал жогору жактагы бирөөнүн көлөкөсүбү? Сот системасы апрель окуясынан соң түп-тамырынан жаңырат дешти эле. Анда кана адилеттик, калыстык?

Салтанат Талдыбаева, Түп району, Корумду айылы
Жан кашайгандагы жалыныч
"Указание" ушундай дейт
Өзүм пенсионермин. Жыл өткөн сайын базардагы баалар асмандап, жашоо жанга батып барат. Мага окшогон кары-картаңдар акыркы эки-үч жылда эт, май, сүт, алма, өрүк, мейиз сыяктууларды сатып ала албай деле калды. Баалар асмандап отуруп айга да жеткени калды. Персоналдык пенсионерлердин азыр алды 5 миң сом, арты 1,5-2 миң сом алат экенбиз. Совет доорундагыга салыштырмалуу бул өтө аз. Анткени азыр жашоо өзү кымбат. А бийликке келген мамчиновниктердин бир тамак ичкени 5-10 миң сом болот экен. Качан булар кекиртегин тыйып, элди, кары-картаңдарды, майыптарды ойлошот?
Азыр ысык суу, муздак сууга эле олчойгон сумма чыгып келет. Эсеп билдирме участогуна барып эмне үчүн мынча көп сумма деп сурасам, ал жерде иштегендер ороңдоп, "указание" ушундай дейт. Жиним кашайып, "жетекчиңер, министрлер бир кишиге бир айда канча суу, жылуулук кетерин билишпейби" десем, "аны ошол министрдин өзүнөн барып сура" дешет. Карыганда биз ушинтип түрткүнчүк болуп, эч кимге керегибиз жок болуп калганына ичим ачышат. Айланайын кыргыз эр-азаматтары, элибизде "карысы бардын ырысы бар" деген сөз бар эмеспи. Асмандап учуп бараткан бааларды токтотуп, кароосуз калган, жардамга муктаж ата-апаларыңарга жардам кылсаңар боло! Алдуу-күчтүү кезде кийинки жаштарга үлгү болуп, эл жүгүн көтөрсөңөр эл өзү эле силерди төбөсүнө көтөрмөк. Өзүңөрдөн начар жашоо кечирген алсыздарга көмөк кылып, элди сыйласаңар силерди Кудай сыйлайт. Муну билип мурдуңарды көтөрбөй, төмөн жакка да карай жүргүлөчү кагылайын кыргыздын тың чыкмалары.
Темирбек Табышев, эмгек ардагери, Кара-Балта шаары






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??