Режиссер Темир Бирназаров жакында эле акын Жыпар Исабаева менен биргеликте жаңы тартыла турган киного сценарий жазып бүттү. "Эжеке, саатың кайда?" деген аталыштагы тасма каражаттын жоктугунан тартылбай турат. Тасманын өзөгү азыркы учурдун көйгөлүү маселелери. "Учурда мамлекет бизге караманча көңүл бурбай калды. Мурда нааразы болчу элек, азыр андан да жаман абалда отурабыз. Өзүбүз менен өзүбүз болуп эч кимдин жардам көрсөтөйүн деген ниети жок. Кино тарталы деген көп пландар бар, бирок баягы эле каражат кол-бутту тушап турат" дейт режиссер. Буга карабай ал дагы бир сценарийдин үстүндө иштеп жатат. Тасма өлкөдөгү саясый кырдаалды, саясатчылардын айрым жоруктарын камтырын кыйытып өттү.
Кыргызча ырдап кыр ашкан Юлия
Юлия Руцкая Кипрде өткөн "Golden melody" сынагында Кыргызстандын атынан катышып, төртүнчү орунду ээледи. Жыйырма мамлекеттен келген катышуучулардын сынагы "Евровидение" форматында өтүп, түз эфирден көрсөтүлүп, жыйынтыгы смс добуш аркылуу аныкталган. КМШ өлкөлөрүнөн Россия, Кыргызстан Азербайжандан барышса, он жети катышуучу Европадан келген. Кыргыз тилинде аткарган ырлары элдин көңүлүнө жагып, үч миңден ашык добуш алды.
"Курманжан датка" Кыргызстанды кыдырат
Алай ханышасы тууралуу тартылган тасма жакында эле түштүк жергесинин жашоочуларына көрсөтүлдү. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында карапайым эл тарабынан жакшы кабыл алынды. Ушул эле тасма менен Нарын, Ысык-Көл, Таласты кыдыруу алдында турушат. Алты региондун эли көргөндөн кийин документалдуу фильм Бишкек шаарында коюлат. "Азырынча көркөм тасма тартуу планда жок. Кымбатчылык кыйнап турганда эртеңки күнүм эмне болот деген күмөн саноо менен жашап жатабыз. Анан кайдан кино тартылсын. Анүстүнө Жылдыз Жолдошеванын азыр өз түйшүгү башынан ашып турганда…" дейт режиссер.
Устатты улаган шакирттер
Сыймык Бейшекеев учурда устаты КР эл артисти Улукмурза Полотовдун урматына өтө турган концерттин даярдыгын көрүп жүрөт. Уюштуруу иштери ырчынын мойнуна жүктөлгөндүктөн агайынын айда-жылда бир болчу концертин жогорку деңгээлде өткөрүп алуунун аракетинде. Элге таанымал болгон кырктан ашуун ырчы улан-кыздар Улукмырза Полотовдун мектебинен өткөн экен. Алардын арасында Алина Жетигенова, Динара Акулова да бар. Шакирттери концертте бири-бири менен дуэт, трио, андан ары квартет аткарышып кечени көрккө бөлүшмөкчү.
Алишахка атасынан белек
Жаз айы Кубаныч Сатаевге жаңы дем берген өңдөнөт, учурда чыгармачылыктын үстүндө чымырканып иштеп жаткан кези. Аялдарга арналган "Асылым" аттуу чыгармасынан кийин "Ак бата" деген ырынын үстүндө иштеп жатат. Кубанычтын казак элинде да кадыры арбын, боордоштордун кубанычына ортоктош болуп жүргөн ырчы он сегизинде Казакстанда өтө турган тойго аттанат. Уулу Алишах тамтуң басып калганына эт-жүрөгү элжиреген Кубаныч кичкинтайына ыр белек даярдап жаткан кези.
Ээликкен эркек, идеалдуу кыз
"Уурунун махабаты" тасмасы аркылуу таанылган актер, режиссер Азамат Арыков "Идеалдуу кыз" аттуу кино тартуунун аракети менен чуркап жүрөт. Тасманын мазмуну өздөрүнүн кемчилигин көзгө илбей төгөрөгү төп келген кыздарды издеген эркектер жөнүндө. Азыр тасманын сценарийи жазылып, каражат маселеси такталып жатат. Эпизоддор Казакстанда, анан Бишкекте тартылат. Муну менен катар Азамат актердук чеберчилигин өркүндөтүп, денесин бир калыпта кармагандын камын жеп жатат. Себеби, келечекте кыргыз баатырлары тууралуу кино тартылып калса роль аткарууга аракет кылат. Буга чейин дене түзүлүшү туура келбей калгандыктан биртоп кастингден өтпөй калган ал дагы ушундай жагдай болбосун деп азыртадан алдын алууда.
Батыштан башы суурулган Бекчоро
Өзгөлөрдөн өзгөчөлөнөм деген ырчылардын катарын толуктаган Бекчоро көзүнөн көз айнегин түшүрбөй келет. "Оэ", "айэ" деп ырдын ортосунда түркүн добуш чыгарганына гана таң бересиң. Бул стилден тажаганбы же үй-бүлө кургандан бери көз карашы өзгөргөнбү, мындан ары репертуарын жаңылап, мекен, ыйман, ата-эне тууралуу чыгармаларды аткара баштады. Алгач апаларга арнап "Эне жүрөгү" аттуу ыр жаздырды.
Назми жетиге эми чыгат
Сөзү Кубат Жакыповго, обону Айбек Карымовго таандык "Кызыма" деген чыгармасына Назми көптөн бери клип тарттырсам деп келген. "Белек" аттуу жаңы ачылган студиянын кызматынан эки-үч күндүн аралыгында пайдаланганы турат. Клиптин өзгөчөлүгү - үч мүнөттүн ичинде совет доору жана бүгүнкү күн камтылат. Учурда Назми умай эненин, ырчынын эки жана жети жаштагы курагын аткара турган эки кыз издеп жаткан кези. Клипти апрель айына кызынын тушоо тоюна камдап жатат. Буга чейин үй-бүлөсүндө жоготуулар болуп келгенине байланыштуу кызынын жакшылыктарын белгилебей келген.