presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Айымай

12-март күнү борбордогу опера жана балет театрында "Мисс Кыргызстан - 2011" наамы үчүн 42 кыз ат салышты. Тилекке каршы, сынак биртоп кемчиликтер менен коштолуп, ар кандай ыңгайсыз кырдаалдарды жаратпай койгон жок. Сынактын жүрүшүнө өзүбүз күбө болуп, элдин пикирин ортого салдык.

Суусаткан сулуулар,
нааразы калыстар, нур жүздүү Назира
Пакистандыктар менен орустар уюштурган бул сынак бир саат кечигип башталды. Быссымылда дегенде эле бир орунга эки билет сатылып, орун талашкандар өзүнчө убара. Сыртка чыгып билет баасын сурап көрсөк, алыпсатарлар 700-800 сомго чыгарып ийгенге үлгүрүшүптүр. Залдын теңинен көбүн катышуучулардын туугандары ээледи көрүнөт. "Жибек, сен мыктысың!", "Айжан, биз сени менен!", "Асел мисс болууга татыктуу!" деген плакаттардан баш адашат. Калыстар тобу президент алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын төрайымы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева, М.Жангазиев атындагы куурчак театрынын директору Темирлан Сманбеков, режиссер Эрнест Абдыжапаров, КТРК жетекчиси Кубат Оторбаев, КР эмгек сиңирген артисти Динара Акулова, шоувумен Ассоль Молдокматова, "Love" радиосунун ди-джейи Алтын Камчиев, ырчы Самат Дөөлөтбаков жана "Орифлейм" компаниясынын Казакстандагы өкүлү Айгерим Жолжанова баш болгон он эки адамдан куралды. Алып баруучулук тизгин Нурзат Токтосунова менен Эркин Рыскулбековго ыйгарылыптыр. Бири орусча, бири кыргызча сүйлөп элди эриктирген жок.
Сынактын биринчи туру көйнөктөрдү көрсөтүүдөн, экинчиси улуттук кийимдерден, ал эми үчүнчүсү бикини болду. Калыстар тобунун нааразычылыгы биринчи турдан кийин эле калкып чыкты. Анткени уюштуруучулар калыстар тобунун алдына кыздардын тизмесин жана беш балл менен баалана турган таблица коюшкан экен. Ар бир сынактан кийин кагаздар комиссияга берилип, эң аз баа алган тогуз кыз I-II турда четтетилмек. Бирок мындай сунуш калыстар тобун канааттандырбай, атургай сынактын шарты аларга толук түшүндүрүлбөгөндүгүн айтып чыгышты. Сахнага уюштуруучуларды чакырып иштин чоо-жайын түшүндүрүүнү сурап ызылдашты эле, эч кимиси басып келген да жок. Жыйынтыгында баалар жазылган атайын тактайчалар жок болгондуктан манжаларыбыз менен көрсөтөбүз деген чечимге келишти. Калыстар тобунан кийин нааразычылык залда отургандарга өтүп, бирөө чуркап чыгып, "кулагыңарга жакшы угулган фамилияга беш манжаңарды көрсөтүп, эстеп калбагандарга аз баа койбогула, баары калыс өтүш керек" деген кыйкырыгы менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Алдыларына бирден бешке чейин жазылган барактарды алып келгенче калыстар тобунун колдору алып баруучуларга жакшы эле эрмек болду. "Дагы жакшы беш баллдык система менен бааланып жатат, болбосо бутуңардын манжаларына да күч келмек окшойт. Манжаларыңыз сулуу экен, шакегиңиз укмуш го" деп тынымсыз тамашалаган Эркин элдин көңүлүн көтөрүү менен алек. Жогорудагы көрүнүштөн кийин катышкан кыздардын деми сууп калдыбы же даярдыктары жокпу, программа орто жолдон биртопко тыным ала түштү. Ушул жагдайды да калыстар тобунун курамында отурган эстрада ырчысы Динара Акулова чыгып ырдап, абалды бир аз жайкаган болду.
Башында катышкан 42 кыздан иргелип отуруп татыктуулары гана финалга чыгышты. Он кыз өнөрлөрүн көрсөтүп жетөө ар кандай номинацияларга, үчөө алдыңкы орундарга татыды.
Үчүнчү орунду эки кыз - Ольга Соколова жана Асел Койчиева алышып, Ассоль Молдокматова аларга өз атынан 300 доллар өлчөмүндө мода үйүнөн кийим тиктирүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ал эми вице-мисс наамына Алтынай Эсентаева татыктуу деп табылса, "Мисс Кыргызстан - 2011" наамы Назира Нуржановага ыйгарылды. Башталышынан нааразычылык жараткан сынак ушундай жол менен жыйынтыкталды. Сынактын негизги сыйлыгы - "Мисс Кыргызстан - 2011" наамына татыктуу деп табылган Назира Нуржанова ноябрь айында өтө турган "Дүйнө сулуусу" сынагына Кыргызстандын атынан аттанат. Кубанычын жашырбаган Назира Нуржанова "эмне дээримди да билбей турам… Мени колдогондорго чоң ыракмат! Буюрса "Дүйнө сулуусунда" Кыргызстанды жакшы жагынан дүйнө жүзүнө кеңири таанытам деген үмүтүм чоң" деп сынакты эки ооз сөз менен жыйынтыктады. Буга чейин Назира Нуржанова 2009-жылы "Мисс Кыргызстанга" катышып вице-мисс болгон.
Сахнанын артында, залда болуп жаткан көрүнүштөрдү тактап, эки тараптын пикирин билүү үчүн уюштуруучуларга жана калыстар тобуна байланыштык.

"Дүйнө сулуусу" сынагынын Кыргызстандагы өкүлү Анимеш Баруа:
"Ассоль мени жазалады"
- Кыздарды кандай критерийлер менен тандадыңыздар?
- Жети айдан бери кыздардын арасынан бою 168 сантиметрден жогору, мүчө келбети 90-60-90го жакыныраак, бойдок кыздар тандалды. Алты жолу кастинг өткөрүлүп, ар биринен ондон ашык кыздар иргелди. Мыктылардын мыктысы деп астыңарга чыккан 42 кыз экенин өзүңүздөр көрдүңүздөр. Кыздарды каттоодон өткөргөнгө бир да сом алган жокпуз, ошондон да кээ бирөөлөр ар бир кыздан чоң суммадагы акча алышты деген сөздөрдү чыгарышты. Тескерисинче, биз кыздарга жардам болсун деп чач жасалганы, макияжды өз эсебибизден сунуштадык. Костюмдарды деле бермекпиз, бирок ар кимдин табитин табыш кыйын экен.
- Ошентсе да уюштуруу жагындагы кемчиликтерге кандай дейсиз?
- Калыстар тобуна тизмени, беш баллдык системадагы таблицаларды карматтык. Алар ар бир чыккан кызды баалап кагазга белгилей беришмек. Биринчи сынак бүткөндө аз балл топтогон тогуз кыз четтетилмек. Мындай ыкма убакытты үнөмдөмөк, баллдар эсептелгиче элди эриктирбейли деп музыкалык номерлерди да ойлонуштурганбыз. Бирок муну калыстар тобу жакшы түшүнүшкөн жок. Ал эми Ассоль мага башынан эле каршы болуп, колдогон эмес. Мага калыстар тобунан үч орун таап бер деген болчу. Анысын аткара алган жокмун, ошондуктан мени көпчүлүктүн алдында ушундайча жазалады. Жакында эле "Топ модель - 2011" сынагын өткөрдүк. Биринчи орунду алган кыз азыр Германияда жүрөт. Ал жерден да Ассоль калыстар тобун бир кабинетке чогултуп алып көпкө чейин талкуу кылды. Сынак ошондой жол менен чечилмек беле? Ал мага башынан эле каршы болчу. Азыр ошонусун далилдеди.
- Сынакты өткөрүүгө ким демөөрчүлүк кылды?
- Жеке ишкерлер жардам беришти. Маданият министрлиги демилгебизди колдоду. Буга чейин "Дүйнө сулуусу" сынагына Кыргызстандан эч ким барган эмес. Эми барууга шарт түзөлү дедик. Башында алдыңкы үч орунга көрүнүктүү суммадагы байге коелу дегенбиз, бирок демөөрчүлөр акыркы мүнөттө иштешүүдөн баш тартып, ал максатыбыз ишке ашкан жок. Мен бирөөнө жан тарткыдай бул жерде карындашым же эжем катышкан жок. Баары калыстык менен чечилди деген ойдомун.

Ассоль МОЛДОКМАТОВА:
"Райондук деңгээлдеги сынак"
- Эң эле жөнөкөй нерсе - балл жазылган таблицанын жоктугу мен үчүн чоң суроо жаратты. Мындай начар уюшулган сынакка биринчи жолу катыштым. Миссти аныктоо кандай чоң маселе, бирок бул сынак райондук деңгээлде уюштурулганы өкүнүчтүү. Кыздын сулуулугу анын кийген көйнөгү, басыгы менен эле аныкталбай, интеллектуалдык деңгээлин да караш керек эле. Эмнегедир бул жерде көйнөктөр биринчи орунга чыкканы кызык болду. Анан биз кайдагы бир кагазга бааларды жазып, комиссияга өткөрүп берип отуруп калышыбыз керек экен. Эмне үчүн ошол баалоо элдин көзүнчө өтпөшү керек? Эгер эртең түшүнбөстүктөр болсо, эл айланып келип эле калыстар тобун күнөөлөмөк. Аягына чейин араң чыдап отурдум, кыздардын көңүлүн, көрүүчүлөрдү сыйлаганым болбосо басып кетип калмакмын. Ар бир көйнөгүн чоң суммага арендага алган кыздарга боорум ооруду.

Динара АКУЛОВА:
"Колум менен көрсөткөндөн уялдым"
- Баарынан да чет жактан келген коноктордун көзүнчө колубузду көтөрүп жатканыбызга аябай уялдым. Калыстар тобу ар кандай тармактан куралганы жакшы болуптур, бирок концерт учурунда көп эле кемчилик кетти. Мен ырдаганы эмес, калыс болом деп баргам. Орто жолдон ырдатып ийишти, анысына деле кайылмын. Бирок ошол учурдагы кийимим менен сахнага чыккандан уялып, элди аралап ырдаганга туура келди. Ырдап жатканда музыканы өчүрүп, кичирейтип, дагы ыңгайсыз абалга калтырышты. Калыстар тобунун көбү кетебиз деп чыктык. Орто жолдон ызама чыдабай сыртка чыгып кеттим. Катышуучу кыздар тууралуу айта турган болсом, Назира Нуржанова баарынан мыкты болду. Айчүрөктүн монологун жогорку деңгээлде аткарды. "Дүйнө сулуусуна" бара жаткандан кийин бою да башка кыздардыкынан узун, өзүн алып жүргөнү да дурус экен деген чечимге келдик.

Анара
ДҮЙШӨНАЛИЕВА, сүрөттөр В. Ворониндики



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??