presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жар бойлоп калган санаадан сакта

Айыптуулар жазаланмайынча көкшүн суубайт
Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынан Айнура ТАКЫРБАШЕВА биздин редакция менен байланышып, 2010-жылы 7-апрелде каза болгон бир тууганы, курсант Эдил ТАКЫРБАШЕВди эскерип оор үшкүрүндү. Эдилдин атасы Дамирбек, апасы Атыргүл, карындашы Элнура, өзү болуп үй-бүлөдө жанып турган жалгыз уулдун күйүтүн тартып, анын өлүмүнө айыптууларга чара колдонулбаганына кейип, кимге арыз-муңубузду айтарыбызда билбей калдык дейт.

- 7- апрель коогалаңынан бери жүзүбүз жашка жуулуп, жүрөгүбүз муңга толуп, өзөк өрттөнүп келет. Кыргыз элинин башына түшкөн оор кайгы биздин үйгө өзгөчө түштү окшойт. Эки кыздын ортосундагы чырактай болгон жалгыз, эрке уул Эдил 22 жашка чыкпай күлгүндөй курагында соолуп калды. Мектепте эле сабакты мыкты окуп, милицияда иштейм деп кыялданып, КАСИге өтүүгө сертификат алса да өзү максат кылган окуу жайга бет алган. Бишкектеги Э.Алиев атындагы ИИМ академиясына тапшырып өтүп кетти. Окуу жайдын 4-курсун аяктап, бир жылдан кийин элине ак кызмат өтөйм деп турган. Жогору жактан берилген оозеки буйруктун негизинде курсташтары менен 7-апрель күнү борбордук аянтка коомдук тартипти сактоого чыгыптыр. Ошондо аянтта кызмат өтөп жүргөн курсанттарга граната ыргытылып, Эдил ал жарылуудан катуу жараат алып, ооруканага жеткирилген. Эдил менен кошо бир үйдүн жалгыз уулу, курсант Никита Кущ да каза тапты.
Тилекке каршы, ушул күнгө чейин бул каргашага күнөөлүү адамдар мыйзам алдында жооп бербей, бул иш жабылуу бойдон келатат. Ошол кезде Азимбек Бекназаров "курсанттарды мыйзамсыз түрдө алып чыккан адамдар жооп бериши керек" деген эле. Бирок ал азыркыга чейин аткарыла элек. Биз апрель окуясы боюнча кылым сотунда курсанттардын өлүмү да каралат го дегенбиз. Бирок анда 78 гана адамдын ишин кароого алышкан. А биздин балдардын өлүмүнө ким жооп берет деп өзүбүз иликтөө баштадык. Ошондо гана сентябрь айында тергөө иши ачылып, кайра бир айдын ичинде иш жабылып калды. Биздин үй-бүлө президент Роза Отунбаевага кайрылуу кат жазганда ал Башкы прокуратурага буйрук берип, тергөө иши экинчи жолу Бишкек шаардык прокуратурасында ачылды. Бирок төрт айдын жүзү болду, эч натыйжа жок.
Күнөөлүүлөрдү алыстан издөөнүн кереги не. Баарына күнөөлүү академия жетекчилери жана командирлер деп ойлойбуз. Курсанттарды аянтка алып чыгууга ким тарабынан буйрук берилген? Ошол буйрук кайда? Академия жетекчилиги куралсыз курсанттарды эмне үчүн чыгарды? Коогалаң учурунда курсанттар бийлик тарапта болгон дешет, а анда аларга граната ким тарабынан жардырылган? Академиянын ошол кездеги жетекчиси Абдыкапар Мавлянов эртеси эле кызматынан бошоп кетти. Ал эми Ш.Жумашев жана А.Турдалиев ж.б. командирлери бул мыйзам түрүндө болгон дешет. Эгер мыйзам түрүндө болсо, эми балдардын өлүмүнө да мыйзам түрүндө жооп беришпейби. Академиянын азыркы начальниги Алмаз Базарбаев буга эмне дейт? Эгер буга Академия күнөөлүү болбосо, анда күнөөлүү адамдарды табышсын. "Карга карганын көзүн чукубайт" болуп ИИМ кызматкерлеринин бул ишти жаап коюусу кандай? Формасы менен айырмаланган бечара курсанттардын өлүмү ара жолдо калабы? "Апрель революциясынын баатыры" наамынан да эки курсантты четтетип коюшту.
Балдардын каза болгонуна жакындарынан башка эч ким күйбөйт экен. Ошол окуяда граната жарылып, курсанттар жыгылып, тепки жеп аткандарын теледен көргөндө сай-сөөгүбүз сыздайт. Жарылуудан кийин тебелендиде калган балдарды алып чыгып, артта калгандарды таштабай, тегеректеп коргоп калышса болот беле? Дагы бир өкүнүчтүүсү, аянтта да, ооруканада да Эдилдин жанында бир да командир, бир да курсант болгон эмес. Эдил кайсы ооруканага жеткизилгендигин, жанында ким болгондугун, анын акыркы сөзү эмне болгонун билели деп академияга кайрылганыбызда, командирлеринин кайдыгер мамилеси, орой сөздөрү көңүлүбүздү калтырды. Макул, массалык башаламандыкта жарылуудан кийин курсанттар, командирлер бири-бирин таппай калышыптыр. Бирок бир сутка бою курсанттардын аман-соосун билип, издесе болот эле го. Баарынан да апамдын "баламдын акыркы сөзү эмне болду экен, же сүйлөөгө да алы келбей чымындай жаны чыгып кеттиби" деп каргылдана чыккан үнү, жалооруп тиктеген көздөрү аянычтуу.
Курсанттар да бирөөнүн балдары экенин, куралсыз, буйрук менен кызматта жүргөнүн түшүнбөй аларды ур-токмокко алган ошол күнкү митингчилерге нааразы болосуң. Жазыксыз жаш балдарда не күнөө? Бирөөнүн жалгызы, тиреги экенин ошол жердеги алакөөдөн жаштар түшүнбөдүбү? Эдилдин ушул жашоо менен коштошуп жаткан мүнөттөрүн эстесем, жанымды коерго жер таппайм, бизге болгон сагыныч-кусасы, таттуу сөздөрү, жарк эткен жылмаюусу, тунук күлкүсү, аруу тилектери, ак сүйүү, максаттары аткарылбай өзү менен кетип баратканы арман болду го… Бул жашоодо 87 эр-азаматтын өмүрүн кыйган күнөөлүү адамдар мыйзам алдында, биздин алдыбызда, кыргыз элинин алдында жооп берер күн деги болобу?
Жүрөгүбүздөн, көңүлүбүздөн Эдил кетпейт. Айылдагы көчөгө ысымы коюлду, а бирок өзү жок. Атамдын "жалгыз уулуман айрылдым, же андан туяк калбады" деп сыздаганы бозоргон жүзүнөн, муңдуу көздөрүнөн билинет. Бардык үмүтү, кубанычы уулунда болгон ата-эненин убалы кимге?

Бетти даярдаган
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Ачылган сыр

Азыркылар Сталиндин чыпалагына тең эмес
Улуу Ата мекендик согушта от кечип, фашисттерге каршы эрдик көргөзгөн ардагерлерибиз жылдан жылга суюлуп барат. 86 жаштагы Умар
СООРОНКУЛОВ ата да согуштун ардагери, басканы тың, акылы тунук экен. Умар ата кан майдандагы окуяларды жана Сталиндин эл билбеген сырларынан айтып берди.


- Улуу Ата мекендик согушка катышкан ардагерлердин эң жашы менмин. 1925-жылы туулгам, ушул жылдагылар акыркылардан болуп кан майданга аттанышкан.
Өзүм Таластын Бакай-Атасынан болом. Агезде комсомолдор ата мекенди коргош керек деген ураандын алдында аскер комиссариатына барып суранышчу. Ошентип мен согушка 1943-жылы жөнөдүм. Биз барганда жеңиш биз тарапка ооп, душмандар кача баштаптыр. Днепр суусунан өткөндө сол жак бутум менен колума мина тийип, жеңил контузия болдум. Госпиталда дарыланып, 1944-жылы 21-мартта мекениме кайтып келдим. Илгери биздин туулгандыгыбыз тууралуу күбөлүк жок болчу. Атам алашалбыртта төрөлгөнсүң деп айтчу, 21-мартта согуштан өлбөй келдим деп ошол күндү туулган күнүм деп жаздырып койгом.
- Фронттон келгенде ата-энеңиз тирүү бекен?
- Атам 1942-жылы эле каза болуп калган. Өзүмдүн апам 1934-жылы иним төрөлгөндө көз жумган. Кийинки апабыз бизди жакшы бакты, өзүнүн да бир баласы бар эле. Мен согуштан кайтып келгенде ачкачылык күч алып, элдин турмушу өтө начар экен. Бирок Сталиндин мыктылыгынан эки-үч жылдын ичинде талкаланган нерселердин баары калыбына келип, элдин турмушу оңолуп, ачкачылыкты жойду. Азыр Сталинди жамандап атышат. Бул туура эмес. Менин улуу кызым Москвада окуган. Аялым экөөбүз кызыма Москвага барсак, бизди аэропорттон тосуп алып, ардагер кемпирдин үйүнө алпарды. Ошол кезде студенттерди ардагерлердин үйүн жыйнап жардам бергенге бөлүп койгон. Бир кемпирдин үйүн жыйнаганы барса ал "атаң согушка катышканбы, Сталинди жакшы көрөбү" деп сураптыр. Кызым "ооба" десе, "анда ата-энеңди меникине алып кел" дептир. Полковник кемпир экен, күйөөсү согуштан келбей калыптыр. Экөөбүз Сталин жөнүндө сүйлөшө баштаганда эле ыйлап, согуш учурунда эки кызы бар экенин айтты. Аялды согушка жашыруун бөлүккө жөнөтүптүр. Сталин согушка жөнөп аткандардан эмне кемчилигиңер бар деп сураса, тигил аял күйөөм согуштан курман болду, эки кызымды карай турган киши жок дептир. Ошол боюнча даректерин калтырып, согушка кетиптир. Алты айдан кийин уруксат сурап үйүнө келип, кыздарымды тааныбай калдым, алар чоңоюп, болпоюп толуп кетиптир. Көрсө, кыздарды атайын бир аялга бактырып, тамак-ашты мамлекеттин эсебинен камсыздаптыр деди. Сталинге байланыштуу дагы бир окуяны айтып берейин.
Мен армиядан келгенден кийин НКВДга кызматка алынып, алты ай окудум. Дагы фрунзелик эң мыкты окуган жигит бар эле. Окууну бүткөндөн кийин баарыбызды ар кайсы жакка жашыруун жөнөттү. Кимибиз кайда кеткенибизди билбедик. Арадан он чакты жыл өткөндөн кийин баягы фрунзелик балага жолугуп калдым. Эч кимге угузбай, кимибиз каякта иштеп атканыбызды сурашсак, ал бала Москвага, борбордук КГБга кетиптир. Ошондо ал мага дагы бир кызыктуу окуяны айтып берди. Бир күнү күзөттө отуруп КГБнын конторасынан Кыргызстандагы репрессия тууралуу архивдеги документтерди таап алыптыр. Документте баары ачык жазылган экен. Ошол кезде Сталин ар бир республикага ички иштер министрин дайындап, аларды Борбордук Комитетте иштеген Ежов деген кишиге жиберчү экен. Ежов он беш республикага Сталин тандаган министрлерди жөнөтчү тура. Кыргызстанга жиберген министрдин фамилиясы Лоцман экен. Бирок Ежов Лоцманды Кыргызстанга жибербей орто жолдон жок кылып, ушул эле фамилияда өз кишилерин камдап жиберип ийиптир. Алардын максаты - социализмди куруучуларды жок кылуу тура. Лоцман эки баласын, аялын Москвага калтырып, өзү жөнөп кетиптир. Бир жыл бою күйөөсүнөн кабар алалбаган аялы Сталинге уруксат алып кирет да, "менин күйөөм Лоцман сиздин буйругуңуз менен Кыргызстанга кеткен эле, ал жакта жашаганга мүмкүнчүлүк болсо алып кетем, кабарлашып турам деген, бирок таптакыр дайыны жок" деп айтыптыр. Ошондо бир нерсени шекшиген Сталин тигил аялга жолкире берип Кыргызстанга жөнөтүп, "Лоцман иштеген жерди таап, аны көрүүгө аракет кыл. Эгер сенин күйөөң болсо, барып үй-бүлө катары сүйлөшө бергиле, а башка болуп калса эч кимге айтпай, түз эле мага кел" дептир. Аял Кыргызстанга келип Лоцманды көралбай он чакты күн жүрүп, акыры күйөөсүнүн ордунда башка экенин билип Москвага кайтат. Москвага келери менен Сталинге жолугуп, Лоцмандын фамилиясы менен чоочун киши жүргөнүн айтат. Бул жөнүндө эч кимге оозуңан чыгарба, балдарыңа да айтпа деп колуна акча, тамак-аш карматып аялды жөнөтөт. Эртеси Сталин саясый бюронун мүчөлөрүнүн баарын чогултса, Ежов келбейт. Чогулгандарга Сталин союздук республикаларга жиберген биздин ички иштер министрлердин баарын Ежов социалисттик партияны куруучуларды жок кылуу максатында алмаштырып жибериптир деп кабарлайт. Ошол жердегилердин баары пистолеттерин октоп алып Ежовдун үйүнө келишсе, ал диванда чалкалап жаткан экен. Сталинди көрүп эле, "эмне, грузин, келдиңби?" дептир. "Ооба, грузин келди" деп Сталин пистолетинин огу түгөнгүчө Ежовду атыптыр. Андан кийин гезит-журнал, радиолорго Ежов эл душманы, чыккынчылыгы үчүн атылды деген маалымат таратат. Ошол кезде чыккынчы Лоцмандын айынан Кыргызстанда далай бейкүнөө кишилер репрессияга туш болгон. Түрмөдө атыла электердин арасында Баратбай Жунусов деген менин кайнатам бар экен. Кийин аны туура эмес камалгансыңар деп бошотуп, өз кызматына отургузуптур. Кайнатамдын айткан сөзү менен жанагы Москвада иштеген жолдошумдун айткан сөзү дал келип атат.
Андан бери бир далай убакыт өттү. Тарых баарын таразалайт. Жашым 86га чыгып, небере-чөбөрөлөрүмдүн кадырман чоң атасы болуп отурам. Балдарым жакшы кызматтарды аркалады. Эми элибиздин жыргал жашоосун, оңолгонун көрсөм деп тилейм.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??