presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шадиев, биякка кулак сал

Энергетика "эптүүлөрдүн" жембаштыгыбы?
2009-жылдын аягында Камбар- Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегатын куруп, монтаждоо иштери аяктап, плотина куруу үчүн жардыруу иши КТРК аркылуу түз эфирден көрсөтүлгөн. Анда эң сонун сөздөр айтылып, кылымдын курулушу деп калпагыбызды көккө ыргытканбыз. Бирок ошол кезде жардыруу толук өз максатына жетпей, пландаштырылгандай көлөмдө топурак түшпөй калгандыгын кайдан билели? Аны кашайып эми билип жатпайбызбы.

Көрсө, Нарын дарыясынын нугуна кулаган топурактын көлөмү аз болгондуктан куруучулар өткөн 2010-жылды дамбага кошумча топурак, шагыл жана таш ташуу менен өткөрүшүптүр. Долбоордо каралбаган мындай иштер үчүн бюджеттен он миллиондогон сомдор да жумшалыптыр. 3 миң тоннадан ашык жардыруучу зат коюлган менен жардыруу неге ойдогудай болбой калган? Мунун себеби мындай. Тоннель долбоордогудай өлчөмдө казылбай, жардыруучу зат тиешелүү көлөмдө тоннелге киргизилип, туюкталган эмес. Эксперттердин пикирлерине таянсак, жардыруу ишинде техникалык талаптарды бузууга, көз боемочулуктарга, кошуп жазууларга жол берилген. Жардыруу салтанаттуу түрдө ишке ашары менен көз боемочулуктардын бардыгы кумга сиңген суудай жок болуп кеткен. Тоннель долбоордогудай казылып, бекемделип, белгиленген өлчөмдөгүдөй жардыруучу зат коюлганда, жардыруу сөзсүз толук өз максатына жетмек дешет эксперттер. Бул боюнча атайын өз алдыларынча иликтөө жүргүзүп, терең анализдегендер кимдир бирөөлөр жардыруунун аркасы менен ири суммаларга туйтунушкандыгын айтышат. Жардыруудан кийин ошол убактагы энергетика министри И.Давыдов Алексей Ширшов жана "Нарынсуукурулуш" ишканасынын жетекчилери "тарыхый окуяны" эки күн майрамдашкандыктары да бекеринен эместир.

Миллиондорду жеген мителерди министрлик неге коргойт?
Аз күн мурда Эсептөө палатасынын аудиторлору Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулуш, монтаждоо иштерин жүргүзүүдө жалпы 270 миллион сомдон ашык кошуп жазууларга жана уурдоолорго жол берилгендигин аныкташканы баарыбызга маалым. Бирок миллиондорду мойсоп, мамлекетке чоң зыян келтирген адамдардын эч нерсе болбогондой суудан кургак чыгышып, жоопкерчиликке тартылуунун ордуна тескерисинче кызматтарын жаңыртып жатышканына тан бересиң. Бул бүгүнкү күндө көндүмгө айланып баратат. Мындай "апапак" инсандардын артына үңүлсөк, миллиондогон, атүгүл миллиарддаган акчалардын изи көрүнөт. Буга жакында эле "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун кызматкерлери 473 миллион 713 миң киловатт-сааттык электр энергиясын "жел абоненттерге" жазышкандыктарын аргасыз моюндаганы мисал. Бул бөлүштүрүп сатуучу төрт компаниянын бирөөсүндөгү гана көрүнүш. А техникалык жоготууларга шылтап, моюндагысы келбей жаткандар канча. Калган бөлүштүрүп сатуучу компаниялардагы жалган эсептер деле булардыкынан аз эместигин бөркүбүздөй көрөлү. Эгемендүүлүк алганы тармакты коррупцияга белчесине эмес мойнуна чейин батырышып, коррупциянын системасын түзүп, элдин байлыгын тоноо жагынан А.Ширшов, С.Балкыбеков, И.Давыдов, Т.Ибраев, М.Айткулов дегендер алдыларына эч кимди чыгарышкан жок. Булардын ар кимисинин артында төбө чачты тик тургузган коррупциялык иштер бар экени талашсыз. Алардын аягына биз эмес укук коргоо органдары эмдигиче чыга алышпай жүрүшөт. Эми ошол кылым кылмышкерлеринин айрымдарына токтолуп көрөлү. Таалай Ибраев деген эргул "Улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орунбасары болуп иштеп турганда (2009-жылы 30-октябрда) Россиянын Новосибирск шаарындагы "Сибирь-Экспорт" ЖЧКсынын жетекчилиги менен 36 млн. рублге мурда пайдаланылган ТДТН-40000( 110( 35(10- У1 маркасындагы) күчтөндүрүүчү трансформаторду, 2010-жылы 23-мартта ошол эле шаардагы "Технотранс" ЖЧКсы менен жогорудагыдай трансформаторду 45 млн. рублге , ошол эле айда Бишкектеги "SOFT REAL Ltd" ЖЧКсынан АС-150(24 маркасындагы) жалпы көлөмү 388750 долларлык кабелди сатып алуу жөнүндөгү келишимдерге кол коюп, аталган товарлардын айрымдары которуу жолу менен алынган. Бирок Эсептөө палатасы текшерген учурда жогоруда аталган күчтөндүрүүчү трансформаторлордун эң жогорку баасы 15 млн. рублден ашпасы белгилүү болгон. Ошондон улам акционердик коомго ондогон миллион сом чыгым келтирилгени аныкталып, Ибраевге кылмыш иши козголуп, кызматынан алынган.
Эми козголгон кылмыш иштеринин аягына чыгарылуусун күтпөстөн эле энергетика министрлиги Т.Ибраевди кайра "Кыргызстан Улуттук электр тармактар" ААКнын башкы директорунун орунбасарлыгына дайындоону сунуштап жатканын кандай түшүнөбүз? Сыягы, министрликтин азыркы жетекчилери ким көбүрөөк жегенди билсе, ал ошончолук пара бергенди да билет деген көз карашты карманышат окшойт. Болбосо аркасынан кылмыш иши чубалган Ибраевди башкы директордун орун басарлыгына, Камбар-Ата 2 ГЭСиндеги кошуп жазууларга, жарым жардырууга керт башы менен жооп бере турган И.Давыдовду министрдин орунбасарынын деңгээлиндеги бөлүм башчы кылып кармап жүрүшмөк да эмес. Мамлекетке жалпы көлөмү 2 млрд. сомдон ашык зыян келтирген "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору М.Айткулов "Улуттук электр тармактары" ААКнын башкы директору да болмок эмес.
И.Давыдов министр болуп турганда ортомчулук кылгандыгы үчүн деген формулировка менен "Нарынсуукурулуш" ишканасынан ай сайын ашык-кеми жок 8 миң доллардан айлык алып келгендиги белгилүү болду. Тактап айтканда, өнөктөш ишканадан ай сайын министрлик айлыгынан жыйырма эсе көп "сыйлык" алып турган. Мында Давыдов мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоочу мамчиновниктин эмес, "Нарынсуукурулуш" ишканасынын, Ширшовдун командасындагылардын министрликтеги лоббисти болуп келген. Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги жардыруунун толук максатына жетпей калгандыгынын бир себеби ушунда болсо керек. Өкүнүчтүүсү, тармакка акыркы убактарда калыбына келтирүүчүлөр эмес талап тоноочулар, паракорлор, тактап айтканда, "куйруктарына чейин сасыгандар" толуп баратышат. Мындай абалда Кыргызстандын энергетика тармагында кандайдыр бир ийгиликти, жетишкендикти күтүп, тармактын тартипке келүүсүнөн үмүт этип кереги жок.

Мелис СОВЕТ уулу




  Өзү да, сөөгү да агарбаган тармакта

Тешик бюджетке билим жукпайт
Азыр кайда барба Мамайдын көрү болуп, кайсы тармакты албайлы коррупция гүлдөп турат. Башкасын айтпаганда да акыркы убакта билим берүү тармагы коррупцияга кокосуна чейин малынып калганын эч ким тана албайт. Муну катардагы окуучулар, студенттерден тартып, өкмөттүк эмес уюмдар, жарандык коом өкүлдөрү, эл аралык уюмдар айтып, какшап эле келатат. Ушундан уламбы, жакында Билим берүү министрлигинде "Сектордук бюджеттин ачыктыгы: маалыматты деталдуу ачып берүү" темасында тегерек үстөл болуп өттү.


Жыйында Билим берүү министри Канат Садыков билим берүү тармагында, айрыкча мектеп, окуу жайларга китеп, техника, жабдыктарды алууда коррупция күч экенин моюнга алып, аны азайтуу үчүн алгач бюджеттин ачыктыгын камсыз кылуу керектигин баса белгиледи. Канат мырзанын айтымында, учурда Билим берүү министрлигинде бюджет ачыктыгын камсыз кылууда чечип алуучу биртоп маселелер бар. "Азыр биз билим берүү мекемелерине техника, китеп, жабдык сунуштоочу компанияларга тендер жарыялап, тендердик комиссиянын курамына министрликтин бир да кызматкерин аралаштырбай, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын эксперттерин киргизүү маселесин сунуштап жатабыз. Мындан сырткары, азыр билим берүү тармагына каражат алгач Финансы министрлигине, андан райондук финансы бөлүмдөрүнө, анан айыл өкмөтүнө берилип, айыл өкмөтүнөн мектепке берилип жатат. Ошентип билим берүү мекемелерине каражаттын 90 пайызы билим берүү тармагына таптакыр тиешеси жок ведомстволор аркылуу жеткирилет. Бул Билим берүү министрлигинин реалдуу башкаруу рычагын азайтып, бюджеттин ачыктыгын камсыз кыла албай атат. Ошондуктан Финансы министрлигинен каражат Билим берүү министрлигине, андан райондук билим берүү бөлүмдөрүндөгү борборлоштурулган бухгалтерияга, ал жерден мектептерге бөлүнө тургандай кылышыбыз керек болуп турат" дейт министр.
Тегерек үстөлдүн катышуучусу "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмесинин өкүлү Нургүл Алыбаева ар бир кыргыз жараны салык төлөөчү болгондуктан, мамструктуралардын бюджеттик маалыматын алууга укуктуу экенин баса белгиледи. Буга улай эле ал азыр бардык жарандар мындай укукка ээ экенин билишпесин, билген адамдарга министрликтер, ведомстволор маалымат берүүдөн так кесе баш тартып келатышканын билдирди. "Биз февралда парламенттеги өлкө бюджетин бекитүү жыйынына катыштык. Ал жерде маалыматтар жалпыланып берилгендиктен, орто мектептерге канча, ЖОЖдорго канча каражат бөлүнгөнүн так биле алган жокпуз. Экинчиден, ар жылы министрликтер бюджетти кабыл алууда элдин, тармакка тиешеси бар жарандардын пикирин эске алышпайт. Мына, билим берүү тармагын эле алалы. Алсак, Баткендеги мектептердин материалдык-техникалык базасы өтө начар. Айрым мектептердин класстарында кадимки эле "буржуйка" турат. Мугалим сабак өтүп жатып, кез-кез начар күйгөн көмүрдү мешке жагып турарын көрдүк. Ушундай шартта кандай сапаттуу билим болушу мүмкүн" дейт Нургүл Алыбаева. Буга кошумча ал министрликтин буйругу чыккан менен мектептерде дагы деле акча чогултуу күчүндө экенин, акча бербеген балага башкача мамиле жасаларын, айрым мектеп класстарында кырктан ашык окуучу окуурун, шаар четиндеги 47 жаңы конуштун 17синде гана мектеп бар экенин өкүнүү менен айтып отурду. Баарынан да Нургүл Алыбаеванын "министр мырза, быйыл билим берүү тармагынын чыгымдарына бөлүнүүчү каражат 9 пайызга көбөйдү деп жатат. 11 пайыз инфляцияны эске алсак, билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелер чечилбеген бойдон эле калат" дегени тегерек үстөлдүн катышуучуларын ойго салды.
Бул жыйында жарандык коом өкүлдөрү "мектеп администрациялары дайыма оңдоо иштерине мамлекет тарабынан акча бөлүнбөгөнүн айтышып, ата-энелерден акча чогултушат. Дегеле, бюджетти бекитип жатканда ушулар эске алынабы же алынбайбы" деген суроону кабыргасынан коюшту. Сөз арасында Билим берүү министрлиги министр алмашкан сайын эле ар кандай реформаларды баштап, ал аягына чыкпай ара жолдо калып келатканы, мыйзамда орто билим алууга укуктуу делгени менен ички мигранттардын балдары окубай калып жатышканы, мугалимдердин акча жыйноосунан улам мектептин да, мугалимдердин да кадыры, статусу таптакыр төмөндөп кеткени айтылды. Жарандык коом өкүлдөрүнүн мындай сын-пикирлери министрликтин кызматкерлеринин жарасына туз септиби, айтор алар мындай сындарды цифра менен далилдеп, иликтөөлөрдү бизге көрсөтсөңөр дурус болмок деп аларды жөөлөп алышты.
Кеп кезеги Билим берүү министрлигинин экономика бөлүмүнүн башчысы Салмоор Асановго келип, ал билим берүү тармагына бөлүнгөн 12 млрд. 473 млн. сом азбы же көппү деген маселени чечмелеп берди. Анын айтымында, бул сумма Кыргызстандын ИДПсынын 6,9 пайызын (мамбюджеттин 22 пайызы) түзөт. "Жаңы Зеландияда билим берүү тармагына бөлүнгөн каражат өлкө ИДПсынын 14,2 пайызын түзөт. Бул аталган мамлекеттин бюджетинин 16 пайызы. Буга салыштырмалуу биздики азбы же көппү деген суроо туулат. Бул жерде кеп билим берүү тармагына бөлүнгөн акчада эмес, өлкө
ИДПсынын төмөндүгүндө болуп жатат. Биздин талылуу көйгөйүбүз ушунда" деп Салмоор Асанов сөзүн жыйынтыктады.
Жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү министрлик менен мындан ары тыгыз иштешип, бюджеттин ачыктыгын камсыз кылууга кызыкдар экендигин билдиришти. Билим берүү министрлигинен да мындай демилгени колдойбуз деген жооп болду. Башка ведомстволор да бюджетти бекитүүдө карапайым элдин пикирин эске алып, ачык иштешсе ишеним өсүп, иш илгерилемек. Ошого чиновниктердин эрки жетер бекен?

Мелис СОВЕТ уулу,
тел.: 386773



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??