11.03.11 - 23-бет:
  Каалга

"Жандүйнөңдө да, сырткы дүйнөңдө да жаз болуп турса..."
(Башы 13-бетте)

- Өрүк гүлдөгөндө аялзаты да гүлдөйт дейт, сиз бул кубулушту байкадыңыз беле?
Бакыт ДЫЙКАНОВ, "ММК колдоо борбору" фондунун менеджери:
- Негизи эле аялзаты жаз келгенде кулпуруп чыга келишет. Гүлдү кара да аялзатын кара. Экөө бири-бирине төп келишип, кулпуруп турушат. Ал кубулушту байкай алдың беле деген сурооңо Жума Мамбетовдун төмөнкү төрт сап ыры менен жооп бергим келип турат:
Караганың кытыгылап жүрөктү,
Касиетиңден көңүлдөргө гүл өстү.
Баарыбызды жаркыратып,

нурдантып,
Бал-бал жанып батпай турган күн

өзү.


- Тааныбаган адамга материалдык жардам көрсөткөн учурларыңыз болду беле?
Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ, обончу:
- Чындыгын айтканда карапайым адамдар миллионерлерге, саясатчыларга караганда бизден көп жардам сурашат. Себеби өнөр адамдары дайыма карапайым элдин арасында жүрөт эмеспи. Менде концерт учурунда мындай нерселер көп болот. Унум түгөнүп калды, жардам берип коесуңбу деп келгендер да кездешет. Өзүм тааныбыган биртоп адамдардын ажатын ачкам деп айта алам. Бирок албетте, миллионер болбогондон кийин мындай суранычтардын баарын эле канааттандыра албайм. Өзүмдө каражат жок болуп калган учурлар да кездешет. Мындай учурда жардам сураган адамдан жылуу сөзүмдү аябай, жакшы сүйлөп узатып коем.


- Сүйүүлөр жазда башталат дешет, бул сөздүн чындыгы барбы?
Жыпар Исабаева, акын, Алыкул атындагы сыйлыктын лауреаты:
- Сүйүүнүн көзү жок дешет эмеспи. Бул бекеринен эмес го. Анын сыңарындай, сүйүү мезгилди да тандабайт. Ал керек болсо кычыраган кышта, каарданган катуу аязда да капыл-тапыл, күттүрбөй келе калып, көңүлүңдү көкөлөтүп, жашооңду, жандүйнөңдү жазга айлантып жибериши мүмкүн. Андыктан, сүйүүнүн келген маалы да ЖАЗ деп ойлойм. Ал эми табияттын жазы айтып бүткүс керемет го. Жандүйнөңдө да жаз болуп, сырткы дүйнөңдө да жаз болуп турса... бул жазып бүткүс, айтып бүткүс, баа жеткис гармония. Жаз - жандүйнөгө сүйүү чакырат.


- Атактуу айым болуунун пайдасы көпбү же зыяны көпбү?
Айгерим РАСУЛ кызы, эстрада ырчысы:
- Менимче аялзаты үчүн элге таанымал болуунун зыяны көп. Анткени коомчулук сенин жандүйнөңдү билбей туруп жөнөкөй адам катары эмес, таанымал айым катары мамиле кылып, баскан-турганыңа көз салып, сыртыңан сындай башташат. Албетте, атактуу болуунун жакшы жактары деле бар. Канткен менен ар бир эле адам таанымал боло албайт. Анткен менен ток этерин айтсам, айымдар үчүн элге таанымал болуунун пайдасынан зыяны көп.


- Жалгыздыктан кантип алаксыйсыз?
Гүлбайра Умарова, ЭлТРдин алып баруучусу:
- Жалгыздык жанга бата элек, бирок жалгыз болсом жакшы ой келет, күндөлүгүм жакшы сүйлөмдөр менен толукталат. Дегеле адамдар менен мамиленин зарыл экендигин, анын баркын түшүнүүдө жалгыздык жардамга келет.