11.03.11 - 15-16-бет:
  Аш талаш

Элдин башын айланткан "Евентис"

Учурда Мегаком компаниясынын айланасында абал курчуп баратканы байкалат. Буга Орусия Мамдумасынын депутаттары да киришип, иш ырбап, эл аралык деңгээлде сөз боло баштады. Мындай шарттарда Мегакомго Кыргызстандын канчалык тиешеси бар, же инвестордун эсин чыгарып, карманган фактыбыз жок эле каш кайтарымыш болуп жатабызбы деген суроо туулат. Төмөндө ушуга жооп берели дедик. Анүстүнө Мегакомду менчигиндей санаган "Евентис" компаниясынын маалыматтык чабуулу күн өткөн сайын күчөп, элдин башын айлантууга өтүштү. Унчукпай коюуга болбой калды.

Күйгүзгөн күч күйөө
Окурмандар Мегаком компаниясын (ЖАК "Альфа Телеком") "туудурган" А.Елисеев экенин жакшы билишет. Ал М.Бакиев менен табакташ болчу. Азыр латвия жарандыгын алып алган. Ал жактан сууруп чыгуу кыйын болуп турат. Мегаком кыргызга кыянаттык кылган Бакиевдердин мүлкү болгондугу үчүн эле апрель таңынын эртесинде 100% акциясын мамлекетке алып койсок, бизди эч ким, эч нерсе кыла албайт болчу. Тилекке каршы, демейде Бакиевдер жыттанган жерди "шимшилеп" барып тырпырата баса калчу А.Бекназаров бул жолу чала тиштеп калды. Байланыш коммуникация тармагындагы эл аралык аферанын ана башы болгон Penwell Business Limited компаниясы ( 51%ы "Eventis Telekom" компаниясына таандык) Мегакомдун 49% акциясын тиштете салган экен, Азикебиз ошону оозуна салган бойдон бурулуп баса берип жатпайбы.
Эми Penwell Business Limited компаниясы Мегакомдун 51%ына күйөө болчумун деп эле болбой жатат. Анын 51%ына Олег Огнянников деген ("Евентистин" кожоюну) орус жараны ээлик кылат дешет. Ошентип орус болгондугун бетке кармап Жогорку сотто турган иштерин оң чечип бербесек, Орусия менен мамилеңер оңбой калат, мындан кийин инвестор дегенди ит менен айдап келалбайсыңар деп кырданып турган чагы. Атүгүл Орусиянын саясатчыларын Кыргызстанга кызылдай эле тукуруп, айдактагандан тартынышкан жок. Семен Багдасаров деген Орусиянын Мамдумасынын депутаты бар экен, колтугуна суу бүркүп коюшкан окшойт, атайы "алтындай" убактысын бөлүп жергиликтүү информациялык агенттикке берген интервьюсунда кирген буурадай эле буркулдады. Анда минтип айтылат: "Максимден компанияны тартып алып туура кылышты. А орусиялык инвесторлордо эмне айып. Аларга түкүрүп да койгулары келишпейт. Сыягы, орустардын акциясын тартып алып улутташтырып, башка бирөөгө сатуу принциби иштеп жатат окшойт. Бул эч кандай партнердук мамилеге жатпай турган, жеткен алдамчылык".

Өз айыбын өздөрү ачып…
С.Багдасаров бир жерин туура айтыптыр. Биз чын эле Максим баш бармагын малып турчу Мегакомдун 100% акциясын алгыбыз, кудай берип колго тийип калса С.Багдасаров айткандай ким бирөөгө эмес, көргөн-өскөнү жакшы, аты-заты таза "абийирдүү" бирөөгө (инвесторго) саткыбыз келет. Албетте тендер өткөрүү, соттун чечими аркылуу. Буга чейин "Евентистер" эки жолу соттошуп, "төркүнгө маалым" сотторубуз да эмнегедир "тез-тез" кыймылдап алардын пайдасына чечип бере салган. Азыр Жогорку соттун кароосунда тургандыгын айттык. Бирок сот кандай чечет, аны айталбайбыз. "Евентистер" Мегакомдо эмгеги бар экени чын болсо, далилдесин. Далили болбосо айланчыгы түшкөн аюудай айкырып, мынчалык ызы-чуу түшүргөндөн не пайда? Бирок миллиондор айланган, баарыдан мурда оффшордук жайларга оңбогондой акча каражатын опоңой эле которуп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн Мегаком өңдүү компанияны колдон чыгаруу "евентистер" үчүн трагедия болушу толук мүмкүн.
"Евентистин" этегин жерге тийгизгиси келбеген орус басма сөздөрү, айрыкча "МК Азия" газетасы (1-7-март) бул компанияны ушунчалык мактап-жактап жазган экен, тимеле периште болуп чыга келди. Алардын айтымында, "Евентистин" кара чечекей кызы Penwell Business Limited компаниясы 2005-жылы Кыргызстанга келгенде Мегаком соода маркасынын ээси болгон ЖАК БиМоКоМдун 49% акциясын М.Бакиевге ыктыярдуу түрдө эле бере салышыптыр. Антпесе Кыргызстанга кире алышмак эмес экен. Кыргызда "ууру танапташ" деп коет. Биринчиден, "евентисчилер" М.Бакиевге да Мегакомдон табаар пайда-батасын өлчөп туруп беришкендир. Экинчиден, "МК гезити" актайм деп атып "евентисчилерге" эгерим кетпей турган көөнү өздөрү шыбап алышканын байкабай да калышты. Алар "Евентистин" М.Бакиев менен алакалаш болгонун (Кыргызстанга кирүү максатында 49% акциясын ыроолоп) ачык эле жазып жатышпайбы. Алдыдагы сотто бул жагдайды сөзсүз эске алуу керек. "Евентис"+Максимдин ушул "ысык" мамилери үчүн эле мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн Кумтөрдөн кийинки кирешелүү тармак деп жатышкан Мегакомду алып койсо да болот.

Силичти сиз деп турушчу
Эсибизде бар. Апрель революциясынан көп өтпөй эле Мегаком компаниясынын А.Силич баштаган жетекчилиги кайрымдуулук иштерин катырып, кайсы жерде болбосун чуркап жүргөнүн көрчүбүз. Ага чейин Мегаком бар экенин да анча байкоос албаптырбыз. Кыргызда кайрымдуулук иштерин колко кылган салтка жатпайт. Көрсө, элибиз эчендеген эр-азаматтарынан айрылып кара кийип, кан кусуп турган маалда Мегакомго сөйкө сала койгон "Евентис" компаниясы кыргызстандыктарга кантип жагам аракетин көрүп жаткандагысы турбайбы. Азыр ушунусун кайта-кайта айтып төш кагууда.
Ошентип апрель революциясынан кийин эшиктен кирип төргө өткөн "евентисчилер" кайрымдуулук акциясын кайра-кайра өткөрүп, калктын көзүнө чөп салып жатканда Мегакомдун А.Силич деген Бакиев заманындагы жетекчиси алданемедей эле иштеп жатты. "Евентис" компаниясы андай эле периште болсо алды менен А.Силичти айдап чыкса болмок. Жогорку "МК Азия" (1-7-март) гезитинде бакиевчилерди эл аралык соттордо утканбыз деп жатышпайбы. "Евентисчилер" утканы чын болсо, ырыскысын тартып алган М.Бакиев менен А.Елисеевди жакшы дегенде жалаңкычындай көрүшсө, алардын Мегакомдогу башбаканы А.Силичти кайрылып келген алгачкы түнү эле "бирдеме" кылышпайт беле. Анте алышпады. Анткени ооздору башка болгон менен куйруктары бакиевчилер менен чиеленишип турат булардын. Мындан тышкары, 2005-2009-жылдары М.Бакиев ээлик кылган "Форнтек интерпрайзес лимитед" (49% ) менен Penwell Business Limited компаниясынын (51%) үзөңгүлөш иштешип келгенин эске алсак, көп нерсени чубап чыксак болчудай.
Ошону менен кечээ жакынга чейин эле А.Силич, ага орунбасар боло калган А.Бороздин деген немелер Мегакомдун талканын чалып турду. Мурдагысын айтпаганда да өткөн жылдын 13-июлунан 22-декабрга чейинки аралыктын ичинде эле 7 393 913,97 млн. долларды Montgomerу Limited компаниясына которо салышып "оомийин" кылышты. (Баш-аягы 14 817 697,32 млн. доллар. Ар кандай жолдор менен которулган бул сумма 27 миллионго чыгып кетти.)

…катардагы кызматкер катары гана жүрө аласың
Moutgomerу Limited компаниясынын жетекчиси С.Любанов мынча каражатты Мегакомду техникалык жактан тейлегендиги үчүн алгандыгын айтып оозун куу чөп менен аарчып отурат. Кыргыз бийлиги мындай кызмат көрсөтүү 70%га жогорулатылган деген пикирде. Анүстүнө алчы-таасын жеген немелердин ортосунда "көз кысышуу" жок деп ким айталат? Мунун аки-чүкүсүн эл аралык аудит, тергөө органдары, сот таап чыкпаса, жай адамдын акылы жетчүдөн эмес.
Мегакомдо мээ айланткан "операциялар" болуп жатканын кеч туйган кыргыз бийлиги жылдын башында компанияга А.Мурзалиевди тышкы башкаруучу катары киргизишти. Буга "өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип" көнө түшкөн А.Силич, А.Бороздин түндүккө түйүлө чычалашты. "Ашканасын" аралатпай, айыбын ачып койчу документтерге жолотпой ары түртүүгө өтүштү. Көз карандысыз мамлекетте иштеп жатышып, ошол мамлекеттин мыйзамына ылайык атайын дайындалган кызматтык өкүлүн кычкачтай кысып киришти.
Айрыкча А.Бороздин чаян чаккандай туйлап, А.Мурзалиевге компаниянын иш аракетин чагылдырган катардагы эле информация берүүдөн баш тартты. Ошондой эле компаниянын негизги кызматкерлерин чогултуп алып, кокус кимдир бирөө компания боюнча А.Мурзалиевге кандайдыр бир маалымат бере турган болсо иштен айдаарын эскертти. Ишкананын Москва, Бишкек шаарларындагы акционерлеринин да жүрөгүнүн суусун алып, үн чыгарбагыла деп турду. Ушундан кийин гана А.Мурзалиев менен сүйлөшүүгө отуруп төмөнкү талаптарын койгон:
?А.Мурзалиев компанияда катардагы кызматкер катары гана жүрө алышы мүмкүн. Жазып-тайып тышкы башкаруучулук милдетимди аткарам деп чыкчу болсо, компаниянын күзөтчүлөрүнө айтып эшикке чыгарып коет.
?Компанияны башкарууда приоритет кыргыз өкмөтүнө караганда орусиялык акционерлерге берилет.
?Кыргыз өкмөтү тандап алган аудитти катыштырбай эле, компания өзү аудит өткөрө алат.
?Тигил же бул информация А.Бороздин жактырып, макулдук бергенден кийин гана берилиши мүмкүн.
?А.Силичке же А.Бороздинге кысым жасоого дегеле мүмкүн эмес.
Ушунун өзү эле А.Бороздиндин мындай кадамы биздин мыйзамдарды уруп койгусу келбеген ит кыялын көрсөтүп, эң негизгиси өздөрү рейдерлик менен басып алган Мегакомдун короосуна эч кимди киргизгиси келбегендигин айтып турбайбы. Жогорку Кеңештин спикери А.Келдибеков айтмакчы, кандай гана инвестор болбосун (ички, сырткы), Кыргызстанда иштеп жатса, анын мыйзамын сыйлоого милдеттүү эмеспи. Менимче, бүт дүйнө жүзүндө эле ушундай жазылбаган мыйзам бар.

Уялбаган ультиматум
А.Бороздин башында турган "евентисчилердин" ээликкенин мындан билиңиз, эгер өкмөт аларга "тиешелүү" 51% акцияны улутташтырам десе компания төмөнкү негизде ишин токтотот деп ультиматум коюптур:
?Компаниянын (Мегакомдун) техникалык курамы жана жетекчилиги негизинен славян улутунан болгондуктан, алар мындан ары компанияда иштебейт. Жергиликтүү адистердин деңгээли жетпегендиктен компаниянын шору шорподой кайнап, анан соолуп калышы мүмкүн.
?Компаниянын негизги кызматкерлери мамлекеттик компанияга иштебейт.
?Мамлекет кошумча инвестициясыз итке минип, компанияны иштете албайт.
Байкалып тургандай, "евентисчилер" эми журт бузарлык өңүткө өтүштү. Алиги славян улутундагы адистер аларга чейин эле иштеп жатпады беле?
А.Бороздин түндүктөн түшкөнсүп өзү Маскөөдөн учуп келе калган. Ал эми славян адистер биздин эле жарандар. Эми ошолорду бетке карманып, колдорунан келсе козутуп жибергенге көздөрү сегиз болуп турат.
Ушерден эмне үчүн булардын аракетин рейдерлик деп жатканыбызды түшүндүрө кетели. "Евентисчилер" мыйзам сыйлаган "журт" болсо апрель окуяларынан кийин Мегакомду тебелеп-тепсеп кирип келбей, адегенде кыргыз бийлигине, сотторго кайрылып, маселе чечилгенден кийин деле барса ой-даа жарашпайт беле. Анын ордуна Мегакомго эшик чертпей кирип барышып, кожоюн болуп коржоңдошуп, жогоруда кеп болгон миллиондорду "аймап" жибергенге үлгүрүшпөдүбү.

Чаңкылдаган чабуул
Учурда "евентисчилер" 100 млн.доллар салып иштеп жатканыбызда М.Бакиев келип баса калды деп тимеле эмгиче үстүндө жаткансып басма сөздөрдөн бакырып жатпайбы. Булардын 4 жыл бою бизде иштегендигин, апрель окуяларынан кийин айланып келип алеки саатта канчалаган миллион долларларды "эптегенге" үлгүргөндүгүн айттык. Демек, төрт жыл аралыгында салган 100 млн. долларын канча эселеп чыгарып алгандыгын казып чыгуу керек. Догурунса эле бере бербейбиз, соттошобуз деп жатпайбызбы. Сотто муну унутпашыбыз зарыл.
А.Бороздин азыр Кыргызстанда жок. Кылмыш иши козголуп кыр аша качкан. Кылгылыкты кыла бермейди, бирдемеси билинип калса кылт коймойду А.Силич, А.Бороздин өңдүүлөр жакшы өздөштүрүшкөн. Мындайлар өздөн да, жаттан да чыгаарын көрүп жатпайбызбы. Анан жөн кетпей бир жерге куйругун такап алып (бул жолу Орусияга) чаңкылдап үрүп турса, күйбөгөн жериң күл болот экен.
Бул жолу "Евентистин" "ээлери" маселени оң чечпесеңер, Орусия менен мамилеңер оң болбой калат дегенди ачык эле айтып жатат. Маалымат чабуулун болсо замбирек менен аткандай эле күчөтүштү. Алардын таламын талашкан макалалар кыргыз басма сөзүндө басыла берип тоо болуп кетти. Бул жерде Мегаком Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеши керектигин кашайып унутуп жатабыз. Тышкы башкаруучу болуп барган А.Мурзалиевди Мегакомду өз чөнтөгүнө салып ала тургансып тимеле тытып жибердик. Артында Ө.Бабанов турат деп өкүрдүк. Рейдерлик кылып жатат дедик. Буга Ө.Бабанов "эгер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик рейдерлик кылып жатсам, колдоо гана керек" маанисинде жооп берген. Кеп А.Мурзалиевде, анын кайдан чыга калгандыгында, буга чейин кайда иштегендигинде эмес, же мамлекеттин атынан рейдерлик жасап, акча деген кырмандай сапырылган Мегакомду М.Бакиевдин мүлкү болгондугу үчүн Кыргызстанга кайрып алсак деп жаткан Ө.Бабановдо эмес эле. Маселе дал ошол мамлекеттик кызыкчылыкта жатат. Бирок бул аракетибиз "евентисчилер" өңдүү догурунуу жолу менен эмес сот аркылуу чечилиши керек. Башка чечилээр жолу жок.

Орус депутаттарынын көздөгөнү эмне?
"Евентисчилер" өз максаттары үчүн Орусиянын бийлигин да бул маселеге тартып, мындан кийин инвестиция дегенди түшүңөрдөн көрүп калышыңар мүмкүн дегенди кыйытып, бүтүндөй мамлекетибизге кысымын арттырып баратат.
Кечээ эле Орусия Мамдумасынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип түштү. Жөн келбей буурадай буркулдап С.Багдасаров дегени Ө.Бабановду негизсиз жөөлөп түштү. Сөздүн түз маанисинде Ө.Бабановду Мегакомду тартып алганы жатат деп жиберди. Бирок бир да далилдүү фактыларды келтире алган жок. Депутат Камчыбек Ташиев көз карандысыз өлкөнүн өкмөт жетекчилеринин бирин мындай дайынсыз жүйөөлөр менен негизсиз күнөөлөөгө болбой тургандыгын айтты.
Карап турсаң Орусия өңдүү стратегиялык өнөктөшүбүз болгон үлкөн өлкөнүн эки депутатынын атайын ат арытып келип, адагенде сөздү алыстан, миграция маселесинен баштап, жарым миллион жарандарыңар биз жакта жүрөт дегенчелик кылып кыйытып, алардын укугу тууралуу узун сөз козгомуш этип, анан Мегаком компаниясын "эмне кылып жатасыңар" деп турушу көз карандысыз мамлекетибизге ачык эле кысым жасап жаткандай таасир калтырууда.
Орусиялык эки депутатты кабыл алган Жогорку Кеңештин спикери А.Келдибеков: "…Мегаком боюнча азырынча аудитордук текшерүүнүн жана тергөө чараларынын жыйынтыгы болбогондон кийин кимдир бирөөлөрдү кандайдыр бир чайкоочулукка барып жатат деп күнөөлөөгө болбойт. Бул маселе боюнча бир гана сот объективдүү чечим кабыл алышы мүмкүн. Убактылуу өкмөт 2010-жылы Мегаком компаниясынын 49%ын улутташтырган. Орусиялык инвесторлор буга 100 млн.доллар салганбыз деп жатат. Алардын жүйөөсү канчалык чын экенин атайын түзүлгөн комиссия аныктап, жакында жыйынтыгын айтат" деп сылык-сыпаа жооп берди.

Өмүрбек Бабановдун каты
Орусиялык кош депутаттын "кош ооз огуна" кабылган биринчи премьер-министр Өмүрбек Бабанов бул ишти суутпай Жогорку Кеңештин спикери А.Келдибековго кат жолдоду. Ал катында Мегакомго байланышкан "имиштерди" тактоо боюнча депутаттык комиссия түзүү өтүнүчү айтылып, баарыдан мурда "Мегакомго байланышкан маселелерди чечүү үчүн Ө.Бабанов орус тараптан 50 млн.доллар сураган" деген сөздүн чын-бышыгын тактап бергиле деп жатат.
Ө.Бабанов депутаттык комиссиянын бардык суроолоруна жооп берүүгө даярдыгын, ошондой эле Мегакомго байланыштуу эч кимге жолукпагандыгын, жашыра турган эч нерсе жоктугун, айтылган айың кептерде негиз жок экенин билдирди.
Орусиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасы Алексей Островский жана депутат Семен Багдасаров бул иштин биротоло аягына чыгалы дегениби, атайын пресс-конференция да өткөрүшүп, Ө.Бабановду Мегаком компаниясын иштетип келе жаткан орусиялык инвесторлорду рыноктон сүрүп чыгарып, кыргыз-орус алакасына көлөкө түшүрүп жатат деп айыптагандан аянышкан жок. Эч кандай далилсиз, бир мамлекеттин ири жетекчисин каратып туруп, ошол элинин көзүнчө мындай деп айтуу өтө оор нерсе. Сыягы "евентисчилер" бул экөөнү "суу кечпеген" маалыматтар менен кандыра сугарып коюшса керек.

Эрте кубанышат
Мынча болду сөзүбүз бир тараптуу болбос үчүн орус депутаты Алексей Островскийдин жүйөөсүн келтире кетели. Ал минтет:
- Мындагы айрым аткаминерлер менен саясатчылар тарабынан өздөрүнүн кызыкчылыгына карап, атайылап түзүлгөн кырдаал, бүгүнкү күндөгү Кыргызстан менен Орусия үчүн олуттуу болуп жаткан күн тартибине каршы келет. Биз бул маселенин тез арада чечилишине абдан кызыкдарбыз. Анан калса Кыргызстандагы соттор дагы орусиялык инвесторлордун дооматынын укуктук негизи бар экендигин тастыктаган экен.
А.Островский Кыргызстандагы соттор орус инвесторлорунун дооматында "данек" бар дегендей айтты деп жатпайбы. Ал "евентисттердин" буга чейин эки жолу соттошууга үлгүрүп, экөөндө тең мөрөйү үстөм болгондугун айтып жатат. Ал эми жанагы оффшордук компанияларга которулуп "оомийин" болгон миллиондор андан кийин болгон. Бул сот бүтө элек. Жогорку сотто. Андыктан дагы "жүйөөлөшчү" күндөр алдыда болгондуктан, "евентисчилер" орус депутаты А.Островскийдин оозу менен жогоркудай айттырып алып кудуңдаганга али эрте.

Исхак Пирматов:
"Ордуна коюп койгула деп жатабыз"
"Республика" фракциясынын мүчөсү, эл депутаты Исхак Пирматов орус депутаттары Мегаком боюнча туура эмес маалыматтарга таянып жаткандыгын белгилеп, ошондой эле алар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн бир катар фактыларды атайылап бурмалап жатышкандыктарына токтолуп, мындай деди:
- ... 2008-жылы Максим Бакиев тарабынан "Альфа-Телеком" компаниясы түзүлүп, орусиялык инвестордун калган 51 пайыз акциясы тартылып алынган. Эмне себептен алар ушул күнгө чейин бул тууралуу унчугушкан эмес. Кыргыз өкмөтү буларга "эй, жигиттер, 7-апрелден кийин 27 млн. доллар чыгарып кеткен экенсиңер, ошону ордуна кайра коюп койгула андан кийин иштешели" деген эле бир маселени койгон. Ошону аткаргысы келбей ушинтип маселени саясатташтырып жатышат.

Илим Карыпбеков:
"Өкмөттүн толук укугу бар"
Түзүлгөн кырдаалга карата "Альфа-Телеком" жабык акционердик коомунун учурдагы жетекчисинин укуктук иштер боюнча орунбасары Илим Карыпбеков төмөнкүчө оюн айтты:
- Булардын эмне себептен минтип төө бастыга алып, эмне себептен укук коргоо органдарынын иштерине кийлигишип жаткандыгына мен түшүнгөн жокмун. Азыркы кыргыз бийлигинин өз алдынча чечим кабыл алып башташы, буга чейинки бийликтер менен үзүрлүү кызматташып келишкен орусиялык инвесторлор үчүн жагымсыз жагдайды жаратты окшойт. Болбосо өкмөттүн колунда Мегакомдун 49 пайызы тургандан кийин анын акча кайда кетти деп жөн эле сурап койбостон, толук көзөмөл кылганга юридикалык дагы укугу бар да.

Эл аралык аферисттер эмнени көздөйт?
Сөзүбүздүн башында буларды эл аралык аферист дегенбиз. Муну "евентисчилердин" Молдовадан куулуп жатканы менен түшүндүрсөк болот. Алардын бул өлкөдөгү "Евентис Мобилл" аталган компаниясы таламандын так түшүндө акча жууп чайкоочулук кылып жибергендиги, алган милдеттенмелерин аткарбагандыгы, оффшордук аймактарга акча чыгарып кетүү аракети үчүн айыпталууда. Молдова бийлиги аталган компаниянын болгон-бүткөн мүлкүн болгону 9,8 млн. долларга сатып жибергени жатышат. Ушунун өзү эле "Евентистин" канчалык инвестор тонун жамынбасын, алысты көздөгөн, арам ойлуу максаттарына жетүү үчүн кандай ыкма болбосун колдонгондон тартынбаган, жеткен жерин алып түшкөн, кала берсе коркунучтуу компания экенин тастыктап турбайбы. Бир мисалын Орусия Мамдумасынын депутаттарын колдонуп кетүү аракетинен байкап калдык. Келечекте дагы кандай кадамдарга барат, көрө жатарбыз.

Шарше Жамалов
PR