25.02.11 - 16-бет:
  Намыс деген кайда

Барсыңарбы, Манастын тукумдары?!

Казакстанда бий боюнча билим алган кыргыз балдар каражатка муктаж экенин айтып Светлана САДЫРКУЛОВА редакцияга баш бакты. Светлана айым Казакстанда өгөйлөнүп аткан таланттуу кыргыз балдарга жардам берчү демөөрчүлөрдү издеп жүрөт.

- Атабек, Фарух аттуу эки уулубуз атасынын жолун жолдоп хореография окуу жайында окушат. Балдарымдын атасы Досмат Ленинграддагы хореографиялык окуу жайын 1989-жылы аяктап, Бишкектеги Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында иштеп, КР эмгек сиңирген артисти наамын алган. Учурда эки уулубуз беш-алты жылдан бери Алматыдагы хореографиялык окуу жайында окуп атышат. Үч жыл Бишкектеги Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайында окуп кетишкен. Бияктан таланттуу, жакшы окуган балдарды Маданият министрлиги Алматы шаарына окууга жөнөткөн эле.
- А эмнеге Алматыга жиберишти, Кыргызстанда татыктуу окутуучулар жокпу?
- Бул жакта эркек балдарды бийге үйрөткөн мугалимдер ошол кезде аз болчу. Ал жакта эркек балдарды мыкты үйрөтүшөт. Биякта окуп жүргөндө бир жылдын ичинде эле үч-төрт мугалим алмашкан. Мындайда бала да, мугалим да кыйналат экен. Мындай окуу жай Россияда да бар. Кыргызстандагы таланттуу балдарды Алматыда бекер окутуу боюнча казактар менен келишим болгону менен, жашоосу, тамак-ашы, медициналык кароосуна акча төлөнөт. Ошондо ар бир балага 200 доллар кетет. Балдарым Казакстандагы окуусун аяктагандан кийин биякка келип иштешет. Кичүү уулум Фарух ар кандай сынактарга катышып алдыңкы орунду ээлеген. Мисалы, 2009-жылы Омскиге барып классикалык бий боюнча казак балдардан озуп, биринчи орунду алды. Ошол эле жылы июнда Новосибирскиге барып, ал жактан да биринчи орунга ээ болду. Өткөн жылы апрель айында биякта революция болуп атканда Алматыда сынак өтүп, Фарух эң алдыңкы байгени - 300 миң теңге утуп алды. Чындыгында балдарымдын бийчи болушун деле каалаган эмеспиз. Себеби бизде маданий кызматкерлердин жашоосу өтө төмөн. Мисалы, биз жыйырма жылдан бери жатаканада жашайбыз. Жолдошумдун маянасы болгону 5000 сом. Балдарыбыз кичинесинен эле театрда чоңойгондуктан бизге айтпай училищага тапшырып өтүп кетишкен. Алар өзүлөрү каалап аткандан кийин биз каршы болгон жокпуз. Жакында Фарухга Украинада 27-марттан 2-апрелге чейин өтө турган сынакка чакыруу келди. Мындай сынактарга көп эле чакыруу келет. 2008-жылы Берлинден да келген. Ага каражат таппай катуу кыйналып, акыры швейцариялык бюро жардам берген. Азыр да Украинага жөнөтүү үчүн 1200 доллар таппай атабыз. Кыргызстандагы чоң компанияларга жардам сурап барсак, көпчүлүгү майыптарга, жардыларга, жетимдерге жардам беребиз деп баш тартышты. Өзүбүз жөнөтөлү десек каражатыбыз тартыш.
- Сынакка Казакстандын атынан катышабы же Кыргызстандынбы?
- Ал жактан Казакстанда окуган кыргыз жараны деп айтылат. Казакстандан беш-алты казак бала менен Фарух да барат экен. Казактар өз балдарына жардам берип, Фарухту кыргыз деп жардам беришкен жок. Баламды казактар өздөрү да абдан таланттуу экен, анын демөөрчүлөрү жок экени өкүнүчтүү деп ийин куушурушат. Фарух жанындагы казак балдар менен сынакка даярданып атат. Эмне кылсаңар да акча таап бергиле деп бизден үмүттөнүп атат. Маданият министрлигине да кайрылдык. 1994-жылы Украинадагы ушул сынакка жолдошум Досматка да чакыруу келген эле. Агезде бардык чыгым 200 доллар гана болгон. Бирок ошол сумманы издеп ыраматылык апасы депутаттардан бери кыдырып табалбай, барбай калган. Андан бери он жети жыл өттү, уулума да ошондой чакыруу келди, дагы эле баягы көрүнүш. Ошондон бери кыргыздардын жашоосунда эч нерсе өзгөрбөптүр. Жок дегенде бай компаниялар 100 доллардан жардам берип эптеп ушул сумманы чогултсак, уулум Кыргызстандын жараны катары барып келет эле.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, тел.: 38-67-13




  Тентектер теске салынды

"Урагандын" удары

Н арын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмышка бөгөт коюу, диний экстремизм жана коомдук коопсуздукту сактоо багытында "Ураган" аталыштагы оперативдик-профилактикалык, комплекстүү иш-планы түзүлгөн. Жакында ушул иш-пландын негизинде Нарын шаарынын жана райондордун ички иштер бөлүмдөрү тарабынан оперативдик-профилактикалык иликтөө иштери өз натыйжасын берди.

Шаардык жана райондук соттордон алынган маалыматтар боюнча шектүү деген адамдардын үйүнө тинтүүлөр жүргүзүлүп, Нарын шаары жана облустун бардык райондоруна 17 пост коюлду. Облустук ишки иштер башкармалыгы жана шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан түзүлгөн атайын оперативдик тергөө топтору тарабынан 20 үйгө кароо жүргүзүлдү. Натыйжада 13 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 4 кылмышкер кармалды. Мыйзамсыз сакталып жүргөн 2 сайлуу жана 18 сайсыз ок атуучу куралдар алынды. Баңгизаттар жана аны менен байланыштуу кылмыштар, жардыруучу заттардын алынышы боюнча да кылмыш иштери козголду.
"Урагандын" негизинде жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин учурунда ар кандай иштер боюнча каттоодо турган адамдар текшерилип, мас абалындагы айдоочуларга чара көрүлдү.





  Теңдеме

Максимдин үйүнөн чын эле акча жоголду беле же…

Гезитибиздин 14-февралдагы санында "Максимдин үйүнөн уурдалган акчалар кайда?" деген макала жарыяланган. Анда ИИМ кызматкерлери Ж.Иманалиев жана А.Турдалиев тарабынан Б.Капаров аттуу адам 7-апрелдеги тополоңдо М.Бакиевдин үйүнө кирип чоң суммада каражат алып чыккан деген шек менен күнөөлөнгөнүн, бирок ал укук коргоочулар учурда Башкы прокуратура тарабынан Б.Капаровдун дүнүйө мүлкүн тартып алууга аракет жасаган деп айыпталып жатканын, ИИМ кызматкерлеринин туугандары 7-февралда "АКИpress" агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, Башпрокуратура Ж.Иманалиев менен А.Турдалиевди негизсиз күнөөлөп жатат деп айтып чыгышканын жазып, бул маселе гезиттин көз кырында турарын эскерткенбиз. Бул жолу редакцияга Б.Капаровдун атасы А.Капаров атайын кат менен кайрылып, өз чындыгын айтты.

Ал каттан үзүндү келтирсек "Ж.Иманалиев баш болгон кылмыштуу топ менин балам Б.Капаровду 2010-жылы 4-декабрь күнү саат алтылар чамасында кармашып, ГУУРдун 218-кабинетине алып барып 5-декабрдын таңкы саат бешине чейин сабашып, 2010-жылдын 7-апрелинде Максим Бакиевдин үйүнө кайниң Мирлан менен барып, ал үйдөн 410 миң АКШ долларын уурдап чыккансың деп мойнуна алдырышкан. Түшүнүк катты алышкандан кийин 200 миң доллар талап кылышкан. Мындай чоң суммадагы акчаны таап бере албастыгына көздөрү жеткен соң, алар 5-декабрда ГУУРдан Бекназарды колуна кишен салып, машине менен Воронцовка айылындагы Акандын (Канболот) үйүнө алып барышкан. Ошол эле күнү саат тогузда Акан ГУУРга келген. Бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү Акималы, Мидин, Тилек жана Акан болушуп Б.Капаровдун жашап жаткан Баялинов көчөсүндөгү 130-үйүнө барышкан. Ал жерден Бекназардын келинчеги Жанаркүл Кутчубаеваны үч баласы менен барымтага алышып (балдары 5, 3, 2 жашта), "сенин күйөөң Максим Бакиевдин үйүнөн акча уурдаганын мойнуна алды, эми ушул ишти бүткөрүшүбүз керек" деп азыр издөөдө жүргөн Тилек деген сотрудник аны өзүнчө бөлмөгө алып кирип пистолет такап, күйөөңдү мындан кийин көрбөй каласың, мен азыр жаш балдарың бар экенине карабай атып салам, мен айткандай кылып жазып бересиң, бул жөнүндө эч кимге айтпайсың деп коркутуп, ага да Бекназар Максим Бакиевдин үйүнөн 600 миң доллар алып келген деген түшүнүк кат жаздырып алган. Кайнатасы А.Кутчубаев менен кайниси М.Кутчубаевди да барымтага алышып, ГУУРга алып барып сабап коркутушуп, өздөрү кааалагандай көрсөтмө берүүсүн талап кылып, түшүнүк кат жаздырышкан" дейт кат жазган Бекназардын атасы А.Капаров.
Андан ары "уулум Б.Капаров жана келиним Ж.Кутчубаеванын Башпрокуратурага берген арызынын негизинде 2011-жылдын 5-январында кылмыш иши козголуп, тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүп, табылган далилдердин негизинде 2011-жылдын 13-январында Биринчи май райондук сотунун чечими менен ГУУРдун эки кызматкери Ж.Иманалиев менен А.Турдалиев УКМКнын СИЗОсуна кармалган. Алардын шериктери Канат, Акан, Мидин, Тилек азыр издөөдө жүрөт. Бишкек шаардык соту 2011-жылдын 24-январындагы чечими менен ГУУР кызматкерлери Ж.Иманалиев жана А.Турдалиевди бошотуп жиберген. Бул уюшулган кылмышкерлер тобунун төрт мүчөсү кармалбай качып жүрүшсө, Бишкек шаардык сотунун кармалган кылмышкерлерди бошотуп жиберүү жөнүндөгү чечими иштин аягына чыгуусуна тоскоол болуп гана калбастан, көрсөтмө берүүчү күбөлөргө кысым жасалып, менин баламдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирүүдө. Ушундан улам балам Б.Капаров убактылуу жашынып жүрүүгө мажбур болууда" деп билдирилет катта. Ошондой эле Б.Капаровдун президентке, ЖК төрагасына, өкмөт башчысына жазган кайрылуусу тиркелип, жалпы келтирилген чыгым 216 миң доллар, 57 миң сом деп белгиленген.
Албетте гезит сот эмес. Мындай маселенин агын ак, карасын кара дей турган тийиштүү органдар бар. Алар ММК аркылуу коомчулукка белгилүү болгон бул окуяны изилдеп, акыйкат жыйынтыгын чыгарат деп ойлойбуз.
Зайырбек
АЖЫМАТОВ




  Ушундайлар көп болсо кана


Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими Татьяна Балаева кыргыздын үрп-адаттарын, каада-салттарын кадимкидей колдонуп өз жашоосуна сиңирип албаган болсо, балким ал көптүн бири катары эле болуп калмак.

Кыргыздан өткөн кыргыз бар
Ат-Башы районунда туулуп-өскөн Танянын ата-энеси 1940-жылдары алыскы Украинадан Ат-Башы жергесине келип отурукташып калган. Ал бала кезинен тандап алган мугалимдик кесибинде 38 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Татьяна Александровна жолдошу Николай экөө бир уул, бир кызды тарбиялап өстүрүшкөн. Балдары Россияда жашаганы менен кыргыздын тилин, салтын жакшы билишет.
- Алардын да бир мекени Кыргызстан, - дейт Татьяна Александровна, - тилди, салтты жакшы билишет. Ар жылы эс алууну Кыргызстанда өткөрүшөт. Өзүм болсо кыргыздын каада-салтын, улууну урматтап, кичүүгө ызаат көрсөткөн жөрөлгөсүн жакшы көрөм. Кадимкидей кой союп конок күтөбүз. Фирменный тамагым - куйрук-боор. Жөргөм, быжы жасаганды жакшы билем.
Татьяна Александровнанын тааныштары келин алганда ырымдап жоолук салдырышат. Жакында эле жаш үй-бүлөгө жолдошу Николай экөө өкүл ата, өкүл эне болушту.
- Таня эженин жасаган мамилесин көрүп кээде өзүм да уялып калам дейт, -кошунасы Клара Эсеналиева,- Кээде үйүнө ымыркай бала менен кире калсаң ырымдап бир нерсе бермейинче чыгарбайт. Боюнда бар аялга да өзгөчө мамиле кылат. Ушуларды кайдан билип алды деп таң калам. Эгер элдик салтты туура көрүп дилине сиңирип албаса , ишенбесе, канча көрүп жүрсө деле жасабайт эле го.
- Мен өзүм туулуп-өскөн Нарындан бөлөк жакка кетүү жөнүндө ойломок тургай элестете да албайм. Кыргыз элинен, өзгөчө пейили кенен меймандос нарындыктардан өзүмдү бөлүп карай албайм,- дейт кыргыз болуп калган Татьяна айым.
Адилет АБДРАИМОВ, Нарын облусу